Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сиз салыктарды администрациялоо тууралуу сурадыӊыз беле?

2014-02-04 / ЖӨБ каржысы
Сиз салыктарды администрациялоо тууралуу сурадыӊыз беле?

Биз жооп беребиз!

СУРОО
Сезондук мүнөзгө ээ болгон ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча (мисалы, тракторлорду, комбайндарды ижарага алуу, сүт жыйноо, мал жаюу жана башкалар) бизнес субъекттеринен ыктыярдуу патенттөөнүн салыктары боюнча эсептерди ким жүргүзөт?
 
ЖООП
КР Салык кодексинин 347-беренесине жана 2008-жылдын 30-декабрындагы №733 КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ыктыярдуу патенттөөнүн ставкалары боюнча эсепти хронометраждык изилдөөлөрдүн маалыматтарынын негизинде салык кызматынын органдары гана жүргүзөт. Хронометраждык изилдөөнүн өзү болсо ЖӨБ органдарынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт. Ыктыярдуу патенттөө боюнча ставкаларды бекитүү тууралуу чечимди КР Өкмөтү кабыл алат. Ушул эле нерсе иштердин сезондук түрлөрү боюнча ставкаларга да тиешелүү.Алар боюнча хронометраж жылына үч жолуга чейин жүргүзүлө алат.
 
СУРОО
АӨ салыктар (ыктыярдуу патент) боюнча эсептерди жүргүзүүдө конкреттүү бизнес субъектинин иш мезгилин эсепке алып, салык органдарына сунуштай алабы?
 
ЖООП
ЖӨБ органдарында ыктыярдуу патенттөөнүн ставкалары боюнча эсепти жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок. Эгерде салык төлөөчүдө ыктыярдуу патент боюнча ишмердүүлүгүн белгилүү бир убакыт аралыгында гана жүзөгө ашыруу зарылчылыгы жаралса, анда аны ишмердүүлүгүн кыска мөөнөттүү мезгилге гана жүргүзө алган жеке ишкер катары каттоо өтүнүчү менен салык кызматынын органдарына кайрылып, 1, 2, 15, 30, 90 же 180 күнгө патент алса болот. 1 же 2 күнгө патенттер майрам жана дем алыш күндөрү жармаңке жана көргөзмөлөр иштеген учурга гана берилет. Патентти кыска мөөнөттүү мезгилге берген учурда салыктын ставкасы күндөрдүн санына ылайык эсептелет. Жогорудагы жобо КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы №713 токтому менен жөнгө салынат.
 
СУРОО
АК бюджеттик комиссиясынын депутаттары айылда бизнес субъектиси жыл ичинде салык (ыктыярдуу патент) төлөптөлөбөгөнүн текшере алабы?
 
ЖООП
Жергиликтүү кеңештин депутаттарында салыктын төлөнүп-төлөнбөгөнүн текшерүү боюнча ыйгарым укуктары жок. Бирок Салык кодексинин 52-1-беренесине ылайык, ЖӨБдүн аткаруу органдарынын кызмат адамдарына салыктык көзөмөлдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилет. Анын жүрүшүндө жергиликтүү салыктарды жана патенттердин негизинде салыктарды төлөө фактысы да текшерилет. Учурда КР Өкмөтү ЖӨБ органдарынын салыктык укуктук мамилелерди аткаруу тартиби жөнүндө Жобо иштеп чыгууда. Бул жободо ишкерлердин салыктарды өз убагында жана толук төлөп жатканын текшерүү механизми көрсөтүлөт.
 
СУРОО
Салыктарды чегерүүдө АК бюджеттик комиссиясынын, АӨ каржы-экономикалык бөлүмүнүн бизнес субъекттери менен өз ара аракеттешүүсүнүн механизми кандай?
 
ЖООП
Ушул кезге чейин жана жакынкы келечекте салык төлөөчүлөрдүн салыктарды төлөөсү боюнча маалыматтык эсебин салык кызматынын органдары жүзөгө ашырып келатат. Бирок ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү салыктарды чегерүүнүн толук болуп-болбогонун төмөнкүчө көзөмөлдөөгө укуктуу: эгерде салыктык көзөмөлдүн же салык постунун ишинин натыйжасында кошулган салыктар чыныгы кырдаал менен айкалышпаса, ЖӨБ органдары салык органдарына кайрылып, кошумча салыктык төлөмдөрдү кошуу жана алуу жол-жобосун өткөрүүнү талап кылса болот.
 
 

 

Окшош материалы: