Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилге инфраструктура чөйрөсүнөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү чөйрөсүнө кетиш керек

2014-11-05 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү демилге инфраструктура чөйрөсүнөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү чөйрөсүнө кетиш керек

Жергиликтүү демилге идеясын жарандык катышуунун аспабы катары жайылтуу идеясы форумдардын негизги максаты болду.

2014-жылдын күз мезгилинде “Жергиликтүү демилге – 2014” жана “2015-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынактарынын жыйынтыгы боюнча “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында бейөкмөт уюмдардын катышуусу менен эки аймактык форум өткөрүлдү. Биринчиси 30-октябрда Каракол шаарында өтүп, сынактын жеңүүчүлөрүнүн, Ысык-Көл облусунунун аймагында жайгашкан ЖӨБ органдарынын, мамлекеттик структуралардын жетекчилеринин, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Ысык-Көлдөгү форумга 80 адам, анын ичинде айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басары, жамааттардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Ысык-Көл облусу боюнча ЖӨБЭММАнын өкүлү Замир ТУРДУКЕЕВ жана облустук мамлекеттик администрациянын өкүлү Калипа КАЗАКБАЕВА катышты.Экинчи форум 4-ноябрда Жалал-Абад облусунда өтүп, ал жерге элеттик муниципалитеттердин өкүлдөрү, сынактардын жеңүүчүлөрү жана Жалал-Абад облусунун жарандык коом уюмдары чогулду. Форумга 57 киши катышты. Алардын ичинде: Жалал-Абад облусу боюнча ЖӨБЭММАнын өкүлү Сатыбалды САРТМАНБЕТОВ, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Садыр САТЫБАЛДИЕВ катышты.
2014-жылдагы форумдардын өзгөчөлүктөрү Иш-чарага катышкандардын да, “Жергиликтүү демилге – 2014” сынагына түшкөн табыштамалардын да көптүгү бул жылдын өзгөчөлүгү болуп калды. Долбоордун адистери көрсөткөн материалдарда табыштама авторлорунун курамынын, жергиликтүү жамааттын активдүүлүгүнүн,жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө ЖӨБ органдарынын динамикасы келтирилип, мындан тышкары үч жылдын ичинде “жергиликтүү демилгелерди” каржылоо булактарынын динамикасы тууралуу маалыматтар берилген. Демилгелердин көбү дагы деле инфраструктураларга, аны менен катар ички жолдорго, таза жана сугат суунун жетишсиздигине, бала бакчалардын начар абалына тиешелүү болсо да, бара-бара көбүрөөк көңүл аймактын турмушунун социалдык чөйрөсүнө да бурула баштады. Мындан улам демилгелердин сандык көрсөткүчтөрүнөн тышкары алардын сапаттык жактан өзгөрүүлөрүн да белгилей кетиш керек.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүдө өз тажрыйбасы менен “Атуул” коомдук бирикмесинин адиси бөлүштү. Бул уюм Каракол шаарынын аймагында катталганына карабастан долбоорлордун көпчүлүгү элеттик муниципалитеттердин аймагында ишке ашырылган жана БӨУ айылдарда жашаган жана иштеген активисттер, демилгелүү топтор жана ЖӨБ органдары менен жигердүү иш алып барууда. Жалал-Абаддагы Жарандык коомдорду колдоо борборунун ассоциацияларынын жетекчиси Э.С.МАВЛЯНОВА жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн сапатын жакшыртуу жана арттыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу таржрыйбасы менен бөлүштү. “Жергиликтүү демилге – ЖӨБ органдары менен калк ортосундагы диалог үчүн база” темасына Надежда ДОБРЕЦОВА даярдаган бет ачар катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун пайда кылды. Алар бир топ суроолорду узатышты: эмне үчүн жергиликтүү жамаат салык төлөп жатса да жергиликтүү демилгени ишке ашырууга каражат бериш керек; эмне үчүн жолдорду оңдоого акча чогултуш керек, балким жергиликтүү бюджеттин каражатын натыйжалуу пайдалануу керектир; эмне үчүн БӨУ карылардын терезесин жууп бериш керек, бул үчүн мамлекеттик бюджеттин кызматкерлери бар да; “жергиликтүү демилге” деген термин кайдан чыкты.
Сөз кезеги  жеӊүүчүлөрдө Долбоордун адистеринин баяндамаларынан тышкары форумдардын программаларында сынактык табыштамалары эң көп упай топтоп,“Жергиликтүү демилге – 2014” жана “2015-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынактарынын жеңүүчүлөрү болуп табылган башчылардын, айыл өкмөт адистеринин жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин бет ачарлары да каралган. Караколдо биринчи орунду ээлеген “Менин айылымдагы жаңылыктар ай сайын жарыкка чыгып турат” деп аталган табыштаманын автору, Көк-Ирим АӨнүн кирешелер боюнча адиси Перизат НАЙМАНОВА баяндама жасады. Ал эми бюджетти түзүү боюнча коомдук угууларды өткөрүү жаатында мыкты практика менен Бостери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз УСУПОВ бөлүштү.Жалал-Абадда бюджет боюнча угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча өз тажрыйбасы менен Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар ШЕРБАЕВ бөлүштү. Бул эки тажрыйбада тең ЖӨБ органдары маалымат өнөктүгү канчалык маанилүү болгонуна токтолушту. Угуулар тууралуу маалымат активдүү жайылтылганынан улам ага көп киши катышып, залда жаштар да, карылар да, аялдар да, эркектер да отурду. Жергиликтүү гезиттер жана маалымат порталдары ишке тартылды. Мухтар ШЕРБАЕВдин айтымында, АӨ аппаратынын адистери өздөрү да мынчалык көп адам келет деп күткөн эмес. Анткени келери күтүлүп жаткан эки жүз адамдын ордуна угууларга дээрлик үч жүзгө жакын адам катышты.
Бирок эң негизгиси угуулардын жүрүшүндө түшкөн сунуштардын жыйынтыгы боюнча кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору талкууланды, ал эми сунуштардын ичинен эң алгылыктуулары айылдык кеңештин сессиясынын жүрүшүндө долбоорго киргизилди. Кенже мектеп курагындагы балдар үчүн куурчак театрын түзүү боюнча демилгеси үчүн атайын байге Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр ААга ыйгарылды. Кыргыз тил мугалими жана куурчак театрынын уюштуруучусу Азамат КУДАБАЕВдин айтымында, окутууда өзгөчө мамиле зарыл болчу. “Балдардын мектепке болгон кызыгуусу жоголуп калды, алар сабакка келээр замат үйгө кеткенге шашат. Азыркы заманда көпчүлүк балдар жана өспүрүмдөр,ошондой эле улуу муундун өкүлдөрү да бош убактысынын көбүн жаңы технологияларга жумшап калды. Чөнтөк телефондордун, телеберүүлөрдүн жана компьютердик оюндардын курчоосунда алар өздөрүн жакшы сезишет. Китеп окуу, кыймылдуу оюндар, театрлар өткөн чактын саркындысы катары каралып, балдардын руханий жана маданий өнүгүүсү токтоп баратат. Жашоонун мындай калыбы балдарды эч кандай жакшы нерсеге үйрөтпөй турганын түшүнүү менен биз мектеп окуучуларын окутуу жана тарбиялоо процессине жаңы бир нерселерди киргизүүнү, тагыраак айтканда мектеп имаратында куурчак театрын ачууну чечтик.Спектаклдер жана андагы каармандар балдарды өз мисалында жакшы менен жаманды ажыратууга, досторго жардам берүүгө, улууларды урматтоого үйрөтөт. Бардык каармандар адабий кыргыз тилинде сүйлөшөт. Муну менен сөзүн өстүрүп, балдардын тил байлыгын байытат.
Спектаклдер аяктагандан кийин биз анкета таратып,аудиториядан көргөнүнөн эмне жакканын, эмнеси жакпай калганын сурайбыз.Театрды мындан ары да өнүктүрүүгө карата кандай идеялары жана акылдары болгонун билебиз”, - деди мугалим.ЖӨБ органдарынын укуктарына жана милдеттерине карата өз турумун Жалал-Абад облусу боюнча ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин өкүлү Сатыбалды САРТМАНБЕТОВ билдирди: “Жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү бюджет менен чече албайсың. Жалал-Абад облусу боюнча 68 айылдык аймак бар жана алардын ичинен он экисинде гана өз көйгөйлөрүн чечүү мүмкүнчүлүгү
бар. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды чечүү үчүн мамлекет бай жана күчтүү болуш керек.Мамлекеттик деңгээлде да чечилиш керек болгон бир топ маселе бар, бирок дайыма эле каражат жете бербейт. Жергиликтүү жамаатка кайрылууга жана маселени чечүүгө салым кошуусун өтүнүүгө туура келет. Эгерде мисалы, Биринчи Май АА өңдүү күчтүү жетекчилик болсо, бала бакчалар толугу менен мамлекеттик деңгээлде каржыланмак.Келечекте өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар мамлекеттик каражаттын эсебинен чечилет деп үмтөтөбүз. Ал эми бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн жол-жобосу боюнча ар бир айыл өкмөтүн милдеттендиребиз”.
Жергиликтүү демилгенин келечеги ӨСИнин башкаруу төрайыма Надежда ДОБРЕЦОВА Караколдо өткөн форумда жергиликтүү демилгелердин темалары жана багыттары инфраструктуралык маселелерди чечүү чөйрөсүнөн социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өтүш керек деген пикирин ортого салды. “Жарандар инфраструктуралык долбоорлорду аткаруу милдетин өзүнө толугу менен алган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жеңилдеп отуруп калат жана адамдар өздөрү, ашар жолу менен, же жамаатта чогула калып жолдорду оңдойт же бала бакчалардын курулушу менен алектенет деген ой менен кошумча ресурстарды издөөнү токтотот. Ал эми бул туура эмес. Жарандардын чыгармачыл дараметин жана кубатын башка багытта колдонсо болот.Мисалы, салттарды жана маданий мурасты сактоо, спортту өнүктүрүү, кары-картаңдарга жана жалгыз бой адамдарга жардам берүү ж.б. үчүн. Ал эми инфраструктура – бул жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз милдети жана иши. Албетте жарандар инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүдөн баш тартып койгону туура эмес, бирок адамдар бул иштер менен айласы түгөнгөн үчүн алектенип жатканын түшүнүш керек. Жарандардын муниципалитеттердин социалдык өнүгүүсүнө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жана механизмдерин өнүктүрүш керек – жергиликтүү демилге, социалдык тапшырык аркылуу”.Форумдун соңунда катышуучулар төмөнкүдөй суроолорду талкуулашты:
 
  • Жергиликтүү демилге жоголуп кетпеши үчүн эмне кылуу зарыл жана ал кантип өнүгүш керек?
  • Социалдык тапшырыктан тышкары дагы кандай механизмдерди жергиликтүү демилгени жүзөгө ашырууда колдонсо болот?
  • Жергиликтүү демилгени каржылоонун булактары кайсылар?
Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү ЖӨБ органдары өз ишмердигинде ачыктыкты жана айкындуулукту камсыздаш керек деп эсептешет. Пландоодо калктын пикири эсепке алынышы маанилүү. ЖӨБ органдары менен сүйлөшүү жүргүзүү процессинде лидер болуп жамааттын алдыңкы өкүлдөрү же жергиликтүү демилгелердин жетекчилери чыга алат. Жамаатта кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштарды чогулуштарда,АӨ жана АК депутаттары менен жолугушууларда берсе болот. Дал ошол лидерлер демилгенин андан ары оң жагынан чечилишине, жергиликтүү бюджеттен каражаттын бөлүнүшүнө көмөктөшүп,жергиликтүү демилгени жүзөгө ашырууга калкты тарта алышат. Демилгечилерди шыктандыруу
үчүн муниципалитет деңгээлинде сынактарды уюштурса болот. Ал эми жарандык коом уюмдары ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечиш керек, бирок бул үчүн ресурстарды жана өнөктөштөрдү издөө менен алектениш керек деп эсептейт. Ал эми жарандар өз кызыкчылыктарын АК депутаттары аркылуу ишке ашыра алат.Жергиликтүү бюджет маселени чечүүгө башытталыш керек. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө мониторинг жүргүзүү ишине катыша алат. Жергиликтүү демилгени жүзөгө ашырууда жергиликтүү жамааттын арасында долбоорлордун, идеялардын сынагын уюштуруу, жергиликтүү демилгени каржылоо үчүн өнүктүрүү фонддорун түзүү сунушталат. Мындан тышкары донорлордун каражаттары, ыктыярдуу салымдар жана жамааттардын фонддору каржылоонун булагы болуп бере алат.ЖӨБ органдары калктын керектөөлөрүн жашоочулардын катышуусу менен аныктоону сунушташат. Андан кийин жергиликтүү демилгени активисттер менен ишке ашыруу же жакшы демилгени аныктап чыгуу үчүн жергиликтүү жамааттын арасында сынак уюштуруу маселелерин талкуулап алууну сунушташат. Жергиликтүү бюджетти пландоодо мындай демилгелерди колдоого каражат каралыш керек, ошону менен бирге жамааттардын, демилгечилердин жана инвестициялардын салымы болот деген ыктымалдуулукту четке какпоо зарыл.
Соӊунда белектер Форумдун соңунда сынактын жеңүүчүлөрүнө ээлеген ордуна жараша дипломдор жана белектер тапшырылды. Анын баары өздөрү көтөрүп чыккан демилгени, АӨ аппаратынын ишин жана ЖӨБ органдары калкка көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары өнүктүрүүгө жана жакшыртууга жумшалмакчы. Уюштуруучулар жактан да, чакырылгандар жактан да форумдун катышуучулары демилге ЖӨБ органдары аймактагы маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү жамаат менен биргеликте өткөрө турган иш-чаралардын башаты гана болот деген үмүтүн билдиришти. М
Айнура Балакунова, Анара Мусаева, Алтынай Бузурманкулова,
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жарандык катышуу боюнча адистери

Окшош материалы: