Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кум-Бел аймагынын жашоочулары эми таза жерде жашашат

2014-12-22 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Кум-Бел аймагынын жашоочулары эми таза жерде жашашат

2014-жылдын 2-декабрында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Мукаш АРТЫКБАЕВге 1 млн. сомго сертификат тапшырды.

2014-жылдын 2-декабрында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Мукаш АРТЫКБАЕВге 1 млн. сомго сертификат тапшырды. Бул каражат таштанды чыгаруу боюнча атайын техниканы сатып алууга багытталган. 2014-жылдын май айында Долбоор Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жаңы пилоттук элеттик муниципалитеттердин аймагында өз ишин баштады.

Жаңы пилоттук муниципалитеттердин арасында Кум-Бел айылдык аймагы да бар болчу. Анын жашоочулары таштанды чыгаруучу техниканын эскиргенинен улам айылдарда тазалык жоголгонуна көп убакыттан бери даттанып келатышкан. Ошону менен бирге жаз-жай мезгилдери башталар менен жугуштуу оорулардын деңгээли жогорулай түшөт, мындан биринчи кезекте балдар жана кары-картаңдар жабыркашууда.

Калктын баамында, таштанды чыгаруу үчүн атайын техниканы сатып алуу, же катуу тиричилик калдыктарын (КТК) тазалоо жана чыгаруу боюнча ишкананы түзүү – ЖӨБ органдарынын артыкчылыктуу милдети. Жергиликтүү калк атүгүл кызмат көрсөтүүнү төлөөгө жана уюштурууга да даяр болчу. «Биздин Долбоордун алкагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шартын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого колдонула алчу каражаттар каралган, - деди Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ. – Башкача айтканда, алар анкета толтуруунун, фокус-топтордун жана элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо (ЭКБА-сессиялар) боюнча ишчаралардын жардамы менен калктын катышуусунда аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек. Биздин практикабызда калыптанып калгандай, гранттык каражаттар элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү бюджеттерине которулган. КР Каржы министрлигинде окуудан өтүп, ЖӨБ кызматкерлери сатып алууларды өз алдынча жүргүзүшкөн».

Элет көйгөлөрүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн сессиялардын жыйынтыгы боюнча, Кум-Бел муниципалитетинин жашоочулары атайын техникан– таштанды жыйноочу жүк ташуучу машинени сатып алууну чечишет.Долбоордун гранттар боюнча менеджери Султан МАЙРАМБЕКОВдун айтымында, Кум-Бел ЖӨБ органдары бир булактан сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо дагы, техниканы сатып алууга тендер жарыялашат.

«Айыл өкмөттүн өкүлдөрү кошуна муниципалитеттерде ушул өңдүү техниканын иши жана сапаты менен таанышып чыгып, импорттук комплекттерден турган техниканы бул жерден чогултуп, даярдоо начар болуп каларын аныкташты, - дейт С.МАЙРАМБЕКОВ. – Практиканы үйрөнүп чыгып, бир вариантка токтолушту: сапатка карата талаптарды сактоо үчүн техниканы чогултуу иши Орусиянын аймагында жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө алар жалпы баасы 2 340 000 сомду түзгөн техникага ээ болуп отурушат. Бул акчанын ичинен 1 340 000 сому Кум-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн». Эскерте кетсек, сентябрда Бишкекте Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын жети элеттик муниципалитети трактор сатып алууга ар бири 1 млн. сомдук сертификаттарды алышкан.

Окшош материалы: