Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда мамлекеттик социалдык заказ механизми иштеп кете алдыбы? Туруктуулукка карай багыт

2020-03-03 / Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык
Кыргызстанда мамлекеттик социалдык заказ механизми иштеп кете алдыбы? Туруктуулукка карай багыт

2019-жылы Кыргызстандагы беш муниципалитет коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыра баштаган. Бул долбоорлоргожергиликтүү бюджеттерден эки миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында, мисалы, Чүй облусунун Узун-Кыр, Кызыл-Октябрь жана Ленин айылдык аймактарында балдар жана жаштар жергиликтүү жамааттын социалдык турмушуна тартылат, бири-бири менен баарлашууунун жаңы көндүмдөрүнө жана билимге ээ болушат, өздөрүнүн маданий-интеллектуалдык өнүгүү деңгээлин жакшыртат. Каракол шаардык мэриясы мигранттардын балдарынын укуктарын коргоого, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жардам берип, колдоо көрсөтүүгө 400 миң сом бөлдү. Ал эми Ош шаардык мэриясы оор турмуштук кырдаалда турган кары адамдар үчүн мончо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдү конкурстун негизинде тандап алды.

Мунун баары кантип мүмкүн болду? Бул үчүн эмне керек? Кайда кайрылуу зарыл? Ким пайда тапты?

Мына ушул суроолорго 2019-жылдын 5-ноябрында өткөн конференция учурунда МСЗ долбоорунун аткаруучулары айтып беришти. Конференцияны Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкөнүгүү министрлиги (ЭСӨМ) USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасынын жана Өнүктүрүү саясат институтунун (www.dpi.kg) колдоосу менен уюштурган. Конференцияга өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын жүздөн ашуун өкүлү катышты. Алардынарасында жогоруда айтылган муниципалитеттердин аймактарында ишке ашырылган долбоорлордун катышуучулары да бар. Иш-чаранын жүрүшүндө алар мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) механизми аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу процессинде алган тажрыйбасы жана анын жыйынтыгы тууралуу айтып беришти.

“2017-жылы “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы, ошондой эле мыйзамдык актылар да кабыл алынган. Жаңы мыйзамды реалдуу жашоого киргизүү “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын күчөтүү” Долбоорунун негизги милдетине айланды. Бул долбоорду USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасынын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырып келатат1Конференциянын маалында беш муниципалитеттин өкүлдөрү (ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамаат), жарандык коом уюмдары МСЗ механизми аркылуу өнөктөштүк жана элдин эң артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүдө 2019-жылы жетишилген жыйынтыктар тууралуу айтып беришет. Конференцияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышат. Алар менен механизмди мындан ары өркүндөтүүнүн жолдору талкууланат. Механизм биринчи кезекте калктын аярлуу катмарлары үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга багытталышы керек”, - деп айтты Долбоордун менеджери Айнура ДЖУНУШАЛИЕВА.

Катышуучулардын айтымында, мамлекеттик социалдык заказ калктын эң аярлуу катмарлары сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жете алышы үчүн өкмөткө жарандык коом уюмдары менен кызматташууга жол ачкан эффективдүү механизм болгонун конференция тастыктады.

Баса, 2013-жылы КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бюджети 13,9 миллион сомду түзгөн мамлекеттик социалдык заказ механизмин жүзөгө ашырган жалгыз мамлекеттик орган болчу. Ал эми 2019-жылы үч мамлекеттик орган (ЭСӨМ, Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттик жана Саламаттык сактоо министрлиги) жана беш муниципалитет жалпы бюджети 43,8 млн. сомду түзгөн МСЗны киргизишти. Балдардын мектепке чейинки билим алуусуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында Билим берүү министрлиги социалдык заказ боюнча өзүнүн мамлекеттик пргограммасын иштеп чыгып, муктаж үй-бүлөлөргө социалдык ваучерлерди берүүнү пландап жатат.

2017-жылдан бери USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту Эмгек жана социалдык өнүгүү ми нистрлигине, жарандык коом уюмдарына улуттук жана муниципалдык деңгээлдерде социалдык заказ механизмин ишке ашырууга жардам берди. Улуттук деңгээлде МСЗнын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жол-жоболору, ЭСӨМ менен МСЗнын аткаруучусу болгон жарандык коом уюмдарынын ортосундагы өз ара байланыш механизмдери жакшыртылды; USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен иштелип чыккан МСЗ жөнүндө Мыйзамды колдонуу практикасына баа берилди. Жергиликтүү деңгээлде долбоордун катышуучулары – Баткен, Кочкор-Ата, Ош, Каракол шаарлары, ошондой эле Узун-Кыр, Ленин жана Кызыл Октябрь айылдык аймактары. 2019-жылы бул муниципалитеттер жергиликтүү бюджеттерден социалдык муктаждыктарга жалпы суммасы 1 950 000 сомго он социалдык грант бөлүп берген. Бул гранттар мигранттардын балдарын, майып балдарды, үйсүз, кары адамды, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккендерди ж.б. колдоого багытталган. Дагы бир маанилүү жагдай бар – жергиликтүү кеңештер инновациялык ыкманы киргизүүнү колдоп, МСЗнын муниципалдык программаларын жактырышты.

“Мамлекеттик социалдык заказ биз үчүн жаңы механизм болуп саналат, - деп белгиледи Караколдун вице-мэри Гүлназ ОРОЗОВА. – Бирок биз МСЗ – бул муктаж адамдардын артыкчылыктуу социалдык маселелерин чечүү процессине жарандык коом уюмдарын тартууга, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөр рыногун өнүктүрүүгө, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү курч маселелерди инновациялык усулдар менен чечүүгө шарт түзгөнүн түшүндүк”.

USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы (ББП) Кыргыз Республикасынын жарандык коому жана мамлекеттик органдары ортосундагы эффективдүү кызматташууга көмөктөшөт. Программаны АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылайт жана Ист-Вест Менеджмент Институтут (EWMI) ишке ашырат.

 

___________________


1 Биргелешип башкаруу боюнча программа (ББП) Кыргыз Республикасынын жарандык коому, жеке сектору жана өкмөтү ортосундагы эффективдүү кызматташууга көмөктөшөт. Программаны АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылайт жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырат.