Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭỴЖӨБОЖ Долбоорунун пресс-сапары. Жарандардын үнүн уга билүү жана аларга ойлогонун ишке ашырууда жардам берүү

2014-11-05 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЭỴЖӨБОЖ Долбоорунун пресс-сапары. Жарандардын үнүн уга билүү жана аларга ойлогонун ишке ашырууда жардам берүү

Ал эми бул үчүн “Жергиликтүү демилге” сынагынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи маалыматтык себеп болуп берди. Аталган сынакты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту ушуну менен үчүнчү жыл өткөрүүдө.

Калыптанып калгандай, ММКнын көңүлү борборго бурулган. Бишкекте болгондун баары маалымат агенттиктердин жана гезиттердин сайттарында жаңылыктар тизмегинде жаңылык жана кабар, ТВ жана радиодо репортаж түрүндө пайда боло калат. Ошондо адамдарда саясий, маданий, экономикалык өңдүү жигердүү турмуш борбор калаада жана башка ири шаарларда өтөт деген жаңылыш пикир калыптанып калат. Ал эми чындыгында бардык өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да региондор менен жетилет. Ал жактарда адамдар бүгүн да жүз-эки жүз жыл мурдагыдай эле жер айдайт, эгин себет, үй курат, балдарды окутат, жакшы жаңылыктарга кубанат жана эртеңки күн бүгүнкүгө караганда жакшы болот деп үмүт артат. Аймактардын биринде – Кыргызстандын эң алыскы айыл өкмөтүндө Бишкектегиден кем калышпаган жемиштүү турмуш өтүүдө. Болгону ал жактагы адамдар журналисттердин көз кырына көп илинбейт.Маалымат боштугун жарып, биздин ММКга чакан Мекендин күнүмдүк турмушун көрсөтүп, республиканын маалымат талаасында ушунчалык жетишпейжаткан очерктер жана репортаждар үчүн жаңы каармандарды ачыш үчүн Өнүктүрүү саясат институту борбордук жана аймактык журналисттер үчүн эки пресс-сапар уюштурду.
Форумдарда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айыл өкмөттөрүнүн ичинен долбоорлору жергиликтүү калк үчүн эң кызыктуу жана пайдалуу деп табылган мыктыларды сыйлоо жакшы салтка айланды.Бирок адегенде уюштуруучулардын ою боюнча,журналисттерге атүгүл жергиликтүү ММК да билбеген элеттиктердин жакшы иштерин жана жетишкендиктерин көрсөтүү керек эле. Ошентип сапарыбызды 29-30-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунан баштадык. Сапар жолундагы биринчи объект Тору-Айгыр айылы эле. Бул жерде катышуучулар өздөрү күтпөгөн куурчак театрына туш болушту. Ал эми театрд таржымалы мындай: АКШдан келген ыктыярчы Эрик ЛУКМАН менен куурчак театрынын көркөм жетекчиси Азамат КУДАБАЕВ биргелешип, кыргыз тилинде долбоор иштеп чыгышты. Бул долбоор кийин АКШ өкмөтүнүн “Тынчтык корпусу” Көз карандысыз федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн 3650 доллар өлчөмүндө каржылоого ээ болду.Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын сүрөтчү-дизайнери жана куурчак жасагандар менен биргеликте 10 куурчак персонажын даярдоо боюнча келишим түзүлдү. Айыл өкмөтү элеттик Маданият үйүнүн имаратын ремонттоо боюнча иштерди уюштурду. Ага элеттиктер да катышып, кээ бири акчалай жардам берсе, башкалары курулуш материалдарын алып келип беришти, үчүнчүлөрү эмгектенип салым кошушту. 1-июнда – Балдарды коргоо күнүндө ремонттолгон Маданият үйүндө театрдын ачылышы ийгиликтүү өттү.Долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдар: куурчактар үчүн материалга – 111 800 сом, дизайнерлердин-куурчак жасоочулардын эмгек акысы – 38 700 сом, транспорт чыгымдары – 7000 сом. Кийинки сапар Чоң-Сары-Ой айылына болду. Бул жерде ЖӨБ органдары жергиликтүү жашоочулардын өтүнүчтөрүнө кулак салып, калкты ФАПтын курулушуна тартты. Объекттин жалпы наркы 5 млн. сомдун тегерегинде болду, курулушка уруксат боюнча документтерди, участок бөлүү тууралуу маселени, долбоорду даярдоо иштерин өзүнө айыл өкмөтү алды.Курулуштун жүрүшүндө аймактын 15 жашоочусу ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.Бостериде жергиликтүү бийлик конокторго жаңы жолду көрсөтүп мактана алды. Мурда бул жолдон атүгүл Тез жардам унаасы оорулууга өз убагында жете албай, ата-энелер өз маалында баласын бала бакчага жеткире албай калгандыктан жумушуна кечигишчү. Жалпынын аракети менен жолдун 5 километри оңдолду. Эми болсо Бостериде кенен жол бар,жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
“Шамсыя” жамаатынын тажрыйбасы да журналисттерди таасирлентти. Анын мүчөлөрү баштапкы мектептин эски имаратын реконструкциялап, ал жерде мектепке чейинки билим берүү борборун ачууну сунушташты. Көп ойлонуп отурбай ишке жең түрө киришти: АРИСке долбоордук сунуш жазышты, ал 118 000 сом бөлдү, ал эми “Шамсыя” 34 421 сом кошту. Алардын ичинен эмгек салымы 25 301 сом, ал эми материалдык салым 9 120 сом болду. Жамааттар бирикмеси 64 000 сом кошумчасын берди. Өтө чоң иш жасалып, натыйжада мектептин эски имараты оюн бөлмөсү, окуу классы, ашканасы, уктоочу бөлмөсү бар жайлуу, таза, тыкан “Бөбөк” аттуу балдардын мектепке чейинки билим берүү борборуна айланды.Сапардын акыркы объектиси Липенка болду. Бул жерде жергиликтүү коомчулуктун демилгеси менен өтө маанилүү маселе чечилди – 958 үй кожолугу бар,жер участогунун жалпы аянты 5047 гектарды түзгөнүч айыл сугат суу менен камсыздалды. Долбоордун жалпы бюджети 17 млн. 300 миң сомду түздү. 5 насос станциясы курулуп, сугат системасын жана ички чарба каналдарын, үзгүлтүксүз жөнгө салуу бассейндер (ҮЖБ) системасын калыбына келтирүү боюнча иштер жасалды. Натыйжада 2000 гектар жер сугат суу менен камсыздалды.Бишкектик журналисттер Галина Лунева жана Ирина Балакинанын айтымында, аларды көлдүктөрдүн энтузиазмы жана эмгекчилдиги таасирлендирди.“Кандай азамат адамдар!”, - деп үйүнө кайтып келгенден кийин суктанып жатышты. Ал эми алардын жергиликтүү кесиптештери болсо өз жердештери тууралуу көп жаңы жана жакшы нерселерди билгенин моюндарына алышты.“Жергиликтүү демилге” сынагынын максаты – калктын жамааттын жашоосуна жана жеринде чечимдерди кабыл алуу процессине дагы да жигердүү аралашуусуна дем берүү, жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча өзгөчө ийгиликтүү мисалдарды аныктоо, өзгөчө жигердүүлөрдү шыктандыруу жана алардын тажрыйбасын башка жамааттарда жайылтуу. Максаты – Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн иш усулдарын жана жаңы ыкмаларын колдонууга көмөктөшүү. 2014-жылы Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган Долбоорду ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институту үч облустун 12 районундагы 38 айылдык аймактын өкүлдөрүнөн 74 табыштама алды. Ошону менен бирге 60% Жалал-Абад облусундагы муниципалитеттерден, 39% Ысык-Көл облусунан жана 1% Чүй облусунан түштү. Бул жылы табыштамалардын айырмалуу белгиси төмөнкүдөй болду: көп учурда авторлор ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттар, анын ичинде жарандык коом уюмдары менен өнөктөштүктө алып барган иштери тууралуу айтып беришти. Бирок жөн гана иштер тууралуу эмес, азырынча көптөр үчүн жаңы болгон натыйжа үчүн иштөө тажрыйбасы – калктын чыныгы керектөөлөрүн канааттандыруу тууралуу сөз кылышты.
Аймактарда адамдар эмнени каалайт, башы эң көп кайсы маселелерге ооруйт жана жашоо алардын алдына койгон тапшырмаларды жана көйгөйлөрдү өз күчү менен кантип чечип жатканын көрсөтүү – экинчи пресс-сапардын максаты болду. Сапардын катышуучулары 3-4-ноябрь күндөрү Жалал-Абад облусуна жол тартышты. Республиканын түштүгүндөгү ЖӨБ органдары бул жылы өзгөчөлөнүштү – сынакка эң көп табыштама ошолордон түштү. 60 табыштаманын ичинен 47си ушул облустан келди. Белгилей кетчү жагдай, демилгелердин көпчүлүгү ММК өкүлдөрү айтып берүүгө жана көрсөтүүгө татый тургандай эле.Кеңеш айылында Бишкек, Жалал-Абад, Ала-Бука жана Чаткалдан келген конокторду айылдык аймактын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Жанышалы Арзыбаев тосуп алды. Ал элеттиктердин күчү менен курулуп жаткан спорт комплекстин көрсөттү. Аны курууга жумушсуз отурган жаштар арасында аракечтикке каршы күрөш себеп болду.Бул демилге ЖӨБ тарабынан гана эмес, калктан да кеңири колдоого ээ болуп, долбоорго айылдын бардык жашоочулары катышты. Жалпы иш элеттиктердин башын бириктирип, моралдык климатты жакшыртты.
Абдураимов айылында журналисттерге кичи-футбол боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн үстү жабык стадионду көрсөтүштү. Бул объектти 1,5 млн. сомго курушкан, ал эми акчаны болсо ушул айылдан чыккан, учурда Орусияда иштеп жүргөн мигранттар чогулткан. Арзыбаевдин айтымында, стадиондун ижарасы 5 миң сом турат. Бардык түшкөн каражат атайын түзүлгөн фонддо топтолуп, жергиликтүү балдар үчүн бала бакчаны калыбына келтирүүгө жумшалмакчы.Баймондуз айылына сапар да пландалган болчу. Бул жерде бала бакча ачылган. 90 наристеден турган үч топ уктоочу жана оюн бөлмөлөрүн күлкүгө бөлөштү. Бул жерде жаңы сырдын жана линолиумдун жыты али кете элек экен. Ал эми бир жыл мурда эле “Билим” демилгелүү тобу балдардын мектепке чейинки мекемелеринде орун жетишсиздик көйгөйүнө коомчулуктун көңүл бурганга чейин бул жерде эч нерсе жок болчу. ЖӨБ органдары жана айыл жашоочулары жаңы бала бакча куруу идеясын колдоп берип, АӨ жаңы объект үчүн 30 сотик жер бөлүп, зарыл болгон бардык документтерди даярдады. 75 орундуу бала бакчанын баасы 6,4 миллион сомдун тегерегин түздү. Каражат түрдүү булактардан тартылды: 2 238 120 сом жергиликтүү бюджеттен алынды, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 1 млн. сом бөлдү,Каржы министрлигинен 2 700 000 сом өлчөмүндө дем берүүчү грант тартылды, жергиликтүү жамаат 455000 сом чогултту. Акча каражаттарынан тышкары жергиликтүү жамаат шейшеп, жаздыктарды,оюнчуктарды, жууркан менен идиш-аяктарды берди.Жеке ишкер С.Темиров 50 матрац жана керебет тартуулады.Долбоордон түз пайданы 250 адам алды,кыйыр пайдасы 1200 адамга тийди.Дөбөй айылы – бул аймактын борбордук айылы, ал калктын саны дээрлик 7 миң кишиден турган 7 калктуу конушту бириктирип турат. Алардын ичинен 7 жаштан 40 жашка чейинкилердин саны 30 пайыздын тегерегинде болот. Элет жаштарынын бош убакытты өткөрүү үчүн бараар жери жок эле. Күндүз стадиондо топ тепкени болбосо, окуудан жана иштен кийин эмне кылышат? Күн батып, тегерек капкараңгы болуп калат да. Чакан футбол талаасын кечинде пайдалануу үчүн жарык өткөрүү керек эле. Атайын план иштелип чыккандан кийин муз ордунан жылып,анын ишке ашыруу башталды. Демилгелүү топтун башкчысы Нурлан Саипов журналисттерге футбол талаасына жарык берүү үчүн заманбап шайман менен жабдылган стадионду көрсөттү. Аны элеттиктер 32 миң сомго орнотушкан, бирок эми балдар жана жаштар атүгүл түнүндө да футбол ойной алышат.Бул стадион жабылайын деп калган, аны объектти менчиктештирип алгысы келген ишкерлер айланчыктап калышкан эле. Анткен менен айылдын активисттери элдин байлыгына кол салууга жол беришкен жок. Бүгүнкү күнү футбол талаасы ээн жатпайт,жаш айылдыктарда спорт менен алектенүү, дени сак жашоого өтүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Натыйжада арак ичкен жана тамеки тарткан жаштардын саны кескин кыскарды.Сапардын катышуучулары Ленин айыл өкмөтүнүн Жыгач-Коргон айылындагы дагы бир бала бакчага күбө болушту. Долбоордун координатору, биология мугалими Бактыгүл Анарбаеванын айтымында, ал жетектеген “Аруузат” фондунун арты менен ушул маанилүү социалдык объект пайда болду. Өткөн жылдын күз мезгилинде бала бакчанын курулушу боюнча жергиликтүү демилгеге арналган элеттик чогулуш өттү. Ошондон кийин эле бала бакчанын курулушу үчүн жер участогун бөлүү тууралуу айыл өкмөтүнө өтүнүч жиберилди. Ар бир үй-бүлөдөн 3 000 сомдон акча чогултулду.2014-жылы жергиликтүү бюджеттен 450000 сом бөлүндү. Депутаттар жер участогун бөлүп берген соң бала бакчанын курулушу башталды. Долбоордун жалпы бюджети 4,5 миллион сомду түздү.Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаты Азамат АРАПБАЕВ беш тонна цемент берсе, Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Бакыт ТӨРӨБАЕВ 20 000 даана кирпич түрүндө көмөк көрсөттү. Москвадагы мигранттардан да 79 000 рубль салым түштү. Алар бул сумма ай сайын жиберилип турарын убада кылышты. Жергиликтүү жамааттан 1 000 000 сом көлөмүндө акча түшөт деп күтүлүүдө.
Алардын жарымы чогултулуп калды. Жергиликтүү бюджеттеги каражаттан 2015-жылга 600 000 сом өлчөмүндө акча бөлүнөт деп убада берилди. ӨСИ берген каражатка активисттер оюнчук сатып алышты.20 миң киши жашаган Багышта кеч болоор замат борбордук көчөгө гана жарык берилчү. Бул болсо көптөн бери адамдардын турмуш шартына ыңгайсыздык алып келаткан. 2012-жылы Багыш айылдык аймагы ЭӨЖӨБОЖ Долбоорунун пилоту болуп калды. Демилгелүү топтор айыл өкмөтү менен биргелешип өткөргөн ЭКБА-иш-чараларынын натыйжасында көчөлөрдө жарыктын жоктугу эң артыкчылыктуу маселе деп табылып, Багыш ААнын биргелешкен аракеттер планына киргизилген. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү кеңештин депутаты Эркинбек Мамбеталиев айтып берди.Айылдык аймактын жаш активисттери алакан жайып отура бербестен бул маселени чечүүгө өздөрү дакиришти. Демилгени ишке ашыруунун жалпы бюджети 237 миң сомду түздү, алардын ичинен 153и - бүтүрүүчүлөр берген акча, 30 миңи – жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат. Жергиликтүү жамаат жумушчуларды 20 миң сомго ысык тамак менен камсыздап турду. Ал эми калктын ашар усулу менен эмгек салымы 34 миң сом деп бааланды. Элеттиктердин жалпы аракети менен көчөдө 2 км 750 метр аралыкка электр жарыгы өткөрүлүп, 37 “кобра” лампасы, 4 электр автомат- “пакети”, 4 электрди эсептегич орнотулду.
Долбоордон түз пайда көргөн бенефициарлардын саны 2 365 адам,кыйыр пайда көргөндөр 200 киши болду.Белгилей кетчү жагдай, бул демилгенин авторлору – мектептин бүтүрүүчүлөр. Алар буга чейин билим алган мектебине телевизор, килем, жаңы эмерек түрүндө белектерди жасап келишкен. Баалуу буюмдардын көбү мектептеги класстардан белгисиз бир жагдайларда жоголуп кетчү. Ошондо Эркин Мамбеталиев иштеп жаткан жаштарга өз айылына жакшы иш жасоону балдар мектепке, ал эми улуу муун ишке же азык-түлүк алганы дүкөнгө барган борбордук көчөгө жарык берүүнү сунуштады Башка айыл өкмөттөрүндө да кайталоого татыктуу жакшы демилге экен, туурабы? Муну борбордук журналисттер да белгилешип, көчөлөрүндө жарыгы жок отурган шаардыктарга Багыштын активисттеринин тажрыйбасы пайдалуу болмоктугун айтышты.Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына жасалган эки ири пресс-сапардын жыйынтыгын “Деловой собеседник” журналынын аткаруучу редактору Александр Никсдорф чыгарды: “Өнүктүрүү саясат институтуна элет жергесин бизге ушундай оптимисттик маанайда көрсөткөнү үчү рахмат. Кызыктуу, окуяларга ба жашоо жолдун каршы тарабында да өтүп жатат Биз болгону аны көрө билишибиз керек”.
Лариса ЛИ

Окшош материалы: