2014-03-07 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү жамааттын типтүү уставы бекитилди
2014-жылдын 4-мартында КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Н.К.Касиев «Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставын бекитүү тууралуу» № 01-24/19 Буйрукка кол койду. Типтүү устав элдик бийликтин негиздерин мындан ары да бекемдөө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууда жергиликтүү жамааттардын ролун жогорулатуу максатында бекитилди.
Бул буйрукка ылайык, айылдык аймактардын ЖӨБ органдарына жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыгууда жана кабыл алууда Уставдын ушул долбоорун жергиликтүү калк арасында талкуулап, аны 2014-жылдын 1-августуна чейин кабыл алуу сунушталат. Ошону менен бирге «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, жергиликтүү жамааттын Уставын талкуулоо жана кабыл алуу боюнча Колдонмону жана жергиликтүү жамааттын чыныгы Типтүү уставын колдонмо кылып алуу зарыл.Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын жаңы редакциясынын долбоору ЖӨБЭММА менен ЭҮЖӨБОЖ/ӨСИ Долбоору ортосундагы Биргелешкен иш-чаралар планына ылайык иштелип чыккан.
Жергиликтүү жамааттын Уставынын жаңы долбоору Кыргызстандын үч айылдык аймагында талкууланды: 2013-жылдын 4-ноябрынан 20-декабрь мезгил аралыгында Ивановка АА (Чүй облусу), Ленин АА (Жалал-Абад облусу) жана Кара-Ой АА (Ысык-Көл облусу) өткөрүлдү. Бул муниципалитеттер түрдүү критерийлер боюнча – географиялык жайгашуусу,этникалык курамы жана башка параметрлери боюнча пилоттор катары көбүрөөк туура келди.
Жалпы жонунан жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулоого 1288 адам катышты. Алардын ичинде ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү (АК депутаттары жана АӨ кызматкерлери) жана айылдык карапайым жашоочулары – дыйкандар, мугалимдер, пенсионерлер, жумушсуздар, жамааттардын лидерлери, жаштар ж.б. бар. Үч АА ишчаралардын (чакан чогулуштар жана айылдардын жалпы чогулуштары) жалпы саны 29 болду, баары болуп 217 сунуш түштү. Пилоттук жамааттарда өткөрүлгөн иштердин натыйжалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – ЖӨБЭММА) менен биргеликте 2014-жылдын 17-январында Бишкекте өткөн «Пилоттук айылдык аймактарда жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын долбоорун талкуулоонун натыйжалары» темадагы тегерек столдогу талкуунун жүрүшүндө баяндалды.
Маалымат: Устав – бул жергиликтүү Конституция, анда жамааттар муниципалитеттин турмуш тиричилигин уюштуруунун көптөгөн маселелерин өз алдынча чечип, жамаат мүчөлөрү карманган эрежелерди белгилешет. Уставды талкуулоонун жүрүшү тууралуу кенен маалыматты 2014-жылдын январь-февраль айлары үчүн чыккан «Муниципалитет» журналынан таба аласыз. Журналдын электрондук версиясын www.municipalitet.kg сайтында көрүүгө болот.
10 айылдык аймак менен гранттык макулдашууларга кол коюлду
2013-жылдын аягында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Кичи гранттар программасына кошумча каржылоо бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. Гранттар артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жамааттарга арналган. 2013-жылдагы Кичи гранттар программасына катышкан жана эң көп балл алган табыштамалардын ичинен донор берген кошумча каржылоонун эсебинен колдоо көрсөтүү үчүн 10 долбоор тандалып алынган.Ар бир муниципалитет мектептердин, бала бакчалардын, спорттук аянтчалардын ремонту, суу түтүктөрүн кеңейтүү, техникаларды сатып алуу үчүн 1 миллион сомдоналышат. Түп районундагы Арал АА, «Жылуулук – бул балдардын саламаттыгы жана келечеги» Долбоору. Жылуулук системасы ремонттолуп, эки элеттик мектептеги терезе, каалгалар жана полу жаңысына алмаштырылат. «Өткөн жылы биз Гранттык программа сынагында жетиштүү балл албай калганыбызга өкүнүп калып, кайрадан табыштама берейин деп турганбыз, – деп айтып берди муниципалитеттин башчысы Султан КАСЫМБАЕВ. – Бирок бизге миллион сом өлчөмүндө кошумча гранттык каражат бөлүнгөнү тууралуу кубанычтуу кабарды угузушту.
Эми биз өз долбоорубузду ишке ашыра алабыз – эки мектепти толугу менен оңдоп-түзөп, балдарыбыздын билим алуусу үчүн шарттарды жакшырта алабыз!».Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий АА жана Тоң районундагы Ак-Терек АА, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш АА сынакка таштанды жыйноо боюнча долбоорлорду сунушташты. Бул 3 муниципалитет гранттык каражаттарга таштанды жыйноо үчүн тракторлорду жана экскаваторлорду сатып алышмакчы. Багыш айыл өкмөтүнүн адиси Айшакан ОСОРОВАнын айтымында, мына ушундай колдоонун жардамы менен алардын айылдык аймагынын тегерек чети өзгөрөт: «Тракторду сатып алгандан кийин биздин айылдар тазарат. Таштанды жыйноо үчүн атайын техниканы акыркы жолу качан алганыбыз эсимде да жок». Ак-Терек АА башчысы акыркы мезгилде аймактын территориясында катуу тиричилик калдыктарынын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи.
Бул аймак күн сайын 500гө жакын, ал эми жайында 10 эсе көп машине өткөн жолдун боюнда жайгашкан. Таштандын көлөмү да өсүп, мунун айынан ар кандай жугуштуу ооруларга кабылган адамдардын да саны өсүп жатат. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө АА долбоору мектепти колдоого багытталган. Гранттык каражатка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элеттик мектептин чатырын,терезелерин, каалгаларын жана полун алмаштыруу боюнча ремонттук иштерди жүргүзүүнү пландап жатат.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Карасай АА Токтоян айылында суу түтүк түйүнүн кеңейтүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн алды. «Биз он колонкасы бар суу түтүк люктарын орнотуу жолу менен Токтоян айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча жагымдуу шарттарды түзгүбүз келет. 2005-жылы суу түтүк түйүнүн калыбына келтирүү боюнча капиталдык иштер жүргөн. Бирок ал кезде биз айыл кеңейет деп ойлогон эмес экенбиз, – дейт муниципалитеттин өкүлү. – 2006-жылы 35 жаңы короодон жаңы суу түтүк системасын өткөргөнбүз.
Бирок суу жетишпей жатты. Бул болсо элеттиктердин ден соолугуна терс таасирин тийгизип, түрдүү жугуштуу оорулардын пайда болушуна алып келди. Гранттын жардамы менен 1250 метр суу түтүгүн өткөрүп, калган тургундарды таза суу менен камсыздоону пландап жатабыз».Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайлов АА спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образына өзгөчө көңүл бурат. Аймактын территориясында мектепке караштуу спорттук зал, күрөш залы, чоң футбол аянтчасы бар. «Бизде машыктыруучулар иштейт – спорттун мастери жана спорттун мастерине талапкер. Берилген гранттык каражатка биз курчалган кичи футбол-волейбол талаасын курайын деп турабыз жана бул иштер спорт менен алектенгендердин санын 25% көбөйтөт деп үмүт артабыз», – дешет долбоордун демилгечилери. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон АА балдарды мектепке чейин даярдоо үчүн шарттарды түзүү максатында грантка кошумча жергиликтүү бюджеттин жана калктын салымы катары 400 миң сомдон ашык каражат бөлүп жатат. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча адиси Жумали БУРКАНОВдун айтымында,бул ата-энелер үчүн чоң колдоо болмокчу: «Албетте мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоого мүмкүнчүлүктүн жоктугу олуттуу маселе.
Бул көйгөйдү айылдык чогулуштарда жана жашоочулардын жыйынында бир нече жолу көтөрүп отуруп, акыры даярдоочу топторду уюштуруу идеясы пайда болду. Анын үстүнө ыңгайлуу имарат да бар болчу. Долбоордун алкагында мектептин базасында мектепке даярдоо боюнча 2 топту (50 бала) жана бала бакчанын 2 тобун (50 бала) ачуу пландалып жатат. Жылытуучу системаны орнотуп, эмеректерди, оюн залы үчүн жабдууларды сатып алып, бала бакчанын короосун көрктөндүрүп, курчап чыгыш керек. Натыйжада мындан мектеп жашына чейинки 100 бала жана 200 ата-эне пайда көрөт. 12 киши иш менен камсыздалат. Албетте бала бакча мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат».Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон АА спорттук залын 2008-жылы эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери пайдаланууга болбойт деп тапкан. «Муниципалитет өз күчү менен имаратты ремонттой албайт, – деп кейиди ЖӨБ башчысы. – Балдарга боорубуз ооруйт. Дене тарбия сабагы жазында жана күзүндө сыртта өтүлөт, ал эми кыш мезгилинде такыр эле болбойт, бул болсо балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Гранттын жардамы менен биз чатырды калыбына келтирип, мектептин спорттук залынын жылытуучу системасын капиталдык ремонттон өткөрөбүз. Жергиликтүү бюджеттен 300 миң сомго жакын каражат бөлөбүз».«Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң АА бала бакчалардын биринде 45 бала тарбияланат, – деп сөзүн баштады ЖӨБ башчысы Тойгонбай МОЛДОБАЕВ, – бирок бала бакчада керебеттер жок болгондуктан түштөн кийин балдар жерге жатып укташат. Оюн аянтчасы жок.
Гранттын жардамы менен эмерек сатып алып, балдар үчүн оюн аянтчасын курабыз». Эмесе, гранттарды бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Кичи гранттар программасынын өзгөчөлүгү – бардык каражаттар адегенде жергиликтүү бюджетке келип түшөт, андан кийин мамлекетти сатып алуулар механизми аркылуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. Мына ушул жерде ар бир муниципалитет бир топ кыйналат. Анткени сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар өтө татаал, ал эми сатып алуулар боюнча сертификатка ээ адистер жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдарында аз. Андыктан Өнүктүрүү саясат институту айыл өкмөт башчылары жана сатып алуулар боюнча адистер үчүн «КР мыйзамдарынын мамлекеттик сатып алууларга карата талаптарынын негиздери» аттуу практикалык семинар өткөрдү. ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун гранттар боюнча менеджери Султан МАЙРАМБЕКОВдун айтымында, тесттик баракчалардын анализи катышуучулардын билими 39% өскөнүн көрсөттү. Катышуучулар стандарттык тендердик документтер менен иште- генде өзгөчө кыйналышат. Аны менен катар аванстык төлөмдү, тендердик табыштаманын жана келишимди аткаруунун кепилденген камсыздоосунун көлөмүн жана формасын, ошондой эле айып санкцияларын аныктоодо өтө көп суроолор пайда болот.Албетте биз мындан ары да тендерлерди уюштуруу жана өткөрүүдөн баштап, объекттерди колдонууга бергенге чейинки бардык суроолор боюнча муниципалитеттерге кепкеңештерибизди берип турабыз».
Султан КАСЫМБАЕВ, Арал айыл өкмөтүнүн башчысы: «Сатып алуулардын жол-жоболорунун өзөгүн билип алуу АӨ башчысы катары мен үчүн пайдалуу болду. Анткени мыйзам боюнча сатып алууларды өткөрүүнүн натыйжалары үчүн башчы жооп берет да. Тендерге көзөмөл жүргүзүүгө, сатып алуулар боюнча адистер менен биргелешип иштөөгө бардык күчтү жумшоого аракеттенем». Жумали БУРКАНОВ, Бешик-Жон АӨ сатып алуулар боюнча адиси: «Мен Каржы министрлигинде окуудан өткөнүмө жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификатым бар болгонуна карабастан бүгүнкү окутууга катышуу мен үчүн абдан пайдалуу болду. Көрсө, мен дагы көп нерсени билбейт экенмин».
Тойгонбай МОЛДОБАЕВ, Сары-Булуң АӨ башчысы: «Аймакта сапаттуу курулуш жүргүзүү, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу туура башкаруунун негизи болуп эсептелет.Ал эми баары сатып алуулар боюнча окутуудан башталат».
Элеттик муниципалитеттер 2013-жыл үчүн бюджетти аткаруу маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүштү
2014-жылдын 10-февралынан 28-февралына чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 16 айылдык аймагында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун консультациялык жана техникалык колдоосу менен 2013-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар өттү. Угууларга 1269 адам (359 аял) катышты. Анын ичинде жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун мүчөлөрү, жамааттын активисттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, айылдын карапайым жашоочулары жана башка кызыкдар адамдар катышты. Калкка угуулар тууралуу маалымат берүү үчүн алдын ала ар бир айылда коомдук жайларда алдыда боло турган иш-чара тууралуу кыска маалымат жазылган плакаттар илинди; депутаттарга, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, ишкерлерге, жамааттын лидерлерине жана айылдын карапайым жашоочуларына коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелери жазылган чакыруулар жиберилди. Мындан тышкары угуулардын катышуучулары бюджеттин бардык беренелери боюнча чыгашалар тууралуу кенен маалымат алышты: билим берүү, социалдык маселелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү, коомдук тартип, маданият жана спорт, айлана-чөйрө,башка чыгашалар. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери ЖӨБ органдарынын бюджети эмнеден тураарын айтып беришти: мамлекеттик салыктар, жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес төлөмдөр,категориялык грант, теңдештирүүчү грант, дем берүүчү грант, республикалык бюджеттен берилген каражаттар.
Коомдук угуулардын максаты – башкаруунун ачыктыгын көрсөтүп, элеттик жашоонун маанилүү маселелерин талкуулоого жана чечим кабыл алууга калктын бардык катмарларын, анын ичинде пенсио- нерлерди, жаштарды жана үй кожойкелерин тартуу.Бюджет жалгыз ЖӨБ органы үчүн гана эмес, айылдык аймактын территориясында жашаган ар бир тургун үчүн да маанилүү. Анткени ал ичүүчү суу менен камсыздоо, таштанды жыйноо, жолдорду оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө эмне үчүн маселе жаралаарын жана аны кантип чечүү керектигин билүүгө акылуу. Ошондой эле финансы каражаттары туура бөлүштүрүлүп жатабы? Коомдук угуулардын практикалык маңызы жарандар ЖӨБ органдары менен биргеликте бул маселелерди чечүүнүн жолдорун табууда жатат. Бул болсо дайыма тартыш болгон каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун арттыруу аркылуу ЖӨБ органдарын башкаруунун сапатын жакшыртууга жол ачат. калктын артыкчылыктарын жана маселелерин билүү менен гана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапаттуу жана натыйжалуу саясатын жүргүзсө болот.
Талкуу учурунда жарандар ЖӨБ органдарга берген суроолору жана сунуштары дайыма угуулардын эң мазмундуу жана кызыктуу натыйжасы болот. Бул жолу муниципалитеттин жашоочулары бала бакчалардын, көпүрөлөрдүн курулушу, айылдарга электр жарыгын өткөрүү, жолдордун ремонттук иштери,ичүүчү суу үчүн куурларды төшөө боюнча сунуштарды киргизишти. Ошондой эле бош убакытты натыйжалуу өткөрүү боюнча сунуштар жаңырды. Мисалы, аксакалдардын жолугушуусу үчүн айылда тапчан орнотуу тууралуу сөз болду. Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмира БЕКТУРГАНОВА экинчи жыл катары менен бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүп келатат: «Бюджет чакан болгонун билген жашоочулар ишембиликтерди өткөрүп, башка иш-чараларды уюштуруп, айыл өкмөтүнүн жашоосуна активдүү катышууда.
Коомдук угуулардан кийин жарандар көбүрөөк активдүү болуп калышат. Анткени бюджет тууралуу маалыматты ачык айтуу ЖӨБ органдары менен калк ортосундагы өз ара ишенимдин деңгээлин арттырат».
Теӊдештирүүчү гранттардын реформасын ачык талкуулоо керек!
2014-жылдын 20-мартында Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелердин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер үчүн талкуу уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлү Мигара де СИЛЬВА жана эл аралык кеңешчи Андрей ТИМОФЕЕВ талкуунун катышуучуларынын көңүлүнө теңдештирүүчү гранттарды бөлүштүрүү маселелери боюнча маалыматты сунуштады.Талкуунун катышуучуларынын арасында ӨСИнин бюджет боюнча эксперти, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси Асылбек ЧЕКИРОВ да болду. Ал бюджеттик жетишпестикти теңдештирүү маселеси боюнча өзүнүн аналитикалык иштерин сунуштады. Ошону менен бирге теңдештирүүчү гранттарды эсептөөдө объективдүүлүктү арттыруу боюнча сунуштар берилди.
Мындан тышкары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору тараМамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө жаӊы мыйзам сунушталдыбынан механизмдер сунушталды.Бул механизмдер иштегенде дотациядагы айылдык аймактарда грант кандай эсептелип чыкканына карабастан акча табуу мотивациясы артат. Өнүктүрүү саясат институту Дүйнөлүк банктын теңдештирүүчү гранттын формуласын өркүндөтүү боюнча сунуштарын теңдештирүү реформасы нормативдик базага киргизилгенге чейин эле эксперттик жамаат жана муниципалитеттер талкууга алат деген ишенимин билдирет.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө жаӊы мыйзам сунушталды
2014-жылдын 28-мартында Бишкекте Мамлекеттик кадр кызматынын Консультативдик-эксперттик кеңешинин (МКК КЭК) жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө катышуучулардын көңүлүнө «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзам долбоору сунушталды.ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында ӨСИ адстери да бул мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга активдүү катышкан. Муниципалдык кызмат боюнча долбоордун эксперти Нурдин КҮМҮШБЕКОВдун айтымында, бул мыйзам өзүнө муниципалдык кызматка карата да маанилүү инновацияларды камтыйт: мамлекеттик кызмат статусуна теңештирүү, муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын жана алардын ишмердүүлүгүн баалоонун бирдиктүү системасы,ротациянын бирдей шарттары, квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо ж.б. Жаңы Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматтын да, муниципалдык кызматтын да статусун бир кыйла жогорулатууга жол ачат. Бул болсо мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишмердигиндеги натыйжалуулукту арттырууга таасирин тийгизет.
Улахол: таза көчө сынагы
Улахол айылдык аймагындагы Кара-Талаа айылында таза көчөлөрдүн сынагы, ошондой эле түшүм майрамы жана ыр сынагы өттү.Кара-Талаа айылынын айылдык кеңешинин депутаттары уюштуруу иштери жана байгелер үчүн 14 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп беришти. Комиссиянын курамына кирүү менен депутаттар сынакты уюштуруудагы айкындуулукка жана адилеттүүлүккө көз салып турушту. Натыйжада М.Урманбетовдун урматына аталган көчө биринчи орунду ээлеп, 5 миң сом байге алды. Экинчи орунду жана 3 миң сом байгени Сарбат көчөсүнө ыйгарышты. Үчүнчү орунду жана 1,5 миң сомдон байгени эки көчө – Кодонтаев жана Төлөсүн утуп алды. Башка көчөлөр да куру калган жок жана сынакка катышканы үчүн миң сомдон алышты. Тургундардын айтымында,СССР заманынан бери айыл көчөлөрү мынчалыктаза болгон эмес. Жарандар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан Чакан гранттар программасы боюнча алган трактордун жана HOWO машинесинин пайдасын баалай алышты.
Андан кийин сынак түшүм майрамы менен уланып, анын жүрүшүндө ар бир айыл айыл чарбасындагы өз жетишкендиктерин көрсөтө алды. Бардык айылдар сынакка чоң жоопкерчилик менен мамиле жасашты жана калыстар тобу оор тандоонун алдында калды. Бирок таймаш деген таймаш экен, натыйжада 220 түрлүү тамак даярдаган айыл жеңүүчү болуп табылды. Экинчи орунду 190 түр тамак жасаган Кара-Талаа айылына ыйгарышты. Үчүнчү орунду 70 түр тамак жасашкан Шор-Булак жана Оттук айылдары тең бөлүштү. Калыстар тобуна райондук администрациянын атайын чакырылган өкүлдөрү кирип, жеңүүчүлөргө тийиштүү байгелерди беришти. Сынактын бардык катышуучулары жыйынтык адилеттүү болгонун таанышты.
Майрам Кара-Талаа айылында ыр сынагы менен жыйынтыкталды. Аймакта маданий ишчаралар көптөн бери өтпөгөнү байкалып турду, тургундар ушул өңдүү иш-чараларды сагынып калган экен. Ар бир ыр дүркүрөгөн кол чабуулар жана көрүүчүлөрдүн колдоосу менен коштолуп турду. Айылдыктар убактысынын тартыш болгонуна карабастан айылдагы майрамга катышып кетүүгө убакыт тапкан ырчы Мээрим КАРЫПОВАны коё бербей, кайра-кайра ырдатып жатышты. Аймактын бардык жашоочулары убакытты көңүлдүү өткөрүп, баарлашпастан гана, жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жергиликтүү жамаат ортосундагы мындан кийинки да кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү айыл көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деген ишенимге ээ болушту.