Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек: мэр кетти, шаар калды, же Борбор калааны башкарууда бурулуш реформалар

2016-01-02 / Жашооң кандай,борборум?
Бишкек: мэр кетти, шаар калды, же Борбор калааны башкарууда бурулуш реформалар

Жаңы 2016-жыл Кыргыз Республикасынын ордо калаасында мэр Кубанычбек КУЛМАТОВдун отчетунан жана отставкасынан башталды. Мэр эмне үчүн кызматтан кеткени маанилүү эмес. Маанилүүсү – ал өзүнөн кийин эмнелерди калтырды, борбор калаанын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана шаардык чарбачылыктын мындан кийинки багыттары кандай болот. Бишкектиктер жаңы жетекчиликтен эмнелерди күтүүгө укугу бар болгонун билүү үчүн өткөн команданын ишинин жыйынтыктарына көз чаптыруу зарыл. Эки жыл – 2014-жыл жана 2015-жыл Кыргыз Республикасынын борбор калаасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун тарыхында бурулуш учур болду.Бул жылдары орто мөөнөттүү келечекке Бишкекти өнүктүрүү үчүн негиз салынган. Ошондуктан кандай жетишкендиктер болуп, негиз канчалык бекем болгонун түшүнүү өзгөчө маанилүү.

Кандай болду? 2013-жылдагы кырдаал Мэриянын Бишкек шаардык кеңеши менен биргеликте жасаган бардык аракеттери “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” аттуу 2014-2018-ж.ж. мезгилине Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы багыттар менен аныкталган. Бишкек шаарындагы учурдагы кырдаалды баалап, өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүү динамикасына анализ жүргүзүү үчүн аталган Өнүктүрүү программасын түзүү таржымалына кайтып келиш керек.“Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” Өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга муктаждык 2014-жылдын башында Бишкектеги ошол маалдагы кырдаалга жасалган анализге негизделген. Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кырдаалды кризистик же кризис алдындагы катары мүнөздөөгө болот. Аны менен катар КР Улуттук статистика комитети эсептеп келген Калктын ишеним индекси (КИИ) Бишкек шаары боюнча 2013-жыл үчүн терс мааниге ээ болгон (-7,7) жана бул көрсөткүч менен Бишкек шаары аймактар арасында акыркы, тогузунчу орунду ээлеп турган. 2013-жылы өнүктүрүү бюджети болгону 187,8 млн. сомду же шаар бюджетинин 2,8% гана түзгөн. Аны менен катар муниципалитеттин жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү жөндөмдүүлүгү өнүктүрүү бюджетинин болуп-болбогону менен мүнөздөлө турганын түшүнүшүбүз керек. 2014-жылы бюджет иш жүзүндө толугу менен алдын ала аныкталган беренелер боюнча, көбүрөөк күнүмдүк иштерге сарпталган, муну менен шаардагы көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде инфраструктуралык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган кырдаалга туш болдук.

Шаардагы жолдордун 70% ашыгы (600 км) колдонуу мөөнөтүнөн 2-3 эсе ашып кеткен. Курулуш жана ремонт иштериндеги төмөн ыргак көйгөйдү ого бетер курчутту. Муну менен жол инфраструктурасынын тегерегиндеги кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.ТКЧ (турак жай-коммуналдык чарба) чөйрөсү мыйзамдардагы талаптарга ылайык, мэриянын ишмердигинде артыкчылыктуу болуш керектигине карабастан 2013-жылы шаардык бюджеттин чыгашаларында ТКЧнын салыштырма салмагы болгону 20,3% түзүп, билим берүү жана саламаттык сактоодон кийинки үчүнчү орунду ээлеген. Атүгүл 2009-жылга салыштырмалуу ТКЧга кеткен чыгашалар биринчи орундан үчүнчү орунга түшкөн. Ушунча жылдан бери шаардык бюджетти социалдык багыттагы деп атап келишкен. Бирок иш жүзүндө социалдык коргоого кеткен чыгашалардын үлүшү жыл сайын төмөндөп турган.Шаардын артыкчылыктуу муктаждыктарына кеткен чыгым азайганы менен, калктын, жаңы конуштардын саны туруктуу өсүп турган. Ошону менен бирге бул жылдары Бишкек шаарынын бюджетинин өз кирешелери өсүп жатканы да маанилүү.Анда түшкөн акча кайда кетти?

Бардык акча чыгымдоо ыйгарым укуктарын аткарууга (билим берүү менен саламаттык сактоону кошкондо) сарпталып жатты. Бул ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансы республикалык бюджеттен трансферттердин эсебинен бөлүнүш керек болчу, же бул ыйгарым укуктар республикалык бюджеттен түз каржылоого берилиш керек эле. Бирок ушунча жылдан бери шаар бул ыйгарым укуктарды өзү каржылап келди жана мунун себептери такыр түшүнүксүз. Шаардын санитардык абалы, таштанды жыйноо жана чыгарып кетүү боюнча оор кырдаал түзүлдү.Бул чөйрөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык схемалар кошумча финансы каражаттарын издөө жана атайын техниканы сатып алуу зарылчылыгы менен чектелип келди. Ошону менен бирге кырдаалга деталдуу анализ жүргүзүлүп, ресурстарга болгон керектөөгө реалдуу баа берилген эмес.

Акыркы жылдары жаңы конуштардын санынын өскөнүнө байланыштуу Бишкектин инфраструктурасына жүк көбөйдү: 2005-жылы 13 жаңы турак жай массиви пайда болсо, 2014-жылы 47 болгон. Аны менен катар тургундардын саны боюнча расмий статистика чыныгы кырдаалды чагылдырган эмес. 2010-жылдан 2015-жылга чейин жашоочулардын санынын өскөнүнө карабастан колдонууга бир гана мектеп берилген. Акыркы 15 жылда бир дагы муниципалдык оорукана же бейтапкана колдонууга берилген эмес. Мектепке чейинки мекемелер 13212 баланы батыра алат деп пландалганына карабастан, иш жүзүндө 30016 балага толгон. 2014-жылга чейин 29 сугат скважинанын сегизи гана калгандыктан Бишкек “жашыл шаар” деген статусун жоготуп баратты. Иш жүзүндө скважиналар эч качан оңдолгон эмес, маселе жаралган учурд аларды жөн гана жаап коюп, башка скважиналарга өтүп турушкан.

Ошентип шаардагы көйгөйлөрдүн саны тездик менен өсүп жаткан чакта аларды чечүү үчүн финансы каражаттар көбөйгөн эмес, тескерисинче, чыгашалар дайыма кыскарып турган.Кызмат көрсөтүүчү уюмдар эски, чыгашалуу жана натыйжасыз башкаруу ыкмалары менен иш алып барган. Башкаруу системасында коррупциянын жогорку тобокелчиликтери калыптанган.Бул көйгөйлөрдүн толук тизмеги эмес. Алар ошол маалда иштеп жаткан эски чаралар менен көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эместигин каңкуулап турган. Албетте башкарууну жакшыртуунун эсебинен кандайдыр бир тышкы жакшыртууларга жетишүү мүмкүн болчу. Бирок алар убактылуу гана болуп, көйгөйлөрдү ого бетер ырбатмак. Бишкек шаарындагы иштерге жасалган анализдин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй өзөктүк көйгөйлөр аныкталган:

  • Муниципалдык башкаруу, шаардык бюджеттик башкаруу чөйрөсүндөгү мэриянын деңгээлиндеги бийликти жана аткаруу функцияларын борборлоштуруу бийликти шаардыктардын муктаждыктарынан жана суроо-талаптарынан алыстатты, коррупция тобокелчилигин күчөттү, башкаруунун эффективдүүлүгүн төмөндөттү.
  • Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жыл сайын өсүп турушу шаардын артыкчылыктуу муктаждыктарына – ТКЧга, капиталдык курулушка, социалдык жардам боюнча программаларга кеткен чыгашалардын өсүшү менен коштолгон эмес.Кирешелер боюнча бюджеттик саясаттын артыкчылыктары болуп республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды “кагып алуу”, ал эми чыгашалар боюнча – финансылык компенсациясыз мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу болуп калды. Көйгөйлөргө жасалган анализ көрсөткөндөй, көптөгөн багыттар боюнча кырдаал опуртал чекитке жетти. Мындан улам Өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул Программаны антикризистик чаралар программасы катары мүнөздөөгө болот.