Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таш-Көмүр: кичи Мекенге камкордук жана урмат

2015-09-11 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык
Таш-Көмүр: кичи Мекенге камкордук жана урмат

Долбоор: “Жаштардын жана муниципалдык түзүмдөрдүн өз ара аракети аркылуу Таш-Көмүр ш. жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү”.Тапшырыкчы: Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары. Аткаруучу: “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму.

Белгилүү өнөр-жайлуу Таш-Көмүр шаары Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, Нарын дарыясынын оң жээгинде, Бишкек – Ош жолуна жакын жайгашкан. Аймагы - 48,3 км2. Калкынын саны – 37 720 киши. Ушул тапта анын курамына Шамалды-Сай, Кызыл-Жар поселоктору жана Теңдик айылы кирет. Бишкекке чейинки аралык 450 км, Жалал-Абадга чейин 129 км түзөт. Таш-Көмүрдүн тарыхы 1930-жылы жергиликтүү көмүр кенин иштетүү менен башталган. Адегенде бул чакан кенчилердин конушу болчу, ал эми 1943-жылы шаар статусун алган. Таш-Көмүрдүн кенчилери Кыргызстанды гана эмес, мурдагы СССРдин курамына кирген дээрлик бардык республикаларды да көмүр менен камсыздап турган. Атайын курулган темир жол менен “кара алтын” даректерге жеткирилип турган. Мындан тышкары 1989-жылы бул жерде электр тогун өткөрүүчү буюмдарды чыгарган ири завод курулуп, ишке берилген. Бул заводдо кесипкөйлөрдүн катарында шаардын жаштары да иштеген. Советтер Союзу урагандан кийин Таш-Көмүрдүн өнөр жай атагы да бара-бара өчө баштаган – ишканалар иштебей, калк дээрлик жумушсуз отуруп калган, ал эми жаштар жумуш издеп туш тарапка жөнөп кеткен.
 
Акыркы жылдары шаар акырындап жандана баштады. Кичи Мекени үчүн күйгөн адамдардын жаңы мууну өсүп чыкты. Алардын бири – Медер СОЛПУЕВ – ЖАМУнун Таш-Көмүрдөгү филиалынын инженердик-педагогикалык факультетинин 5-курсунун студенти, жаш активист жана энтузиаст,шаардыктардын турмуш шартын жакшыртуу боюнча ийгиликтүү долбоорлордун автору. Медер 1994-жылы ушул жерде карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. Бала чагынан тартып эле алдына койгон максатка жетүү үчүн туура чечим табуу, тырышчаактык жана эмгекчилдиги менен айырмаланган. 2011-жылы жергиликтүү мектепти аяктагандан кийин башка жаштардай эле Медер да өлкөнүн ордо калаасында жогорку окуу жайга тапшырууну кыялданган. Бирок үй-бүлөлүк жана финансылык шарттардан улам бул кыялы орундалган эмес. Өз жолун табуу мезгили жумуш издөөгө дал келди. Кээде Медерге үмүттөрү жана кыялдары биринин артынан бири кыйрап жаткандай сезилчү. Бул өтө оор учур эле. Медер өзүн фермердикте сынап, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен да алектенип көрдү. Көп сыноолордон жана каталардан кийин, бир топко ойлонуп жүрүп, кол куушуруп отуруп калуу туура эместигин түшүнүп, кыйынчылыктарга карабай аракеттенүүнү чечти жана... түрдүү жергиликтүү, аймактык долбоорлорго катыша баштады. Андан кийин өзүнүн долбоорлорун иштеп чыга баштады. Алардын айрымдары шаардын мэриясынын көзүнө илинди.
 
Бул долбоорлор шаардын инфраструктурасын оңдоо жана шаардыктарын турмуш шартын жакшыртуу маселелерине байланыштуу болчу. “Жаштардын жана муниципалдык түзүмдөрдүн өз ара аракети аркылуу Таш-Көмүр ш. жаштардынсоциалдык-маданий өнүгүүсү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында ачылган маалыматтык-ресурстук борборго (МРБ) сапар бул иште ага чоң жардамчы болду. Аталган долбоор 2013-жылы муниципалдык социалдык тапшырыктын алкагында ишке ашырыла баштаган. Мында Таш-Көмүр шаары пилоттук муниципалитет болчу. Анын алкагында биринчи жолу жаңы социалдык тапшырык механизмин жайылтуу процесси башталган.Мында 1 млн. сом көлөмүндө чоң финансылык колдоону Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөткөн, ал эми техникалык жана консультативдик жардамды Өнүктүрүү саясат институту көрсөткөн. Долбоор ишке ашырылган учурдан тарта Медер башкалар менен тең тайлаша ЖМБА-сессияларына, жыйындарга жана башка иш-чараларга катышкан. Бул жыйындарга жергиликтүү жамааттан 294 киши катышкан. Кийин шаардык жыйында ташкөмүрдүктөр он артыкчылыктуу маселенин ичинен эң маанилүүсүн – жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү боюнча долбоорду тандап алышкан.
 
Таш-Көмүр шаарынын мэри Ислам Автандилович МАСАБИРОВ буларды айтты: “Муниципалдык социалдык тапшырыкты аткаруу үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында ишке “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму тартылды. Уюм бул жааттагы бардык зарыл ресурстарга жана методикаларга ээ болгон. Социалдык тапшырыкты ишке ашыруунун жүрүшүндө зарыл болгон тапшырмалардын баары баскыч-баскычы менен, планга ылайык аткарылган: 112 кишинин катышуусунда Жаштар конгресси уюштурулган, анын жыйынтыгында Таш-Көмүр шаарынын мэриясына караштуу Жаштар кеңеши түзүлгөн; шаардык мэриянын ишинин жеткиликтүүлүгү жана ачык-айкындуулугу үчүн www.tashkomur.kg сайты ишке берилген; шаарда алгачкы Маалыматтык-ресурстук борбор ачылган; электрондук китепкананы колдонуу үчүн WI-FI зонасы орнотулган; жаштар менен иш алып баруу жана социалдык долбоорлоо боюнча көптөгөн тренингдер өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө борбордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууну каалагандардын аягы суюлбай келет. Жыйынтыгы азыртадан эле белгилүү болуп калды: активисттерден реалдуу сунуштар түшүп жатат”. Ушул тапта Медер болгону 21 жашта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – мэрия, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташууда. Курдаштары менен шаарды өнүктүрүү боюнча дымактуу пландарды куруп,Таш-Көмүрдүн жарык жана бактылуу келечегине терең ишенет.
 
Медер өз шаарындагы өзгөрүүлөр тууралуу буларды айтты: “Акыркы эки жылда шаар мурдагыдан да кооз болуп калды, оюн-зоок жана эс алуу үчүн түрдүү жайлар пайда болду.Дени сак жашоо үчүн жакында эле эки спорт зал ачтык. Ал жакка жаштар толуп калды. Маалыматтык-ресурстук борбордун ачылышы, жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн мэрияга караштуу Жаштар кеңешинин түзүлүшү, аткаминерлердин жана жаштардын катышуусунда көптөгөн иш-чараларды өткөрүү мен жана менин досторум үчүн мындан ары өнүгүү үчүн чоң дем берди. Жаштар кеңешине жана МРБга чоң үмүт артып турам, алардын жардамы менен биздин жаштардын аң-сезими өнүгүп, ар бири турмуш жолун таба алат деп ишенем. Ал эми жалпы аракет менен шаарыбызды гүлдөтүп, бардык жашоочулар үчүн ыңгайлуу кыла алабыз. Жаңы идеялар менен бөлүшүп турчу аянтчага айланган Маалыматтык-ресурстук борбордун ачылышы менен ар бир адам өзү үчүн эмес, жалпы үчүн иштегени мага жагат.
 
Мен курдаштарым менен кошо мындан ары да шаардын түрдүү көйгөйлөрүн чечип, улуулардын тажрыйбасын алып, өз мисалымда өсүп келаткан муунду Мекенге жакшы мамиле жасоого үйрөтө бермекчимин”. Тышкы жагдайларга жана көптөгөн көйгөйлөргө карабастан Медер дайыма алдына койгон маселени чечүү жолдорун издеп, өнүгүп, жөндөмүн өркүндөтүп келатат. Анын оптимизми, алакан жайып отуруп калбастан, тырышчаактык менен алган умтулуусу Таш-Көмүр шаары кичи Мекенин өнүктүрүүгө аракеттенген прогрессивдүү жаштардын ишенимдүү колунда болгонунан кабар берет. Байланыш үчүн Таш-Көмүр шаарынын мэриясы: Жалал- Абад облусу, Таш-Көмүр ш., Сыдыков көч., 24, тел.: (03745) 50001, факс: 50410, моб.: 0779 779 700, электрондук дарек: meriya-tk@mail.ru, айыл өкмөттөн долбоордун координатору – НУСУПОВ Артыкбай. “Жаштарды өнүктүрүү институту” КУ: Бишкек ш., Фрунзе көч., 402, тел.: (0312) 896 304, 896 312, моб.: 0553 437 008, электрондук дарек: office@dr.kg, ТИЛЕБАЛДЫ уулу ЭЛИЙЗ АР,КАЛЫБАЕВА Эльнура.