Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2015-жылдын бюджети тууралуу: кооптонуу жана үмүт менен

2014-11-05 / ЖӨБ каржысы
2015-жылдын бюджети тууралуу: кооптонуу жана үмүт менен

Кийинки жылдын бюджети кеңири катмарга белгилүү болду. Бирок азырынча талкуулар Жогорку Кеңеште гана жүрүүдө. Жакында эле ал жакта бюджет жана финансы боюнча комитет уюштурган алгачкы парламенттик угуулар өттү. Белгилей кетчү жагдай, мурдагы жылдардан айырмаланып, бул жолкусунда өлкөнүн башкы финансылык документин даярдоодо өкмөттүн иши тууралуу маалымат адаттагыдан айырмаланып аз болду: бюджетке кандай сандар киргизилген? Бул эмнеге байланыштуу болду? Белгисиз. Ошондуктан “Муниципалитет” журналынын окурмандарын 2015-жылдын бюджетинин өзөгүн түзгөн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү менен тааныштырып коюуну эп көрдүк.

Эмесе, алардын ичинен эң маанилүүсү – ушул мезгилде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн улуттук өндүрүшүнүн масштабдарын чагылдырган ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 443 миллиард сомдун тегерегиндеги суммада болжолдонууда. Калктын жан башына ИДӨ – 78,1 миң сом. Ушул жылы 8,7% деңгээлинде болжолдонуп жаткан инфляциянын деңгээлине байланыштуу Финансы министрлигиндеги мыйзам долбоорун иштеп чыккандар аягына чейин бир бүтүмгө келе албаган өңдүү. Байгерчиликтин өсүшүнүн дагы бир маанилүү көрсөткүчү – орточо айлык акы – 13 миң 350 сом. 2015-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 117 759,8 млн. сом суммасында же ИДӨгө карата 26,6% деңгээлинде пландалууда. Алардын ичинен салыктар – 91 458,7 млн., салыктык эмес түшүүлөр – 15 270,9 млн., гранттар – 11 030,2 млн. сом. Мамлекеттик инвестициялар программасынын гранттарын эсепке алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 103 млрд. сомдун тегерегинде же ИДӨгө карата 23,2% (2014-жылдын бекитилген бюджети – ИДӨгө карата 23,3%).Казынага негизги салымды төмөнкүлөр кошот: киреше салыгы, пайдага салык, Кумтөрдөн түшүүлөр, КНС (бюджетке түшкөн бардык салыктардын 40,3% ашыгы), сатуудан алынган салык, акциздик салык жана бажы төлөмдөрү. Салыктык эмес түшүүлөрдөн олуттуу ролду дивиденддер жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары ойнойт – дээрлик 61%. Акыркы маалыматтар боюнча, Финансы министрлиги бюджеттин киреше бөлүгүн бир нече салыктардын жыйымынын өсүш эсебинен 535 млн. сомго көбөйтүүнү өкмөткө сунуштаган Эсептөө палатасынын жүйлөрүнө макул болду. Ошондуктан бул мыйзам долбооруна бир нече түзөтүүлөр киргизилет шекилдүү.
Өлкө жетекчилиги 2015-жылы Бажы биримдигине кирүү чечимин билдиргенинен улам айрым депутаттар өкмөткө макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү кайра карап чыгууну сунушташты. Анткен менен ушул тапта талкууланып жаткан мыйзам долбоору салык жана бажы мыйзамдарынын чөйрөсүндө сөзсүз боло турган өзгөрүүлөрдү эсепке албастан даярдалды. Калыптанып калгандай, ЖК комитеттеринде жана палатада өткөн талкуулардын жүрүшүндө “кирешелер” бөлүгүндө да, “чыгашалар” беренелери боюнча да сандар өзгөрүп турат. Бул кадимки практика. Ошентсе да кайра жазып чыгуу менен ашкере алектенүү жакшылыкка алып келбейт.Айталы, 2015-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 132,4 млрд. сомдон ашык суммага долбоорлонду. Бул болсо ушул жылга салыштырмалуу дээрлик 16 миллиардга көп. Ошону менен бирге республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 117 386,0 млн. сом деңгээлинде белгиленген (ИДӨгө карата 26,5%). 2015-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 14 683,3 млн. сомду түзөт, бул болсо ИДӨгө карата 3,3% түзөт. Бул көрсөткүч ушул жылдагыга салыштырмалуу жогору.Кийинки жылы шайлоо өтөөрүн көңүлгө алганда, парламенттин депутаттары өз округдары үчүн чыгашалардын көбөйтүлүшүнө басым жасашат депишенимдүү айтса болот. Буга жыл сайын эле күбө болуп келатабыз деңизчи. Бирок 2015 – өзгөчө жыл!Эми жергиликтүү бюджеттерге кайрылалы. Алардын саны 484 бирдикке барабар.
Алардын ичинде:республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар, райондук маанидеги 17 шаар жана 453 айылдык аймак. Жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмү 16 660,3 млн. сом көлөмүндө пландалган же 2014-жылга салыштырмалуу 804,9 млн. сомго көбөйдү.Өткөн парламенттик угууларда бюджетти түзүү боюнча өкмөттүн эң жигердүү каршылаштары жана кеңешчилери болуп адаттагыдай эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн мониторинг менен көзөмөлгө кесипкөй мамиле жасаган эксперттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чыкты. Өнүктүрүү саясат институтунан мыйзам долбоорунун авторлорунун дарегине эскертүүлөрдү жана сунуштамаларды эксперт Асылбек Чекиров берди. Сиздердин көңүлүңүздөрдү анын докладындагы тезистерге бурабыз. Анткени алар жергиликтүү өнүгүү үчүн принципиалдуу мааниге ээ: “Жалпысынан мыйзам долбоору биздин өлкөдөгү финансылык борборлоштурууну азайтууну өнүктүрүүдө оң динамиканы чагылдырат. 2012-жылдан 2014-жылга чейин КР Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык жактан өз алдынчалуулугун күчтөндүрүүгө жетиштүү көңүл буруп келди. Бул болсо жергиликтүү бюджеттердин өз кирешесинин жылдык өсүшүнө да таасирин тийгизүүдө. Биз жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүү үлүшү ырааттуу түрдө өскөнүнө, кирешенин жаңы булактары киргизилип жатканына күбө болдук.
Ушул тапта жергиликтүү бюджеттердин трансферттерсиз өз кирешесинде олуттуу өсүш бар 2012-жылдагы 9 млрд. сомдон 2015-жылы пландалып жаткан 15,1 млрд. сомго чейин.2013-2017-жылдар мезгилине жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү Программасы менен финансылык борборлоштурууну азайтуу боюнча реформаларды улантуу үчүн ырааттуу кадамдар аныкталды жана аларды биз Республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамдын долбоорунда бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү бөлүгүнөн көргүбүз келет.“2015-жылга республикалык бюджет жөнүндө” Мыйзам долбоору тууралуу айта турган болсок,төмөнкүлөргө токтолгум келет: 2013-жылы белгиленген жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүү үлүшүнүн көбөйүүсү жергиликтүү бюджеттердин, өзгөчө элеттик муниципалитеттердин өнүгүүсүндө оң фактор болгону шексиз жана бул кийинки жылга даярдалган долбоордо да сакталып калды. Ошону менен бирге тобокелчиликтердин тизмесине 2015-жылы күтүлүп жаткан сатуудан алынган салыкты жоюу тобокелчилигин киргизүү ашыкча болбойт.Жергиликтүү бюджетке 50% түшкөн жер казынасына салыктын (роялтинин) контролдук көрсөткүчтөрүнө көңүлүңүздөрдү бургум келет. Өз убагында Финансы министрлиги аларды жергиликтүү бюджетке өткөрүп берүү демилгеси менен чыгып жатып, ЖӨБ органдары кум, чопо, гравий ж.б. өңдүү жергиликтүү маанидеги жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун арттырат деп күткөн. Аталган ресурстар ушул күнгө чейин компаниялар тарабынан эч көзөмөлсүз иштетилип келет. Ошону менен бирге жергиликтүү бюджетке каражаттардын аз гана бөлүгү түшүп турат. Роялтиден 50% алып турууга кызыкдар болгон ЖӨБ органдары жаратылыш ресурстарынын иштетилишине көзөмөлдү орнотуп,аларды муниципалдык менчикке каттай башташ ке- рек эле.Бирок роялтини жергиликтүү бюджетке өткөрүп берген чакта “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынып калды. Ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаратылыш ресурстарын башкаруудан,өзгөчө жергиликтүү маанидеги жаратылыш ресурстарын башкаруу жаатында дээрлик четке чыгарылып калды. Бир жагынан бул жаңжалдардын жаңы толкунуна түрткү болсо, экинчи жагынан ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жаратылыш ресурстарын башкарууда натыйжалуулугун арттырууга жана роялтиден түшкөн каражаттын өсүшүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө бут тосту.Экономика министрлигинин көңүлүн дагы бир жолу жергиликтүү маанидеги кендерге муниципалдык менчик укугун кайтаруу зарылчылыгына бургум келет. Бул талап ЖӨБны өнүктүрүү Программасына киргизилген, бирок, тилекке каршы, аткарылбай келет”.Ошондой эле ӨСИнин жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча адиси А.Чекиров теңдештирүүчү гранттардын көлөмүн эсептөө системасында жаңыча мамилеге тиешелүү өтө маанилүү маселени көтөрүп чыкты.
 
  • Бул көрсөткүч 1 млрд. 349 млн. сом көлөмүндө аныкталган. Теңдештирүүчү гранттын көлөмүнүн дээрлик 2 эсеге кескин өсүшү 2013-жылы муниципалдык кызматчылардын айлык акысын жогорулатууга байланыштуу болду, - дейт эксперт. – Бюджеттик жетишпестикти теңдөө системасы бюджеттер аралык мамилелер процессинин өзүндө өтө олуттуу мааниге ээ. Реформалардын баштапкы мезгилинде эсептөөнүн учурдагы формуласы бюджеттик системанын жергиликтүү деңгээлде туруктуулугунун фактору катары өзүнүн оң ролун ойноду. Эсептөө методикасы өткөөл мезгилде элеттик муниципалитеттерде кырдаалдын начарлап кетүүсүнө жол берген жок.Бирок акыркы жылдар күбө болуп келаткан финансылык борборлоштурууну азайтуу боюнча реформаны алга жылдыруу теңдештирүүчү гранттардын көлөмүн эсептөө системасына да жаңыча мамиле жасоону талап кылат.
Асылбек Чекировдун айтымында, ошол эле кезде жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын күчтөндүрүү шарттуу “жакыр” жана “бакубат” муниципалитетттер ортосундагы ажырымдын көбөйүүсүнө көмөктөшкөн. Реформа “бакубат” делгендерге караганда “жакыр” делгендерге бир кыйла аз таасирин тийгизет. Ошону менен бирге учурдагы теңдөө системасы ЖӨБ органдарын өз кирешелерин көбөйтүүгө түртпөйт. Ошондуктан эксперт атүгүл эң жакыр муниципалитеттер да каражат табууга жана өз аймактарын өнүктүрүүгө кызыкдар болгудай кылып, теңдештирүүчү гранттын көлөмүн эсептөө формуласын өзгөртүү зарылчылыгы курч турганын айтат. Буга байланыштуу эксперт жок дегенде 2016-жылдын бюджетине жаңыланган формула боюнча эсептелген теңдештирүүчү гранттын көлөмүн киргизүү үчүн бул маселени талкуулай баштоо сунушу менен Финансы министрлигине кайрылды.Асылбек Чекиров көңүлүн бурган дагы бир маанилүү маселе – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын
демилгелерин ишке ашыруунун аспабы катары чоң мааниге ээ болгон дем берүүчү гранттар. 2015-жылга алардын көлөмү 400 млн. сом болуп аныкталды. Булөзгөчө өнүктүрүү бюджети жана капиталдык салымдары болбогон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына олуттуу колдоо болуп эсептелет.“Ошону менен бирге дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүүнүн учурдагы схемасы аларды колдонууда натыйжалуулукту толук өлчөмдө камсыздай албай келет. Ушул тапта Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү Программасын, коррупция тобокелчилигин азайтуу боюнча Коргоо кеңешинин сунуштарын ишке ашыруунун алкагында Финансы министрлиги дем берүүчү гранттар боюнча жаңы жобонун долбоорун иштеп чыкты. Ал көйгөйлүү маселелерди бир кыйла азайтат, - деп айтты Чекиров парламенттин трибунасынан сүйлөп жатып. – Дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү укугун катаал критерийлерге негизделген сынактык жол-жоболор аркылуу райондук деңгээлге өткөрүп берүү пландалууда. Биринчи жолу долбоордук сунуштарды даярдоо тепкичинен тарта объектти колдонууга кабыл алганга чейин ЖӨБ органдарынын аракеттери баскыч-баскычы менен аныкталды. Буга байланыштуу өкмөткө, Финансы министрлигине аталган токтомду кабыл алууну тездетсе жана 2015-жылы эле жаңы схема боюнча дем берүүчү гранттарды бөлүштүрө баштаса деген каалоом бар”.Белгилей кетиш керек, ӨСИ адистеринин дайыма предметтик мүнөзгө ээ болгон сынчыл эскертүүлөрүнө, сунуштамаларына жана сунуштарына бардык деңгээлдеги бийлик кулак төшөп келет.Бул жолу да Асылбек Чекировдун аналитикалык серебин финансисттер жана бюджет боюнча адистер түшүндү. Мисалы, кылдат көңүл бурууну талап кылган салыктык эмес кирешелер тууралуу маселени алалы.
 
  • Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн долбоорунда жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр эсепке алынды, - деп билдирди эксперт. – Бирок 2014-жылы топтолгон каражаттар аймактык өнүктүрүү фонддору тууралуу жобонун болбогонунан улам ушул күнгө чейин кол-донулбай келет. Мыйзамдарды бузуу менен акча
ЖӨБ органдарынын эсептерине жиберилүүдө, эгерде алар ошол каражаттарды колдонсо, Мыйзамды бузган болушат. Ушул мезгилге чейин кырдаал жөнгө салынган эмес жана бул каражаттар муниципалитеттерди өнүктүрүүгө катыша албай жатат.Ошондой эле жайыт билеттерин сатуудан түшкөн жыйымдарга да көңүл бургубуз келет. “Жайыттар жөнүндө” Мыйзам бул каражаттардын бөлүгүн жергиликтүү бюджеттерге которуу мүмкүнчүлүгүн караштырат. Ошол эле маалда “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Мыйзам да, бюджеттик классификациянын форматы да аларды жергиликтүү бюджетке киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырган эмес.Ошентип мамлекеттик жайыттарды иштетүүдөн түшкөн акча аймактык коомдук өз алдынча башкаруу катары каттоо формасына ээ болгон уюмдардын эсептеринде топтолууда. Албетте бул чөйрөдөгү реформаларды колдоо зарыл, бирок жайыттарды иштетүүдөн түшкөн каражат өзгөчө чоң аянтка ээ болгон аймактардын жергиликтүү бюджетинин кирешесинин олуттуу булагы боло аларын түшүнүү керек. Жалпысынан салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү саясатты өркүндөтүү боюнча маселе дыкат көңүл бурууну талап кылат. Анткени мампошлина, административдик жазапулдарды колдонуу жана чегерүү ж.б. боюнча чечилбей жаткан маселелер көп. Убакыт тар болгонуна карабастан догоруда көтөрүлгөн көйгөйлөр кошумча талкууларды талап кылат. Анткени бюджет кымкуутту жана шашмалыкты көтөрө албайт.
Анын үстүнө Дүйнөлүк валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы өңдүү уюмдардын бардык дүйнөлүк аналитикалык борборлору 2015-жыл кыргызстандык экономика үчүн сыноосу көп оор жыл болоорун айтып жатышат. Ыргагы басаңдай турган ИДӨнүн өсүшү, инфляциянын деңгээли боюнча божомолдор да көңүл жылытпайт.Жакында эле Бишкекте дарс окуган Дүйнөлүк валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Департамент башчысынын орун басары Юха Кяхкенен “келечекте жакшы жаңылыктарды күтпөгүлө” деп жымсалдабай эле түз айтты. Экономикалык кризис курчуган чакта республика жетиштүү резервдерге ээ болбогондуктан ал өкмөткө бюджет таңсыктыгын көбөйтпөөнү, чыгашаларды азайтууну сунуштады. М
Лариса ЛИ

Окшош материалы: