Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өмүралиев аймагынын келечегине жол ачкан курстар

2015-09-10 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Өмүралиев аймагынын келечегине жол ачкан курстар

Долбоор: “Аталардын мурасы” Тапшырыкчы: Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айылдык аймагы.Аткаруучу: “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КБ “ТОСМ” КБ менен консорциумда.

Өмүралиев айылдык аймагы Бишкектен 270 километр, облус борборунан 35 км аралыкта жайгашкан. Анын курамына Манас жана Чатбазар айылдары кирет. Бул эки айылдын аймагында 5 280 киши жашайт. Калктын дээрлик 30% 14төн 28 жашка чейинки жаштар. Акыркы 20 жыл ичинде бул жерде социалдык-экономикалык деңгээл бир кыйла түшүп кеткен. Маданият өнүкпөй, элеттик клубдар жабылып, музыкалык мектептер ишин токтотуп, көптөгөн улуттук каада-салттар унутта калып бараткан. Ал эми замандын талабы болгон компьютер азырынча көптөргө жете элек. 2013-жылы Өмүралиев айылдык аймагы “Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүдө КЭУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү” долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калган. Долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору миллион сом өлчөмүндө каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Ошентип муниципалдык социалдык тапшырыкты жайылтуу башталды.
 
Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу максатында аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо боюнча иш чаралар өткөрүлдү. ЖМБАсессияларына 200дөн ашык киши катышты. Натыйжада 5 негизги көйгөй аныкталып, элдик жыйында добуш берүү жолу менен алардын ичинен “Кыргыз маданиятын өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн айыл-дагы Маданият үйүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу” долбоору тандалып алынды.Кийинки кадам бул социалдык тапшырыкты ишке ашырууга жөндөмдүү КЭУну тандап алуу болду. Муниципалитет КЭУлар арасында конкурс өткөрүп, “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук бирикмеси “ТОСМ” КБ менен консорциумда жеңүүчү деп табылды.Алар “Аталардын мурасы” долбоорун сунуштаган.Долбоор салттуу билимдерди, маданиятты жана кыргыздардын тарыхын чогултуу, сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт. 2015-жылдын январь айында “Айкөл” ЖДӨБКБ менен “ТОСМ” КБ Өмүралиев ААда социалдык тапшырыкты ишке ашырууга киришкен.
 
Муниципалитет биринчи кезекте Маданият үйүнүн имаратында жай бөлүп берип, компьютердик класс (48 м2) менен холлду (25м2) толугу менен оңдоп-түзөп, 10 пластик терезе, жаңы плафондор, “жылуу пол” сатып алынып, электр түйүндөрү жаңыртылды. Жай 100% жабдылды: компьютердин 4 комплекти, МФУ, түстүү принтер, фотоаппарат, 5 комуз, зарыл болгон эмеректер сатып алынды.Өмүралиев ААда социалдык тапшырыкты жайылтуунун алкагында маанилүү компоненттердин бири эки окуу курсун уюштуруу жана өткөрүү болуп калды. Алар: комуз черткенди жана компьютерде иштегенди үйрөтүү. Бул курстар көптөгөн жергиликтүү балдар үчүн жаңы маданий агым гана эмес, ошону менен бирге келечектеги өнүгүүсү үчүн негиз болуп калды. Комуз черткенди үйрөнүүгө 14 жаштан жогору 25 бала жазылды. Ушул тапта бул балдар кыргыз композиторлорунун 8 күүсүн черткенди үйрөнүштү – “Карагат” “Кербез”, “Чоңкербез”. Окуучулардын ата-энелери кубанычын жашыра албай, чыныгы артисттерге окшоп эл алдында комуз черткен балдарына сыймыктанып турган чагы. Окуучу кыздын энеси буларды айтты: “Кызым көптөн бери комуз черткенди үйрөнгүсү келип жүргөн. Бирок Таласка барып-келүү оңой эмес.
 
Курс ачылганын угар замат жазылдык. Көздөрү жайнап турганын көрүп ошол замат комуз сатып бердик. Эми болсо ийгиликтерине жетине албай турабыз”.Компьютердик сабаттуулук боюнча курска да14 жаштан жогорку 25 бала келди. Алардын арасында Талас районундагы Манас айылынын Борошев атындагы мектебинин 10-классынын окуучусу Гүлзар ЖАКЫПБЕКОВА да бар. Гүлзардын оң колу бала чагынан бери ооруйт – манжасы көп жакшы кыймылдабай, компьютерде иштей албай жүргөн. Курстун башында түнт тартып, дээрлик эч ким менен сүйлөшчү эмес. Апасынын айтымында, Гүлзар компьютердик курска баргандан тарта ачык, айрым болуп, колунан тартынбай калды. Гүлзар MovieMaker, ProShowProducer жана PowerPoint программаларында, Word жана «Блокнот» тексттик редакторлор менен иштегенди үйрөндү. “Чоң апамдын ийиги” деп аталган иш-чара маалында Гүлзар катышуучуларга жана конокторго үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө көрсөтүп, өзүнүн уруу-тукуму, боз үйдүн философиясы жана аны жасоо чеберчилиги тууралуу сүрөт-баян даярдады. Курстун мугалими Талантбек кызы Айзада Гүлзардын жетишкендиктерин жогору баалады: “Гүлзар кадимки үй-бүлөдөн, ата-энеси пенсионер. Оорулуу колунан улам группадан эч ким менен сүйлөшпөй, өзү эле отурчу.
 
Бара-бара курска келе баштагандан тартып, долбоорду ишке ашырууга тартылып, талаа иш-чараларын тасмага тартуу, даярдоо процессине жигердүү катышып калды. Гүлзар мурдагыдай түнт болбой, курбу күттү.Азыр болсо курстун эң жигердүү катышуучуларынын бири”.Гүлзар бул долбоор ал кандай болсо, ошон үчүн сыйлаган жакшы досторду табууга жардам бергенин айтты. Эми ал компьютерди жакшы өздөштүрүп, өз күчүнө болгон ишеним пайда болду. Бул долбоор Гүлзарды кийинки иш-аракеттерге түрттү – Гүлзар Тынчтык корпусунун ыктыярчылары айылда уюштурган англис тили курсуна жазылды. Гүлзардын энеси Атыр КУДАЙБЕРГЕНОВА долбоордун талаада уюштурган бардык иш-чараларынын жигердүү катышуучусу жана бүгүнкү күндө Борборду колдоо боюнча жумушчу комиссиянын төрайымы болуп иштейт. “Мен өз кызымды тааныбай калдым. Мурда санаалаштары менен баарлашуу жетпей жүрсө, азыр алар бир ишти жасашат, чогуу окушат жана дос болуп жүрүшөт. Мен үчүн кызымдын бактысы – эң негизгиси. Ал көптү үйрөнүп, жашоодо өз жолун тапса экен дейм. Бул курстар анын кийинки өнүгүүсү үчүн чыныгы пайдубал болуп берет деп ишенем”.
 
Азыр комуз черткенди жана компьютерди үйрөткөн курстар өтчү жай Жаштардын ресурстук борбору (ЖРБ) болуп кайра түзүлдү. Учурда ЖРБны республикалык жаштар борборлорунун түйүнүнө кошуу үчүн КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине (КР ЭМЖМ) документтер даярдалып жатат. Эгерде кошулуп калса, анда борбордун иши андан ары улана бермекчи. Мындан тышкары “Айкөл” ЖДӨБ КБ менен КР ЭМЖМ ортосунда бул долбоорду дагы үч айга узартуу жана кошумча эки компьютердик жабдуу алуу тууралуу келишимге кол коюуга даярдыктар көрүлүп жатат.Байланыш үчүн: Өмүралиев АӨ: Талас району, Талас облусу, Манас айылы, С.Кутманалиев көч., 96, моб.: 0770 462777,0778 868 961, электрондук дарек: t.r.uOmuraliev@mail.ru, айыл өкмөттөн долбоордун координатору – ИМАНАЛИЕВ Тимур. “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КБ: Талас шаары, тел.: (03422) 55588, 53967, моб.: 0557 665222, электрондук дарек: cidcaikol@gmail.com, ТЕМИРБЕКОВА Гүлмира, Аймира ДЖУМАШЕВА.Журнал басылмага даярдалып жатканда...2015-жылдын октябрь айынын соңунда техникалык колдоо көрсөтүү жана Jashter Camp Манас 2015 аттуу райондук масштабдагы алгачкы иш-чараны өткөрүү жолу менен Өмүралиев ААда жаштардын ресурстук борборун колдоо боюнча мамлекеттик социалдык тапшырыкты ишке ашыруу тууралуу КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КБ ортосунда келишимге кол коюлду. Кесиптештери- бизди куттуктайбыз!

 

Окшош материалы: