Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көк-Ой айылындагы мектепте Самудин эң активдүү

2015-09-03 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Көк-Ой айылындагы мектепте Самудин эң активдүү

Долбоор: “Мектепке барбаган балдар үчүн мектепке чейинки даярдыкты уюштуруу”. Тапшырыкчы: Көк-Ой АА, Талас району, Талас облусу. Аткаруучу: “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук бирикмеси.

Көк-Ой айылы Талас районунда жайгашкан. Айыл борбордон 300 км, облус борборунан 11 км аралыкта орун алган. Бул жерде 5 810 киши жашайт, алардын ичинен жети жашка чейинки балдардын саны – 1117. СССР урагандан кийин базар экономикасына өткөн мезгилде билим берүү системасы мектепке чейинки билим берүүдөн баштап бардык этаптарында бир заматта кыйрай баштады.Ошону менен бирге социалдык коргоо деңгээли да кескин төмөндөп кетти. Натыйжада социалдык жактан аярлуу жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө өскөн балдар мектепке чейинки билим берүүдөн куру калды. Ал эми мектепке чейинки билим берүү – жалпы билим берүүнүн баштапкы деңгээли болуп эсептелет эмеспи, ошол маалда инсан катары калыптануусунун негиздери түптөлөт.
 
Мына ошондуктан өз балдарынын келечегинин камын көрүп,Көк-Ой айылдык аймагынын жашоочулары социалдык жактан аярлуу үй-бүлөдө өскөн балдардын мектепке чейинки даярдыгы маселесин артыкчылыктуу көйгөй катары аныктап алышты.2013-жылы Көк-Ой АА “Жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө КЭУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү” долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калды. Долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору 1 млн. сом көлөмүндө каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Негизги көйгөйдү аныктап алуу үчүн долбоордун алкагында 276 киши, анын ичинде 168 аял катышкан ЖМБА-иш-чаралары өткөрүлдү. Элдик жыйында аныкталган маанилүү беш көйгөйдүн ичинен “Мектепке барбаган балдар үчүн мектепке чейинки даярдыкты уюштуруу” долбоору көпчүлүктүн добушу менен тандалып алынды. Тендер аркылуу социалдык тапшырыкты аткаруу милдети “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук бирикмесине жүктөлдү.
 
Аталган бирикме 2015-жылдын январынан сентябрь айына чейин “Биз мектепке даярбыз” долбоорун ишке ашырды. Ал социалдык жактан аярлуу үй-бүлөдө өскөн балдардын мектепке даярдыгын уюштуруу максатын көздөдү.Белгилүү болгондой, бала бакчага барбаган балдар социалдык жактан ийкеми жок болуп калат, окууда кыйналышат, мындан улам курдаштарынан жетилүү жагынан артта калат. Алты жаштагы Самудин КУБАНЫЧБЕКОВ да ошондой балдардын бири болчу. Анын тагдыры ар кандай себептер менен ата-энесиз калган башка балдардын тагдырына окшош эле. Үч жашында бала таенесинин колунда калган, анткени анын ата-энеси ажырашып кеткен. Самудин 5 жашка чыкканда апасы экинчи жолу турмушка чыгып, бала жергиликтүү бейтапканада пол жууп иштеген таенесинин колуна кайтып келген. Кемпир балага мээримин төгүп, жалгыздыкты сезбесин деп болгон күч-аракетин жумшады. Бирок небересин бала бакчага берүү мүмкүнчүлүгү болбогондуктан бала түнт, эч ким менен сүйлөшпөгөн, өзүн эч кимге керексиздей сезип чоңойду.
 
Самудиндин жана таенесинин багына жараша, аталган долбоордун алкагында балдарды мектепке толугу менен даярдоо үчүн шарт түзүү максатында “Асель” бала бакчасынын базасында 28 орундуу мектепке чейинки билим берүү боюнча кошумча группа ачылды. Группага балдарды айылдагы аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн тандап алышты. Алар үчүн атайын балдар аянтчасын курушту, сабак өтүү үчүн эмеректердин толук комплектин – 30 парта жана 30 отургуч сатып алышты. Мында тышкары бул жерде компьютер, МФУ, фотоаппарат, телевизор пайда болду. Эң негизгиси “Асель” балдар бакчасынын китеп фондуна бир топ адабий китептерди сатып алышты. Мектепке даярдоо программасы боюнча окуунун биринчи аптасында педагогдор мурда бала бакчага барбаган наристелер группада, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин билбегенин, мындай балдарга жамаатта өзүн алып жүрүү кыйын болгонун, алар курдаштары менен да, улуулар менен да сүйлөшө албаганын белгилешти.
 
Балдар менен иштөөдө жеке жана жамааттык формалардын айкалышуусу зарыл болгон социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу, алардын көңүлүн бурдуруу, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн берди. Ата-энелер менен иш алып баруу да ийгиликти камсыздай алды. Себеби бала окуу процессинде үйрөнгөн көндүмдөрдү жана билимди үй-бүлөдө бекемдейт. Бул үчүн түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү.Алар: “Бала-ата-эне-педагог”, “Менин апам эң мыкты”, “Мен жакшы көргөн жомок”, “Ынтымактуу үйбүлө”, “Менин Мекеним”, “Алло, биз таланттарды издейбиз”. Самудиндин таенеси башкалардай эле бул иш-чараларга жигердүү катышты. Самудин бала бакчага келгенден тарта башка көптөгөн балдардай эле абдан өзгөрдү. Атүгүл программанын эң жигердүү катышуучусуна айланды. Ал кыргыз алфавитинин бардык тамгаларын жаттап чыкты. Эми болсо муундап окуганды, онго чейин санаганды, окуганын кайра айтып бергенди үйрөнүп, тема боюнча суроо берип, кайра аларга жооп бергенди өздөштүрдү. Ал чыгармачыл жана спорттук иш чараларга жигердүү катышып, предметтерди жана геометрикалык фигураларды айырмалап, классификациялаганды үйрөндү, жомоктогу каармандарды туураганды, алар тууралуу көркөм айтып бергенди жакшы көрөт жана дайыма бирин чи болууга аракет жасайт.
 
Бул жылы ал Момункулов атындагы мектептин биринчи классына барды жана мугалимдердин баары анын тыңдыгын, активдүүлүгүн, окууга даярдыгын белгилешти. Балдарды мектепке даярдоо программасынын окутуучусу, группанын тарбиячысы Үмүт ИСМАНОВА буларды айтты: “Алгач ал тартынчаак жана уялчаак болчу. Азыр болсо аны токтотууга мүмкүн эмес. Ал ырдайм жана бийлейм деп эле турат. Биз анын талантын ача алганыбызга сыймыктанабыз. Бул биз үчүн тарбиячы катары эң чоң жетишкендик. Бул долбоор баарыбыз үчүн өтө керек болчу, ал өз убагында ишке ашты. Биз алдыга койгон максатыбызга жеттик жана аз камсыздалган үй-бүлөдө өскөн балдарга жардам бердик. Биз баарыбыз – балдар, тарбиячылар, ата-энелер – китеп фондун эркин колдонуп жатабыз. Китептерге долбоордун жардамы менен жеттик. Башка бала бакчаларда жана мектептерде ата-энелер балдарына китепти өздөрү сатып беришет”. Самудиндин таенеси Гүлнара КУБАНЫЧБЕКОВА буларды айтып берди: “Неберем жакшы жагына өзгөргөнүнө жетине албай турам. Бир жолу дүкөнгө киргенбиз.
 
Ал болсо жарнамаларды, товарлардагы жазууларды үнүн чыгарып окуй баштады. Эми кайда гана барбайлы, ал эч уялбастан эле үнүн чыгарып окуй кетет. Бул мен үчүн акыркы убактардагы эң кубанычтуу окуяга айланды. Ал мамилечил жана маңдайы жарык балага айланды. Мектепке барганды жакшы көрөт, үй тапшырмаларын өз алдынча аткарат. Бул мектепке чейинки окууну уюштургандардын баарына ыраазычылыгымды билдирем.Неберем жакшы, тарбиялуу, акылдуу жана бактылуу адам болот деп ишенем”. Байланыш үчүн: Көк-Ой АӨ: Талас району, Талас облусу, Көк-Ой айылы, Манас көч., 92, тел.: 03422 58394. моб.: 0772 616398, 0778866394, АӨдөн долбоордун координатору – АШИРАЛИЕВ Кенжебек. “Айкөл” жарандык демил-гелерди өнүктүрүү борбору” КБ: Талас ш., тел.: 03422 55588,53967, моб.: 0557-665 222, электрондук дарек: cidcaikol@gmail.com, ТЕМИРБЕКОВА Гульмира,Аймира ДЖУМАШЕВА

 

Окшош материалы: