Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги каржылаган, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭΎЖӨБОЖ Долбоору) жаӊылыктары

2014-09-11 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги каржылаган, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭΎЖӨБОЖ Долбоору) жаӊылыктары

Британиянын КРдагы элчиси жети муниципалитетке таштанды тазалоо жана чыгаруу үчүн атайын техниканын ачкычтарын тапшырды

Элет тургундары таштанды тазалоочу техниканын эскиргенинен же такыр эле жок болгонунан улам айылдарда тазалык көйгөйлүү маселелердин бири болгонун айтып, даттанып келишет. Ушуну менен бирге жаз-жай мезгилдери башталары менен жугуштуу оорулардын саны да өсүп, бул биринчи кезекте балдарга жана кары адамдарга коркунуч жаратууда. Калктын баамында, таштанды чыгаруу үчүн атайын техниканы сатып алуу же катуу тиричилик калдыктарын (КТК) тазалоо жана чыгаруу боюнча ишкананы уюштуруу ЖӨБ органдары үчүн артыкчылыктуу маселе. Адамдар ЖӨБ органдарынан ушул маселени чечүү үчүн каржылык колдоо күтүүдө, атүгүл өздөрү да кызмат көрсөтүү үчүн акча төлөп, аны ишке ашырууга катышууга даяр. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жети пилоттук муниципалитети жарандардын жардамы менен таштанды тазалоо маселеси аптыкчылыктуу болгонун аныктап, гранттык сынак үчүн долбоорлорду даярдашып, андан жеңип чыгып, ошону менен алардын ар бири миллион сомдон алышты. 2014-жылдын август жана сентябрында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы төмөнкү айылдык аймактардын башчылары атайын техниканын ачкычтары тапшырылды.
 
  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука АА башчысы Гүлнара УМАРОВА, “Таштанды – сен менен күрөш башталды” долбоору.
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим АА башчысы Нурмырза АБДРАХМАНОВ, “Айылдагы маданият тазалыктан башталат” долбоору.
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов АА башчысы Ильичбек КОЧКОРОВ, “Тазалык – келечек тууралуу камкордук” долбоору.
  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз АА башчысы Улан ДАЛИЕВ, “Атайын техниканы сатып алуу менен КТК жыйноо жана ички жолдорду оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү” долбоору. • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек АА башчысы Ярасулбек МОЛДОБАЕВ, “Атайын техниканы сатып алуу менен КТК жыйноо жана ички жолдорду оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү” долбоору.
  •  Жалал-Абадоблусунун Ала-Бука районундагы 1-Май АА башчысы Мухтар УШЕРБАЕВ,“Таштанды – биздин жалпы көйгөйүбүз”.
  •  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак АА башчысы Жалообай БЕКТУРСУНОВ, “Шыдыр жол” долбоору.
Иш-чарага Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Жудит ФАРНВОРТ айымдын катышканы бул салтанатка өзгөчө көрк кошту. “Демократия, коопсуздук жана өнүгүү – кыргыз-британ кызматташтыгынын негизинде мына ушул өзөктүү принциптер жатат. Менимче, акыркы жылдары биз бардык багыттар боюнча прогресске жетише алдык. Өкмөт жана Парламент баштаган реформаларды колдоо боюнча бир катар маанилүү демилгелерден тышкары биз ошондой эле Кыргызстан боюнча миңдеген адамдардын турмуш шартын сезилерлик өзгөрткөн долбоорлорго жеринде колдоо көрсөтүп келатабыз, - деп айтты элчи Жудит ФАРНВОРТ. – Биз жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын колдоого жана жакшыртууга багытталган жергиликтүү өнүгүү процессине катышып жатканыбызга кубанычтабыз”.Камчы ИСРАИЛОВ, Көк-Серек айылдык аймагынын башчысы: “Бул биздин аймакка чоң жардам болду, экскаваторду сатып алуу менен эми муниципалитетти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалыкдеңгээлин көтөрө алабыз. Биздин айылдагы көйгөй
– селдин айынан жолдордун жана көпүрөлөрдүн тез-тез жараксыз абалга келип турганы. Мунун айынан айдалган жерлер жана үй чарбачылыгы жок болууда. Эми биз ушул маселелерди чечүүдө элибизге жардам бере алабыз”.М

 

 

Окшош материалы: