Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жаңылыктары

2014-08-25 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жаңылыктары

Айыл өкмөттүн адистерин мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуунун жыйынтыктары чыгарылды

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун пилоттук муниципалитеттеринин өкүлдөрү КР Каржы министрлигинин Окуу борборунун базасында “Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасында окуудан өтүштү. Тренингге Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусундагы айрым бир айылдык аймактарынын бухгалтерлери, каржы боюнча адистери, юристтери, айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистери катышты.

Беш күн бою катышуучулар мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун негиздери менен таанышып чыгышты. Катышуучулардын айтымында, тренингдин жүрүшүндө, алар материалдын мазмундуулугуна жана оор техникалык терминдерге байланыштуу аны өздөштүрүүдө бир аз кыйналышты. Отуз катышуучунун ичинен 13 адис гана сертификат алды:

  • Садыкова Айсалкын – Б.Мамбетов айыл өкмөтү, Ысык-Көл облусу, финансылык-экономикалык бөлүмдүн жетекчиси; 
  • Жаманкулова Зулайка – бейөкмөт уюм, аймактык координатор, Ысык-Көл облусу;
  • Турдубаева Бактыгүл – Октябрь айыл өкмөтү, Ысык-Көл облусу, алдыңкы адис;
  • Жумеков Эрлан – Кара-Ой айыл өкмөтү, Ысык-Көл облусу, жер маселелери боюнча башкы адис;
  •  Кудайбердиев Эрмек – Ак-Дөбө айыл өкмөтү, Ысык-Көл облусу, юрист; 
  • Сралиева Шаршекан - Чоң-Таш айыл өкмөтү, Ысык-Көл облусу, башкы бухгалтер; 
  • Үчкемпирова Жаңыл – Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү, Ысык-Көл облусу, бухгалтер; 
  • Акунова Зууракан – Тогуз-Торо айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусу, экономист-статист;
  • Рысбаева Назгүл – Торкент айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусу, экономист-статист;
  • Эргешов Кеңешбек – бейөкмөт уюм/аймактык координатор, Жалал-Абад облусу;
  • Мавлянов Гайибжан – Балтагулов айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусу, бухгалтер;
  • Сансызбаева Кулпунай – Терек-Сай айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусу, бухгалтер;
  • Батиров Янгибай – Сузак айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусу, бухгалтер.

Жалал-Абад облусундагы төрт элеттик муниципалитет Швейцария элчилигинен трактор сатып алууга сертификаттарды алышты

2014-жылдын 8-июлунда Бишкекте Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол, Багыш, Акман жана Кара-Суу элеттик муниципалитеттеринин башчыларынын ар бирине 1 млн. сомго сертификат жана тракторлордун ачкычтарын расмий тапшыруу аземи өттү.

Мындай кубанычтуу окуянын катышуучулары менен “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев жана Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ренэ ХОЛЕНШТАЙН мырза жолугушту.

Элчи ХОЛЕНШТАЙН жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга мындан ары да өсүп-өнүгүүнү каалады: “Биз сиздерге жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берип жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Биз сиздин муниципалитетиңизде жергиликтүү жамаатты көйгөйлөрдү аныктоого жана тартууга, чечим кабыл алууга тартуу үчүн заманбап механизмдер колдонулуп келатканын көрүп турабыз. Кыргызстандын муниципалитеттери башкарууда ачык-айкындуулук жана катышуу принциптерине таянып жатканына кубанычтабыз. Силер менен кошо аракеттериңердин жана жетишкендиктериңердин күбөсү болуп турабыз. Биз ортодогу достук мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн болгон күчтү жумшайбыз”.

Төрт муниципалитеттин атынан ыраазычылык сөзүн Сузак районунун Багыш айылдык аймагынын башчысы Рахман ШЕРГАЗИЕВ айтты. “Биздин айылдык аймак бүгүн ушул иш-чарага катышып жаткан аймактардын ичинен эң эле “эски” пилоту,- деди АӨ башчысы. – ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистер командасы менен иштешкен маалда биз көп нерсеге жетиштик. Биздин “Таштандысыз жашоо – тазалыктын булагы” долбоорубуз биздин жашоочулар тарабынан колдоого ээ болду. Анткени аймактын бардык жашоочулары айылдарда жаңы атайын техникасыз кыйналууда. Мунун баары жалпысынан калктын да ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Эми болсо ушул көкөйгө тийген көйгөйдү чечүү мүмкүнчүлүгүбүз бар”.

Элчинин колунан атайын техниканын ачкычын жана сертификаттарды төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айылдык аймактардын башчылары алышты:

  •  “Сугат суу – бай түшүмдүн булагы” долбоору, Жаңы-Жол АА, Токтогул району, Жалал-Абад облусу, башчысы – Асылбеков Урмат
  • “Таштандысыз жашоо – тазалыктын булагы” долбоору, Багыш АА, Сузак району, башчысы – Рахман ШЕРГАЗИЕВ
  • “Тазалык айылдан башталат” долбоору, Акман АА, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, башчысы – Амирбек АТАКУЛОВ
  • “Айылдын маданияты тазалыкта” долбоору, Кара-Суу АА, Аксы району, башчысы – Талантбек ЭМИЛБЕК уулу.

Системасыз тренингдерге жол жок, жашасын квалификацияны системалык жогорулатуу!

Моделдин жаңылыгы

Бир топ убакыттан бери Кыргызстанда муниципалдык кызматчыларды окутуу негизинен эл аралык донордук долбоорлордун күчү менен ишке ашырылып келген. Бул тренингдер башаламандуу мүнөзгө ээ болуп, процесстин өзү мамлекет тарабынан эч башкарылбай, муниципалитеттердин керектөөлөрү эске алынчу эмес. 20 жылдын ичинде миллиард сомдон көп донордук каражат сарпталган мындай окутуулардын натыйжалуулугуна эч ким баа берген эмес. Мында КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы гана өзгөчөлөнө алды. Бирок бул академия да жыл сайын 3 миңден ашуун муниципалдык кызматчыны окутуу керектөөсүн канааттандыра алган жок.2013-2017-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү Программасын кабыл алуу менен муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну системалаштыруу, тренингдерди ирээтке келтирүү зарылчылыгы пайда болду. Квалификацияны жогорулатуунун жаңы модели эски усулдардан төмөнкүлөрү менен айырмаланат:

  • тапшырыкчы болуп Мамлекеттик кадр кызматынын атынан мамлекет чыгууда;
  • окутууну сынак жолу менен тандалып алынган кыргызстандык билим берүү уюмдары өткөрөт (долбоордун кызматкерлери эмес);
  •  окутуу программасы донордук долбоорлордун артыкчылыктарына эмес, муниципалдык кызматчылардын иш жүзүндөгү керектөөлөрүнө негизделген;
  • окутуу бюджеттин эсебинен каржыланат (азыркысында жарым-жартылай);
  • окутуу облус борборлорунда окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн жетиштүү боло турган мезгил аралыгында өткөрүлөт.

Жалпысынан квалификацияны жогорулатуунун жаңы модели КР Мамлекеттик кадр кызматынын 2013-2017-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү Програмасына негизделген.

Алгачкы практикалык мисал

2014-жылы моделди тестирлөө башталды. Адегенде 9 тема боюнча окуу модулдарын иштеп чыгууга пилоттук буйрутма жайгаштырылды. Алар: “Мамлекеттик сатып алуулар”, “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү”, “Аймактын инвестициялык жагымдуулугу”. “Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу”, “Муниципалдык менчикти башкаруу”, “Компьютердик сабаттуулуктун негиздери”, “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу”, “Айылдык аймактарды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландоосу” жана “Муниципалдык кызматтын укуктук негиздери” “.

Окутууларга убактылуу жалданган тренерлердин ордуна улуттук жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын катышуусу моделдин жаңы маанилүү элементи болуп калды. 2014-жылдын 30-апрелинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу окутулган жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнө муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыкты жайгаштырууга жана ишке ашырууга карата жаңы ыкмаларды пилоттук тестирлөө тууралуу маалымат берилди. Бул иш-чара пилоттук окутууну өткөрүүгө тендерлер тууралуу жогорку окуу жайларына жана башка билим берүүчү уюмдарга кеңири маалымат берүү максатында уюштурулду.

Аткаруучу-жогорку окуу жайлар сынактын негизинде тандалып алынды. Бул жолу тендердин жеңүүчүлөрү жана буга ылайык окутууга тапшырыкты аткаруучу болуп Караколдогу К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Жалал-Абаддагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Окуу борбору менен консорциумда Бишкек финансы-экономикалык академиясынын окутуучулары табылды.

2014-жылдын июнь айында Каржы министрлигинин Окуу борборунда билим берүүчү уюмдар сунуштаган 15 окутуучу үчүн тренинг өттү.

2014-жылдын 16-июнунан 5-июлуна чейинки мезгил аралыгында жаңы моделди тестирлөөнүн катышуучулары болуп, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы айыл өкмөтүндө каржылык-экономикалык маселелер менен алектенген 57 муниципалдык кызматчы табылды. Алардын жашаган жерине жана жол акысына кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттерден төлөндү. Тапшырыкчы болуп Мамлекеттик кадр кызматы чыкты.

Катышуучулар 20-25 адамдан турган 4 окуу тобуна бөлүндү. Ал эми тогуз тема айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин суроо-талабы боюнча тандалып алынды (алдын ала 400 адам арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжалары боюнча): “Мамлекеттик сатып алуулар”, “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү”, “Аймактын инвестициялык жагымдуулугу. Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу”, “Айылдык аймактарды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландоосу”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери”, “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу”, “Муниципалдык менчикти башкаруу”, “Компьютердик сабаттуулуктун негиздери” жана “Муниципалдык кызматтын укуктук негиздери”. Курстун узактыгы 18 окуу күнүн түздү (күнүнө 8 сааттан 21 календардык күн).

Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жаңы моделин Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) түзүп чыккан. Моделди тестирлөөнүн негизги өнөктөшү жана расмий тапшырыкчысы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы. Пилоттук курстардын катышуучуларына сертификаттарды Долбоордун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын жана окууну ишке ашырган билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү тапшырат.

Эми ЭҮЖӨБОЖ Долбоору окуудан өткөн муниципалдык кызматчылардын ишинин сапатына жана натыйжалуулугуна квалификацияны жогорулатуунун таасирин баалайт жана кеңири донордук, эксперттик жамаатка квалификацияны жогорулатуунун жаңы моделин тестирлөөнүн комплекстик натыйжаларын берет.

Муниципалдык сайттар менен иш алып баруу боюнча көрсөтмө берүүчү семинар

2014-жылдын 30-майында Бишкекте Ысык-Көл облусунун Бостери айыл өкмөтүнүн жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо раймамадминистрациясынын адистери үчүн муниципалдык сайттар менен иш алып баруу боюнча көрсөтмө берүүчү семинар өттү.

Семинардын баяндамачысы, Weltkind's Web Works Веб-студиясынын дизайнери Антон СЕЛОВ катышуучуларды сайттар менен иштешүүнүн негиздерине үйрөттү. Аны менен катар жалпысынан администрациялоо, жаңылыктарды жазуу, сүрөттөрдү редакциялоо жана документтерди жаңыртып, сайтка тиркеме катары жайгаштыруу процессин көрсөттү.

Семинардын катышуучусу, Тогуз-Торо РМА алдыңкы адиси Наргиза НУРГАЗИЕВАнын айтымында, бул семинар жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде өткөндүктөн, анда мисалдар келтирилгендиктен пайдалуу болду: “Менде сайттар менен иштөө тажрыйбам жок болчу, администрациялоону такыр эле билчү эмесмин. Бирок эми көптү үйрөндүм жана биздин сайтыбыз менен иштөө боюнча мага жүктөлгөн ишти сапаттуу аткара алам деп ойлойм”.

Семинардын теориялык жана практикалык бөлүктөрү жыйынтыкталгандан кийин катышуучуларга жаңылыктарды жазуу жана жайгаштыруу, сүрөт баянды киргизүү жолу менен алган билимдерин жана көндүмдөрүн текшерүү сунушталды. Бул максатта ар бир катышуучуга ноутбук берилип, анын жардамы менен ушул тапшырманы аткара алышты.

“Мен жаңы нерселерди гана үйрөнбөстөн, практикалык иштин жүрүшүндө биздин сайтыбызга жайгаштырылган айрым материалдарды редакциялаганга да жетиштим, - деп айтып берди Ысык-Көл облусунун Бостери АА сайтынын администратору Адилет СУЛАЙМАНОВ. – Мага көп нерсе түшүнүктүү болду жана сайттар менен иштешүүдө жумушумду улантам жана аны өркүндөтөм”.

 

Окшош материалы: