Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кенжебек БОКОЕВ: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгилиги үчүн эки шарт зарыл – ЖӨБ органдарынын күчтүү бирикмеси жана ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын башчыларын түз шайлоо

2015-08-11 / Көңүл чордонунда
Кенжебек БОКОЕВ: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгилиги үчүн эки шарт зарыл – ЖӨБ органдарынын күчтүү  бирикмеси жана ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын башчыларын түз шайлоо

Кыргызстанда муниципалитеттердин саны көп болгонуна карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоочулары аз эле. Ар бир реформаны, ар бир жаңы мыйзамды адистердин өтө тар чөйрөсү гана иштеп чыгат жана талкуулайт, ал эми мындай саясатчылардын саны андан да аз. Жакында өлкөдө чоң саясий оюн башталат парламенттик шайлоо өтөт. Бул оюнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзгөчө ролду ойнойт: дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына добуш берүүнү уюштуруу боюнча оор иштер гана жүктөлбөстөн, ошону менен бирге алар саясий партиялардын үгүт толкуну каптай турган башкаруу системасынын бир бөлүгү болуп калышат. Ошону менен бирге жарандарга гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө да көптөгөн туура сөздөрдү айтышып, бир топ убадалар берилет. Шайлоо өтөт, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз көйгөйлөрү менен кала берет. Ушундай эле көрүнүш өткөн парламенттик шайлоодо да болгон эле: чынында ал маалда жергиликтүү өз алдынча башкарууга так убаданы эч ким берген эмес, бирок өнүгүү, эркиндик, көз карандысыздык баарына убада кылынган. «Муниципалитет» журналы парламенттин ишинин жалпы жыйынтыгына баа бербейт – маалымат чөйрөсүндө бир топ тыянактарды жана пикирлерди табууга болот. Биз үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктары көз карашынан алганда парламенттин ишине баа берүү маанилүү: ал кызыкчылыктары канчалык сакталды, мыйзамдык базада олуттуу жакшыруулар болдубу, орой каталар кетирилдиби. «Муниципалитет» журналы жана Өнүктүрүү саясат институту Жогорку Кеңештин депутаттарынын өткөн чакырылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү тарыхында өз изин калтырганын белгилешет. Депутаттардын арасында ЖӨБдүн өнүгүүсүнө кызыкдар болгон, кырдаалды жакшы билген, көйгөйдү көрө алган жана аны чечүү жолдорун сунуштаган лидерлер болгону буга себеп. Мындай адамдардын кыска тизмесинин сап башында эч талашсыз Кенжебек БОКОЕВ турат.Мурда элеттик муниципалитетти жетектеп турган БОКОЕВ парламентте ЖӨБдү коргоп гана чыкпастан, депутат болуп турган мөөнөттө бир катар олуттуу мыйзам долбоорлорун кабыл алдырууга да жетишти. Ошону менен бирге БОКОЕВ ЖӨБдүн турумун жалпы талкуулардын алкагында гана коргобостон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн маанилүү мыйзамдык чечимдердин комплексин демилгелеп чыккан азыноолак депутаттардын бири болуп калды.Кенжебек БОКОЕВ кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болууга ниеттенип турат. Ошондуктан «Муниципалитет» журналы ага сөз берүүнү туура деп тапты. Бирок жалпысынан журнал да, аны басып чыгарган Өнүктүрүү саясат институту да шайлоо алдындагы өнөктүккө катышпай турганын белгилей кетели. Анткен менен жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү маселелер менен күндө алектенип, парламент жана башкаруунун башка органдары менен тыгыз байланышта болуп, жергиликтүү саясатчылардын сөзүнүн жана ишинин баасы билүү менен, депутат БОКОЕВдин жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон берилгендигин белгилебей коё албайбыз. Ошондуктан ага шайлоодо жеңиш каалайбыз.

  • Сиздин жергиликтү өз алдынча башкаруунун коргоочусу катары парламенттик амплуаңыз – бул пландаштырылган кадамбы, же окуялардын сиз үчүн күтүлбөгөн бурулушу болдубу? Депутаттык ишиңиздин башында жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен алектенүү оюңузда бар беле?
Мен Жогорку Кеңешке негизги идея менен баргам – өлкөбүздүн басымдуу бөлүгүн түзгөн, бирок өнүгүүсү көңүл жылытпаган элет калкынын кызыкчылыктарын коргоо. Ошону менен бирге өзүмдүн алдыма элеттеги турмуш шартын жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, элеттиктердин күнүмдүк жашоосунда бакубаттыкка жетүүсү өңдүү тапшырмаларды койгом. Ошентсе да бир нече башка маселелер менен алектенүүгө да туура келди. Башкаруу системасында, өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкарууда реформа жүргүзмөйүнчө башында коюлган тапшырмалар аткарылбай турганы анык болду. Ошондуктан айылдын конкреттүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча так демилгелердин ордуна жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында реформа жүргүзүү жана аны өнүктүрүү менен алектендим.
 
Тилекке каршы көпчүлүк депутаттар жана атүгүл жогорку деңгээлде дагы мамлекеттик аткаруу органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу бир топ бурмаланган түшүнүккө ээ экени, Конституцияны окубай турганы белгилүү болду.Алар ЖӨБ – бул аткаруу бийлигинин системасына кирбеген, мамлекеттик аппаратка салыштырмалуу башка мыйзамдар менен жаралып, ошолор менен жашай турган мамлекеттик башкаруунун өзгөчө системасы болгонун баамдай беришпейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун табияты мамлекеттин табиятынан айырмаланып турат. Анткени мамлекет жалпысынан калктын керектөөлөрүнө кызмат өтөсө, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу – конкреттүү жамааттын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул карама-каршы коюу эмес, бул биздин Конституциябызда бекитилген улут менен жамааттын кызыкчылыктарынын татаал, бирок үндөшкөн айкалышуусу. Бирок аткаминерлерге жергиликтүү өз алдынча башкарууда мамлекеттик аппараттын уландысын гана көрүү ыңгайлуу. 
 
Аткаминерлердин жетекчилерге административдик жаза берүүгө болгон умтулуусу мунун айкын мисалы. Айталы, жакында эле премьер-министрдин борбор калаанын мэрине жарыялаган сөгүшү эле эмнени айтып турат. Сөгүштүн логикасын ала турган болсок, кийинки кадам – катуу сөгүш болушу ыктымал, ошентип отуруп ээлеген кызматынан бошотууга чейин жетиши мүмкүн. Бирок, кечиресиздер, азыркы Конституцияга ылайык, премьер-министр мэрди иштен кетире албайт да. Мына, ушул көйгөй бар – сөгүш берүү, «килем» үстүнө чакыруу, бөтөндүн функцияларын жана милдеттенмелерин аткарууну талап кылуу. Мезгил алга кетти, башкаруу системасы түп-тамырынан бери өзгөрдү, бирок усулдар эски бойдон калды.Мына ушинтип жашап келатабыз: премьер-министр мэрге сөгүш жарыялайт, ал эми райондук акимдер элеттик муниципалитеттердин башчыларын такыр эле алдына салып алышкан – жолдун узактыгына карабастан аптасына 3-4 жолу районго келүүнү талап кылышат; алардан салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча пландын аткарылышын сурашат; эч кандай акы төлөбөстөн, менен бирге жарандарга гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө да көптөгөн туура сөздөрдү айтышып, бир топ убадалар берилет.
 
Шайлоо өтөт, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз көйгөйлөрү менен кала берет. Ушундай эле көрүнүш өткөн парламенттик шайлоодо да болгон эле: чынында ал маалда жергиликтүү өз алдынча башкарууга так убаданы эч ким берген эмес, бирок өнүгүү, эркиндик, көз карандысыздык баарына убада кылынган. «Муниципалитет» журналы парламенттин ишинин жалпы жыйынтыгына баа бербейт – маалымат чөйрөсүндө бир топ тыянактарды жана пикирлерди табууга болот. Биз үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктары көз карашынан алганда парламенттин ишине баа берүү маанилүү: ал кызыкчылыктары канчалык сакталды, мыйзамдык базада олуттуу жакшыруулар болдубу, орой каталар кетирилдиби. «Муниципалитет» журналы жана Өнүктүрүү саясат институту Жогорку Кеңештин депутаттарынын өткөн чакырылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү тарыхында өз изин калтырганын белгилешет.Депутаттардын арасында ЖӨБдүн өнүгүүсүнө кызыкдар болгон, кырдаалды жакшы билген, көйгөйдү көрө алган жана аны чечүү жолдорун сунуштаган лидерлер болгону буга себеп.
 
Мындай адамдардын кыска тизмесинин сап башында эч талашсыз Кенжебек БОКОЕВ турат. Мурда элеттик муниципалитетти жетектеп турган БОКОЕВ парламентте ЖӨБдү коргоп гана чыкпастан, депутат болуп турган мөөнөттө бир катар олуттуу мыйзам долбоорлорун кабыл алдырууга да жетишти. Ошону менен бирге БОКОЕВ ЖӨБдүн турумун жалпы талкуулардын алкагында гана коргобостон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн маанилүү мыйзамдык чечимдердин комплексин демилгелеп чыккан азыноолак депутаттардын бири болуп калды. Кенжебек БОКОЕВ кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болууга ниеттенип турат. Ошондуктан «Муниципалитет» журналы ага сөз берүүнү туура деп тапты. Бирок жалпысынан журнал да, аны басып чыгарган Өнүктүрүү саясат институту да шайлоо алдындагы өнөктүккө катышпай турганын белгилей кетели. Анткен менен жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү маселелер менен күндө алектенип, парламент жана башкаруунун башка органдары менен тыгыз байланышта болуп, жергиликтүү саясатчылардын сөзүнүн жана ишинин баасы билүү менен, депутат БОКОЕВдин жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон берилгендигин белгилебей коё албайбыз. Ошондуктан ага шайлоодо жеңиш каалайбыз.
 
  • Эки жыл мурда, 2013-жылдын жай мезгилинде өлкө социалдык жана саясий катаклизмдердин аңына түшүп кетерине аз гана калганын Кыргызстандын эли биле бербейт. Буга Ж.САТЫБАЛДИЕВдин өкмөтү сунуштаган «вертикалды күчтөндүрүү» деп аталган административдик жана саясий реформалардын кесепеттери себеп болмок. Ошол окуяларда Жогорку Кеңештин жана жеке Сиздин ролуңуз кандай болду?

Чындыгында эле кырдаалга көзөмөлдү жоготуп алууга аз эле калган. 2013-жылдагы окуяларды мен санкция берилбеген конституциялык реформа аракетине салыштырмакмын. Ж.САТЫБАЛДИЕВдин өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын талкалап, жаңы гана киргизилген эки деңгээлдүү бюджетти жокко чыгарып, ЖӨБ жетекчилерин дайындоону киргизип, ЖӨБдөн жер жана жайыттар өңдүү ресурстарды башкаруу укугун тартып алууну сунуштаган. Мындай «реформага» 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өзүнө келе албай жаткан өлкө кандай реакция жасарын элестетүү кыйын. Ресурстардын жана бийликтин райондук акимдердин колунда топтолуусу, бардык башкаруу системасынын премьер-министрге вертикалдык баш ийүүсү болжолдоп айтууга мүмкүн болбогон кесепеттерге, атүгүл социалдык жарылууга да алып келмек. Ал эми муну болсо өлкө көтөрө алмак эмес.Тилекке каршы, бул демилгеге каршы турган жалгыз күч – Жогорку Кеңеш гана болду.

Муниципалдык лидерлердин өздөрү эч кандай чара көрүшкөн жок. Бирок бул тууралуу кийин сөз болот. Ошол маалда парламенттеги тынч бөлмөлөрдө жана комитеттердин отурумундагы талкууларда кармашууга туура келди. Биринчи толкунду 2013-жылдын жаз мезгилинде бир кыйла жеңил кайтардык – өкмөттүн сунуштары юридикалык көз караштан алганда өтө «чийки» болчу жана парламент аларды кайра иштеп чыгууга кайтарган.Бирок жай мезгилинде өкмөт аппараттык «десантты» таштады – ондогон кызматчылар региондорду кыдырып, вертикалды бекемдөө боюнча демилгени колдоп берүүгө активди ынандыра башташты. Колдоочулардын бир топ санын топтоп, маселенин юридикалык жагын тазалап, ошол эле жылдын күз мезгилинде өкмөт вертикалды күчтөндүрүү боюнча сунушту кайрадан парламентке киргизди. Мына ушул жерден бизге кыйын эле болду.

Анткени өкмөт келтирген жүйөлөр ынандырарлык эле – регионалдык мамлекеттик башкаруу системасы чындап эле реформага муктаж болчу жана бул реформа жергиликтүү өз алдынча башкарууну курмандыкка чалбаш керектигине депутаттарды ынандыруу зарыл эле. Депутаттардын тобу, анын ичинде мен дагы, Өнүктүрүү саясат институту өңдүү коомдук уюмдар депутаттык корпустун жана ММКнын арасында кылдат экспертиза жана чоң түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында, жалпыбыздын аракетибиз менен кесепеттери оор боло турган бул чечимди токтотуу мүмкүн болду – демилге атүгүл негизги комитет аркылуу да өтө алган жок.Анткен менен негизги маселе – региондордо мамлекеттик башкарууну уюштуруу маселеси чечилбеген бойдон калды. Административдик-аймактык реформа токтоп турат, муниципалитеттердин ирилешүүсү ишке ашкан жок, мамлекет менен райондук деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосунда ыйгарым укуктар бөлүштүрүлгөн эмес. Ошентип өкмөт өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн башка «рецепттерди» таба албай койду.

  • 2013-жылдагы окуя, премьер-министрдин мэрге сөгүш жарыялашы, биометрикалык маалыматтарды топтоо өңдүү мына ушундай фактылар мамлекеттик бийликтин аткаруу бутагынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мамилеси көп деле өзгөрбөгөнүн көрсөттү – кызыкчылыктардын теңдиги жана саясий диалог байкалбайт, алардын ордуна буйрукчул-административдик система ишин уланта берүүдө. Ал эми Жогорку Кеңешке карата кандай? Сиз үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча кесиптештериң из менен иш алып баруу канчалык жеңил болду?

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин түшүнүү деңгээли 2011-жылга салыштырмалуу бир топ өскөнүн так айта алам. Бери дегенде комитеттердин төрагалары жана жигердүү мыйзам чыгаруу позициясы бар депутаттар беш жыл ичинде мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз ара мамилелеринин негиздерин баамдап калышты. Менин ЖӨБ чөйрөсүнөн өтө алыс болгон, мисалы, күч структураларынан келген көптөгөн кесиптештерим эми бийлик системасынын чеги менен ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын айкын көрүп калганын чоң кубаныч мен белгилей алам. Анткен менен, тилекке каршы, өтө аз депутаттар гана ЖӨБ маселелери боюнча жигердүү мыйзам чыгаруучу турумга ээ, системанын концептуалдык өнүгүүсү үчүн өзүнө жоопкерчилик алышпайт, талкууда жана добуш берүүдө колдоо көрсөтүү менен гана чектелишет. Көпчүлүк депутаттык демилгелер сектордук мүнөзгө ээ жана ЖӨБдүн кызыкчылыктары менен дараметин эсепке албайт.

Бүгүнкү күндө парламентте ЖӨБ кызыкчылыктарынын өкүлдөрүнүн чоң жана салмактуу тобу түзүлбөй калганын, мурдагыдай эле ЖӨБго арналган ишчараларда катышуучулардын тизмесинде жана ЖӨБдүн кызыкчылыктарын көздөөгө багытталган мыйзам долбоорлордун алдында беш-жети депутаттын гана аты-жөнү жүргөнүн айтууга болот. Өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосундагы кызыкчылыктардын жана саясий диалогдун теңдиги жоктугу тууралуу айта турган болсок, бул – Кыргызстан үчүн глобалдуу көйгөйдүн бир бөлүгү. Дагы бир жолу белгилей кетейин, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө базалык мыйзамдар бул саясий диалогдун алкактарын жарата алды. Ал улут менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын айкалыштыруу зарылчылыгынан улам пайда болгон.

Болгондо да ресурстар үчүн атаандашпай тургандай, бири-бирин толуктап, жалпысынан элдин жана ар бир адамдын өзүнчө өнүгүүсүнө көмөктөшкөндөй кылып толуктачу деңгээлде айкалышууга тийиш. Мында башка нерсени ойлоп табуу керек эмес – дүйнө коомчулугу узактан бери борбордун жана аймактардын кызыкчылыктар теңдиги көйгөйүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү аркылуу чечип келатат.Ал эми баланстын өзү болсо ЖӨБ менен өкмөт ортосундагы саясий диалог менен камсыздалат. Бирок Кыргызстанда саясий диалог муну өкмөт каалабаган үчүн гана жок эмес. Акыры өкмөт ар бир муниципалитет менен, ар бир жамаат менен өз-өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүүгө алы келбейт да. Анткени алардын саны дээрлик жарым миңге жетет эмеспи. Ар бир эле муниципалитет системанын жалпы көйгөйлөрүн жана керектөөлөрүн тизмектеп чыга албайт. Анткени ар бир жамаат ар башка да! Натыйжада Кыргызстанда бул системанын өзөктүк тоогосу болбогон үчүн диалог да жүрбөй жатат. Ал эми өзөктүк тоогосу – бул өз мүчөлөрүнүн – муниципалитеттердин кызыкчылыктарын чындап коргогон күчтүү муниципалдык ассоциация. Ал ассоциация бардык жергиликтүү жамааттардын атынан өкмөт менен диалогду тең укуктуу жүргүзүүгө жөндөмдүү болуш керек.

  • Күчтүү муниципалдык ассоциацияны түзүүгө ким кызыкдар жана бардык жамааттын атынан легитимдүү сүйлөй ала тургандай болуп кантип түзүлүш керек?

Формалдуу түрдө Кыргыз Республикасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу бар. Бул – жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө саясий жана сүйлөшүү процессинде өкмөттүн өнөктөшү болчу уюм. Атүгүл Союздун ролу айрым мыйзамдарда да белгиленген. Окуялардын өнүгүү логикасы жана саясий кырдаал Союздан мыйзамдык процесстерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу саясатын түзүү процессине да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга да катышууну талап кылат. Биз Союз ЖӨБ чөйрөсүндөгү ар кандай мыйзамдык жана ченемдик демилгелердин жигердүү катышуучусу болот, ЖӨБго тиешелүү бир дагы мыйзам кандай болсо да аны кыйгап өтпөйт; Союз ЖӨБ реформаларынын негизги кыймылдаткыч күчү болот, өкмөт менен саясий диалогду түзүүдө демилгечи катары чыгат деп үмтөткөн элек. Аны менен катар бардыгы Союздан ал бюджеттер аралык мамилелерге карата, өлкө бюджетин түзүү процессинде, жергиликтүү бюджеттердин кызыкчылыктарын коргоодо Союз сүйлөшүүлөргө жигердүү катышат деп күтөт.

Бирок мындай болбой жатат. Союздун мындай пассивдүү, атүгүл такыр эле болбогон турумунун себептерине токтолгум келген жок. Болгону бул бирикме көп жыл мурда «жогорудан төмөн карай» принциби боюнча, айрым коомдук уюмдардын, эл аралык долбоорлордун жана атүгүл айрым адамдардын демилгеси менен түзүлгөнүн гана кошумчалай кетейин. Союз бир убактарда Шаарлардын ассоциациясы болуп, ЖӨБ саясатына карата белгилүү бир роль ойногон тарыхый учур да болгон. Анткен менен ал учурда өкмөт жана бардык башкаруу системасы өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосундагы толук кандуу сүйлөшүү процессине жалпысынан даяр эмес болчу. Тилекке каршы, убакыт өткөн сайын Союз көндүмдөрүн жана саясий салмагын жоготуп алды. Бирок өкүнүчтүүсү – бул жоготуу процесстин калган катышуучуларынын баары саясий диалогду түзүү үчүн «бышып-жетилип» калган тарыхый учурга туш келди. Ошондо өкмөт ким менен сүйлөшөрүн деле билбей калды. Мына, акыркы эле мисалды алалы: 2015-жылдын экинчи жарымында өкмөт мектеп формасына болгон талапты бекитип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колу жука үй-бүлөлөргө аны сатып алууга жардам берүү милдетин жүктөдү. Аз камсыздалган ата-энелер жардам сурап мэрияга жана айыл өкмөтүнө чуркары түшүнүктүү. Бирок эч кимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу бул үчүн кайдан каражат алары кызыктырган жок. Анткен менен кийин канча окуучу 1-сентябрга карата кийингенин башчылардан сурашары турган иш. Эл да, өкмөт да сурайт.

Эмне үчүн мындай чечим кабыл алууда аны Союз менен талкуулашкан жок? Ал же мындай чечимди кабыл алууга жол бермек эмес, же аны республикалык бюджеттен кошумча ресурстар менен камсыздап берүүнү талап кылмак Учурда Кыргыз Республикасы жаңы муниципалдык ассоциацияга же форматын өзгөрткөн Союзга муктаж болуп турат. Ал муниципалдык кыймылга форма бермек жана өкмөт менен диалогду түзүүдө муниципалитеттердин башында турмак. Ошону менен бирге бирикме муниципалитеттердин каалоосу,демилгеси боюнча төмөн жактан башталыш керек. Кыргыз Республикасынын айрым бир облустарында жана райондорунда ЖӨБ органдарынын өз кызыкчылыктарын биргелешип коргоо үчүн биригүүгө жасаган аракетин байкап келатабыз. Мындай аракеттер башаламан мүнөзгө ээ, көп учурда муниципалдык саясатчылар өздөрүнүн гана регионалдык кызыкчылыктарын эске алып, жалпысынан бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын баамдай алышпай жатат. Бирок акыркы эки жылда мындай формалдуу жана формалдуу эмес ассоциациялар түзүлүп жатканы көп нерседен кабар берет. Биринчи кезекте бул – муниципалдык кыймылдын өз ичинен «бышканынын» далили, жергиликтүү маанидеги маселелерде ЖӨБ органдарынын улам өсүп келаткан ыйгарым укуктарынын жана көз карандысыздыгынын жыйынтыгы. Күчтүү, өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү муниципалдык ассоциация – бул бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкару унун жана жалпысынан Кыргызстандын ийгилиги үчүн биринчи кезектеги жана маанилүү шарты.

 
  • Кыргыз Республикасынын башкаруу системасы жана саясий салттары кандайдыр бир кыймылдын өнүгүүсүндө же кайсы бир идеяны жайылтууда айрым адамдар, лидерлер чо\ роль ойной тургандай түптөлүп калган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун лидердик дараметин кандай деп баалайт элеңиз? Анын өнүгүүсү үчүн эмне кылыш керек?

Лидерлик жана лидерлер – Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн анын азыркы абалында өтө оор маселе. Бул маселе улуттук деңгээлде да, түздөн түз ЖӨБ деңгээлинде да курч турат. Улуттук деңгээлде саясатчылар жана депутаттар, анын ичине министрлер корпусун, жогорку кызмат адамдарын кошкондо башкаруучулар, ММК тарабынан ЖӨБ чөйрөсүнө өтө аз көңүл бурулуп келет. ЖӨБ деңгээлинде лидерлик дараметти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн эмес. ЖӨБдүн аткаруу органынын жетекчиси кызматы дымагы күчтүү жана билимдүү, олуттуу лидерлик дарамети бар адамдарды кызыктырбайт. Мисалы, айылдык аймактын башчысын бир жагынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси башчынын ордуна талапкерлерди сунуштап, буйруктарды берип, сөгүш жарыялап кысат. Экинчи жагынан башчыга жергиликтүү кеңеш өтө катуу көз салып, айрым учурларда эч жүйөсүз көзөмөлдөп турат.Мында жергиликтүү кеңеш жөн гана башчыны шайлап койбостон, атүгүл башкарууга, кадрдык жана финансылык маселелерге чейин аралашып кетет.

 

Мындай шарттарда эки жол бар: же «аз жасаган көп ката кетирбейт» деген принцип боюнча эч нерсе кылбай коюу; же дайыма конфронтацияда болуп, тирешип, кысымга кабылуу. Жаратмандыкка, өнүгүүгө, жамааттагы жашоону жакшыртууга күч да, убакыт да калбай калат. Буга кошумча ресурстар такыр жетишсиз. Мунун баары ар кайсы маселе боюнча айыл өкмөтүнө же мэрияга баш бага берген калк тарабынан чоң үмүттөрдүн фонунда болууда. Кайсы эле саясатчы же лидер мындай шарттарда иштегиси келсин? Эң мыкты жана атаандаштыкка жөндөмдүү лидерлер жергиликтүү өз алдынча башкарууда иштегиси келбейт, бизнеске же мамлекеттик структурага умтулушат. ЖӨБдүн учурдагы башчыларын таарынткым келбейт жана алардын арасында татыктуу адамдар аз болбогонун белгилейм. Бирок алар жылаңач патриотизмдин арты менен гана иштешүүдө, ал эми иштен моралдык да, материалдык да чыныгы канааттанууну азыноолак жетекчи гана алары талашсыз. Бул туура эмес.

 

Кырдаалды жөнгө салуунун бир гана жолун көрүп турам – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилерин түз шайлоону киргизүү. Биринчиден, бул башчыларды жергиликтүү мамлекеттик администрациядан толук көз карандысыз кылып, ЖӨБго карата административдик ээнбаштыкка бөгөт коймок. Экинчиден, бул атаандаштыкты пайда кылмак – көз карандысыз кызматка умтулган чындап эле татыктуу талапкерлердин саны көбүрөөк болмок. Үчүнчүдөн, ЖМА алдына отчет берүүгө караганда, башчылардын калк алдында жоопкерчилик деңгээли да жогоруламак; ал эми жергиликтүү кеңеш алдындагы отчеттуулук тең салмакта болмок.

Мен өзүм эки жолу элеттик муниципалитеттин башчысы болгом, шайлоонун эки ыкмасы ортосундагы айырманы өз тажрыйбамдан улам көргөм.Биринчи жолу, 2005-жылы түз шайлоо жолу менен шайлангам жана шайлоо өнөктүгү маалында ар бир айылды гана эмес, ар бир көчөнү да кыдырып чыккам! Ар бир үй-бүлө менен сүйлөшүп, жашоочулардын көбү мени, мен аларды таанып калгам. Булболсо чоң жоопкерчиликти жүктөйт, мүмкүнчүлүгүңө карабастан ар бир убадаңа турушуң керек болот.Карыяларга сөз берип койгонум үчүн көпүрөнү оңдогонго өз чөнтөгүмөн акча чыгарган күндөр да болду. Башкача болушу мүмкүн эмес, себеби ар бир аткарылбай калган убада кайрадан шайлануу мүмкүнчүлүгүңдү азайтат. Тилекке каршы, 2009-жылы Конституция өзгөрүп, шайлоо кыйыр формада өтүп калды. Манипуляциялар көбөйүп, башчылардын жоопкерчилиги азайып калды деп ишенимдүү айта алам. Жергиликтүү кеңеш аркылуу шайлоо башчыга муниципалитет бир нече айылдан турса, алыскы айылга барбай деле коюуга жол берет. Ошон үчүн түз шайлоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн экинчи маанилүү шарт. Бул маселени эч токтоосуз чечүү керек.

  • Шайлоо ыкмаларына баа берүүдө эксперттер адатта түз шайлоо жергиликтүү кеңештердин күчүн кетирип, отчеттуулук коллизиясын пайда кыларын айтышат.Мындай учурда башчы деги эле кимге отчет берери – өкүлчүлүктүү орган катары кеңешкеби, же аны шайлап алган калккабы – мына ушул түшүнүксүз болуп калат. Мындан тышкары эксперттер бийликке кылмышкерлер, экстремисттер келип калуу тобокелчилиги жогору болгонун, алар мындай шайлоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына кирип кетиши мүмкүн экенин айтышат.

Эгерде жергиликтүү кеңешке башчыга ишеним көрсөтпөө укугун берсе, мындай кырдаал түзүлбөйт.Мындан тышкары референдум өңдүү аспапты колдонуу жагын караштыруу зарыл. Мисалы, Польшада референдумдардын олуттуу бөлүгү калк жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилигине нааразы болгон учурда өткөрүлөт. Жалпысынан мыйзам чыгаруучулар кеңештин мыйзам чыгаруучулук жана контролдук функцияларын аткаруусун жана башчынын калкка отчеттуулугун камсыздоо үчүн атайын системасын ойлоп таба алат жана муну жасаш керек. Акыр аягы башчы өзү каалагандай эмес, кеңеш бекиткен пландарга жана программаларга ылайык иштеш керек эмеспи. Ошондуктан муниципалитеттеги оюндун шарттарын кеңеш аныктоодо жана мындан ары да аныктай бермекчи. Бирок башчы ыкчам маневр үчүн көбүрөөк ишенимге жана эгемендикке ээ болушу шарт. Айыл өкмөтүнүн жетекчилигинде кылмышкерди же экстремистти көрүп калуу тобокелчилиги тууралуу айта турган болсом, ишенип коюуңуз, шайлоонун кыйыр системасында мындай тобокелчилик аз эмес, көбүрөөк да болушу мүмкүн. Бүтүн жамаатты керектүү адам үчүн добуш берүүгө (түз шайлоо) мажбурлаганга караганда, тогуз-он бир депутатты көндүрүү (кыйыр шайлоо) бир кыйла жеңил.

  • Жогорку Кеңештин депутаттарынын жаңы курамына кошулуп калсаңыз, Сизде иш-аракеттердин программасы барбы? Эгерде мындай болбой калса, Сиздин башка пландарыңыз барбы?

Ишаракеттердин так программасы бар: ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды жайылтууну уланта берүү – ыйгарым укуктар финансы менен камсыздалган баскычка жеткенче дагы бери дегенде 2-3 жыл талап кылынат; ЖӨБ органдарын текшерүүнү жөнгө салуу боюнча иштерди уланта берүүжергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын түз шайлоону киргизүүгө жетишүү; күчтүү ассоциация түзүүгө жана өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий диалогун уюштурууга ар тараптан көмөктөшүү. Бирок бул программа депутат болбой калсам да мен үчүн актуалдуу бойдон кала берет. Мен мисалы, коомдук ишмер катары да жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө ишимди уланта берем. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жашоонун өзүндөй эле аягы көрүнбөгөн, ар түрдүү жана бүтпөс тема.

Маектешкен Надежда ДОБРЕЦОВА, «Муниципалитет» журналынын башкы редактору

 

Окшош материалы: