2013-07-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору
Катышуучулар мындай тренинг өз маалында өткөнүн белгилешти, анткени ЖӨБ органдары тарабынан көпчүлүк бузуулар Мыйзамды жакшы билбегендиктен жана ресурстарды башкарууда айкындуулукту камсыздабаганы үчүн болуп жатат.
Тренингдер 2013-жылдын 15-майынан 2013- жылдын 17-июнуна чейин өткөрүлдү. Тренингдер Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы райондордун деңгээлинде өткөрүлдү. Эки облус боюнча катышуучулардын саны 240 адамды түздү.
Тренингдин негизги максаты – муниципалдык каржыны жана менчикти башкарууда ЖӨБ органдарынын ишинин айкындуулугун камсыздоо. Тренингдин тапшырмалары: катышуучуларды “Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө” мыйзам менен тааныштыруу, каржыны жана менчикти башкарууда айкындуулукту камсыздоонун механизмдерин үйрөнүү, маалымат алмашуу жана жарандык катышуу боюнча пландарды иштеп чыгуу.
Катышуучулар мындай тренинг өз маалында өткөнүн белгилешти, анткени ЖӨБ органдары тарабынан көпчүлүк бузуулар Мыйзамды жакшы билбегендиктен жана ресурстарды башкарууда айкындуулукту камсыздабаганы үчүн болуп жатат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айкындуулук деңгээлин баалоо
Тренингдин маанилүү натыйжаларынын бири катары айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, жарандардын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күчү менен пилоттук аймактарда өткөрүлгөн ЖӨБнын аткаруу органдарынын ишинин айкындуулук деңгээлине өздөрү баа бергенин атаса болот. Көнүгүүлөрдүн маңызы жөнөкөй: түрдүү топтор маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдын 17, 18 жана 20-беренелеринде белгиленген маалыматтардын кайсы түрлөрү калкка жеткиликтүү болгонун аныкташат. Практика көрсөткөндөй, түрдүү топтордун көз карашы айырмаланып турат жана бул айырмачылыктар көңүл бурууга арзый турган маалыматтардын көйгөйлүү түрлөрүн аныкташат. Мисалы, бул тренингдин тажрыйбасы көрсөткөндөй, жарандар жана айылдык кеңеш маалыматтын төмөнкү түрлөрүн жеткиликтүү деп эсептешет: 1) жарандардын кайрылуусу; 2) ЖӨБ органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары; 3) айыл өкмөт башчыларынын отчеттору. Айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери болсо, алар маалыматтын көбүрөөк түрлөрүн ачыктап жатканын ырасташат: айыл өкмөт башчысынын отчеттору; 2) жарандардын кайрылуусу; 3) АӨ иш планы; 4) муниципалдык менчик объекттеринин реестрлери; 5) тооруктар, муниципалдык кызматка бош орундар тууралуу маалыматтар. Бул айырмачылыкты талкуулоо учурунда айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эрежеге ылайык, маалыматтын дээрлик бардык түрлөрү ар бир муниципалитетте бар болгонун, анткен менен дайыма эле аткаруучулар калктын ошол маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанисин түшүнө бербей турганын мойнуна алышат. Дискуссиянын натыйжасында катышуучулар маалыматтын 20-30% гана жергиликтүү жамааттын тургундары үчүн жеткиликтүү болгонун мойнуна алышты.
Ресурстарды башкарууда айкындуулукка жетүүнүн механизмдери
Муниципалдык каржыны жана менчикти башкарууда айкындуулукту камсыздоонун ыкмалары жана механизмдери катышуучуларда өзгөчө кызыгууну пайда кылды. Пилоттук айылдык аймактар бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү жана маалымат такталарын жасалгалоо тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле катышуучулар бюджет жана муниципалдык менчик боюнча коомдук угуулардын алкагында маалымат өнөктүгүн өткөрүүнүн практикалык мисалдары келтирилген материалдарды да алышты. Көпчүлүк катышуучулар үчүн демилгелүү топтун мүчөлөрүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган иштерге коомдук мониторингди жүргүзүүгө тартуу тажрыйбасы жаңылык болуп калды. Катышуучулар мындай тажрыйбаны пайдалуу деп таанышты, анткени ал калктын ЖӨБ органдарынын ишине карата ишенимин жогорулатууга жана тарапкерлерди тартууга көмөктөшөт.
Көпчүлүк катышуучулар бюджет тууралуу маалыматты ачыктоо күтүүсүз кесепеттерге алып келерин белгилешти. Мисалы, бюджеттик маалыматка кызыгууну муниципалитеттин тургундары гана эмес, ошону менен катар ... көзөмөл органдары да активдүү билдире баштады. Алар ошол замат текшерүүлөрдү уюштурушууда. Суроо жаралат: бюджет тууралуу маалыматка бул органдар каалаган учурунда жете алышат, эмне үчүн алар коомдук угууларды текшерүүлөрдү уюштуруу үчүн себеп катары пайдаланышат?
ФЭБ жетекчиси жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты калкка гана эмес, айыл өкмөт башчысынын орун басарына да көрсөтпөгөн кызыктуу окуяны айтып беришти.
ЖӨБ органдарынын бюджетке карата мүмкүнчүлүгү, чындап келгенде алар чыныгы ыйгарым укуктарга ээ болбогону жөнүндө көп айтылды. Айыл өкмөтү райондук финансы бөлүмүнө бюджетти жибергенде, көп учурда алар бюджетти өзгөртүүгө, райондук финансы бөлүмү көрсөткөн санды коюуга мажбур болот.
Катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу бюджеттик процесстеги түрдүү тараптардын ролуна карата болду: айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана жергиликтүү жамаат эмне кылыш керек? Депутаттар бюджетке тиешелүү ыйгарым укуктарынан ашкан көп мисалдар келтирилди: алар баштапкы каржы документтерин текшеришкен экен. Буга байланыштуу депутаттар мындай ыйгарым укуктарга ээ болбогону, алар жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту гана угары, бирок баштапкы каржы документтерди текшерүүгө укугу берилбегени, бул үчүн тиешелүү көзөмөлдөөчү органдар бар экени түшүндүрүлдү. Муниципалитет эгерде конкреттүү жамаатта кырдаал ошону талап кылса, жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесин өз алдынча кеңейте алабы деген суроонун тегерегинде өтө көп талаш-тартыштар болду. Мисалы, жаңы конуштарды сугат суу, электр жарыгы менен камсыздоо өңдүү. Мындай түрдөгү иштерди жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө кошсо болобу?
Жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды ММК аркылуу ачыктоо үчүн каражаттын жоктугу өңдүү көйгөй өтө курч турат. Катышуучулар прокуратура же башка тийиштүү структуралар маалыматка жетүү тууралуу мыйзамдын талаптарын аткарбаганы үчүн жаза берүүгө гана кызыкдар болгонун, соттор административдик айыпка жыкканын айтышты. Бирок ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынбайт. Масы айылдык аймагын (Жалал-Абад облусу) өзгөчө белгилей кеткибиз келет. Бул аймакта жергиликтүү калкты маалыматка жетүү менен камсыздоо боюнча чоң иштер жүргүзүлүп келет. Масы айыл өкмөтү USAID программасы боюнча маалымат өнөктүгүн өткөрүү үчүн жабдуулардын комплектин алган: чоң ксерокс, түстүү принтер, фотоаппарат. Башчынын орун басары тренинг маалында аймакта калкты кабардар кылууга чоң маани берилерин, көптөгөн механизмдер пайдаланыларын айтып берди: бюджет боюнча коомдук угуулар маалында маалымат өнөктүгү өткөрүлөт, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча жергиликтүү бюджетке сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор түзүлөт, айыл өкмөтүнүн бир бөлмөсүндө ЖӨБ ишмердиги тууралуу тасма көрсөтүлөт. Келечекте кызмат көрсөтүү боюнча “Бирдиктүү терезе” уюштуруу пландалып жатат.
Муниципалдык менчикти башкарууда айкындуулукка жетүүнүн механизмдеринен катышуучулар объекттердин жана жер участокторунун реестрин ачыктоону эң маанилүү иш катары таанышты.
Максат САРБАШЕВ, Чоң-Сары-Ой АА башчысы: «Мен муниципалдык менчикти башкарууда айкындуулукту камсыздоо боюнча өз кесиптештеримен жана тренерлерден практикалык көрсөтмөлөрдү алдым».
Алтынбек ТАТЫБАЕВ, Садыр-Акин АА башчысы: «Башчы болгондон тарта мен чоң көңүлдү маалыматты ачыктоого буруп келатам жана бул тренинг өз маалында уюштурулду. Эми тренингдин материалдары боюнча мен коомдук угууларды сапаттуу өткөрөм. Эгерде калк маалыматка ээ болсо, нааразылыктар азыраак, кызматташтык көбүрөөк болот».
Жеңиш МОЛДОКАНОВ, Бостери АА мурдагы башчысы: «Биздин аймак ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун пилоттук муниципалитети болгондон баштап, биз көп нерсени үйрөндүк. Эми бюджет калкка жеткиликтүү болуп, биз ачыгыраак жана тазараак болуп калдык».
Айгүл СУЛАЙМАНОВА, Липенка АА адиси: «Көп нерсени билем деп ойлочумун, бир караганда айкындулуук – анык зарылдык жана жеринде ачыктыкка жетүү үчүн бардык аракеттер жасалат. Бирок тренинг маалында маселени тереңирээк изилдөө менен, айкындуулуктун механизмдерин сабаттуу пайдаланыш керектигин түшүндүм. Биз теория жүзүндө гана үйрөнбөстөн, үй тапшырмасын да аткарып жатканыбыз жакшы болду. Пилоттук муниципалитеттин өкүлү катары башкаларга жардам берүүгө, тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын”.
Айнура БАЛАКУНОВА,
Анара МУСАЕВА,
ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адистери