Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2015-жылдагы шайлоо: добуш берүүнүн жаңы процесси

2015-07-02 / Көңүл чордонунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2015-жылдагы шайлоо: добуш берүүнүн жаңы процесси

Анарбек ИСМАИЛОВ, КР Президентинин КР Жогорку Кеңешиндеги толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары – КР Президенттик Аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси

Демократиялык укуктук мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болуп эркин демократиялык шайлоону камсыздоо эсептелет. Кыргызстандын коому жана саясий уюмдары бийликке карай жол шайлоо аркылуу гана өтөрүнө көнүшү керек. Таза шайлоо гана гүлдөпөнүккөн жана күчтүү Кыргызстанды курууга, өлкөдө акыйкат саясий системаны түптөөгө негиз болуп бере алат. Мына, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү процесси эки жылдан бери уланып келатат. Ушул тапта эмнелер жасалды жана жасалбай калды, кандайдыр бир каталар кеттиби, же кандай кыйынчылыктар бар, 2015-жылдын күз мезгилинде – тарыхый шайлоо маалында бизди эмнелер күтөт – артка кылчайып, мына ушуларды баалай алабыз жана муну жасаш керек.
 
Маселенин чоо-жайы Шайлоо процесстерин өркүндөтүү көйгөйүн Республиканын Президенти көтөрүп чыгып, бул маселе 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгы менен бекитилген) өлкөнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары камтылган. Документте эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу эркин жана атаандаш мүнөздөгү шайлоону өткөрүү саясий атаандаштыкты күчөтүүгө алып келери белгиленген. Бул болсо шайлоону барган сайын ачык-айкын кылып, өткөн жылдары шайлоо процессинин катышуучулары көнүмүш адатка айландырган административдик ресурсту жана ыпылас технологияларды аныктап чыгууга жардам берет.
 
Саясий күрөштүн кара мүртөз ыкмаларына андан ары бөгөт коюу максатында Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук коКүндүн темасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2015-жылдагы шайлоо: добуш берүүнүн жаңы процесси миссиясы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын негизинде өткөрүлгөн шайлоого, анын ичинде 2012-жылдын жаз жана күз мезгилдеринде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарына терең анализ жасап чыгыш керек. Мына ушул анализдин негизинде мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы берилди. Бул өзгөртүүлөр төм. камсыздайт:
 
  • шайлоо процессинин катышуучуларынын мыйзамдар менен тыюу салынган шайлоо технологияларын болтурбоо жана ошолорду натыйжалуу аныктап чыгуу;
  • шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү. Кетирилген укук бузуулар жана кыянат пайдалануулар үчүн шайлоо процессинин катышуучулары жазадан кутула албоосу;
  • калктын аярлуу тобунун өкүлдөрүнүн, аялдардын, улуттук азчылыктын өкүлдөрүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо жана шайлануу укуктарын камсыздоо максатында мыйзамдардагы ченемдерди мындан ары да өркүндөтө берүү.Практикалык иш-аракеттердин деңгээлинде шайлоо процессин техникалык байкоо каражаттары (видео көзөмөл камералары, биометрикалык паспорттор, электрондук добуш берүү каражаттары ж.б.) менен камсыздоо да болжолдонгон.
Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин 2013-жылдын 14-майында өткөн алгачкы жыйыны шайлоо процесстерин өркүндөтүү жана шайлоолордун, өзгөчө 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун таза жана айкын өтүүсүн камсыздоо маселелерине арналды. Анын натыйжасында Президент шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүп, ага төм. кирди:
  • Жогорку Кеңештеги бардык беш фракциянын депутаттары;
  • парламентке кирбей калган 5 саясий партиянын өкүлдөрү;
  • өз ишмердүүлүгүн шайлоо системасында жүзөгө ашырган бейөкмөт уюмдар;
  • БШКнын, башка мамлекеттик органдардын, прокуратура жана сот органдарынын өкүлдөрү (2013-жылдын 22-майындагы №109 Жарлык). Баары болуп жумушчу топко 33 киши кирди.
Аталган жумушчу топко бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана жарандык коом уюмдары менен кеңири талкуу өткөрүүнүн негизинде мыйзамдарды өркүндөтүү жана шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди жайылтуу боюнча сунуштарды (долбоорлорду) иштеп чыгуу жана аларды Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңешке киргизүү тапшырылды. Өкмөткө болсо 2014-жылдын экинчи кварталынын соңуна чейин калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоону түзүүнү жыйынтыктоо тапшырылган. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процесстери үчүн жабдуулардын, системалардын жана программалык камсыздоонун жармаңкесин өткөрүү, шайлоо процессинин түрдүү өңүттөрүн, анын ичинде шайлоочуну идентификациялоо, добуштарды эсептөө процессинде ачык-айкындуулукту жана көзөмөлдү камсыздоо боюнча эң эле ыңгайлуу системаны аныктап, аны жумушчу топко сунуштоо тапшырылды.
 
Жумушчу топ Жумушчу топ ишке жигердүү киришти. ЕККУнун жана шайлоого көз салууга адистешкен башка уюм дардын отчеттору изилденип чыкты. Ошол материалдарды изилдөөнүн жана аларды колдонуудагы мыйзамдар менен салыштыруунун натыйжасында шайлоо процессиндеги эң эле көйгөйлүү зоналардын картасы түзүлдү. Бул карта-схема жумушчу топко көңүлдү реалдуу көйгөйлөргө буруп, таасир этүүнүн натыйжасында бир топ маселени жоюп салчу участокторду аныктап алууга жардам берди. Ошентип бардык шайлоо процесси этаптарга бөлүнүп (карта-схемада – экинчи катар), ар бир этаптын типтүү көйгөйлөрү аныкталды – боз зоналар (карта-схемада – үчүнчү катар). Карта-схеманын 4-катарында маселени чечүүнүн болжолдуу жолдору көрсөтүлгөн. Схемада көрүнүп тургандай, шайлоочулардын тизмесин түзүү баскычында эле Көйгөйлөр бар.
 
Бул баскычта төмөнкүдөй көйгөй бар: актуалдуу эмес тизмелер, башкача айтканда, көп жыл мурда дүйнөдөн кайткандардын, же аты-жөнүн өзгөрткөндөрдүн, башка жакка көчүп кеткендердин тизмелери. Мына ошондон улам шайлоочулардын тизмеси ашкере кеңейип кеткен. Буга байланыштуу шайлоо бюллетендеринин да саны ашыкча болду, өтө көп ашык бюллетень басып чыгарылып, алар бардык шайлоо участокторунда таратылган. Бул болсо ашыкча бюллетендерди шайлоо үкөктөрүнө уучтап ыргытуу жолу менен аларды кара ниет колдонуу мумкүнчүлүгүн берген. Шайлоочулардын тизмесине байланышкан мындай кырдаал тизмени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүп жүргөн 90-жылдардын соңунан бери уланып келатканын эске сала кетели.
 
Шайлоочулардын ашыкча тизмесине байланышкан кырдаал баарына пайдалуу болчу: бийликке (административдик ресурсту колдонуу менен алар тизмени өз кызыкчылыгына пайдаланып, бюллетендерди каалашынча таштай алышкан); шайлоонун оппозициялык катышуучуларына (саясий партияларга, талапкерлерге жана алардын байкоочуларына, алар шайлоочулардын тизмесиндеги бурмалоолорду көрсөтө алмак); Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюродон, ЕККУдан шайлоого көз салган байкоочуларга пайдалуу болду – буларга тизмеге байланышкан маселелер шайлоонун таза жана ачык-айкын өтпөгөнүн ырастаган эң көп колдонулган дооматка айланган.
 
Шайлоочулардын мындай тизмеси категориалдык гранттардын суммасын жана муниципалитет үчүн көрсөтүлчү башка мамлекеттик жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө жан үрөп келишкен жергиликтүү өз алдынча башкарууга да пайдалуу болчу (гранттын же борбордон берилчү башка жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн калктын саны өтө чоң мааниге ээ). Буга катар «даректик башаламандык» деп аталып калган башка бир көйгөй курч турган: эгемендик алгандан бери көптөгөн калктуу конуштардын, көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталыштары өзгөргөн. Анткен менен ошол жаңы аталыштары тиешелүү деңгээлде таризделген эмес же катталбай калган (көптөгөн жаңы даректер жаңыча да, эскиче да аталып жүрөт). Мына ошентип кош аталыштар да пайда болду, көптөгөн үйлөрдүн номуру жок. Ошентип өлкөнүн алдында чоң милдет турду – түрдүү топтордун кызыкчылыктарына карабастан бул тизмелерди жакшылап «тазалап» чыгуу, ошондой эле бирдиктүү жана актуалдаштырылган даректүү реестр түзүү.
 
Талапкерлерди каттоо баскычында (талапкерлердин тизмеси) финансылык мүнөздөгү бир аз маселелер пайда болду. Бирок алар ашыкча эле саясатташтырылып кетиши ыктымал. Ага карабастан шайлоо күрөөсүнүн жана шайлоо фондунун көлөмүн көбөйтүү маселесин Жумушчу топ бир аз көбөйтүүнүн пайдасына чечти жана бул сунушту Жогорку Кеңеш колдоого алды.Добуш берүүнүн баскычында бир эле адам бир нече участокто добуш берген, же бир эле участокто бир нече жолу бюллетень таштай алган «карусель» деп аталган маселе өзгөчө көйгөйлүү болду. Бул көрүнүш добуштардын теңдиги принцибин (бир шайлоочу – бир добуш) бузат. Ушул эле баскычта бюллетендерди ашыкча таштоо көйгөйү да оруна алып келет. Башкача айтканда, ашыкча басып чыгарылган бюллетендер кандай бир жол менен кайсы бир талапкердин (партиянын) пайдасына толтурулуп, добуш берүү учурунда үкөккө ташталат (кээде бюллетендерди эсептеп жаткан маалда).
 
Ошондой эле шайлоо процессинде мыйзамдуулукту көзөмөлдөө баскычында да көйгөйлөр бар экенин белгилей кетүү зарыл. Мисалы, мыйзамдар менен шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө укук бузууларды карап чыгуу ишинде түрдүү мамлекеттик органдардын компетенциясы так аныкталган эмес. Айталы, бирдей эле укук бузуулар прокуратурада да, милицияда да, сотто да кароонун предмети боло ала турганы тууралуу норма бар болчу. Буга байланыштуу бийлик органдары укук бузууларга даттанып келгендерди туш-тарапка кайтарып турушкан. Бул дагы нааразылыкка жана дооматтарга себеп болгон.Сунушталчу чечимдер Артыкчылыктар Жумушчу топ узакка созулган талаш-тартыштардан жана коомдук талкуулардан кийин шайлоочулардын тизмесин түзүү жана добуш берүү баскычтарындагы көйгөйлөр негизги болуп эсептелет, ал эми аларды чечүү чоң мультипликативдүү натыйжага алып келет деген чечимге келди. Бул көйгөйлөрдү төм. түрдөгү техникалык жаңычылдыктарды жайылтуу жолу менен чечүүгө болот:
 
  • шайлоочулардын милдеттүү биометрикалык каттоосу жана тизмеге ошондой каттоодон өткөн гана жарандарды кошуу. Бул болсо «адаштардын» жана «өлүү жандардын» тизмеге кирип калуусун болтурбайт. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн адамдар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт, демек алар добуш бере алышпайт;
  • добуш берүү күнү шайлоочуну манжаларынын изи боюнча милдеттүү түрдө идентификациялоо. Бул болсо кызыкдар талапкер (партия) бир нече шайлоочуну добуш берүүгө барбай коюуга көндүрүп, алардын паспортун убактылуу алып, ошол талапкердин (партиянын) өкүлү шайлоого катышпай калган жарандардын ордуна добуш бере ала тургандай «паспорт ижарасы» деп аталып калган көрүнүштү болтурбоого жол берет
  • добуш берүүнү эсептөө баскычында автоматтык түрдө эсептеген үкөктөрдү колдонуу. Бул айырмачылык жаңы укуктук нормалар менен кошо бюллетенди эсептөөдө «адам факторунун» таасирин бир кыйла азайтат.
Мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин бөлүштүрүү Шайлоо процесси толугу менен түрдүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилик чөйрөсү боюнча так ажыратылышы үчүн Жумушчу топ жаңы Мыйзамда төмөнкүлөрдү сунуштады :
 
  • шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн (анын ичинде тизмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн) жана добуш берүү күнү шайлоочуну идентификациялоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берет (буга чейин бул үчүн БШК жана жергиликтүү шайлоо комиссиялары жооп берчү);
  • участоктордун чегин белгилөө, шайлоочулардын тизмесин такталарга илип чыгуу, тизмедеги каталарга даттанууларды кабыл алуу жана аларды МКК органдарына өткөрүп берүү, добуш берүүнү уюштуруу (бюллетендерди берүү, аларды эсептеп чыгуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана аларды жарыялоо) үчүн тиешелүү шайлоо комиссиялары жооп берет.
Шайлоочулардын тизмесин түзүү Актуалдаштырылган, башкача айтканда чын маалыматты камтыган тизмени түзүп чыгуу үчүн өтө чоң иш жасалыш керек – маңызы боюнча добуш бере ала турган калкты кайрадан каттоодон өткөрүү зарыл. Бул каттоонун жыйынтыгы Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине (КБМР) кошулат. Бул максатта 2014-жылдын июнь айында «Жарандардын биометрикалык каттоосу жөнүндө» Мыйзам кабыл алынган. Биометрикалык каттоо процессинин өзү 2014-жылдын күз мезгилинде башталып, 2015-жыл бою уланып келатат. Бара-бара жапырт биометризациялоо соңуна чыкканына жараша (паспорту бар же жок болгонуна карабастан) процесс паспорттоштуруунун кадимки жол-жобосунун баскычына өтөт.
 
Бул баскычта биринчи жолу паспорт алып жаткан адамдар гана каттоо процессинен өтөт. Катталган жарандар тууралуу маалымат борборлоштурулган маалымат базасында топтолот. Андан кийин ал берилген паспорттор тууралуу маалымат банкы, ЗАГС системасы, Социалдык фонд жана башка мамлекеттик органдар менен айкалыштырылат (3-сүрөттү караңыз). Ошентип бирдиктүү маалымат системасы пайда болот. Анда ар бир жаранга өзүнчө файл ачылып, анда төм. маалыматтар камтылат:
 
  • ПИН (азыр бул ИНН);
  • фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, анын ичинде аты-жөнүн өзгөрткөн учурда;
  • айрым бир башка маалыматтар (паспортунун номери, катталган дареги, иш жүзүндө жашаган дареги);
  • жарандыктан чыккандыгы жана өлүмү тууралуу маалыматтар;
  • сүрөтү жана бардык он манжанын изи тууралуу санариптештирилген маалымат (биометрикалык маалымат).
Бул КБМР системасынан шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн маалымат алынат.Шайлоо күнү аныкталгандан кийин Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча ишти баштайт (4-сүрөттү караңыз):
 
  • БШК шайлоо участокторунун чегин аныктайт жана аларды МККга өткөрүп берет;
  • МКК биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзөт жана электрондук түрүндө БШКга добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калганда өткөрүп берет;
  • БШК ошол замат тизмелерди басып чыгарат жана УШКга (участкалык шайлоо комиссияларына) өткөрүп берет;
  • УШК добуш берүүгө чейин 45 күндөн кечиктирбестен тизмелерди таанышып чыгуу үчүн иле баштайт;
  • шайлоочулар өздөрүн тизмеде добуш берүүгө чейин 15 календардык күн мурда текшерет. Эгерде тизмеге байланышкан суроолор пайда болсо, анда алар арыз жазып, ага өз документтеринин (паспортунун) көчүрмөлөрүн тиркеп, УШКга кайрылат. УШК арыздарды жана ага тиркелген документтерди МККга өткөрүп берет;
  • МКК добуш берүүгө чейин 10 календардык күн мурда шайлоочулардын соңку тизмесин иштеп чыгат жана түзөт, андан кийин кайра- дан БШКга өткөрүп берет;
  • БШК шайлоочулардын тизмесин басып чыгарып, добуш берүүгө чейин 3 күн мурда номер коюп, бекитип жана БШКнын мөөрү менен күбөлөндүрүп тиешелүү УШКга өткөрүп берет;
  • ММК добуш берүүгө чейин 3 күн мурда идентификациялык жабдууга (сканери жана ридери бар компьютерлер) шайлоочулардын акыркы тизмесин электрондук түрдө көчүрүп, аны шайлоо участокторуна жиберет
Добуш берүү процесси  
 
  • шайлоочу участокко келет. Кире бериште аны Мамлекеттик каттоо кызматынын оператору (МКК оператору) тосуп алат;
  • шайлоочу операторго өзүнүн ID-картасын же жалпы жарандык паспортун (чет өлкөгө чыкчу паспортун) берет;
  • оператор ID-картаны же жалпы жарандык паспортту маалыматты окуй турган түзүлүшкө (ридер) киргизет. Натыйжада компьютердин экранында шайлоочу тууралуу маалымат ачылат (бул маалымат биометрикалык каттоо маалында киргизилген): сүрөтү, ID картасынын же жалпы жарандык паспорттун номуру. Бул маалымат чоң экранга чыгып,ошол жерде отурган байкоочулар шайлоочу тууралуу маалыматты көрө алышат;
  • ошондон кийин шайлоочу манжасын (оператордун тандоосу боюнча) атайын маалымат алчу түзүлүшкө (сканерге) коет жана компьютер манжанын изин компьютерде сакталган из менен салыштырат. Эгерде маалыматтар дал келсе, анда компьютер адам идентификацияланганы тууралуу чек берет. Ошол эле учурда компьютер шайлоочунун файлын «жабат». Б.а., шайлоочу тууралуу маалыматты белгилеп коет жана ал маалыматты кайрадан колдонуу мүмкүн болбой калат;
  • шайлоочу ага берилген чекти алып, шайлоо комиссиясына барат жана ошол чекти бюллетенге алмаштырат. Ошону менен бирге шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну кагаздагы тизмеден кайрадан каттоодон өткөрөт. Б.а., шайлоочу эки жолу каттоодон өтөт: бир жолу МККнын компьютеринен, экинчи жолу участкалык комиссиянын кагаздагы тизмесинен;
  • шайлоочу бюллетенди толтуруп, аны автоматташтырылган маалымат окуй турган үкөккө (АМОҮ) таштап, участоктон чыгып кетет.
Добуштарды эсептүү процесси Саат 20:00дө шайлоо участогу жабылат, ал эми шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөөгө киришет. Эгерде участокто үйүнөн добуш берген шайлоочулар болсо (буга добуш берүү үчүн көтөрүп жүрмө кутуларды колдонуу жолу менен Мыйзам уруксат берет), анда бул кутулардан бюллетендер чыгарылып, эсептелет. Кутудан алынган бюллетендердин саны протоколго киргизилет. Ал эми бюллетендердин өзү болсо Автоматташтырылган маалыматтарды окуй турган үкөктөргө (АМОҮ) салынат.Андан кийин тиешелүү жерин баскандан кийин АМОҮ өчүрүлөт (ошону менен жаңы бюллетендерди кабыл алуу токтотулат). Ошол замат АМОҮ добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу дүмүрчөктү берет (үкөккө канча бюллетень түшкөнү ж.б. маалыматтар тууралуу).
 
Бул маалыматтар алдын ала болуп эсептелет жана добуштарды колго эсептөөнүн жыйынтыгы менен салыштырылыш керек. Добуш берүүнүн жыйынтыгы АМОҮ системасынын маалыматы менен дал келбей калган учурда талапкердин өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча добуштар кайра эсептелет. Шайлоо бюллетендер түздөн түз алардын катышуусунда эсептелет. Добуш берүүнүн соңку жыйынтыктары добуштарды колго эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Ар бир УШК боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 3 календардык күндөн кечиктирилбестен БШКнын расмий сайтында жайгаштырылат.
 
Талаш-тартыштарды чечүү Жумушчу топ шайлоо процессинде пайда болчу талаш-тартыштарды карап чыгуу тартибин өзгөртүүнү чечти. Мурда шайлоочу же шайлоо процессинин башка бир катышуучусу шайлоо комиссиянын чечимдерине жана иш-аракеттерине даттанып, сотко же андан жогору турган шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу болчу. Бул талаш-тартыштарды чечүү ишин бир кыйла создуктурчу. Эми, жаңы мыйзамдарга ылайык, участкалык же аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине, иш-аракеттерине (аракетсиздигине) биринчи инстанциядагы сотторго даттанууга болбойт. Арыздар жогору турган шайлоо комиссиясында гана каралат. Соттук тартипте БШКнын чечимдери гана даттанууга жатат. Бул болсо иштерди кароодо кесипкөй мамиле жасоого жол ачмакчы.
 
Жергиликтүү  шайлоо тууралуу Мыйзамдардагы жогоруда аталган өзгөрүүлөрдүн баары азырынча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү. Анткен менен жаңы технологиялар менен жабдуу процесси жергиликтүү шайлоолорду да кыйгап өтпөй турганы талашсыз. Мындан улам «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам да өзгөрмөкчү. Бул тууралуу программалык документтерде да (Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясы), ушул макаланын башында айтылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында да белгиленген.
 
 

Окшош материалы: