2015-10-01 / Көңүл чордонунда
Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо тууралуу мыйзамдарын кескин түрдө тазартуу процесси жүрүп жатат. “Муниципалитет” журналында акыркы новеллалар тууралуу макалалар жарык көргөн. Эскерте кетели, 2014-2015-жылдары “Жарандардын биометрикалык каттоосу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна жиберилген. Бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, өлкө башчысы кол койгон. Эми алар колдонуудагы мыйзамдар болуп эсептелет. Жогоруда аталган мыйзамдардагы негизги жоболорду эсиңиздерге салалы.
“КР жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Мыйзам бардык жарандарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына (мындан ары – МКК) манжа издерин жана санарип форматтагы сүрөттөрдү берүү жолу менен биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттендирет. “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга түзөтүүлөр (мындан ары – “шайлоо жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр”) киргизилип, анда шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн жарандарды гана кошуу тууралуу эреже да көрсөтүлгөн. Шайлоого чейин белгиленген күнгө дейре (добуш берүүгө 15 күн калганда, б.а., 2015-жылдын 19-сентябрына чейин) биометрикалык каттоодон өтпөгөн адамдар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт, демек шайлоого да катыша албайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамдарга жогоруда айтылган өзгөртүүлөрдү киргизүү биринчи кезекте таза, адилеттүү жана эркин шайлоону камсыздоо, муну менен “ыпылас” шайлоонун негизги себептерин толугу менен жоюу максатын көздөгөн. Алар:
-
добуш берүүчүлөрдүн тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн гана шайлоочулардын кошуу жолу менен “бир шайлоочу
-
бир добуш” принцибин чындап камсыздоо маселеси. Бул демек катталган добуш берүүчүлөрдүн санына туура келген шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу, ошондой эле “карусель” ыкмасын колдонуу ыктымалдуулугун жокко чыгаруу дегенди түшүндүрөт;
-
добуштарды автоматтык түрдө эсептей турган шайлоо үкөктөрүн колдонуу менен бюллетендерди массалык түрдө таштоо маселесин чечүү.
Бул маселелер жергиликтүү шайлоолорго да мүнөздүү. Ошондуктан 2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы эрежелер боюнча ийгиликтүү өткөн учурда алар жергиликтүү шайлоо тууралуу мыйзамдарга да киргизилери турган иш.Буга эки стратегиялык документ милдеттендирет – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы ПЖ №11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы №109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө”
Жарлыгы. Анткен менен Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу мыйзамдарга киргизилгендей жергиликтүү шайлоо процессине да жаңы технологияларды жайылтуудан тышкары мыйзам чыгаруучулар бир катар башка маселелерди да чечүүгө тийиш. Алар кайсы маселелер?
Жергиликтүү шайлоолордун “дуализмин” сактап калуу зарылбы? Эскерте кетели, Кыргызстанда жергиликтүү шайлоо айырмалуу: а) шаарларда шайлоо пропорциялуу система боюнча өтөт. Башкача айтканда, шайлоого саясий партиялар гана көрсөткөн талапкерлер ат салышат жана шаардын аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептелет; б) айылдарда болсо шайлоо көп мандаттуу округдар боюнча өтүп келет (айылдык аймактын территориясы бир нече шайлоо округдарына бөлүнөт, алардын ар биринде бир нече депутаттык мандат “көк бөрүгө” түшөт). Ал эми депутаттыкка талапкерлерди саясий партиялар гана эмес, шайлоочулар да көрсөтө алат, талапкер да өз алдынча чыгууга укуктуу.
Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүгө катышууда саясий партиялардын монополиясын сактап калуу керекпи же талапакерлерди көрсөтүүчү башка субъекттерди (шайлоочулардын тобун, өзүн өзү көрсөткөндөрдү) кошсо болобу? Эскерте кетели, 2012-жылдын 6-июлунда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин талапкерлерди көрсөтүү укугу төм. таандык болгон:
-
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга;
-
башка шаарлардын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топторуна жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.
-
Бир айылдык аймакта катталган, бирок башка жерде каттоосуз туруктуу жашаган шайлоочулардын маселесин кантип чечиш керек? Кыргызстанда ички миграция олуттуу көйгөй, ал эми жашаган жеринде катталуу тууралуу бир кыйла либералдык мыйзамдардын шарттарында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын камсыздоо жана шайлануу маселеси оркоюп чыгууда.
-
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын – мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын түз шайлоону киргизүү керекпи? Эскерте кетели, 2010 жылы жана 2015-жылы Өнүктүрүү саясат институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, айыл өкмөт башчысын түз шайлоону колдогон жарандардын саны өскөн.
-
Ушул жана башка да маселелерди шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ карап чыгууга тийиш. Аталган маселелерди чечүүдө Өнүктүрүү саясат институтунун байкоолору жана тыянактары (мындан ары – “ӨСИнин изилдөөсү”) көңүл бурдурат. Жаңы технологияларды киргизүүнү эсепке алуу менен жергиликтүү шайлоо тууралуу келечектеги мыйзамдардын болжолдуу контурларын чийип көрөлү.
Жергиликтүү шайлоолордун “дуализмин” сактоо керекпи? Шаарлардын деңгээлинде шайлоолордун пропорциялуу системасын мыйзамдар менен киргизүү аркылуу (партиялык тизмелер боюнча) саясий партияларды өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча мамлекеттин аракеттери өзүн актаганын турмуш көрсөттү. Шайлоонун мындай системасы шаарлар үчүн абдан ыңгайлуу. Себеби партиялык өсүштүн “инкубаторунун” талаптарына дээрлик бардык параметрлери боюнча жооп берет: бул үчүн калктын саны жетиштүү, маалыматтык жана башка коммуникацияларга жакындык, саясий өнөктүктө жарандардын мобилдүүлүгү жана жигердүүлүгү көңүлгө толот.Мунун баары шаарларда партиялардын орун алып, партиялык ячейкалардын өсүшү үчүн абдан жакшы шарттарды түзүп берүүдө.Айылдарда болсо жагдай башкача: калктын саны бир кыйла аз, калк маалымат борборлорунан алыс турат. Мындан тышкары элетте талаа жана чарба иштери көп болгондуктан шаардыктарга салыштырмалуу анчалык мобилдүү эмес. Ал эми калыптанып калган туугандык мамилелер жана ички эрежелер саясий таасирге тоскоолдук болууда.
Элет калкын бир жерге чогултуу да өтө кыйын! “Материалдык” кызыкчылыкты да эсептен алып таштоого болбойт. ӨСИнин изилдөөсү көрсөткөндөй, муниципалитет канчалык жакыр болсо, саясий партиянын бул айылдык аймактын бийлигине кызыгуусу да ошончолук төмөн болот. Мындан тышкары чакан жамааттарга салыштырмалуу чоң жамааттарда жүргүзүлгөн өнөктүккө чыгаша азыраак кетет! Мындай шарттарда шайлоонун пропорциялуу системасын милдеттүү түрдө киргизүү жолу менен саясий партияларды элеттик шайлоого катышууга “мажбурлоо” дээрлик мүмкүн эмес. Саясий партиялар Жогорку Кеңешке шайлоо маалында гана айыл деңгээлине түшүүгө мажбур болгону гана жетиштүү. Ошондуктан бүгүнкү күндө жергиликтүү шайлоодо системалардын бирин (пропорциялуу же мажоритардык) жоюу идеясы актуалдуу эмес. Соңку чечим кабыл алуу үчүн жергиликтүү шайлоодогу учурдагы система бир нече жолу, бери дегенде 2016-жылы жана 2020-жылы сыналып көрүш керек. Ошондо гана шайлоо системасындагы дуализм жергиликтүү жамааттын жана жалпысынан өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп береби деген маселени ишенимдүү чечүүгө болот.
Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүгө катышууда саясий партиялардын монополиясын сактап калуу керекпи же талапкерлерди көрсөтүүчү башка субъекттерди (шайлоочулардын тобун, өзүн өзү көрсөткөндөрдү) кошсо болобу? Жогоруда айтылгандай, 2012-жылдын 6-июлуна чейин Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга, ал эми башка шаарлардын жергиликтүү кеңештерине партиялардан тышкары тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп эсептелген шайлоочулардын тобуна да таандык болчу. 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган Мыйзамдан шайлоочулардын тобу чыгарылып салынган. Бул Мыйзам башка өтө прогрессивдүү жоболорду камтыса да, Кыргыз Республикасынын Президенти шайлоочулар тобун шаардык шайлоого өз талапкерлерин көрсөтүүгө укугу бар субъекттердин ичинен шайлоочулардын тобун чыгарууга макул болгон жок. 2012-жылдын 5-мартында өзүнүн Каршы пикиринде Президент башка талаптар менен катар, мыйзамды карап чыгууну жана шайлоочулардын тобунун укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылды.
Тилекке каршы андан кийин шайлоочулардын тобунун укуктарын сактап калуу мүмкүн болгон жок жана шаардык кеңештерге өз талапкерлерин көрсөтүү укугуна ээ болгон субъекттердин ичинен шайлоочулардын тобун чыгарып салган Мыйзам 2012-жылдын 6-июлунда күчүнө кирген.Ошентип учурда бир маселени чечип алуу зарыл: шаардык шайлоодо шайлоочулардын тобунун укуктарын калыбына келтирүү керекпи же жокпу? Бул суроо жер-жерлерде саясий партияларды өнүктүрүүгө дем берүүгө тиешелүү маселеге байланыштуу болуп турат. Эгерде мыйзам чыгаруучу бийликтин атынан мамлекет жер-жерлерде саясий партиялардын өсүшүн колдоо жарандар тобунун активдүүлүгүн колдоо маселесине караганда маанилүү деп чечсе, анда колдонуудагы мыйзам өзгөрбөйт. Саясий партиялардын финансылык ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жагынан алып караганда мамлекетке жеңил болорун көңүлгө алыш керек. Анткени саясий партиялар юридикалык жак болуп эсептелет жана алардын жоопкерчилиги мыйзамдарда так белгиленген. Алардан айырмаланып, шайлоочулардын тобу бир кыйла аморфтуу түзүлүш болуп эсептелет жана алардын
финансылык, дагы башка ишмердүүлүгү, мисалы, өз талапкерлеринин тизмесин көрсөтүү тартиби ан- чалык жөнгө салынган эмес жана дыкат кайра иштеп чыгууну талап кылат.
Эгерде шайлоочулардын тобу институтун калыбына келтирүү тууралуу маселе оң чечилсе, анда шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерди катыштыруу тууралуу маселе да чыгат. Шайлоонун пропорциялуу системасы үчүн бул өтө сейрек, бирок ыктымалдуулугу жакшы эле институт. Бул тема көп жакшы изилденбегенин жана аны карап чыгуу үчүн убакыт аз болгонун эске алып, бул институтту чукул арада мыйзамдарга жана практикага киргизүү идеясы (шайлоо 2016-жылдын күзүндө өтөрүн унутпайлы) опурталдуу болуп турат. Бир айылдык аймакта катталган, бирок башка жерде каттоосуз туруктуу жашаган шайлоочулардын маселесин кантип чечиш керек? Кыргызстанда бир жерге экинчи жактан көчүп келген адам каттоого турбай койгон практика кеңири жайылган. Мындай жарандар он миңдеп, атүгүл жүз миңдеп саналат! Биометрикалык каттоо жол-жоболорун өткөрүүдө мына ушул фактты эске алууга мажбур болушууда. Балким биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын баарынын эсинде болсо керек, Мамкаттоонун оператору иш жүзүндө жашаган жери тууралуу сураган.Чын-чынына келгенде алар бул маалыматты эмне кылары түшүнүксүз. Анткени миграция тууралуу мыйзамдар азырынча ийнине жеткире иштелип чыга элек.
Анткени каттоосуз жашаганы үчүн айып пул да болгону 50 сом, ал эми дагы бир жолу бузса – 100 сом (Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекс, 384-берене “Каттоосуз жашоо”). Бул айып пулду өндүрүп алуу үчүн мындан да көп чыгаша кетет! Бирок эң негизгиси бул жерде башка суроо бар: бир айылдык аймакта катталган, бирок ал жакта жашабаган жаран шайлоочу болуп эсептелеби? Эгерде адам алыста жашаса, жергиликтүү жамааттын турмушуна эч катышпаса, анда аны шайлоого катыштырса болобу? Эгерде аны шайлоого катыштырбаса, анда адилеттүү чечим кабыл алыш үчүн мыйзамдарды кантип өзгөртүү керек? Белгилүү болгондой, каттоо эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Ички миграция жөнүндө” Мыйзамдын ченемдерине ылайык белгилейт. Анда жарандарды каттоонун жалпы ченемдери көрсөтүлгөн. Эгерде жаран башка жакка 45 же андан көп күнгө кетсе, анда ал негизги жашаган жери боюнча каттоодон чыкпастан учетко турууга милдеттүү. Ошондой эле эгерде жарандын бир нече турак жайы болсо, анда ал өзү каалаган үйүндө каттала алары тууралуу эреже бар. Жергиликтүү шайлоо тууралуу мыйзамдарды алып караганда бул эреже “туруктуу жашаган жери”, “убактылуу жашаган (турган) жери” түшүнүктөрүн анчалык так аныктай албайт. Ал эми бул болсо жергиликтүү шайлоо үчүн өтө маанилүү.
Анткени “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзам тиешелүү жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышуу укугун “жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү” болуп эсептелгендерге, башкача айтканда “жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранына” берет. “Ички миграция жөнүндө” мыйзамда “туруктуу жашаган” деген терминдин чоо-жайы тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Болгону ошол жарандын менчик укугунда болгон турак жай жөнүндө гана айтылат (16-берененин 2-бөлүгү). Эгерде жарандын ар кайсы шаарда жана айылда бир нече турак жайы бар болсо, ошол үйдө канча күн жашаса туруктуу жашады деп эсептелинет? Мындан тышкары “туруктуу жашоо” жана “көп учурда жашоо” деген түшүнүктөр бар. Ал эми бул түздөн түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да тиешелүү да. Себеби жарандарды каттоо жана алардын каттоосун көзөмөлдөө функциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген (“Ички миграция жөнүндө” Мыйзамдын 13-беренесинин 5-6-бөлүктөрү).
Мына ушул жагынан алып караганда ички миграция жөнүндө мыйзамдарды жаңы түшүнүктөр жана параметрлер менен толуктоо зарылчылыгы анык болуп турат. Ошол түшүнүктөр жарандын статусун туруктуу жашаган же убактылуу жашаган ж.б. бир түрдүү чечмелөөгө жол бермек. Макаланын авторунда тигил же бул статусту кантип аныктап, ички миграция жөнүндө мыйзамдарга канчалык деңгээлде толуктоо киргизсе болору жаатында азырынча кандайдыр бир так пикир жок. Бир гана нерсе анык болуп турат – шайлоо процесстеринде шайлоочуну биометрикалык маалыматтар боюнча так идентификациялоого жол ачкан жаңы технологияларды колдонуунун шарттарында шайлоочунун тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү катары статусу чоң мааниге ээ болот жана бул статусту аныктоонун так тартибинин зарылчылыгы – өтө маанилүү тапшырма!
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын – мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын түз шайлоону киргизүү керекпи? Окурмандын эсинде болсо керек, 2011-жылы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” колдонуудагы Мыйзам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам менен дээрлик бир маалда иштелип чыккан. Ошондо ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө кызуу талкуулар орун алган. Бирок ошондо эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгууда көпчүлүк мыйзам чыгаруучулар мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби тууралуу диспозитивдүү ченемдерди киргизүү тууралуу идеяны четке кагышкан. Жөнгө салуунун диспозитивдүү ыкмасы тууралуу идеяга ылайык, жергиликтүү жамааттарга өз уставдарында төмөнкү учурда кызматтык адамдарды шайлоо тартиби тууралуу маселени өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү берилет: эгерде кайсы бир айылдык аймактын жергиликтүү жамааты өз уставында өз айыл өкмөт башчысын түз шайлоону же дайындоону аныктабаса, анда шайлоону кеңеш өткөрөт.
Жергиликтүү жамааттарга өз уставында ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысын шайлоо (дайындоо) тартибин белгилөө укугун берүү чыныгы өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө чоң түрткү болуп, жарандардын өзүнө болгон ишенимин жогорку деңгээлге чыгарып, алар жамааттынжалпы ишине аралашканын сезишмек. Бул болсо жергиликтүү калктын мамлекеттик саясатка карата нааразылыгын да жок кылмак. Бул маселе өтө маанилүү жана чечим кабыл алган адамдардын кеңири талкуусуна берилиш керек. Түз шайлоо институтун киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган учурда эки мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизиш керек: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга жана “Жергиликтүү
кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга. Балким “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга да өзгөртүү киргизилет. Мындан улам өзгөчө түз шайлоону бюджеттик камсыздоо көз карашынан алганда 2016-жылы күзүндө өтчү шайлоого чейин бул маселени бир өңчөй чечүү мүмкүн болбогону анык. Жогоруда айтылгандардан улам кандай тыянак жасасак болот?
Жогорку Кеңештин депутаттарын жаңы технологиялар жана мыйзамдар боюнча шайлоонун натыйжасы жергиликтүү шайлоолордун болочок моделин аныктоодо негизги идея болуп эсептелет.Эгерде баары ойдогудай болсо, анда жергиликтүү шайлоо да жаңы технологияларды жана эрежелерди пайдалануу менен өтөт. Бирок бир катар мыйзамдык актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизмейинче шайлоо процессин “технологизациялоо” миграцияны эсепке алуу, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы өңдүү маселелерди чечпейт. Жергиликтүү кеңештерди шайлоого чейин убакыт өтө аз калды. Буга байланыштуу шайлоо мыйзамдарына кандайдыр бир кескин өзгөртүүлөрдү киргизүү максатка ылайыктуу болбой турат.