Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев АА: “Аталардын мурасы” долбоору

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев АА: “Аталардын мурасы” долбоору

Өмүралиев ААда артыкчылыктуу көйгөйдү тандап алуу процессинин 328 катышуучусу кыргыз маданиятын өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн шарттардын жетишсиздигин жамаат үчүн өзгөчө маанилүү жана актуалдуу социалдык маселе катары аныктап алышты.

 Муниципалдык социалдык тапшырыктын аткаруучусу болуп “Аталардын мурасы” долбоорун сунуштаган “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КУ тандалып алынды.Долбоор кыргыз элинин улуттук билимин, маданиятын жана тарыхын топтоо, аны сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт. Муниципалдык социалдык тапшырыктын эффективдүү аткаруу үчүн 3 адамдан турган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлдү. Анын курамына жамааттын лидерлери,айыл өкмөттүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык мекемелердин кызматкерлери кирди.
 
Эки транштын алкагында “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КУ төмөнкүдөй иштерди аткарды: Өмүралиев ААдагы маданият үйүнүн имаратында бөлмө бөлүндү; сынактын негизинде курулуш материалдары жеткирилип, компьютердик сабатсыздыкты жоюуга жана комузга үйрөтүү үчүн класска жана залга толук ремонт жасалды; сынактын негизинде комуздар жана кеңсе техникасы сатып алынды; “Аталардын мурасы” долбоорунун бет ачары өттү (максаттары, милдеттери, күтүлгөн жыйынтыктар, МСТ боюнча ченемдик укуктук актылар, анын ичинде КМШ өлкөлөрү жана Европа боюнча); өнөктөш уюмдун кызматкерлерин долбоорду ишке ашырууга тартуу боюнча семинар өттү; сынактын негизинде 12ден 35 жашка чейинки курактагы катышуучулар арасында сынак уюштурулуп, 40 киши тандалып алынды (комуз боюнча курска 20 киши, компьютердик сабаттуулуктун негиздери боюнча курска 20 киши).Долбоорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр: КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас облустук башкармалыгы, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.“Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КУ менен байланышуу үчүн:(+996 3422) 53967, (+996) 557 665 222,электрондук дарек: cidcaikol@gmail.com, Аймира ЖУМАШЕВА.