Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Барометр, эмнени окуй аласыз?
ЖӨБ органдарынын жарандык коом уюмдары (ЖКО же БӨУ) менен кызматташтыгынын деӊгээли жогору болуш керек
Надежда Добрецова, Айнура Жунушалиева, Өнүктүрүү саясат институту
- Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерге кызыгуусу жогору.
- “Бюджетчилерди” жана БӨҮ өкүлдөрүн кошпогондо, калктын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон ишеними жалпысынан жогору.
- БӨУ жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдары жарандык коомго жетиштүү деңгээлде кулак төшөбөйт, ал эми алар-дын максаттары жана баалуулуктары дайыма эле жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүнө дал келе бербейт деп эсептешет.
- ЖӨБ органдары бейөкмөт уюмдардын ресурстарды издөө иштерин чын көңүлдөн колдойт,бирок долбоор башталганда эле ЖӨБ жетекчилери ага чындап катышууга көңүлү болбой калат.
- Жарандардын көпчүлүк бөлүгү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ЖӨБ органдары ишке ашырат деп эсептешет. Анткен менен сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү бейөкмөт уюмдар социалдык аярлуу топторду колдоого алып, демографиялык жана гендердик маселелерди чечет деген ишенимде. Кызмат көрсөтүүлөргө канааттануунун деңгээли түздөн-түз анын провайдеринен көз каранды болгону азырынча аныктала элек.
- Муниципалдык социалдык тапшырыктын артыкчылыктарын толук өлчөмдө колдонуу үчүн ЖӨБ органдары бул механизмди жакшылап изилдеп чыгыш керек. Ал эми БӨУ калктын керектөөлөрүн канааттандыра алган сапатта жана санда кызматтарды көрсөтүүгө жөндөмдүү болгонун далилдей алышы зарыл.
Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерге кызыгуусу жогору
Анткени БӨУ – бул маңызы боюнча коомдук уюм, мында коом ЖӨБ органдарынын мааниси жана иши өңдүү маселелер канчалык кызыктырарын түшүнүү маанилүү. Сурамжылоо аныктагандай, жарандардын басымдуу бөлүгү – жалпысынан 93 пайызы – ЖӨБга жогорку деңгээлде кызыгышат. Азыраак кызыгууну – болгону 80 пайызы – бизнес көрсөтөт. Бул күтүлгөн натыйжа, анткени ишкердин коомдук маселелер менен алектенүүгө убактысы жок. Ошол эле кезде бейөкмөт уюмдардын жергиликтүү маанидеги маселелерге карата кызыгуусунун деңгээли салыштырмалуу төмөн болгону күтүүсүз натыйжа болду .Балким БӨУ өз ишмердигинин көптөгөн чөйрөсү бир эле учурда жергиликтүү маанидеги маселелер болгонун түшүнбөйт, бул болсо алардын башкаруу маселелеринде компетенттүү болбогонунан кабар берет. Же болбосо алар жамааттын жашоосуна тиешеси болбогон башка бир иштер менен алектенишүүдө. Бирок мындайды элестетүү да кыйын. Баамыбызда, алар башкаруу системасын жана башкаруу органдары ортосундагы жоопкерчиликтин бөлүштүрүлүшүн жакшы түшүнбөй жаткан болушу мүмкүн. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен иш алып барган бейөкмөт уюм бул максаттуу топтун жашоо шарты көп учурда ЖӨБ органдарынын ишинен көз каранды болгонун жана жергиликтүү маанидеги маселе болуп эсептелерин түшүнбөшү мүмкүн. Жергиликтүү маанидеги маселелерге карата кызыгуунун эң төмөнкү деңгээли 20дан 30 жашка чейинки жаштар арасында аныкталганы көңүлдү бурдурат. Эгерде башка курактык топтордун бардыгында жергиликтүү маанидеги иштерге кызыккан респонденттердин саны 90 пайыздан ашса, жаштар арасында бул көрсөткүч 83 пайызды гана түзгөн.
БӨУ ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандык коомду көп жакшы укпайт, ал эми алардын максаттары жана баалуулуктары дайыма эле жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө шайкеш келе бербейт деп эсептейт
ЖӨБ органдары жана жарандык коом уюмдары коомдук маанидеги маселени чечүүдө бири-бирине канчалык кулак саларын түшүнүү үчүн БӨУ менен ЖӨБ ортосунда бири-бирин кабылдоодо айырманы карап көрүү максатка ылайыктуу болмок (5-диаграмманы караңыз).Ал эми айырма бар: айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештин депутаттары БӨУ менен баарлашуунун деңгээлин көбүрөөк оптимисттик маанайда баалайт – алардын ичинен 66 жана 58 пайызы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө бейөкмөт уюмдарды толугу менен угабыз деп эсептешет. Бирок БӨУ өкүлдөрүнүн 27 пайызы гана ЖӨБ органдары тарабынан кырдаалга берилген баага макул. Башкача айтканда, жарандык сектордогу кесиптештерине салыштырмалуу ЖӨБнын өкүлдөрүнүн эки эседен ашууну БӨУ менен ЖӨБ толугу менен бири-бирин угат деп эсептейт. Кызматташууну кабылдоодо бул айырма ЖӨБ органдары жарандык коом уюмдарынын күтүүлөрүнө толук шайкеш келбегенинен кабар берет. Бул жагынан алганда "МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоору" социалдык тапшырык механизмин жайылтуу аркылуу кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ ЖӨБ жана БӨУ тарабынан кырдаалга карата айырма тараптардын ЖӨБ органдарынын максаттары жана баалуулуктары жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө канчалык дал келерин баалоодо сакталарын байкабай коюуга болбойт (5-диаграмманы караңыз). Сурамжылоого катышкан БӨУ өкүлдөрүнүн үчтөн бир бөлүгү гана ЖӨБ жамааттын керектөөлөрүнө багытталганына макул. Бул ЖӨБ органдарынын калк алдындагы чабал отчеттуулугун тастыкташы мүмкүн, бирок ошондой эле БӨУ ЖӨБнын ишинен начар кабардар болгонун да ырастай алат. Жалпысынан жарандардын жарымынан көбү жергиликтүү өз алдынча башкаруу алардын кызыкчылыгында иш алып барарын сезет,үчтөн бирге жакыны буга жарым-жартылай ишенет Сурамжылоонун катышуучуларына он баллдык шкала менен ЖӨБ органдарынын жарандык коом уюмдары – БӨУ менен кызматташтыгынын деңгээлин баалоо сунушталды. Ошону менен катар респонденттерге бул кызматташтыктын түрдүү формалары сунушталган (7-диаграмманы караңыз). Өзгөчө жогору – 7,6 балл деп – ЖӨБ органдарынын БӨУнун демилгелерди ишке ашыруу үчүн ресурстарды издөөсүн колдоо аракети бааланган. Мында таң каларлык эч нерсе жок. Айыл өкмөтү чындап эле ЖӨБ долбоорун колдогон каттарга чын көңүлү менен кол коюп берет. Экинчи орунга – 7,5 балл – ЖӨБ органдарынын өз ишмердүүлүгү тууралуу отчет берүү адаты чыккан.Демек БӨУ өкүлдөрү ЖӨБ органдарынын жарандык коом менен эч кандай аракетти же жаңычылдыкты киргизүүнү талап кылбаган кызматташтыгына багыт-талган аракеттерин аздыр-көптүр жогору баалашкан.БӨУ менен түздөн-түз байланышты орнотууда ЖӨБ органдарынын аракеттери олуттуу деңгээлде төмөн бааланган (чечим кабыл алууда консультациялар үчүн БӨУну чанда гана чакырышат, демилгелерди ишке ашырууга аз колдоо көрсөтүшөт). Жоопторду салыштыра келгенде мындай факт аныкталды:ЖӨБ органдары бейөкмөт уюмдардын ресурстарды издөө иштерин чын көңүлүнөн колдойт, бирок долбоор башталганда эле ага чындап катышууга көңүлү болбой калат. Жалпысынан сурамжылоого катышкан топтордун баары ЖӨБ менен БӨУ кызматташтыгына мүмкүн болгон 10 баллдын ичинен 6,4 баллды ыйгарышкан. Бул кызматташуунун өтө жогорку деңгээли эмес жана "МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоорунун" натыйжасы боюнча бул кызматташтыктын деңгээлинин өсүшүн көрүү абдан маанилүү болот.
Изилдөөнүн жыйынтыктоочу бөлүгү кызмат көрсөтүүлөргө арналган. Кайсы кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө муниципалдык социалдык тапшырык механизми өзгөчө пайдалуу болорун түшүнүү өтө маанилүү. Кырдаалды түшүндүрүү үчүн сурамжылоонун катышуучуларына кайсы кызмат көрсөтүүлөр аларды канааттандырарын, кайсылары болсо талаптарына жооп бербей турганын аныктоо, ошондой эле бул кызмат көрсөтүүлөрдү кимдер ишке ашырарын чечип алуу сунушталды. Ошону менен катар эң кызыктуу бөлүгү – бул кыз- маттарды ким көрсөтөрүнө жараша ага болгон канааттануунун көз карандуулугун аныктоо.
Окшош материалы:
-
№№4(29) / 2014-04-07 Социалдык тапшырык жөнүндө жарыялоолордун тизмеси
-
№№3(28) / 2014-03-07 БЮДЖЕТТИК КОДЕКС: прогресс жана жаӊылык, көйгөйлөр жана карама-каршылыктар. Эксперттин бүтүмү