2013-07-30 / Жарандык катышуу
Төрт-Күл айылдык аймагынын тургундары алардын жеке позициясынан айыл турмушунда, өзгөчө тазалыкты сактоо жаатында көп нерсе көз каранды болгонун баамдашат.
Бизге кошунабыздын короосундагы чөп жашылыраактай туюла берет жана «эмне үчүн?» деген суроого жооп таппай эле кыйнала беребиз. Иш жүзүндө чындык жөнөкөй эле – биздин кошунабыз болгону өз короосуна жакшыраак кам көрөт. Муниципалитеттин жашоосу да ушул өңдүү эле: эгерде айылда тартип жана тазалык болсо, анда жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартипти жана тазалыкты сактаганга аракет кылышат. Соңунда бул жарандардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн кам көрүү дегенди билдирет. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын таштанды жыйноого карата аракеттерине кантип баа берсе болот? Муниципалитет жакшы иштеп жатабы же жокпу – кантип түшүнсө болот? Анткени бул маанилүү да – жамаат өз баасын берет, ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысы мындан ары да кызматын ээлөөгө татыктуубу жана өз милдеттерин жакшы аткарып жатабы? Таштанды чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин тургундар кандай баалап жатканын билүү үчүн Ысык-Көл облусундагы Төрт-Күл айылдык аймагы калк арасында сурамжылоо жүргүзүү жолу менен коомдук пикирди изилдеп чыкты.
Сурамжылоону 2013-жылдын июнь айында Төрт-Күл айылдык аймагынын Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу өткөрдү. Бул топтун максаты – биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жолу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү. Эмне үчүн сурамжылоону айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эмес, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жүргүздү? Анткени топтун баасы кызмат көрсөткөндөргө, жергиликтүү кеңештин депутаттарына салыштырмалуу көбүрөөк объективдүү болмокчу жана жамаат да топтун баасына бир кыйла ишеним артат.
Айыл тургундарынын баарын кабардар кылуу үчүн иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүнү чечишти. Андыктан ЭҮЖӨБОЖ Долбоору БМжБ тобуна «форма» – жазуусу бар жеңи кыска көйнөк сатып алууга жардам берди. Мындай көйнөк кийген топтун мүчөлөрү алыстан эле көрүнүп турду.
Баалоонун суроолору маанилүү болуп эсептелет: биз кимден сурайбыз? биздин максаттуу аудиториябыз ким? Сөз таштанды чогултуу жөнүндө жүрүп жатканда максаттуу аудиторияга айылдын ар бир тургуну кирет, анткени таштанды – жынысына жана макамына карабастан бардыгынын душманы. Анткен менен жаш курак да мааниге ээ. Анткени бала кайсы учурда айыл таза эле, ал эми качантадан баштап өзгөрүүлөрдү байкадың деген суроолорго дайыма эле объективдүү жооп кайтара албайт. Андыктан муниципалитеттин чегинде айылдар боюнча ылгап алууну бөлүштүрүү муниципалитетте жашаган улуулардын санынан пропорционалдуу жүргүзүлдү.
Сурамжылоо күндүз жана кечке жуук жашы 18ден 75ке чейин 150 адамдын арасында жүргүзүлдү, алардын арасында аялдар 68 (46%), эркектер 79 (54%) болду.
Сурамжылоонун натыйжалары көрсөткөндөй, тургундардын көпчүлүгү – 80 пайыздан ашыгы – өз аймагын таза же салыштырмалуу таза деп эсептешет экен (5% –өтө таза, 40% – таза, 39% – салыштырмалуу таза). Анткен менен сурамжылоого катышкандардын 13% аймак булганыч деп эсептейт (1-диаграмманы караңыз).
Өткөн жылга салыштырмалуу муниципалитеттердин тургундарынын пикирлери экиге бөлүнгөн: респонденттердин жарымы таза болуп калды деп эсептесе, 26% бир кыйла таза болуп калды дешет. Болжол менен ар бир бешинчи тургун тазалык жаатында эч нерсе өзгөргөн жок деген пикирде жана 3% жакыны өткөн жылга салыштырмалуу булгана түштү дешет.
Ошону менен катар жашы өткөн сайын адамдар оң жылыштарды көбүрөөк байкашкан. Айталы, 55 жаштан жогору респонденттердин 36% ашыгы муниципалитет таза деп эсептесе, 55 жаштан жогору респонденттердин 37% муниципалитет салыштырмалуу таза дешет.
Таштанды чыгаруунун графигине карата пикирлер карама-каршылыктуу болду, таштанды расмий түрдө айына бир жолу чыгарылыш керек болгону менен сурамжылоого катышкандардын жооптору түрдүү болду. Айталы, респонденттердин 1% таштанды аптасына 2-3 жолу чыгарылат десе, 3% – аптасына бир жолу, 11% 2 аптада 1 жолу, 45% – айына 1 жолу,
15% респондент – ар бир квартал сайын, 3% – жарым жылда бир жолу дешкен. Мындан улам көпчүлүк муниципалитет расмий графикти сактап жаткан фактыны тастыктап жатат деген тыянак жасаса болот.
Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапаты ошону менен катар калк бул кызмат көрсөтүүгө акыны төлөгөнүнө да көз каранды болгонун эсепке алыш керек. Көрсө, сурамжылоого катышкандардын 60% гана акы төлөйт экен, 28% болсо таштанды чыгаруу үчүн такыр акы төлөбөгөнүн айтышты.
Төлөбөгөнүнүн себебин сураганда, Төрт-Күлдүн тургундары алардын негизгиси – жеке каржылык кыйынчылыктар (16%), төлөөнүн формасы ыңгайсыз жана кызмат көрсөтүүгө канааттанбоо (ар бири 8 пайыздан) деп жооп кайтарышкан.
Жалпысынан Төрт-Күл айылдык аймагынын тургундары алардын жеке позициясынан айыл турмушунда, өзгөчө тазалыкты сактоо жаатында көп нерсе көз каранды болгонун баамдашат. Респонденттердин жоопторуна ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандык активдүүлүк өсүүдө. Айталы, жарандардын басымдуу бөлүгү кызмат көрсөтүү үчүн акыны өз убагында төлөп, ишембиликтерди өткөрүп туруш керек деп эсептешет (5-диаграмманы караңыз).
Сурамжылоонун натыйжалары муниципалитеттин калкы үчүн жарыяланат. Мындай сурамжылоолорду ЭУЖӨБОЖ Долбоору тарабынан колдоонун алкагында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын башка дагы пилоттук айылдык аймактары өткөрмөкчү. Бул муниципалитеттерге төмөнкү тапшырмаларды чечүүгө жардам берет:
• көрсөтүлгөн тиги же бул кызматтын сапатына карата жылышты баалоого;
• бул кызматты көрсөтүү чөйрөсүндө көйгөйлөрдү аныктоого;
• өз отчетторун калктын пикири менен бекемдөөгө;
• жергиликтүү кеңештин депутаттарынын алдында өз жетишкендиктерин жана чыныгы натыйжаларын көрсөтүү.
Рахат ТАЛКАНБАЕВА,
ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун мониторинг
жана баалоо боюнча адиси