Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2014-жылдагы дем берүүчү гранттардын эсебинен 106 долбоор жыйынтыкталды

2014-11-05 / ЖӨБ каржысы

Максим ЦОЙ Булак: http://www.vb.kg/293781

 
2014-жылдын тогуз айында республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттардын эсебинен 292 млн. 694,3 миң сомго 262 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.Ведомствонун маалыматы боюнча 106 долбоор толугу менен жыйынтыкталды. Аларды ишке ашырууга 49 млн. 886,4 миң сом жумшалды.Финансы министрлиги тактагандай, долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчетторго жараша болот. Суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, грант долбоордун тибине жараша каражаттарды (өзүнүн,тартылган жана республикалык бюджеттен түшкөн) өздөштүрүүнү эсепке алуу менен бөлүп-бөлүп берилет. Эскерте кетели, 2014-жылдын республикалык бюджетинде “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар” беренесине 400 млн. сом каралган.Маалымдама. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – артыкчылыктуу долбоорлор боюнча максаттуу чыгымдоону жүзөгө ашыруу үчүн акысыз жана кайтарымсыз негизде жогору турган деңгээлдеги бюджеттин төмөн турган деңгээлдеги бюджетке берген каражаттар. Мындай долбоорлорго алыскы райондордогу калктуу конуштардын көпчүлүк жашоочулары үчүн жеткиликтүү болгон объекттерди калыбына келтирүү боюнча долбоорлор кирет. 

Окшош материалы: