Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жергиликтүү демилге-2013” форумдары

2014-02-13 / Жарандык катышуу
“Жергиликтүү демилге-2013” форумдары

Калк менен ЖӨБ органдарынын өнөктөштүгү жол жана транспорт, таза жана сугат суу, жарыктандыруу жана ток өткөрүү, тазалык, карылар жана аялдар, жаштар, спорт жана бош убакыт, китепканаларды жана музейлерди кармоо, мектепке чейинки билим берүү жана башка бир топ маселелерди чечүүгө жардам берет. Муну 1-ноябрда Ысык-Көл облусунда (47 катышуучу, анын ичинен 23ү жамааттардын өкүлдөрү), ал эми 12-ноябрда Жалал-Абад облусунда (47 катышуучу, алардын ичинен 17си жамааттын өкүлдөрү) өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилгелер-2013” сынагынын жыйынтыктары да тастыктады. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү демилгелердин мыктылары жалпы суммасы 300000 сомго баалуу байгелерге ээ болушту. Байге фонду Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту жана Техникалык кызматташтык боюнча Герман коомунун жарандык коомду колдоо боюнча Долбоору (GIZ) аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) каражат эсебинен түзүлдү.

 

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү жамааттарынын форумуна активдүү жарандар – Ысык-Көлдөгү айыл тургундары жана 19 элеттик муниципалитеттен ЖӨБ органдарынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын жана ММКнын өкүлдөрү, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрү катышты. Алар бүгүнкү күндө турмуш шартын канткенде жакшыртса болоорун, эмне үчүн көпчүлүк кыргызстандык айылдар караңгы, кир жана шарты начар бойдон калып жатканын, эмне үчүн элеттеги үйлөрдө суу түтүгү жана канализация жоктугун талкуулашты.

Эки жол бар жана бүгүнкү күндө алардын бирин тандоо керек деген тыянакка келишти. Мамлекеттен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кимдир бирөө келип, көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн устунга шам күйгүзүп, менин короомдун алдындагы арыкты тазалап, бак-дарактарды сугарып, кары кошунама жардам берет деп күтсөк болот. Күтүүгө толук акыбыз бар – биз салык төлөп жатабыз жана бизге ушул салыктарды кызмат көрсөтүү жолу менен кайтарууга милдеттүү. Бирок бул күтүү көпкө созулуп кетүүдө. Анткени ушул кызмат көрсөтүүлөр ар бир көчөгө, ар бир үйгө жетиши үчүн биз төлөгөн салыктар азырынча жетишсиз болуп турат. Андыктан айылдын көпчүлүк тургундары башка жолду тандашууда – алар биригип,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта көкүрөккө тийген көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издеп жатышат.
 
“Кыргызстан боюнча мындай мисалдар жүздөп саналат. Долбоор ушул мисалдарды чогултуп, алар тууралуу башка жамааттарга айтып берүүнү чечти. Мунун эң жакшы жолу сынак эле. Ошентип “Жергиликтүү демилге” сынагы пайда болуп, сынакка 46 мисал түшүп,анын баары кароодон өтүп, бардыгы “Муниципалитет” журналынын (www.municipalitet.kg) атайын чыгарылышында жарык көрдү. Менимче бул окуялар журналисттерге жана башка айылдардын тургундарына кызыктуу болот. Биз сынакты биринчи жолу өткөрүп жаткан жокпуз жана катышуучулар менен мисалдардын саны жыл сайын өсүп жатканын, козголгон маселелер татаал жана ар түрдүү болгонун, муниципалдык транспортту жана талааны сугарууну уюштуруудан баштап, музейлер жана карылар үчүн өнүктүрүү борборлоруна чейин маселелер көтөрүлүп жатканын байкайбыз. Бардык мисалда ийгилик бар. Мындай иштер үзгүлтүксүз, ал эми натыйжалары туруктуу болгону маанилүү”, - деди ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.
 
Жеңүүчүлөргө белектерди тапшырып жатып, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акылбек ЖАНЫБЕКОВ жамааттардын катышуусу болбосо, турмуш шартын жакшыртуу процесси өтө жай жүрөөрүн белгиледи. “Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн жоопкерчиликти эч ким мамлекеттен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудан алып таштабайт. Бирок калк менен биргеликте биз көбүрөөк, тезирээк, натыйжалуураак жана үнөмдүүрөөк жасай алабыз. Мисалы, Жети-Өгүз айылдык аймагында жамаат ушунчалык бириге алгандыктан, бүгүнкү күндө алар ар бир үйгө суу түтүгүн жана канализацияны өткөрө алышты! Мындай шарттар Бишкектеги ар бир эле райондо боло бербейт. Бул мисалдар алар тууралуу Кыргызстандагы ар бир айылга айтып берүүгө татыктуу. Ошондой эле мамлекет тарабынан жергиликтүү демилгелерге колдоону күчтөндүрүү, бул үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана механизмдерди издөө зарыл”. ЖӨБЭММАнын аймактагы өкүлү Зарылбек ШАРИПОВ жергиликтүү өз алдынча башкаруу бул белгилүү бир функцияларга ээ болгон кызматчылардын жөн гана топтомунан да чоң нерсе болгонун белгиледи. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жашоо шарты көз алдыбызда өзгөрө тургандай кылып жамаат менен ишти жөнгө салууга жөндөмдүү.Негизгиси, ЖӨБ органдары өз жоопкерчилигин билип, иш методдорун түшүнүп, тийиштүү мамлекеттик органдардын колдоосун сезип туруш керек”.
 
“Жарандардын демилгелери жана сунуштары көп, бирок мындай долбоорлордун туруктуулугу,натыйжалуулугу көп учурда жамааттын бул идеясын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш – колдойбу, же жокпу, мына ушундан көз каранды болот, - дейт Улахол айылдык аймагынын өкүлү Медер БЕЙШЕЕВ. – Кызмат көрсөтүүлөр жоопкерчилик мыйзам боюнча баары бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөнүн, биз бардык ишти жамааттардын мойнуна жүктөп коё албай турганыбызды, антпесе биздин эмне керегибиз бар болгонун эстен чыгарбоо маанилүү. Бирок калкты маселени чечүүгө тартуу – натыйжалуу жол. Биз мунужакшы түшүнөбүз, андыктан өз жамаатыбыздын ичинде жергиликтүү демилгелердин сынагын жарыялоону чечтик. Эми ар бир каалоочу өз долбоорун жаза алат, жамааттар мыктысын тандап алып,жергиликтүү бюджет болсо аны ишке ашырууну каржылап берет”.Улахол аймагы сунуштаган жол бүт дүйнөдө колдонулаарын белгилей кетүү зарыл – жергиликтүү бюджеттер гранттар жана муниципалдык социалдык заказ механизмдери аркылуу жамааттардын жергиликтүү демилгелерин каржылайт. Эми ушундай иштин ченемдик алкактарын жакшыртуу боюнча ишти улантуу маанилүү.12-ноябрда Жалал-Абадда өткөн форумга 20 АА өкүлдөрү (айыл өкмөт башчысы, жамаат лидерлери, ДТ мүчөлөрү, кооперативдин жана СПА төрагалары, бала бакчанын жетекчиси, ишкер ж.б.), ММК өкүлдөрү катышты. КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдыңкы адиси КАДЫРАЛЫ уулу Маратбек өз сөзүндө уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, жеринде көтөрүлгөн демилгелердин маанисин белгиледи. Адис акча каражаты жетпей турганда жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ЖӨБ органдары колдоп бериши керектигин өзгөчө белгиледи.
 
Айылдык аймак өкүлдөрүнүн баяндамалары кызыктуу жана мазмундуу болду. Алар “Жергиликтүү демилге” сынагына катышуунун натыйжалары тууралуу айтып берип, бүгүнкү күндө айылдын көйгөйлөрүн калктын артыкчылыктарын изилдөө жолу менен гана чечсе болоорун, ал эмиЖӨБ органдарынын ишмердигин жарандар менен биргелешип пландоо керектигин белгиледи.Форумдун катышуучуларынан бала бакчалардын иши тууралуу бир топ суроолор түштү. Мисалы, Бешик-Жон АА кайрадан ачылган бала бакчаны кармоо жана бала бакчада иштеген кызматкерлердин акысын бюджетке киргизип коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду. Бешик-Жон АӨ башчысынын орун басары Ж.БУРКАНОВ бала бакча ДТ мүчөлөрүнүн демилгесинин жардамы менен ачылганы, марафон өткөрүлүп, чогулган акчага бала бакча үчүн зарыл болгон жабдуулар сатып алынганы тууралуу маалыматы менен бөлүштү. Бала бакча кызматкерлеринин маянасы 2014-жылдын бюджетине киргизилди. Учурда кызматкерлер бекер иштеп жатышат,тамактануу үчүн ата-энелер кошумча 400 сомдон төлөшөт. Өз тажрыйбасы менен Токтогул районунун Жаңы-Жол АА өкүлдөрү бөлүштү. Алардын аймагында 3 бала бакча ачылып, анын кызматкерлеринин маянасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт.
 
Форумдун жыйынтыгын чыгарып жатып, Авлетим АА башчысы Н.АБДЫРАМАНОВ буларды айтты:
 
“Жергиликтүү демилгелерди тийиштүү мамлекеттик структуралар дайыма эле баалай беришпейт. Андыктан ЭҮЖӨБОЖ Долбоору биздин эмгегибизди баалаганы өтө кубанычтуу окуя болду. Биз дотациядагы муниципалитет болгонубузга карабастан биз жамааттын көйгөйлөрүн чечип келатабыз. Кесиптештеримдин мисалдары менен таанышып чыгып, бүгүн жаңырган көпчүлүк демилге биздин айылдык аймакта бар болгонун түшүндүм. Ушундан улам жасалган иштер тууралуу маалымат жетпей, өз аракеттерибиздин натыйжаларын жеткиликтүү жана такбере албай турабыз деген тыянакка келдим. М