Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БЮДЖЕТТИК КОДЕКС: прогресс жана жаӊылык, көйгөйлөр жана карама-каршылыктар. Эксперттин бүтүмү

2014-03-07 / «Барометр», «Эмнени окуй аласыз?»
БЮДЖЕТТИК КОДЕКС: прогресс жана жаӊылык, көйгөйлөр жана карама-каршылыктар. Эксперттин бүтүмү

Назира ТЮЛЮНДИЕВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун бюджеттер аралык мамилелер боюнча эксперти, ӨСИ

 

Кыргызстанда Бюджеттик кодексти иштеп чыгаардын алдында

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №55 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Туруктуу жана татыктуу жашоо» Программасын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик башкаруу системасынын укуктук базасын өркүндөтүү үчүн ошол эле жылы Каржы министрлиги өлкөнүн Бюджеттик кодексинин баштапкы долбоорун даярдаган. Аны иштеп чыгуу зарылчылыгы бир катар себептер менен шартталган. Белгилүү болгондой, учурда бюджеттик мыйзамдардын негизи болуп «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын1998-жылдын 11-июнундагы №78 Мыйзамы (мындан ары – негизги мыйзам) эсептелет.1999-2012-ж.ж. аралыгында негизги мыйзамга бир топ өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.Мунун натыйжасында мыйзамдын мазмуну олуттуу трансформацияланды. Анда 7 берене гана (58 берененин ичинен) өзгөрбөгөн бойдон калды. Ошону менен бирге көпчүлүк өзгөртүүлөр жана толуктоолор системасыз киргизилген.
 
Мунун айынан бюджеттик мыйзамды иретке салуу зарылчылыгы бышып жетилген. Экинчи жагынан мамлекеттик башкаруу системасында бюджеттик мыйзамдардагы туруксуздук маселеси пайда болду. Өлкөдө бюджеттик мамилелер кадимки мыйзам менен жөнгө салынганы жагдайды татаалдаштырды. Мындай кырдаалда кандай гана жаңы мыйзам киргизилбесин (мисалы,тармактык), же колдонуудагы мыйзамдарга негизги мыйзамдын нормаларына карама-каршы келген түзөтүүлөрдү киргизүү өлкөдөгү бюджеттик мыйзамдарды туруксуз кылуу менен белгиленген нормаларды жана негизги мыйзамдын принциптерин трансформациялайт.
 
Кодекс – бул мисалы, бюджеттик чөйрөдөбир тектүү коомдук мамилелерди, системалык жөнгө салууну камсыздаган ченемдик укуктук акт. Ошону менен бирге ченемдик укуктук акттардын кабыл алынган иерархиясында кодекс мыйзамдан жогору орун алган жана мындан улам мыйзам кодекстин нормаларын өзгөртүп, же ага карама-каршы келе албайт («КР ченемдик укуктук акттары жөнүндө» КР Мыйзамынын 6-беренеси). Ошентип өлкөнүн Бюджеттик кодексин ишке киргизүү бюджеттик мыйзамдардын туруктуулугу менен катар анын бүтүндүгүн да кепилдейт.
 
Мына ушуларды эске алуу менен, ошондой эле бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү, аларды дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу жана прогрессивдүү чет элдик практикага ийкемдөө максатында ушул тапта өлкөдө Бюджеттик кодекстин долбоору иштелип чыгууда жана талкууланууда.Бюджеттик кодекстин долбоору адегенде 2012-жылдын 12-сентябрында КР Өкмөтүнүн №614 Токтому менен жактырылган. Андан соң эл аралык каржы институттарынан, аны менен катар Дүйнөлүк банктан сунуштар жана пикирлер түшкөнүнөн улам кодекстин долбоорунун бул варианты кайра иштелип чыккан (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы №718 Токтому).Ошол эле маалда А.КЕЛДИБЕКОВ башында турган Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Бюджеттик кодекстин долбоорунун альтернативалык вариантын иштеп чыгып, сунуштаган. Ошентип Жогорку Кеңеште КР Бюджеттик кодекстин долбоорунун 2 альтернативалык варианты пайда болгон.
 
Ошондуктан Бюджеттик кодекстин долбоорунун бирдиктүү редакциясын даярдап чыгуу үчүн депутат ЖУМАЛИЕВ Э.Б. башында турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Топтун ишинин натыйжасында Бюджеттик кодекстин долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыккан. Ал 2014-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңеште Бюджеттик кодекстин долбоору боюнча коомдук угууда талкууланган. Ушул тапта аны аймактарда талкуулоо пландалып жатат.
 
Бюджеттик кодекстин долбоорундагы жаӊылыктар
 
Мыйзам долбоорун кабыл алуу бюджетти даярдоонун жана аткаруунун так жол-жоболорунт белгилөө, бюджеттер ортосундагы өз ара мамилелерди, ошондой эле бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу процессинде түрдүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин аныктоомаксатын көздөй турганы коомдук угууларда белгиленди. Бул болсо ортодо пайда болгон карама-каршылыктарды жана анын ар башка окулуусун жоготуп, бюджеттик мамилелерди, анын ичинде бюджеттер аралык мамилелер системасын толук кандуу түзүүнү камсыздап, каржы агымдарын өнүктүрүү максатына буруп, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоону арттырат. Кодекстин сунушталган варианты 10 бөлүмдөн,30 главадан жана 126 беренеден турат.Биринчи бөлүм аны колдонуунун максатын жана чөйрөсүн, кодекс менен жөнгө салынган негизги түшүнүктөрдү жана мамилелерди камтыйт. Белгилүү болгондой, учурда негизги мыйзамда колдонулган негизги терминдер боюнча бөлүм жок.
 
Терминологиянын мыйзамдык аныктамасы бюджетти түзүү жана аткаруу процессинде пайда болгон карамакаршылыктарды жана ар башка окулуусун жоготот.Кийинки бөлүмдө бюджеттик система негизделген негизги принциптер белгиленет. Алар: бирдейлик, толуктук, реалдуулук, айкындуулук, натыйжалуулук жана эффективдүүлүк, артыкчылыктуулук, ырааттуулук, өз алдынчалуулук, тең салмактуулук ж.б. принциптер. Аларды ишке ашырууда ырааттуулук бюджеттик саясатты иштеп чыгууга, тийиштүү бюджеттик процесстерди укуктук жактан баамдоого, каражаттарды түзүүнүн жана сарптоонун бюджеттик механизмдерин жүйөлүү өркүндөтүүгө алкактык мамилени орнотууга көмөктөшөт.Үчүнчү бөлүмдө КР бюджет системасынын жалпы жоболору жана структурасы сүрөттөлөт, бюд-жеттердин түрлөрү ачылат: республикалык бюджет,жергиликтүү бюджеттер жана Социалдык фонд,булардын жыйнагы мамлекеттик бюджетти түзөт.Мындан тышкары мыйзам долбоорунун бул главасында чукул мамлекеттик бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүнүн жана аткаруунун түшүнүктөрү жана нормалары такталган.4-бөлүмдөр бюджеттин структурасын, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн түзүүнүн эрежелерин, ошондой эле бюджеттин тең салмактуулугун жана таңсыктыгын жабуу булактарын аныктайт.
 
Мыйзамдарда бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынан кирешелерди түзүү маселелеринде методологиялык так эместиктер жана баяндалышында карама-каршылыктар болгонуна байланыштуу, кодекстин долбооруна «Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) ишке ашыруудан бюджеттик мекемелердин кирешелери» беренеси киргизилди. Анда товарларды (жумуштарды,кызмат көрсөтүүлөрдү) ишке ашыруудан бюджеттик мекемелердин кирешелеринин курамы, ошондой эле бул тизмеге киргизилбей турган кирешелер такталат. «Бюджеттин чыгашалары» беренесинде бюджеттин чыгашалар курамы жана чыгашаларды түзүүнүн негизги принциптери бир топ такталды,операциялык чыгашалар жана каржылык эмес жана каржылык активдерге, ошондой эле милдеттенмелерди тындырууга байланышкан операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашалар түшүнүктөрүкиргизилди.«Мамлекеттик бюджеттик резерв» аттуу жаңы түшүнүк президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана премьер-министрдин резервдик фонддору менен катар киргизилди.Бюджеттин тең салмактуулугун камсыздоо үчун республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин таңсыктыгын каржылоонун булактары аныкталды.
 
Колдонуудагы мыйзам менен аныкталган каражаттардан тышкары таңсыктыкты жабуу булактарынын курамына бюджеттик насыялар, бюджеттердин эсебиндеги каражаттардын эркин калдыктарындагы өзгөрүүлөр жана муниципалдык зайымдар кошулду. Мындай мамиле эсептөөнүн эл аралык стандарттарына шайкеш келээрин кошумчалай кетели.Долбоордо ошондой эле өнүктүрүү бюджетине аныктама берилип, анын максаттары жана милдеттери ачыкталып, аны түзүүнүн булактары жана каражаттарды инвестициялоонун формалары көрсөтүлөт (8глава). Өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн учурдагы системасы аймактарды же экономиканын секторлорун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каражаттардын бардык көлөмүн көзөмөлдөөгө жана эсепке алууга жол бербегени мына ушул бөлүмдү киргизүүнү шарттады. Анткени өнүктүрүү бюджетинин каражаттары көп учурда бюджеттин күнүмдүк чыгашаларынын багыты боюнча эле колдонулуп келатат.
 
Буга биринчи кезекте мыйзам өнүктүрүү бюджетине, анын милдеттерине так аныктама бербегени себеп болду. 9-глава Социалдык фонддун бюджетине, анын структурасына, кирешелерине, чыгашаларына жана тең салмактуулугуна арналды. Ошентип биринчи жолу бюджеттен тышкаркы мамлекеттик фонддор бюджеттик менен бириктирилип, бирдиктүү ченемдик укуктук акт менен жөнгө салынмай болду. 10-14-главалар бюджеттер аралык мамилелер- ди чагылдырат. Бул чөйрөдөгү жаңы эреже бюджеттер аралык мамилелердин, максаттуу гранттардын, анын ичинде терc гранттардын жана субвенциялардын чектерин камтыйт. Долбоорго мамлекеттик жана муниципалдык карыз тууралуу нормалар, мамлекеттик жана муниципалдык зайымдар түшүнүгү, ошондой эле алардын максаттары жана чектөөлөрү; мамлекеттик карыз түшүнүгү; мамлекеттик карызды башкаруунун принциптери; мамлекеттик кепилдиктер түшүнүгү; КРда мамлекеттик эмес зайым алуулар маселелери кошулган (16-18-главалар). Бюджеттик процесстин катышуучуларынын кодексте белгиленген ыйгарым укуктары жана алардын компетенциялары бийликтин өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын ортосундагы компетенцияларды ажырымдоо принцибине негизделген (19-20-глава).Бул принципке ылайык, бюджетти түзүү жана аткаруу бийликтин аткаруу органдарынын иш-милдеттерине кирет, ал эми бюджетти кароо, бекитүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө – бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын иш милдеттерине кирет.
 
Аймакты же экономиканын өзүнчө тармактарын өнүктүрүү программасын (пландарын) иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин мыйзам менен бекитүү бул норманы киргизүүнүн маанилүү учуру болуп эсептелет. Анткени бул башкаруунун ар бир деңгээлинде чечимдерди кабыл алуунун ырааттуулугуна жана буга жараша алга умтулган экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшмөк.Долбоордо бюджеттик процесстин бардык баскычтары деталдуу берилип, бардык деңгээлдеги бюджеттерди түзүүгө базалык талаптар жана бюджеттерди карап чыгуунун, бекитүүнүн жана аткаруунун жалпы жоболору камтылган (21-26-главалар).Бюджеттик кодекстин долбооруна өлкөнү жана тийиштүү аймакты социалдык экономикалык өнүктүрүү божомолун милдеттүү түрдө иштеп чыгуу тууралуу берене кошулган. Мындан тышкары мый зам долбооруна ылайык, бюджеттик процесстин негизин республикалык бюджеттин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясы түзөт.Мыйзам долбоору менен Орто мөөнөттүү бюджеттик негизди иштеп чыгуу каралган, аны түзүүнүн жана бекитүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулары, берүү формалары ж.б. регламенттештирилген. «Бюджеттик программа»түшүнүгү киргизилген. 
 
Бюджеттик программаларга карата жалпы талаптар менен төмөнкүлөр аныкталган: программаларды (экономикалык жана социалдык натыйжалуулуктун индикаторлору) ишке ашыруунун натыйжаларын жана программаны алдын ала (даярдоо баскычында), күнүмдүк (ишке ашыруу баскычында) жана жыйынтыктоочу (программаны же анын баскычтарын жыйынтыктагандан кийин) баалоо үчүн зарыл жана жетиштүү болгон көрсөткүчтөрүнүн ар биринин максаттуу маанисин өлчөө үчүн системанын болушу.Кодекстин долбоору менен бюджет тууралуу маалыматын толуктугун жана анын айкындуулугун камсыздоо үчүн бюджеттердин долбоорлоруна тиркелген маалыматтардын милдеттүү тизмеси регламенттештирилген. Бекитилген бюджеттерге тез-тез өзгөртүүлөрдү киргизүү практикасынан баш тартуу максатында мыйзам долбооруна бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн шарттарына талаптар кошулган. Долбоордо бюджетти аткаруунун негизги жолжоболору такталып, бюджетти аткаруу процессинде кошумча алынган кирешелерди колдонуунун нормалары киргизилип, корголгон беренелер жана артыкчылыктуу инвестициялык бюджеттик программалар түшүнүгү бекитилген.
 
Бюджеттик процессти өткөрүүнүн зарыл болгон шарты деп бюджеттик эсепти жүзөгө ашыруу жана бюджеттик отчеттуулукту түзүү эсептелет. Отчеттуулуктун форматтары бюджеттик мыйзамдардагы жаңы эрежелер болуп эсептелет. Кодекстин өзүнчү главасында каржылык тартипти бузганы үчүн жоопкерчиликти жана жазаларды караштырган суроолор иретке келтирилди жана бөлүнүп каралды.Мыйзам долбоору менен сунушталган нормалар принципиалдуу деңгээлде жаңы, жалпы тарабынан кабыл алынган принциптерге жана мыкты эл аралык практикага туура келген өлкөнүн бюджеттик системасын уюштуруу үчүн пайдубал түптөдү. Анткен менен Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттеринин баамында, бир катар жоболор кайра карап чыгууга жана иштеп чыгууга муктаж. Төмөндө Бюджеттик кодекстин долбоору боюнча эксперттик пикир келтирилет.
 
Бюджет таӊсыктыгын жөнгө салуу
 
Ар бир эле бюджеттик мыйзамдын негизги жобосу болуп бюджет таңсыктыгынын чоңдугун жөнгө салган норма эсептелет. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын мыйзамдар менен чектөө практикасы тиги же бул түрүндө ар кайсы өлкөлөрдө колдонулуп келет жана оң натыйжаларды көрсөтүүдө. Кыргызстанда болсо колдонуудагы мыйзамдарда жана Бюджеттик кодекстин сунушталган долбоорунда бюджет таңсыктыгынын көлөмү жөнгө салынбайт.Ошону менен бирге Кыргызстанда 2013-жылы мамлекеттик тышкы карыздын ИДПга карата катышы 44,4% түзгөнүн, ал эми республикалык бюджеттин таңсыктыгы 2014-жылга 9,4 млрд. сомдун деңгээлинде (салыштыруу үчүн: 2013-жылы таңсыктык 6,4 млрд.сомду түзгөн) пландалганын, бул болсо мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирээрин эсепке алып, биз бюджет тартыштыгынын көлөмүн чектөө практикасын баштоону сунуштайбыз.
 
Жогоруда келтирилген көрсөткүчтөр мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна коркунуч жаратпай турганы талашсыз. Жалпы тарабынан таанылгандай, өлкөнүн тышкы карызынын босого көрсөткүчү ИДП 80%, ал эми бюджет тартыштыгыныкы – ИДП 3-5% болуп эсептелет. Анткен менен көптөгөн мамлекеттер жана интеграциялык бирикмелер практикада мындан да катаал нормаларды колдонуп келет. Айталы, Кыргызстан 2015-жылы кирүүгө ниеттенип жаткан Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө өлкөлөрдө макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү тууралуу Макулдашуулардын алкагында мамлекеттин карызы ИДП 50 пайыз босогодон төмөн бойдон калыш керек, ал эми бюджет тартыштыгы ИДП 3% төмөн болуш керек. Мындан улам бюджет таңсыктыгынын көлөмүн, демек тышкы карыздын көлөмүн да чектеген укуктук алкактарды түзүү өлкөнүн ушул экономикалык интеграциялык бирикмелердин алкагында иштөө шарттарынын институционалдашуусуна көмөктөшөт.
 
Күндөлүк чыгашалар боюнча тартыштыкты каржылоого тыюу киргизүү варианты көбүрөөк максатка ылайыктуу болуп турат. Эскерте кетели, тыштан алынган карыздын бир бөлүгү гана инвестицияларга багытталса, экинчи бөлүгү бюджеттин күндөлүк чыгашаларын жабууга кетет. Өлкөгө инвестициялар керек, алар экономиканын өнүгүүсүнө, социалдык инфраструктураны жакшыртууга, ишкерчиликке дем берүүгө ж.б. салым кошот. Ал эми күндөлүк чыгашалар – бул биздин күнүмдүк муктаждыктарыбызга колдонгон акча, б.а., аларды азыр жок кылып жатабыз, ал эми келечекте аларды үстөк пайыздар менен кайтарыш керек. Бюджеттин тең салмактуулугунун «алтын эрежеси»: күндөлүк чыгашалар бюджеттин кирешелеринен ашпаш керек. Башкача айтканда, мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы өнүктүрүү бюджетинен жүзөгө ашырылган мамлекеттик инвестициялардын өлчөмүнөн ашып түшпөш керек.
 
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча,өлкөнүн 2014-жылга бюджети бул эрежеге жооп берет. Башкача айтканда, мамлекеттик бюджеттин күндөлүк кирешелери 99,1 млрд. сомду, ал эми күндөлүк чыгашалар 97,5 млрд. сомду түзөт. Ошону менен 2014-жылы бюджет таңсыктыгы 9,4 млрд. сом өлчөмүндө мамлекеттик инвестициялар программасынын насыялары боюнча чыгашаларды камтыган өнүктүрүү бюджетинин бөлүгүнүн эсебинен пландалууда. Өнүктүрүү бюджетинин калган бөлүгү расмий трансферттердин жана күндөлүк кирешелердин эсебинен жабылат. Башкача айтканда, Каржы министрлиги учурда (алкактык укуктук чектөөлөрсүз) ушул практиканы колдонууда. Формалдуу эрежелерди киргизүү менен ведомствонун прогрессивдүү саясаты бекемделмек.
 
Өнүктүрүү  бюджети өз алдынча фонд катары
 
Күндөлүк чыгашалар боюнча таңсыктыкка тыюу салган жобону кабыл алуу өнүктүрүү бюджетин күндөлүк чыгашалар бюджетинен институционалдык бөлүп коюуну талап кылат. Мындай учурда биз насыянын канчасын инвестиция үчүн, ал эми канчасын күндөлүк муктаждыктар үчүн тартып жатканыбызды так билмекпиз. Ушул тапта Бюджеттик кодекстин талкууланып жаткан долбоорунда да (27-берене) өнүктүрүү бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин бөлүгү болуп эсептелет. Мындан улам кооммурдагыдай эле зайымдар кандай максаттарга алынып жатканы жана алынган насыялар эмнеге сарпталганы тууралуу так сандарга ээ болбойт. Өкмөт жана Каржы министрлиги азырынча мамлекеттик инвестициялар программасынын деталдаштырылган эсебин жөнгө салууга кудуретсиз болуп жатат. Бирок жол-жоболордогу кемчиликтерден улам Каржы министрлиги ушул тапта жалпыланган гана маалымат бере алат. Бул болсо кыянаттык менен пайдалануулар жана каржылык тартип бузуулар үчүн шарт түзүүдө. Өнүктүрүү бюджетин өзүнчө фондго бөлгөн учурда ал боюнча учет жана отчеттуулук жөнөкөйлөштүрүлөт жана дагы да ачык-айкын болуп калат.
 
Андыктан Кодексте өнүктүрүү бюджети – бул өзүнчө фонд (27-берене) катары, ал эми бюджеттин тең салмактуулугуна болгон талап (26-берене) бюджеттин күндөлүк чыгашаларынын жана кирешелеринин тең салмактуулугу катары аныкталган.Өнүктүрүү бюджети боюнча ИДП 3% ашпаган зайым алуулардын жүйөлүү деңгээлин аныктап алуу зарыл.Бюджеттин тең салмактуулугуна карата мындай мамиле бир жагынан бийликке бюджет таңсыктыгынын параметрлерин чектөөгө жол берет жана кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечегинде анын туруктуулугун кепилдейт. Экинчи жагынан мамлекеттик инвестициялар боюнча учётту жана отчеттуулукту жолго салып, бюджет айкындуулугун арттырууга жардам берет.
 
Бюджеттик кодекстеги карама-каршылыктар
 
Бюджеттик кодексти кабыл алуу башкаруунун бардык деңгээлдеринде бюджеттик процессти регламенттештирген бирдиктүү мыйзамдык актты, анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин иштеп чыгуу гана эмес, ошону менен бирге иштеп жаткан бюджеттик мыйзамдардагы карама- каршылыктарды жок кылуу максатын көздөйт. Анткен менен кодекстин долбоорунун өзүндө бир катар олуттуу карама-каршылыктар бар.Биринчи карама-каршылык: терc гранттар түрүндөгү жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин алып коюу (54-берене) КР Конституциясына каршы келет.
 
ЖӨБдүн кирешелерин мажбурлап тартып алуу мамлекеттин ЖӨБ иштерине кийлигишүүсүн билдирет. Ал эми Конституцияда төмөнкүлөр белгиленет:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү. (110-берене);
  • мамлекеттик органдар ЖӨБ органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз. ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. (113-берене)
Анын үстүнө кирешелерди алып коюу ЖӨБОнун  финансылык өз алдынчалуулугуна гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү бюджеттин кирешесин толуктоо үчүн демилге көтөрүүгө болгон кызыкчылыкка да терс таасирин тийгизет. Биздин баамыбызда, бул жобо Каржы министрлигинин өлкөдөгү чыңалып турган каржылык кырдаал шартында айрым бир ЖӨБ органдары «ашыкча» каражатка ээ болуп, аны айлык акыны жогорулатууга, машинелерди, эмеректерди сатып алууга жана башка күндөлүк чыгашаларга багыттай баштайт деген кооптонуусуна байланыштуу киргизилген. Экинчи жагынан, жергиликтүү бюджеттерден финансы ресурстарын алаары менен, Каржы министрлиги аларды республикалык бюджеттин «жыртыктарын жамоого», б.а., кайрадан эле күнүмдүк чыгашаларга жумшайт деп божомолдосо болот. Ашыкча ресурстар дайыма инвестицияларга, б.а., экономиканын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүн камсыздаган капиталдык чыгашаларга багытталыш керек.
 
Маалымат үчүн: 2012-2013-жылдары жергиликтүү бюджеттерде капиталдык салымдар болгону бюджет чыгашаларынын болжол менен 1,5% түзгөн (республикалык бюджетте – бюджет чыгашаларынын 2% бир аз ашыгын). Биз ЖӨБ органдарынын бюджеттик камсыздандырылгандыгы жергиликтүү бюджеттердин тобу боюнча бюджеттик камсыздандырылгандыктын орточо маанисин эки эседен ашуун ашып түшкөн учурда ЖӨБ органдарынын каражаттарын инвестициялык долбоорлорго багыттоону стимулдаштырган жобо киргизүүнү сунуштап жатабыз. Жергиликтүү бийлик ыктымал инвесторлорду издөөдө жардам алалат жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча Өкмөттөн техникалык жардам түрүндө колдоо таба алат. Аймактарга инвестицияларды тартуу Кыргызстанда инвестициялык активдүүлүктүн жана экономикалык өсүштүн локомотиви кызматын көрсөтөт.
 
Экинчи карама-каршылык: Бюджеттик кодекстин долбоорунда «Коомдук бюджеттик угуулар» беренеси каралган (121бер.). Бирок анда бюджетти кароо жана бекитүү гана көрүнөө жана эл алдында ишке ашырылаары, бирок коомдук угуулардын жол-жобосунун өзү болсо ачыкталбай турганы айтылат. Депутаттардын жакшы демилгеси соңуна чыкпай калган. Бюджеттик кодекстин долбоорунун башка нормалары да (88-94-бер., 95-97-бер.) коомдук угууларды бюджеттерди кароо жана бекитүү процесси башталганга чейин эле уюштуруу жана өткөрүү зарылчылыгын эсепке албайт. Бюджетайкындуулугун жогорулатуу жана бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалуулугун камсыздоо үчүн коомдук угууларды өткөрүүнүн жол-жоболорун так аныктап алуу керек.Үчүнчү карама-каршылык: 72-беренеде өкмөт финансылык, тарифтик, инвестициялык жана салык саясатын иштеп чыгып, аларды ишке ашыраары аныкталган. Ал эми 73-беренеде фискалдык саясатты Каржы министрлиги иштеп чыгып, жүзөгө ашыраары көрсөтүлгөн. Төртүнчү карама-каршылык: долбоордун 87-беренесинде социалдык-экономикалык божомолду камтыган аймактарды өнүктүрүү программаларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштеп чыгат деп белгиленген. Ошол эле учурда 86-беренеде программаларга кошулган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолу үчүн жоопкерчиликти экономикалык божомолдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Экономика министрлиги алаары айтылган.
 
Бешинчи карама-каршылык: 87-беренеде аймактарды өнүктүрүү программалары төмөнкүлөрдү тамтый турганы белгиленген:(1) аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык божомолу;(2) орто мөөнөттүү бюджет;(3) аймакты өнүктүрүү программасына түшүндүрмө кат;(4) бюджеттик тобокелчиликтерди баалоо. Б.а., алар аймакты өнүктүрүү стратегиясын аныкташы керек болгон өнүктүрүү программаларынын өздөрүнөн башка баарын камтыйт.Алтынчы карама-каршылык: Сунушталган норма боюнча, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо аралаш чыгаша милдеттемеси катары каралат. Бул болсо КР Конституциясынын ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп беүүнүн шарттарын караштырган 113-беренесине каршы келет.
 
Терминологиядагы кемчиликтер
 
Кодекстин долбоорунда жергиликтүү бюджет жана аймактарды өнүктүрүү фонду өңдүү өзөктүк аныктамалар концептуалдык кайра иштеп чыгууну талап кылат.12-беренеде жергиликтүү бюджет – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын каржылык жактан камсыздоого арналган акча каражаттарынын фонду деп айтылат. Анда жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууну ишке ашырууда Конституция менен кепилденген укуктары жана жөндөмдүүлүгү эмне болот? Биз төмөнкүдөй формулировканы сунуштайбыз: жергиликтүү бюджет – бул айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну ЖӨБ органдары жүзөгө ашырат. 34-берене региондорду өнүктүрүү фондун өнүктүрүү бюджетинин алкагында региондорду өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга арналган акча каражаттарынын фонду катары белгилейт.
 
Биз сунуштаган аныктама айкындуулуктун жана тең салмактуулуктун принциптерине көбүрөөк шайкеш келет жана жергиликтүү жамааттардын демилгелеринин ролун эсепке алат. Региондорду өнүктүрүү фонду – бул (кирешелердин конкреттүү түрлөрүнөн) чегерүүлөрдүн эсебинен пайда болгон, жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого жана башка максаттуу багыттагы иш-чараларды жүзөгө ашырууга колдонулган акча ресурстары. Кодекстин долбоорунда айрым бир кемчиликтер жана анын ичинде сунушталган терминдер жана аныктамалар боюнча майда эскертүүлөр кездешет: 1. Көзөмөл сандардын аныктамасы киргизилет (2-берене), анда бул бюджеттик каражаттардын акыркы көрсөткүчү болгону белгиленет. Бул бюджеттик каражаттардын алкагында бюджеттик мекемелердин операциялык чыгашаларын жүзөгө ашыруу каралган. Ошентсе да 92-беренеде Социалдык фондго субвенциялардын көлөмү боюнча көзөмөл сандар тууралуу айтылат.
 
Кодекс долбоорунун башка жерлеринде бир эле маалда жалпы мамлекеттик кирешелер боюнча көзөмөл көрсөткүчтөр жөнүндө (73-берене), жалпы мамлекеттик кирешелердин өлчөмү жана бюджеттер аралык трансферттердин көлөмү боюнча ориентирлер тууралуу (93-берене) айтылат.2. 22-беренеде субсидиялар максаттуу жүргүзүлгөн мамлекеттик экономикалык жана социалдык саясаттын натыйжасында баалар өндүрүштүн орточо чыгымдарынын деңгээлинен төмөн белгиленип калган себебинен улам өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда келтирилген зыяндын ордун толуктоо үчүн ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүргөндөргө – юридикалык жактарга берилет деп айтылган.Биздин эскертүүлөр:
 
  •    жободо физикалык жактар эсепке алынбай калган (мисалы, турак жай субсидияларын алуучулар)
  • баалардын деңгээлин жөнгө салган трансферттерди белгилөө үчүн «дотация» терминин колдонуу дагы да сыпайы болмок.

 3. «Бюджеттик резолюция» түшүнүгү аныкталган эмес жана дагы да маанилүүсү – аны кабыл алуунун жол-жоболору ачыкталбай калган.

Бюджеттик мамилелерде прогресске умтулуу

Кодекстин көптөгөн жоболорун прогрессивдүү түрдө кайра формулировкалоо мүмкүнчүлүгү алар өлкөдө болуп жаткан учурдагы көйгөйлөр менен гана корреляция болгонуна байланыштуу. Айталы,Кодексте кирешелер чыгашалардан ашкан учур аныкталбай калган.

Ушул эле нерсени бюджеттер аралык мамилелер тууралуу да айтса болот. Мисалы, бюджеттер аралык мамилелердин сунушталган принциптери бюджеттер аралык мамилелердеги учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган: чегерүүлөрдүн нормативдеринин туруксуздугу, мамлекеттик органдардын жергиликтүү бюджеттик процесске кийлигишүүсү ж.б.
 
Бюджеттик системада мамилелер жаңы, дагы да заманбап моделге өтүүсү үчүн алкактарды түзүү максатында мыйзамдардын багытын өгөртүп, дагы да прогрессивдүү нормаларды киргизүүнү сунуштайбыз. Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптери Өкмөттү чечим кабыл алууда жергиликтүү жамааттардын бюджетине өз финансы каражаттарын бекитүү менен гана чектелбестен, мыйзам боюнча аларга берилген чыгаша ыйгарым укуктардын шайкештигин камсыздоого ж.б. багыттап туруш керек.Кодекстин долбооруна бюджеттердин артыкчылыктарын аныктоо механизми жана ЖӨБ органдары тарабынан бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун тартиби өңдүү жоболорду кошуу талап кылынат. М