Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кытай бийликтери азык- түлүктү ыксыз сарп кылуу менен күрөшө баштады

2014-03-07 / Жарандык катышуу
Кытай бийликтери азык- түлүктү ыксыз сарп кылуу менен күрөшө баштады

Ири калкы бар жана чектелүү жер ресурстарга ээ Кытай көп убакыттан бери азык-түлүккө суроо- талап жана сунуш ортосундагы балансты кармоодо кыйналып келет.

 

2014-жылдын март айында кытай бийликтери өкмөт мүчөлөрүн жана коомчулукту азыктүлүктү ыксыз сарп кылуу өңдүү кеңири жайылган көрүнүшкө каршы күрөшүүгө чакырган кенен циркуляр жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик Синхуа маалымат агенттиги кабарлады.Ири калкы бар жана чектелүү жер ресурстарга ээ Кытай көп убакыттан бери азык-түлүккө сурооталап жана сунуш ортосундагы балансты кармоодо кыйналып келет. Бирок ысырапкорчулуктун айынан жана көзөмөлдүн жетишсиздигинен улам азык- түлүктү ыксыз сарптоо көрүнүшү кулачын жаюуда, – деп айтылат буйрукта.
 
Бул буйрук ККП БК баш кеңсеси жана КЭР Мамкеңешинин башкы кеңсеси тарабынан жарыяланды. Бул документ аткаминерлердин тамактануусуна ашыкча акча сарптоого тыюу салуу боюнча чараларга көңүл бурат. Аткаминерлерге коомдук жайларда түшкү тамакка сарптаган сумманы көзөмөлдөө, жөнөкөй,туура жана үнөмдүү тамактануу тапшырылган. Буйрукка ылайык, өкмөттүк ведомстволор, уюмдар жана мамлекеттик ишканалар коомдук көзөмөл үчүн тамактанууга жумшалган каражаттын суммасын жарыялап турушу керек. «Администрацияларга сый тамактарды же жыйын жана курстарды өткөрөбүз деген шылтоо менен ичкиликтүү чогулуш уюштурууга уруксат берилбейт», – деп эскертилет буйрукта. М