Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КАЙРАДАН БИОМЕТРИКАЛЫК КАТТОО ТУУРАЛУУ

2015-10-03 / Көңүл чордонунда
КАЙРАДАН БИОМЕТРИКАЛЫК КАТТОО ТУУРАЛУУ

Үстүбүздөгү жылдын июль айында “Муниципалитет” журналынын №7 (44) санында жарыяланган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо-2015: добуш берүүнүн жаңы процесси” аттуу макалада шайлоо мыйзамдарындагы жаңылыктар тууралуу баяндап, шайлоочулардын тизмесин даярдоо, добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессин кеңири сүрөттөп бергенбиз. Эскерте кетели, шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселесин Кыргыз Республикасынын Президенти көтөргөн жана 2013-2014-жылдар мезгилиндеги Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына (Кыргыз Реcпубликасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы ПЖ №11 Жарлыгы менен бекитилген) өлкөнүн артыкчылыктуу тапшырмаларынын бири катары кошулган.

Аталган Стратегияда мыйзамдарга төмөнкүлөрдү камсыздай турган зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы коюлган:
 
  • шайлоо процессинин катышуучуларынын мыйзам менен тыюу салынган технологияларды натыйжалуу аныктап чыгуу жана ага бөгөт коюу;
  • шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү. Мыйзам бузган жана кыянаттык менен пайдаланган шайлоо процессинин катышуучуларын жазалоо;
  • калктын аярлуу катмарларынын өкүлдөрү, аялдар, улуттук азчылыктын өкүлдөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн шайланууга укук берүү.
Практикалык иш-аракеттердин деңгээлинде шайлоо процессин байкоо каражаттары (көзөмөл камералары, биометрикалык паспорттор, электрондук добуш берүү каражаттары ж.б.) менен камсыздоо болжолдонгон. Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин чечимдерин аткаруу үчүн Жумушчу топ түзүлгөн. Ал шайлоо процесси маалындагы бардык көйгөйлөргө анализ жүргүзүп, добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзүү жана добуш берүү баскычтарында пайда болгон көйгөйлөрдү негизги деп тааныган. Шайлоочулардын тизмесин түзүү баскычында эле төмөнкүдөй көйгөй бар: актуалдуу эмес тизмелер, башкача айтканда, көп жыл мурда дүйнөдөн кайткандардын, же аты-жөнүн өзгөрткөндөрдүн, башка жакка көчүп кеткендердин тизмелери. Мына ошондон улам шайлоочулардын тизмеси ашкере кеңейип кеткен. Буга байланыштуу шайлоо бюллетендеринин да саны ашыкча болду, өтө көп ашык бюллетень басып чыгарылып, алар бардык шайлоо участокторунда таратылган.
 
Бул болсо ашыкча бюллетендерди шайлоо үкөктөрүнө уучтап ыргытуу жолу менен аларды кара ниет колдонуу мумкүнчүлүгүн берген.Шайлоочулардын тизмесине байланышкан мындай кырдаал тизмени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүп жүргөн 90-жылдардын соңунан бери уланып келатканын эске сала кетели. Шайлоочулардын "көптүрүлгөн" тизмесине байланышкан кырдаал баарына пайдалуу болчу: бийликке (административдик ресурсту колдонуу менен алар тизмени өз кызыкчылыгына пайдаланып, бюллетендерди каалашынча таштай алышкан); шайлоонун оппозициялык катышуучуларына (саясий партияларга, талапкерлерге жана алардын байкоочуларына, алар шайлоочулардын тизмесиндеги бурмалоолорду бетке кармамак). Кырдаал тууралуу Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюродон, ЕККУдан шайлоого көз салган байкоочулар тарабынан да көп жолу сөз болгон; алар бул кырдаалдо шайлоонун таза жана ачык-айкын өтпөгөнүн ырастаган эң көп колдонулган доомат деп эсептешкен.
 
Шайлоочулардын "көптүрүлгөн" тизмеси категориалдык гранттардын суммасын жана муниципалитет үчүн көрсөтүлчү башка мамлекеттик жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө жан үрөп келишкен жергиликтүү өз алдынча башкарууга да пайдалуу болчу (гранттын же борбордон берилчү башка жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн калктын саны өтө чоң мааниге ээ). Буга катар “даректик башаламандык” деп аталып калган башка бир көйгөй курч турган: эгемендик алгандан бери көптөгөн калктуу конуштардын, көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталыштары өзгөргөн.Анткен менен ошол жаңы аталыштары тиешелүү деңгээлде жол-жоболоштурулган эмес же катталбай калган (көптөгөн жаңы даректер жаңыча да, эскиче да аталып жүрөт). Мына ошентип кош аталыштар да пайда болду, көптөгөн үйлөрдүн номуру жок. Ошентип өлкөнүн алдында чоң милдет турду – түрдүү топтордун кызыкчылыктарына карабастан бул тизмелерди жакшылап “тазалап” чыгуу,ошондой эле бирдиктүү жана актуалдаштырылган даректүү реестр түзүү.
 
Добуш берүүнүн баскычында бир эле адам бир нече участокто добуш берген, же бир эле участокто бир нече жолу бюллетень таштай алган “карусель” деп аталган маселе өзгөчө көйгөйлүү болду. Бул көрүнүш добуштардын теңдиги принцибин (бир шайлоочу – бир добуш) бузат. Ушул эле баскычта бюллетендерди ашыкча таштоо көйгөйү да орун алып келет. Башкача айтканда, ашыкча басып чыгарылган бюллетендер кандай бир жол менен кайсы бир талапкердин (партиянын) пайдасына толтурулуп, добуш берүү учурунда үкөккө ташталат (кээде бюллетендерди эсептеп жаткан маалда). Жумушчу топ узакка созулган талаш-тартыштардан жана коомдук талкуулардан кийин төмөнкү түрдөгү техникалык жаңычылдыктарды жайылтуу жолу менен чечүүгө болот деген чечимге келди:
 
  • Шайлоочулардын милдеттүү биометрикалык каттоосу жана тизмеге ошондой каттоодон өткөн гана жарандарды кошуу. Бул болсо “адаштардын” жана “өлүү жандардын” тизмеге кирип калуусун болтурбайт. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн адамдар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт, демек алар добуш бере алышпайт.
  • Добуш берүү күнү шайлоочуну манжаларынын изи боюнча милдеттүү түрдө идентификациялоо. Бул болсо кызыкдар талапкер (партия) бир нече шайлоочуну добуш берүүгө барбай коюуга көндүрүп, алардын паспортун убактылуу алып, ошол талапкердин (партиянын) өкүлү шайлоого катышпай калган жарандардын ордуна добуш бере ала тургандай “паспорт ижарасы” деп аталып калган көрүнүштү болтурбоого жол берет.
Добуш берүүнү эсептөө баскычында автоматтык түрдө эсептеген үкөктөрдү колдонуу. Бул айырмачылык жаңы укуктук нормалар менен кошо бюллетенди эсептөөдө “адам факторунун” таасирин бир кыйла азайтат. Жумушчу топтун жогорудагы чечимдерин негизге алуу менен Жогорку Кеңештин депутаттары “Жарандардын биометрикалык каттоосу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна киргизишкен. Бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, өлкө башчысы кол койгон. Эми алар колдонуудагы мыйзамдар болуп эсептелет. Жогоруда аталган мыйзамдардын негизги жоболорун эсиңиздерге салалы. “КР жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Мыйзам бардык жарандарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына (мындан ары – МКК) манжа издерин жана санарип форматтагы сүрөттөрдү берүү жолу менен биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттендирет.
 
“Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга түзөтүүлөр (мындан ары – “шайлоо жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр”) киргизилип, анда шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн жарандарды гана кошуу тууралуу эреже да көрсөтүлгөн. Шайлоого чейин белгиленген күнгө дейре (добуш берүүгө 15 күн калганда, б.а., 2015-жылдын 19-сентябрына чейин) биометрикалык каттоодон өтпөгөн адамдар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт, демек шайлоого да катыша албайт. Эки мыйзамдагы жогорудагы жоболорду калктын басымдуу бөлүгү өзгөчө каршылыксыз кабыл алды. Анткен менен буларга кескин каршы болгон адамдар чыкты жана атүгүл аларды жокко чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Конституциялык палатага (мындан ары – “Конституциялык палата”) кайрылышты. Алар жарандардын жеке жашоо сырына (“Биометрикалык каттоо жөнүндө” Мыйзамдын бөлүгүндө) жана шайлоого катышууга (шайлоо тууралуу мыйзамдарга түзөтүүлөр бөлүгүндө) болгон конституциялык укуктары бузулганын жүйө келтиришти.
 
Бул дооматтар канчалык укуктуу? Ушул берененин автору Жумушчу топтун пикирине, ошондой эле мыйзамдардагы аталган түзөтүүлөрдү иштеп чыккан, кабыл алган жана бекиткен (кол койгон) Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Пре зидентинин бул мыйзамдар Конституцияга каршы келбейт деген пикирлерине кошулат. Эсиңиздерге салалы, шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр конституциялык мыйзам болуп эсептелет жана аны Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн бири кабыл алынат, бул болсо 120 депутаттын 80ден кем эмеси дегенди билдирет! Мыйзам жаратуу үчүн бир кыйла бай тажрыйбага ээ, демек укуктук экспертизаны билген ушунча сандагы депутаттар Конституцияга карама-каршы келген документ кабыл алууга жол бериши мүмкүн болгонун элестетүү кыйын. Атүгүл Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Л.Заньер биометрикалык каттоого жана анын шайлоо процессинде колдонулушуна жогорку баасын берди (http://kg.akipress.org/news:620294).
 
Жогоруда айтылган жаңы жоболор Конституцияга карама каршы келбейт жана анын принциптерине, ошондой эле адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык актыларга толугу менен шайкеш келет. Шайлоо тууралуу мыйзамдарга түзөтүүлөр 20-берененин 2-бөлүгүнүн, 4-5-бөлүктөрүнүн, 52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун жоболоруна, ошондой эле “Биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзам Конституциянын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө негизделген.Айталы, Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө мындай деп айтылган: “Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек”. Шайлоого байкоо салган ЕККУ жана башка уюмдар (анын ичинде кыргызстандык бейөкмөт уюмдар да) дайыма айтып келген “ыпылас” шайлоонун негизги себептери төмөнкүлөр болчу:
 
  • тизмелерди “ашыкча көбөйтүү” жолу менен шайлоочулардын тизмесин болуп көрбөгөндөй бурмалоо (дүйнөдөн кайткан адамдарды, башка жакка көчүп кеткендерди же аты-жөнүн өзгөртүп алгандарды тизмеге кошуу) “бир шайлоочу- бир добуш” принцибин бузууга алып келет. Мында бир эле адам бир же бир нече участокто көп жолу добуш бере алат.
  • шайлоочулардын “ашыкча көбөйтүлгөн” тизмесине негизделген бюллетендердин санын жасалма көбөйтүү, бул болсо ашыкча бюллетендерди добуш берүү маалында үкөккө таштоо жолу менен “туура” колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет;
  • добуштарды эсептөө маалында ашып калган бюллетендерди уучтап таштоо. Конституциянын жогоруда келтирилген формулировкасын жана ЕККУ көрсөткөн себептерди карманып, суроо береличи – талашып жаткан мыйзамдар улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо милдеттерин аткарып жатабы?
Бир адам бир нече жолу (карусель), ал эми башка адам бир гана жолу добуш берген учурда бул башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузабы? Ашыкча бюллетендерди шайлоо үкөгүнө уучтап таштоо, башкача айтканда добуш берүүнү бурмалоо калктын, өзгөчө жаштардын адеп-ахлактуулугуна таасирин тийгизеби? Мындай шайлоону таза өттү деп эсептей алабызбы? Добуштарды бурмалоо жолу менен келген парламентти легитимдүү деп эсептесе болобу жана ал кабыл алган мыйзамдарга, ал түзгөн Өкмөткө ишеним болобу? Мындай шарттарда коомдогу туруктуулукка жана стабилдүүлүккө ишеним артуу мүмкүнбү? Акыр аягында жогоруда аталган “карусель” жана бюллетендерди уучтап ыргыткан көрүнүштөр, ишеним жаратпаган парламент жана өкмөт нааразылык акциялары, массалык башаламандыктар үчүн себеп болгондо таза эмес өткөн шайлоо улуттук коопсуздукка коркунуч катары эсептелеби? Бул суроолорго жооптор айтпаса да белгилүү!
 
Ар тараптуу чечимдерди талап кылган артыкчылыктуу мамлекеттик максат катары эркин жана таза шайлоону камсыздоо милдети Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында да көрсөтүлгөн. Таза эмес шайлоонун кесепеттери Кыргызстанга маалым. Ошентип айрым адамдар макул болбогон мыйзамдар биринчи кезекте өзгөчө маанилүү мамлекеттик тапшырманы аткарууда – таза, акыйкат жана эркин шайлоону камсыздоо. Кандайдыр бир укуктар чектелип жаткан күндө да ал улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын адеп-ахлагын сактоо жана башка адамдардын эркиндиктерин коргоо максатында гана жасалууда. Бул мыйзамдар түп-тамырынан бери төм. чечет:
 
  • “бир шайлоочу – бир добуш” принцибин чындап камсыздоо маселеси тизмеге биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардf гана киргизүү, мындан улам катталган шайлоочулардын санына шайкеш келген бюллетендерди гана басып чыгаруу, ошондой эле “каруселди” колдонуу мүмкүнчүлүлүгүн жокко чыгаруу жолу менен чечилет;
  • добуштарды автоматтык түрдө эсептей турган шайлоо үкөктөрүн колдонуу жолу менен бюллетендерди уучтап ыргытуу маселеси чечилет.
Эми дагы бир суроого жооп издеп көрөлүчү: Конституцияда улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын адеп ахлагын сактоо жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында да чектөөгө болбой турган кандайдыр бир укуктар жана эркиндиктер барбы? Жообу – ооба, бар. Бул укуктар жана эркиндиктер Конституциянын 20-беренесинин 4-5-бөлүктөрүндө толугу менен көрсөтүлгөн. Бирок жеке жашоо тууралуу маалыматты колдонууга укук, ошондой эле шайлоо жана шайлануу укугу бул тизмеге кирген эмес! Конституциянын 20-беренесинин 4-5-бөлүктөрүн окуп көрөлү: “4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес:
 
  • өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;
  • алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;
  • кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;
  • бала эмгегин эксплуатациялоого;
  • жарандык-укуктук милдеттенмени аткарбоонун негизинде эркиндигинен ажыратууга карата салынган;
  • инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого;
  • ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого;
  • тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;
  • өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;
  • турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.

Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:

  • ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;
  • ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;
  • жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;
  • ой-пикир эркиндиги тууралуу;
  • диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;
  • өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишаракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;
  • соттук коргонуу;
  • мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;
  • жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу”.
Конституциянын 20-беренесинин 4-5-бөлүктөрүндө келтирилген укуктар жана эркиндиктер абсолюттук болуп эсептелет жана жогоруда айтылгандай кандайдыр бир чектөөгө же мыйзамдар менен жокко чыгарууга болбойт. Конституцияны өзгөртүү менен гана абсолюттук укуктардын бул тизмесин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга болот. Бул тизме толук болгондуктан улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын адеп-ахлагын сактоо жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында калган башка укуктар жана эркиндиктер чектелиши мүмкүн. Адамдын жеке турмушу тууралуу маалыматты чогултууга, сактоого, колдонууга жана жайылтууга тыюу “Биометрикалык маалымат жөнүндө” мыйзам жана шайлоо тууралуу мыйзамга түзөтүүлөр күчүндө болгон чөйрө катары абсолюттук укуктардын жана тыюулардын жогоруда келтирилген тизмесине кирбейт. Тескерисинче, Конституция 29-беренесинин 3-бөлүгүндө мындай тыюуну жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн: “Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт”.
 
Ошондой эле бул шайлоо жана шайлануу укуктарына да тиешелүү маселе. Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүн 2 пунктунда “Жарандар Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укугу бар болгону” айтылат. Башкача айтканда, Конституциянын бул нормасы мыйзам чыгаруучуга шайлоонун тигил же бул өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти, калктын адеп-ахлагын сактоо жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо кызыкчылыктарын эсепке алуу менен жарандарды шайлоого катыштыруу тартибин орнотуу укугун берет. Мисалы, шайлоо мыйзамдары мурда да, азыр да шайлоого эркинен ажыратылган адамдардын катышуусун чектейт. Эмнегедир бул эч кимде эч кандай шекти же нааразылыкты жараткан жок! Же болбосо шайлоо тууралуу мыйзамдардагы (мурдагы да,учурда колдонуудагыларды да) шайлоочу шайлоо комиссиясына өз паспортун же тек жайын тастыктаган башка документин берүүгө милдеттүү деген норманы алалы. Эгерде ал бул документти көрсөтпөсө, анда ага шайлоого катышууга уруксат берилбейт.
 
Ал эми шайлоочудан биометрикалык каттоонун болушун талап кылуу соттолбогонун тастыктоону, же добуш берүүчүнүн тек жайын тастыктаган документти көрсөтүүнү талап кылууга барабар да! Ошентип “Жарандардын биометрикалык каттоосу жөнүндө” мыйзам жана шайлоо тууралуу мыйзам шайлоочулардын укуктарынын теңдиги жана жеке турмуштун сырларын сактоо укугу тууралуу Конституциянын бардык талаптарына толугу менен шайкеш келет деп ишенимдүү айта алабыз. “Жарандардын биометрикалык каттоосу жөнүндө” мыйзамдын жана шайлоо тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин талашып жаткан жарандар бул мыйзамдар адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык актыларды бузуп жатканын да ырастоодо. Бул эл аралык актылар биздин мыйзамдардын бир бөлүгү болуп эсептелет. Негизги документтерге – Адам укуктарынын жалпы декларациясы менен Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактка сереп жасап көрөлү. Бул анализ да мыйзамдар бузулбаганын тастыктап берет!
 
Айталы, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 12-беренеси жана 21-беренеси адамдын жеке турмушуна ээнбаштык менен кийлигишүүгө тыюу салып, ошондой эле шайлоо жолу менен өз өлкөсүн башкарууга катышууга укук берет. Ошол эле маалда 29 (2)-беренесинде мындай деп белгиленген: «Өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир адам эң оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адеп-ахлактын, коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын канааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушарланууга тийиш”. Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакт да андагы укуктарды, аны менен катар шайлоого катышуу укуктарын жүйөлүү чектөө мүмкүнчүлүгүн караштырат. Бул тууралуу Пакттын 25-беренесинде айтылат: “Ар бир жаран эч кандай басымга кабылбастан жана жүйөсүз чектөөлөрсүз төмөнкүлөргө укугу жана мүмкүнчүлүгү бар: b) жашыруун добуш берүү жолу менен, шайлоочулардын эркин билдирүүсүн камсыздаган жалпы жана тең шайлоо укугунун негизинде шайлоого жана шайланууга”.
 
Ошентип Пакт жүйөсүз чектөөлөргө тыюу салат. Бирок эгерде бул тыюу салуу жүйөлүү болсо жана мыйзамдар менен бекитилсе, аларды кабыл алууга болот. Ушундан улам адам укуктары чөйрөсүндөгү бир дагы эл аралык уюм эркинен ажыратылган адамдардын шайлоо укуктарын чектеген мамлекеттерге эч кандай доомат артпаганы жөн жеринен эместир. “Жарандардын биометрикалык каттоосу жөнүндө” мыйзамды жана шайлоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу менен, биздин мамлекет адам укуктары чөйрөсүндөгү бир дагы эл аралык документти бузган жок. Атүгүл дагы бир фактты эске алуу зарыл: “Жарандардын биометрикалык каттоосу жөнүндө” мыйзам 2014-жылы кабыл алынган жана анын негизинде жарандарды маалымдоо боюнча үзгүлтүксүз иштер жасалып келатат. Мына, бир жыл болоюн деп калды! Биометрикалык каттоодон өтпөгөн добуш берүүчүлөр шайлоочулардын тизмесине киргизилбей турганы 2015-жылдын жай мезгилинде шайлоо тууралуу мыйзам кабыл алынганга чейин эле белгилүү болгон. Бул тууралуу бир нече жолу өкмөт да, Жогорку Кеңештин депутаттары да айтышкан. Шайлоо тууралуу мыйзамдардын шайлоо процесси маалында биометрикалык маалыматтар боюнча добуш берүүчүлөрдү милдеттүү түрдө идентификациялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгына байланышкан маселе Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеште да каралган.
 
Ал “Таза шайлоо – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги” маселеси боюнча Кеңештин 2014-жылдын 27-октябрындагы чечиминде айтылат. Аталган Чечимдин 3-пункту менен Жумушчу топко тиешелүү мыйзам долбоорлорун топтун мүчө депутаттары аркылуу Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырылган. Бул мыйзам долбоорлору Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин базасында шайлоочулардын тизмесин түзүүнү караштырат. Анда жарандардын биометрикалык маалыматтары да, ошондой эле шайлоого катышууга биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандарга гана уруксат берүү тууралуу норма да камтылган. Кеңештин бул чечими бардык массалык маалымат каражаттарында басып чыгарылган. Өкмөт биометрикалык каттоодон өтүү зарылчылыгы тууралуу калкты үзбөй маалымдап турган. “Биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзам жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам Конституцияга шайкеш келбейт деген шылтоо менен биометрикалык маалыматтарын тапшырууну каалабаган жарандар бул жүйөсүз болгонун так түшүнүш керек. Мындай пикирлерди колдоп, каттоодон өтпөй койгон жарандар өздөрүн өзү шайлоого катышуу укугунан ажыратып жатат.

Окшош материалы: