Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ПРЕСС-СЕССИЯ: грант ЖӨБ органдары үчүн инвестицияларды башкаруу үчүн машыктыргыч катары

2014-09-11 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ПРЕСС-СЕССИЯ: грант ЖӨБ органдары үчүн инвестицияларды башкаруу үчүн машыктыргыч катары

Акыркы учурларда грант темасы коомдо кызуу талкууларга себепчи болуп келатат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору гранттык жардамды пайдаланууну ЖӨБ органдары инфраструктураны өнүктүрүүгө ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу башкарууну үйрөнгөн кандайдыр бир машыктыргыч катары карашат.

Мындай каражаттарды башкаруунун ӨСИ пилоттук муниципалитеттерде жайылтып жаткан усулдарды “жаңы велосипедди ойлоп табууну” сунуштабайт, бирок ЖӨБ органдарын гранттарды жана инвестицияларды башкаруу маселелерине натыйжалуу менеджменттин принциптери талап кылгандай мамиле жасоого үйрөтөт. Ал принциптер: артыкчылыктуу керектөөлөргө таянып, мыйзамдарга ылайык,мүмкүн болушунча ачык-айкын жана келечектеги натыйжа үчүн болгон жоопкерчилик менен кароо. 2014-жылдын жайында жана күз мезгилинин башында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун демилгеси менен Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын журналисттери үчүн өткөрүлгөн пресс-сессиялар гранттык программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон суроолорго жана маселелерге арналды.ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын жалпы көлөмү 59 миллион сомду түзөт. 2013-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын бир нече айыл өкмөттөрүнүн бюджеттери каржылык жардам алышты. Алардын долбоордук табыштамалары оор атаандаштык кармашта утуп чыгып,ар бир жамаат 20 000 швейцар франктан (бир миллион сомдун тегерегинде) каражат алышты. Каражаттар таштанды тазалоо үчүн атайын техниканы сатып алууга, айылдарды абаттоого, бала бакчалардын курулушуна жана ремонтуна жана башка максаттарга жумшалды. Бул жылы 2014-жылдагы сынакта утуп алган 10 кошумча гранттык долбоордун жана 26 гранттык долбоордун үстүнөн иш жүрүп жатат.Гранттар боюнча менеджер Султан МАЙРАМБЕКОВдун айтымында, гранттар – бул асмадан түшкөн бекер оокат эмес. “Биз муниципалитеттерге каражат бөлөөрдөн мурда алар көптөгөн баскычтардан өтүш керек. Бардык каражаттар максаттуу, багыты боюнча – таштанды тазалоо үчүн техниканы сатып алууга, айылдарды абаттоого,бала бакчалардын курулушуна жана ремонтуна жана башка максаттарга жумшалуусу үчүн биз бардык гранттык долбоорлорду катуу көзөмөлдөйбүз.Биз элеттиктердин турмуш шартын жакшыртууга өзүбүздүн колдон келген салымыбызды кошо алабыз деп ишенебиз”. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасы муниципалитеттерге кошумча каржылоонун жардамы менен кандайдыр бир маселени чечүүгө жардам берет.Бирок бул Программанын негизги максаты эмес.Программа биринчи кезекте элеттик ЖӨБ органдарын жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды башкарууга үйрөтүү максатын көздөйт. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору берген гранттык жардам жергиликтүү бюджетке жиберилет жана Каржы министрлигинин Окуу борборунан тийиштүү окуудан өтүп, айыл өкмөтүнүн атынан ЖӨБ органдары сатып алууларды өз алдынча жүзөгө ашырат. Сатып алууларды өткөрүүдө көп маселелер жаралат, бирок алардын баары эле жол-жоболорго же билимге байланган эмес. Негизги тоскоолдук – жергиликтүү бизнестин зарыл болгон документтерди өткөрүүгө жана толугу менен сатып алуулар тууралуу мыйзамдарга ылайык иштөөгө даяр эместиги. Аны менен катар көптөгөн ишкерлер талап кылынган деңгээлде лицензияны алалбайт, тендер үчүн зарыл болгон документтердин пакетин түзө алышпайт.“Албетте бардык эле муниципалдык кызматчылар мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырганды билбейт. Ошондуктан гранттарды берүү жана инвестицияларды башкаруу процесси көп учурда токтоп турат. Бирок бизнес дайыма эле тендерге катышууга даяр эмес. Бизнестен сапатсыз табыштамалар түшкөндүн натыйжасында айрым пилоттук муниципалитеттер тендерлерди эки-үч жолу өткөрүп, убактысын жана күчүн текке кетирип алышат. Бизнес менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу өз ара өнөктөш мамилелери бул эки тараптан тең көңүлдү жана жолжоболорду билүүсүн талап кылган эки тараптуу процесс”, - деп айтты журналисттерге Султан МАЙРАМБЕКОВ
 

Окшош материалы: