2014-03-07 / Жарандык катышуу
Ажар ЧЕКИРОВА,
Чикагодогу Иллинойс универститетинин политология кафедрасынын докторанты
Түз катышуу демократиясы – жаңы идея эмес.Цивилизация өнүккөнгө чейин жана биздин доорго чейин VII-VIII кылымдарда Грециянын байыркы шаарлары-мамлекеттери түз демократиянын алгачкы мисалдары болгон. Мында ар бир укуктуу жаран мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышкан. Бирок калктын саны өсүп, кыштактардын жана шаарлардын өлкөлөргө жана империяларга бириге башташы менен түз демократиянын улануусу мүмкүн болбой калган. Ага карабастан XX кылымдын соңунда саясатчылардын жана социалдык илимдердин профессорлорунун түз де-
мократия практикасына кызыгуусу жандана баштаган. Азияда жана өзгөчө Латын Америкасында децентралдаштыруу толкуну өз алдынча башкаруу укугун жана социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди жергиликтүү шаардык өкмөттүн колуна өткөрүп берген. Муну менен түз демократия менен эксперименттерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай долбоорлордун бири катары Катышуу бюджети (Participatory Budgeting) эсептелет. Бул долбоор алгачкы жолу Бразилиянын Порту-Алегри шаарында жүзөгө ашырылган. Ошондон бери бул өңдүү программалар дүйнөнүн көптөгөн шаарларында, Европанын жана Түндүк Американын өнүккөн өлкөлөрүндө, ошондой эле Африканын, Латын Америкасынын жана Азиянын өнүгүп келаткан өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да өткөрүлгөн.
Бул макалада мен катышуу бюджетин иштеп чыгуу процессин, айкындуулукту камсыздоону, жарандардын катышуу формаларын, ошондой эле бул процесстин АКШнын Чикаго шаарындагы 49-райондогу көйгөйлөрүн карап чыгам.Чикаго калкынын саны боюнча АКШдагы үчүнчү ири шаар болуп эсептелет. Укмуштуудай театралдык спектаклдери, атактуу пиццасы, бейсбол стадиондору жана желдүү аба ырайы менен белгилүү болгон Чикаго ошондой эле АКШнын эң коррупцияланган шаарларынын бири катары да таанымал. Демократиялык партиянын саясий машинасы – шайлоо учурунда колдоо көрсөткөнү үчүн кызматка орноштуруу жана башка саясий кызматтар көрсөтүлүп келген система ондогон жылдар бою, 1930-жылдардан 1980-жылдарга чейин – АКШдагы башка саясий машиналарга салыштырмалуу эң көп иштеген.
Анткен менен Чикагонун көптөгөн тургундары чикаголук саясий машинанын доору качандыр бир кезде бүтөт дегенге ушул кезге чейин көп деле ишене беришпейт. Шаардын өкмөтү бийликтин эки бутагына бөлүнгөн: мэр башында турган аткаруу бийлиги жана элүү альдермандан турган шаардык кеңеш башындагы мыйзам чыгаруу бийлиги. Альдерман Чикагонун элүү районунун биринин атынан чыгат. Жыл сайын алардын ар бири инфраструктуралык долбоорлорду аткарууга өз карамагына 1,32 (1320000) миллион долларды, мындайча айтканда menu money алат. Жалпысынан Чикагонун бюджети болжол менен 8 млрд. долларды түзөт. Ошентип, альдермандардын түздөн-түз тескөөсүнө 66 млн. доллар, же шаардык бюджеттин 0,8% өтөт. 2010-жылдан тарта 49-райондун альдерманы Джо Мур бул каражат эмнеге сарпталышы керектигин чечүү укугун өз районунун жашоочуларына берген.
Анын жолун жолдоп, 5, 22, 45 жана 46-райондордун альдермандары да өз округдарында ушундай демилгени көтөрүп чыгышкан. Катышуу бюджети үчүн бөлүнгөн «менюдан» алынган акча каражаттары муниципалдык менчикте болгон кыймылсыз мүлктү кармоого, оңдоого жана модернизациялоого сарпталса болот. Ошону менен бирге бул долбоорлор көчөлөрдү, аллеяларды, тротуарларды, жол чырактарын, көчөнү жарыктандырууну, сейил бактарды, оюн жана спорт аянтчаларыноңдоону жана жаңылоону камтыйт. «Менюдагы» акча каражаттары социалдык тейлөөгө, маянага, кызмат көрсөтүүлөргө, программаларга жана башка күнүмдүк мамлекеттик чыгашаларга демөөрчү болууга, ошондой эле жеке менчикти ремонттоого жана модернизациялоого колдонулбайт.
Чикагодо катышуу бюджети программасынын максаты – теңдик, катыштыруу жана жергиликтүү коомдук структураларды өнүктүрүү. Биринчиден, катышуу бюджетинин милдети – бул адилеттүү жана таза процессти жүзөгө ашыруу болуп эсептелет. Анын натыйжасы Чикагодо улуттук киирешелерди тең бөлүштүрүүнү камсыздайт. Экинчиден, жергиликтүү калктын бардык топторун, өзгөчө саясий процесске жеткиликтүүлүк болбогондуктан демократиялык саясий системадан үмүтүн үзгөндөрдү катыштыруу жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессинде үстөмдүк кылган шаардык элита тобунун таасирин бошоңдотуп, жергиликтүү коомдун керектөөлөрүн көбүрөөк акыйкат жана чынчыл чагылдырган чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт. Үчүнчүдөн, катышуу бюджети долбоорунун максаты – бул билим берүү-маалымат чогулуштарынын жардамы меен жергиликтүү коомду жана ушул коомдун ичиндеги жеке жарандарды бириктирип, аларды бекемдөө.Катышуу бюджетин түзүүнүн цикли коомдук угуулардан башталат. Алар иш убактысынан сырткары, адатта кечинде, аптасына бир нече жолу, анын ичинде дем алыш күндөрү да өткөрүлөт.
Көбүрөөк адам катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүнчогулуштар райондун ар кайсы бөлүктөрүндө өткөрүлөт. Октябрдан ноябрга чейин өтө турган кварталдык ассамблеялар деп да аталган коомдук угууларда катышуучуларга катышуу бюджетинин процесси жана бюджеттин альдермандар менюсунан алынган акча долбоорлордун кайсы түрүнө жумшалса болоору тууралуу да айтып беришет. Баяндамадан кийин катышуучулар райондогу көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, аларды чечүү боюнча ар кандай идеяларды сунушташат. Менин баамымда, кварталдык ассамблеяларга адатта болжол менен 20-30 адам чогулат, бирок кээде алардын саны 60-70ке да жетип калат. Талкуу 6-8 катышуучудан турган топтордо өтөт. Андан соң ар бир топ өз идеясынын жана потенциалдуу долбоордун бет ачарын уюштурат. Чогулуштун соңунда долбоордун үстүнөн ишти улантууну каалагандар жергиликтүү жамааттын өкүлү катары ыктыярчы болуп жазылып алышат. Кийинчерээк ыктыярчылар алты комитетке бөлүнүшөт: 1) көчөлөр, 2) транспорт жана коопсуздук, 3) сейил бактар жана айлана чөйрө, 4) искусство жана инновациялар, 5) велосипед жолдору жана токтоо жайлары, 6) испан тилинде гана сүйлөгөн адамдар үчүн комитет (анткени райондо Латын Америкасынан келген иммигранттар көп жашайт). Ноябрдан мартка чейин бул өкүлдөр үзгүлтүксүз жолугушуп, долбоорлор иштелип чыгып, алардын кайсынысы шайлоо бюллетенине түшөөрүн чечишет. Сунушталган долбоорлор апрелде райондун жашоочуларынын кароосуна берилет. Тургундардын пикирлеринин негизинде түзөтүүлөрдү киргизген соң долбоорлор шайлоо бюллетенине киргизилет. Бардык даярдоо процесси буга чейинки циклдерде бюджетти пландоого катышып калган жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн турган жетектөөчү комитеттин көзөмөлү алдында өтөт.
Добуш берүү эки өз-өзүнчө маселе боюнча өтөт. Биринчиси – жарандар NNN-жылга жолдорду оңдоого жана көчөлөрдү жарыктандырууга бөлүнө турган альдермандар бюджетинин менюсундагы пайыздык үлүш үчүн добуш беришет. Берилген добуштардын жалпы санынан орточо арифметикалык жолдорду оңдоого жана көчөлөрдү жарыктандырууга бөлүнө турган бюджет менюсунун пайыздык үлүшүн аныктайт. Экинчиси – райондун тургундары бюджеттин альдермандар менюсунда калган акча кантип сарпталышы керектиги үчүн добуш беришет. Бул жерде 4 долбоордон ашыкка добуш берүүгө болбойт. Ар бир шайлоочу бир долбоор үчүн бир добуш гана бере алат – бул пропорционалдык эмес добуш берүү. Төрттөн (4) ашык долбоорго белги коюлган бюллетендер жараксыз деп табылат. 49 административдик райондун 16 жаштан жогору тургундарынын баары статусуна жана жарандыгына карабастан добуш берүүгө катышуу укугуна ээ.
Добуш берүүдөн кийин альдерман Джо Мур эң көп добушка ээ болгон долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн Чикагонун шаардык башкармалыгына жана анын тамырлаш мекемелерине өткөрүп берет. Алдын ала эсептөөлөргө караганда бюллетенге киргизилген бардык долбоорлорду аткарууга мүмкүн болсо да, алардын көпчүлүгүн Чикагонун шаардык башкармалыгы жана анын тамырлаш мекемелери жактырыш керек. Ошондуктан альдерман Джо Мур сунушталган долбоорлордун таламын талашып, аларды коргогонго аракеттенет. Айрым долбоорлор төмөнкүдөй себептер менен четке кагылышы мүмкүн: буга чейинки долбоорлор менен артыкчылыктуу талаш, укуктук чектөөлөр жана өкмөттүн саясий чечими. Эгерде кандайдыр бир себептер менен долбоор аткарылбай калса, анда альдерман бул долбоорго бөлүнгөн акчаны ушул эле категорияда экинчи орунду ээлеген башка долбоорго колдонот. Узакка созулган бекитүү жана курулуш жол-жоболорунан улам бардык эле долбоорлорду бир жылда ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Мындай учурда акча каражаттары кийинки жылга сакталып калат. Катышуу бюджети – бул жарандарды мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга активдүү катышууга тартуунун инновациялык ыкмасы жана түз демократиянын аз сандагы куралдарынын бири. Анткен менен расалык теңсиздик өңдүү америкалык коомчулуктун мүнөздөмөлөрү катышуу бюджетин түзүү процессинде да пайда болуп турат. Социологиялык сурамжылоолордун натыйжасы боюнча, долбоор үчүн добуш берген күнү шайлоочулардын 75% – бул европа тектүү ак түстүү адамдар. Бирок алар райондогу жашоочулардын жалпы санынан 40% азын түзөт. Афроамерикалыктар жана латын америкалыктар чогуу райондогу жашоочулардын жалпы санынан 50% ашыгын түзөт. Бирок алардын 10% гана долбоор үчүн добуш беришет. Бул болсо бюджет менюсун бекитүүдө афроамерикалыктардын жана латын америкалыктардын кызыкчылыктары жетишсиз көрсөтүлгөнүнөн кабар берет.
Мындан тышкары шайлоочулардын 77% турак жай ээлери болуп эсептелет, ошону менен бирге район тургундарынын 3% гана кыймылсыз мүлккө ээлик кылат. Буга кошумча: шайлоочулардын 83% жогорку билимдүү. Түндүк Америкадагы бир да шаар мындай жогорку билим деңгээли менен мактана албайт. АКШда өлкө калкынын 31% гана жогорку билимдүү. Бул болсо жергиликтүү бюджетти пландоого катышкан адамдар балким ансыз да жергиликтүү жамааттын жашоосуна активдүү катышып, саясий системага жетүү мүмкүнчүлүгү бар дегенди билдириши мүмкүн. Жогоруда айтылгандай,катышуу бюджетинин максаты теңдик, тартуу жана жергиликтүү коомдук структураларды өнүктүрүү болгонун эске алганда, алардын жетишкендиктериин ийгилиги чоң күмөн жаратат.
Эгерде Чикаго шаарынын бардык бюджетин түзүүнүн жол-жоболору тууралуу айта турган болсок, анда бул жалгыз гана мэриянын ыйгарым укуктарына кирет жана мэрия аны кесипкөй адамдарды, эксперттерди тартуу менен иштеп чыгып, альдермандардын бекитүүсүнө жиберет. Альдермандар болсо аны өзгөчө талкуулабастан эле кабыл алышат. М