2014-09-11 / ЖӨБ каржысы
2012-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргыз Респу-
бликасынын Өкмөтү Бюджеттик кодекстин альтернативалык эки долбоорун иштеп чыгышкан. Андан кийин бирдиктүү документти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин бирдиктүү долбоорунун концепциясын парламент 2014-жылдын июнь айында биринчи окууда кабыл алган. 2014-жылдын сентябрь айынын алгачкы күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун жеткире иштөө боюнча жумушчу топтун кеңейтилген отуруму өткөн. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык сектордун өкүлдөрү жана бюджет боюнча эксперттер,
анын ичинде Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү да катышкан.
Антикоррупциялык маӊызы Жумушчу топтун отуруму Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Антикоррупциялык саясат боюнча мамлекеттик стратегиянын ишке ашырылышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобунун өкүлүнүн сөзү Назира ТЮЛЮНДИЕВА, ӨСИ эксперти менен башталды. Ал бюджеттик процесстин коррупциялык тобокелчиликтерге ымаласы жакын негизги элементтерин жана жол-жоболорун белгиледи. Бюджетти пландоодо жана аткарууда коррупциялык зоналарга төмөнкүлөр киргизилген:
-
бюджеттик уюмдардын сметасын түзүү практикасы;
-
бюджеттик уюмдарды каржылоонун айлык жана кварталдык планын бекитүүдө КР Каржы министрлигинде дискрециялык ыйгарым укуктардын болгону;
-
бюджеттик кыймылдарды чектөө системасынын жоктугу;
-
“план-факт-четтөө” отчеттуулук системасынын жоктугу;
-
бюджетти аткарууда четтеп чыгуунун субъективдүүлүгүн же объективдүүлүгүн аныктоо системасынын жоктугу;
-
бюджеттик маалыматты кагаз алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгуу мүмкүн болбогондуктан республикалык бюджеттин аткарылышына көз карандысыз мониторингдин жоктугу.
Бул логика боюнча бюджеттик процессти башкаруунун антикоррупциялык модели өзүнө төм. камтыш керек:
-
бюджеттик уюмдардын сметаларынын, каржылоо жана кварталдык кол коюмдардын ар ай сайынкы пландарынын долбоорлорунун макулдашуу механизми;
-
кварталга бөлүү боюнча бюджеттин аткарылышын КР Жогорку Кеңешинин бекитүү механизми;
-
бюджеттик жылууларды чектөө механизми;
-
милдеттүү түрдө “план-факт-четтөө” отчеттуулук системасын;
-
республикалык бюджетти аткарууда четтеп чыгуунун субъективдүүлүгүн же объективдүүлүгүн аныктоо системасын;
-
республикалык бюджетти аткарууда тобокелчиликтерди башкаруу системасын жайылтууга жол берген бюджетти түзүү жана аткаруу процессин автоматташтыруу (бюджеттик кыймылдарды, каржылоонун жөнсүз ачылышын ж.б. байкап туруу).
Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрү Бюджеттик кодекстин долбоорун жеткире иштөө боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргелешип, Бюджеттик кодекстин долбоорунун ар бир беренесине антикоррупциялык экспертизаны жакынкы убакытта жасоону пландашууда.Социалдык фонддун бюджетин кошуу Кезектеги сөз сүйлөөдө КР Социалдык фондунун өкүлдөрү аталган фонддун бюджети, анын түзүмү,кирешелери, чыгашалары жана теңдемделгендиги өңдүү маселелерди козгошту. Бюджеттик кодекстин долбоорунда бюджеттен тышкаркы мамлекеттик фонддор биринчи жолу бюджеттик фонддор менен бириктирилип, бирдиктүү ченемдик-укуктук акты менен жөнгө салынат. Өкмөт Социалдык фонддун каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруунун ордуна казыналык система аркылуу Социалдык фонддун кирешелерин жана чыгашаларын башкарууну жүзөгө ашырууну сунуштап жатат. Эксперттик жамаат Социалдык фонддун каражаттарын пайдаланууда ачык-айкындуулукту арттырган бул демилгени толугу менен колдоодо.
ММКФ жана Эсептөө палатасынын бюджетин автономдук пландооМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) өкүлү КР Бюджеттик кодекс долбоорунун КРнын бюджеттик системасынын түзүмүн регламенттештирген 9-беренесин өзгөртүүнү сунуштады. Талкууланган вариантта бюджеттик система республикалык бюджетти, жергиликтүү бюджеттерди жана Социалдык фонддун бюджетин камтый турганы айтылат. “Социалдык фонддун бюджети” терминин “мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджеттери” сөзүнө алмаштыруу сунушталууда. ММКФ бюджети азыркы учурда болуп жаткандай Социалдык фонддун бюджетинин курамында эмес, өз алдынча пландалат дегенди түшүндүрөт.ММКФ бюджетин автономдуу пландоо ага түшүп жаткан булактардын көптүгүнөн улам зарыл болуп турат. Ал булактар: Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ресурстар;социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн курамында Социалдык фондго милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерилген каражаттар жана медициналык мекемелерде коштөлөм түрүндө алынган ресурстар. Бюджеттик кодекстин долбоорун талкуулоодо дагы бир кызык маселе бийликтин сот органдарынын бюджетинин аналогиясы боюнча Эсептөө палатасынын бюджетине автономияны берүү болуп калды. Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы сот бийлигинин бюджети өз алдынча соттук бийлик тарабынан түзүлөт жана республикалык бюджеттин курамдык бөлүгү болуу менен республикалык бюджетке кошулат (аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен макулдашуу боюнча). Эл аралык практикада пландоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каржылык жактан көз карандысыздыгын кепилдөө үчүн Эсептөө палатасынын бюджетине көз карандысыз статусту берүү сунушталат.
Терс гранттардын ордуна өнүгүүгө инвестициялар Жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин терс гранттар түрүндө алып коюу мүмкүнчүлүгүн белгилеген 54-беренени талкуулоо кызуу талкууларга жем таштады. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин расмий пикирине ылайык жана Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттеринин баамында бул норма КР Конституциясына каршы келет. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин ЖӨБ органдарынын орточо бюджеттик камсыздандырылгандыгын 2 эседен ашуунга ашпаган деңгээл менен чектөө мамлекеттин ЖӨБ иштерине кийлигишүүсү дегенди билдирет. Ал эми Конституцияда “жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү” (11-берене), “мамлекеттик органдар ЖӨБ органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз. ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн” (113-берене) деп айтылган. Терс гранттарды ЖӨБ органдары терс кабыл алат, жергиликтүү бийликтин каржылык суверенитетин өнүктүрүүгө шыктандырбайт жана алардын каржы ресурстарын мобилдештирүүгө кызыгуусун азайтат. Биздин баамыбызда, бул норма өлкөдөгү чыңалган каржылык кырдаалдын шарттарында айрым бир жергиликтүү органдар “ашыкча” каражаттарды алып, аларды маянаны жогорулатууга, машине, эмеректерди сатып алууга жана башка күнүмдүк чыгашаларга сарптайт деген Каржы министрлигинин күтүүсүнө байланыштуу сунушталып жаткан болушу мүмкүн. Экинчи жагынан жергиликтүү бюджеттерден каржы ресурстарын алып, Каржы министрлиги аларды республикалык бюджеттин “жыртыгын жамоого”, б.а, ошол эле күнүмдүк чыгашалардын ордун толуктоого багыттайт деп божомолдосо болот.Ашыкча ресурстар дайыма инвестицияларга, б.а., экономиканын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүн камсыздай турган капиталдык чыгашаларга багытталыш керек.Маалымат үчүн: 2012-2013-жылдары жергиликтүү бюджеттерде капиталдык салымдар бюджет чыгашасынын 1,5% тегерегин гана түзгөн (республикалык бюджетте – бюджет чыгашасынын 2% ашыгын).Өнүктүрүү саясат институту ЖӨБ органдарын ресурстарды инвестициялык долбоорлорго багыттоого түрткөн жобону киргизүүнү сунуштайт.Мындай учурда жергиликтүү бийлик аймактарды өнүктүрүү фонддорунан 50% кем эмес көлөмдө кошо каржылоо түрүндө кепилденген каржылык колдоону алып туруш керек.Өкмөт бакубат ЖӨБ органдарын “тизмесине” алуу менен, аларга ыктымал донорлорду жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча техникалык жардамды издөөгө көмөктөшөт. Аймактарга инвестицияларды тартуу Кыргызстандын инвестициялык активдүүлүгүнүн жана экономикасынын өсүшүнүн кыймылдаткычы болуп берет. Жергиликтбюджеттердин ачыкайкындуулугу Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери да бюджеттин ачык айкындуулук маселесин талкуулоого токтошту. Бюджеттик кодекстин долбоорунда “Коомдук бюджеттик угуулар” (121 бер.) беренеси каралган. Бирок анда бюджеттерди кароо жана бекитүү ачык жана эл алдында ишке ашырылары гана айтылат; коомдук угуулардын мазмуну жана жол-жоболору ачыкталган эмес. Бюджеттик кодекс долбоорунун башка нормалары (88-94, 95-97-бер.) да коомдук угууларды бюджеттерди карап чыгуу жана бекитүү процесси башталганга ЧЕЙИН аны уюштуруу жана өткөрүү талаптарын көрсөткөн эмес. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалуулугун камсыздоо үчүн аларды өткөрүү милдеттүү болгонун гана эмес, ошону менен бирге коомдук угуулардын жол-жоболорун так сүрөттөп берүү зарыл.Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн алдын ала иштеп чыгууда же аны башка мүмкүн болгон ыкмалар менен ачыкка чыгаруу бюджеттик ачык-айкындуулукту жогорулатуунун маанилүү шарты болуп эсептелет. Угуулар өткөн күнү ЖӨБнын аткаруу органы катышуучуларды каттап (зарыл болгон учурда), протокол жүргүзүп, жыйынтыктоочу документтерди тариздөө менен алектениш керек. Коомдук угуулар аяктагандан кийин аткаруучу орган он күндүн ичинде талкуунун натыйжаларын жалпылаштырып, тариздеп, угуулардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматты калк арасында жайылтыш керек.
Жергиликтүү бюджет жана аймактарды өнүктүрүү фонду Бюджеттик кодекстин долбоорунда жергиликтүү бюджеттин жана аймактарды өнүктүрүү фондунун өзөктүк түшүнүгүн аныктоо талап кылынат.Кодекс долбоорунун 12-беренесинде жергиликтүү бюджет – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тапшырмаларын жана функцияларын каржылык жактан камсыздоого арналган акча каражаттарынын фонду. Мындай аныктама жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууну жүзөгө ашыруу боюнча Конституция менен кепилденген укугун жана жөндөмдүүлүгүн көңүлгө албайт.Ушул тапта иштеп жаткан 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жергиликтүү бюджет – бул айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну ЖӨБ органдары жүзөгө ашырат.Кодекстин көптөгөн жоболорун кайра формулировкалап чыгуу зарылчылыгы алар өлкөдө учурда болуп жаткан көйгөйлөргө гана байланыштуу болуп, келечектеги өзгөрүүлөрдү эсепке албайт. Мисалы, мыйзам долбоорунда бюджеттин кирешеси анын чыгашасынан ашып калган учурда мамлекеттин саясаты кандай болоору айтылган эмес.
Бюджеттер аралык мамилелер өлкөнүн келечектеги керектөөлөрүнө жооп бериш керек Ошондой эле бюджеттер аралык мамилелердин сунушталган принциптери бюджеттер аралык мамилелердеги күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө да багытталган: чегерүүлөрдүн нормативдеринин туруксуздугу, мамлекеттик органдардын жергиликтүү бюджеттик процесске кийлигишүүсү ж.б. Бюджеттик системадагы мамилелердин жаңы, дагы да заман шартына ылайыкташкан моделине өтүү үчүн мыйзамдарды алкактарды түзүүгө багытташ керек. Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптери чечим кабыл алууда өкмөттү өлкөдө мындан ары реформаларды өткөрүүгө багыттап туруш керек. Бюджеттер аралык мамилелер төмөнкү принциптерге таяныш керек:
1) Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарына мыйзамдык ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен алардын бюджеттерине өз финансы каражаттарын бөлүштүрүү жана бекитүү;
2) башкаруу органдарынын жалпы финансы каражаттары мыйзам боюнча аларга бекитилген чыгашалуу ыйгарым укуктар менен бирдей өлчөмдө болуш керек;
3) аралаш ыйгарым укуктардын болгонун эсепке алуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгашалуу ыйгарым укуктарын ажыратуу;
4) жергиликтүү бюджеттердин каржылык камсыздалгандык деңгээлдерин бюджеттик теңдештирүүнүн жол-жоболору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тандоо эркиндигин алардын компетенцияларынын чегинде чектебеш керек;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу бюджеттердин кирешелериндеги жоготуулардын же кошумча чыгашалардын ордунтолуктоо;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарындагы жоболорду сактабаганына байланыштуу учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик процессине кийлигишүүсүн болтурбоо.
“Та\сыктык” деген коркунучтуу сёз Бюджеттик мыйзамдардын борбордук пункту болуп бюджет таңсыктыгынын чоңдугун жөнгө салган норма эсептелет. Мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгын мыйзамдар менен чектөө практикасы тигил же бул түрүндө ар кайсы өлкөлөрдө колдонулат жана оң натыйжаларды алып келүүдө. Тилекке каршы бул маселе козголгон жок. Кыргызстанда болсо колдонуудагы мыйзамдарда жана Бюджеттик кодекстин сунушталган долбоорунда бюджет таңсыктыгынын көлөмү жөнгө салынбай турганын белгилей кетүү керек.Жалпы тарабынан таанылгандай, өлкөнүн тышкы карызынын босого көрсөткүчү ИДП 80%, ал эми бюджет тартыштыгыныкы – ИДП 3-5% болуп эсептелет. Анткен менен көптөгөн мамлекеттер жана интеграциялык бирикмелер практикада мындан да катаал нормаларды колдонуп келет. Айталы,Кыргызстан 2015-жылы кирүүгө ниеттенип жаткан Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө өлкөлөрдө макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү тууралуу Макулдашуулардын алкагында мамлекеттин карызы ИДП 50 пайыз босогодон төмөн бойдон калыш керек, ал эми бюджет тартыштыгы ИДП 3% төмөн болуш керек. Мындан улам бюджет таңсыктыгынын көлөмүн, демек тышкы карыздын көлөмүн да чектеген укуктук алкактарды түзүү өлкөнүн ушул экономикалык интеграциялык бирикмелердин алкагында иштөө шарттарынын институционалдашуусуна көмөктөшөт.Бюджеттин теңдемделгендигинин “алтын эрежеси”: күнүмдүк чыгашалар бюджеттин кирешелеринен ашпаш керек. Башкача айтканда, мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы өнүктүрүү бюджетинен жүзөгө ашырылган мамлекеттик инвестициялардын өлчөмүнөн ашып түшпөш керек. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча,өлкөнүн 2014-жылга бюджети бул эрежеге жооп берет. Башкача айтканда, мамлекеттик бюджеттин күнүмдүк кирешелери 99,1 млрд. сомду, ал эми күнүмдүк чыгашалар 97,5 млрд. сомду түзөт. Ошону менен 2014-жылы бюджет таңсыктыгы 9,4 млрд.сом өлчөмүндө мамлекеттик инвестициялар программасынын насыялары боюнча чыгашаларды камтыган өнүктүрүү бюджетинин бөлүгүнүн эсебинен пландалууда. Өнүктүрүү бюджетинин калган бөлүгү расмий трансферттердин жана күндөлүк кирешелердин эсебинен жабылат.Башкача айтканда, Каржы министрлиги учурда (алкактык укуктук чектөөлөрсүз) ушул практиканы колдонууда. Формалдуу нормаларды киргизүү менен ведомствонун прогрессивдүү саясаты бекемделмек.Кодекс долбооруна бюджеттердин артыкчылыгын аныктаган механизмди аныктаган нормаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо тартибин да кошуу керек.М
Назира ТЮЛЮНДИЕВА, ӨСИ эксперти