Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария өкмөтүнүн өкүлү менен жолугушуу: көйгөйлөр, жетишкендиктер жана келечекти талкуулоо

2013-08-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору
Швейцария өкмөтүнүн өкүлү менен жолугушуу: көйгөйлөр, жетишкендиктер жана келечекти талкуулоо

2013-жылдын 24-июлунда Бишкекте Өнүктүрүү саясат институтунун жетекчилиги Швейцария Башкармалыгынын Борбор Азиядагы Өнүктүрүү жана Кызматташуу боюнча Программалык менеджери Томас ВАЛЬДЕР менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Саламаттык сактоо жана мамлекеттик сектордун программаларынын улук улуттук координатору Эльвира МУРАТАЛИЕВА жана Жергиликтүү өнүгүү программаларынын улуттук координатору Жыпаргүл ШАБДАНКУЛОВА катышты.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун жетекчисинин орун басары Сабина ГРАДВАЛЬ катышуучуларга жолугушуунун максаттары жана тапшырмалары, көйгөйлөрү менен жетишкендиктери, ошондой эле “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) долбоорун жайылтуу боюнча мындан аркы пландары тууралуу маалымат берди.
 
Өз кезегинде Томас ВАЛЬДЕР долбоордун ийгиликтерин белгилеп, анын алкагында жасалган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди: “Биз силердин аракеттерди жана жетишкендиктерди көрүп турабыз, сиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө долбоордун кошкон салымын баалайбыз”.

Окшош материалы: