Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тогуз-Булак: күн сайын Азамат Борборго жеткирип коюуну суранат

2015-09-10 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык
Тогуз-Булак: күн сайын Азамат Борборго жеткирип коюуну суранат

Долбоор: “Өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу”.Тапшырыкчы: Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булакайылдык аймагы.Аткаруучу: “Инсан-Лейлек” коомдук фонду.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө ар бир онунчу бала майып. Кыргызстанды айта турган болсок, түрдүү ооруга чалдыккан 20 минден ашык бала бар. Алардын болгону 25% гана инклюзивдик билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул балдар көп учурда обочодо калгандай шарттарда жашап келет. Ата-энелер мындай балдарын киши көзүнөн оолак кармап, коомдук турмушка аралашуусуна мүмкүнчүлүк бербей келет. Бул көйгөй 10 000 киши жашаган Тогуз-Булак айылдык аймагын да кыйгап өткөн жок.Аймактын өнүгүүсү үчүн маанилүү маселелерди карап чыгып жана талкуулап, жергиликтүү тургундар аларга өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн атайын борбор зарыл деген чечимге келишти. Ошентип 2012-жылы Тогуз-Булак АА “Жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө КЭУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү” долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калды. Долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Анын алкагында аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо максатында ЖМБА-иш-чаралары өткөрүлүп, ага 264 киши катышты.
 
Натыйжада аймактын алты артыкчылыктуу көйгөйү аныкталып, алардын бири муниципалдык социалдык тапшырыкты ишке ашыруу үчүн көпчүлүк добуш менен элдик жыйында тандалып алынды.Конкурстун негизинде “Өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу” долбоорун сунуштаган “Инсан-Лейлек” коомдук фонду аткаруучу деп тандалып алынды. Долбоор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын турмуш шартын жакшыртуу, аларды коом менен байланыш түзүүгө үйрөтүү, ата-энелердин тарбия жаатында билимин арттыруу максатын көздөйт. Анткени ата-энелер биринчи кезекте бул маселеде жалгыз эместигин билиш керек, алар баласы менен туура байланыш түзүп, реабилитациялык жардам көрсөтүп, баланын социалдык турмушка ыңгайлашуусу үчүн көндүмдөргө үйрөтө алыш керек. Күндүзгү реабилитациялык борбордун (КРБ) ишиндеги дагы бир маанилүү милдет – коом менен иш алып баруу, алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга карата мамилесин жакшы жакка өзгөртүү. Себеби коом майып адамдардын көйгөйүн көңүл сыртында калтырып келаткандыктан бул дагы деле актуалдуу маселе бойдон кала берүүдө.
 
ДЦП менен ооруган 11 жаштагы Азамат жаркылдаган, маңдайы жарык бала. Аны жакшы көргөн ата-энеси, достору бар. “Азамат бизге ата-энеси менен келген күн эсимде. Баланын оорусу өтө оор, такай жардамга муктаж. Ыңгайсыз болсо да ата-энеси аны бизге башка айылдан алып келип турушат. Биздин борбордо Азамат окуганды, башка балдар менен байланыш түзгөндү үйрөндү”, - деп айтып берди “Аярым” КРБнын жетекчиси Саадат ДОСОВА.Албетте долбоор башталганда кыйынчылыктар болбой койгон жок. “Инсан-Лейлек” коомдук фонду үчүн бул алгачкы тажрыйба болгон жана кызматкерлердин өздөрү КРБ үчүн документтерге, өзгөчө майып балдар үчүн реабилитациялык программаларды иштеп чыгууга байланышкан кошумча билимге муктаж болчу. КРБда иштөө үчүн квалификациялуу жергиликтүү кадрлардын жоктугу да долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн көйгөй жаратты. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтер көп болуп, 2015-жылдын 31-майында Бозогул айылында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн КРБнын расмий ачылышы болду. Бүгүнкү күндө борбор зарыл болгон медициналык, техникалык жана атайын жабдуулар, эмеректер, педагогдор үчүн материалдар менен камсыздалган.
 
2014-жылдын декабрында кароосуз калган муниципалдык имарат өткөрүлүп берилип, анда толук оңдоо иштери жүрдү. Айыл эли курулуш иштерине жигердүү катышып, муну менен жалпы ишке 100 000 сомдон ашык суммага бааланган салым кошушту. Мындан тышкары ушул жылдын сентябрь айынан баштап жергиликтүү бюджеттен КРБнын директорунун, медайымдын, үч тарбиячынын, логопеддин, музыканттын, ашпозчунун, кароолчунун, от жаккычтын, техникалык жана чарба кызматкерлеринин маянасы төлөнө баштады. КРБда акыл-эсинде жана дене боюнда кемтиги бар өспүрмдөрдү реабилитациялоо боюнча башка өлкөлөрдөгү ушул өңдүү борборлордун тажрыйбасын үйрөнүү боюнча семинарлар жана тренингдер өткөрүлүп турат. Ага мугалимдер, тарбиячылар, активисттер – жамаат лидерлери, ыктыярчылар, ошондой эле оорулуу балдардын ата-энелери катышат. Тренингди “Арди”, “Ар бир балага үй-бүлө” жана “Баланын кыялы” өңдүү алдыңкы КЭУлардын адистери жана тренерлери өткөрүп турушат. Мындан тышкары 12 тарбиячы, педагог жана ата-эне үчүн Баткен шаарындагы “Нур” реабилитациялык борборуна тажрыйба алмашуу сапары да уюштурулду. Азамат алдына коюлган тапшырганы аткарган сайын ата-энесинин да өз күчүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө болгон ишеними өсүп барат.
 
Азамат жана дагы 18 бала кошумча бекер медициналык текшерүүдөн өтүп, ар бир баланын жана анын үй-бүлөсүнүн психологиялык жана дене бой өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, алардын оорусу менен күрөшүү үчүн жеке реабилитациялык пландар иштелип чыкты.Азаматтын атасы Гуламали 10 жылдан бери биринчи жолу жалгыз болбогонун сезгенин айтат: “Биз колдоону сездик. Балабыз КРБга бара баштагандан тартып Азамат өзгөчө эмес, кадимки эле бала болгонун, башкалардай эле шок, кыймылдуу жана жаркылдаган бала деген сезим пайда болду. 11 жыл мурда эч кимибиз ДЦП деген оору биздин үйгө кирет деп ойлогон да эмеспиз. Биз көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Акчадан кыйналдык, туугандар далысын салып койду. Балабыздын абалы үчүн күнү-түнү санаабыз тынч болгон жок. Азамат басканды, сүйлөгөндү билчү эмес, мектепке да бара албай, дайыма медициналык жардамга муктаж болчу. Аялым массажды кантип жасаш керектигин, кандай көнүгүүлөр балабыздын абалын жеңилдетерин, ага канткенде туура мамиле жасаш керектигин билчү эмес.
 
Бир гана нерсени билчүбүз: эч качан алакан жайып отуруп калбаш керек. Анткени биздин дагы төрт балабыз бар да”. Бул долбоордун эң чоң жетишкендигин, ийгилигин Азаматтын атасынын эмоционалдуу сөзү менен жеткирсе болот: “Балам күндө эрте туруп, машинеге отуруп, аны Борборго жеткирип коюубузду суранат”.Байланыш =ч=н: Тогуз-Булак АӨ: Лейлек району, Баткен облусу, Миң-Жыгач айылы, тел.: (03656) 60005, моб.: 0778 405401, электрондук дарек: adm.toguz-bulak@mail.ru, айыл өкмөттөн долбоордун координатору –КОЙМУРАТОВ Конурбай. “ИнсанИнсан-Лейлек” коомдук фонду: Исфана ш. (Баткен облусу), Стадионная көч., 1, тел.: 03656 50104, моб.: 0773 427 932, 0770 691 184, электрондук дарек: insan_leilek@rambler.ru, СЕЙДАЛИЕВ Сагынбек, ДЕРБИШЕВА Гульнара.