Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Инфраструктурадагы жеңишке карай жол жаңы бюджеттик саясаттан башталат

2016-01-04 / Жашооң кандай,борборум?
Инфраструктурадагы жеңишке карай жол жаңы бюджеттик саясаттан башталат

Муниципалдык башкарууну жана анын бөлүмдөрүн реформалоо Муниципалдык башкарууну реформалоо жаатында Бишкек шаардык мэриясынын жаңы структурасы түзүлгөн. Анда атаандаштыкка жөндөмдүүлүк департаменттери, Социалдык тамактануу департаменти жоюлуп, Муниципалдык базарлардын жана токтотмолордун дирекциясы кайра уюшулду. Башкача айтканда булар коррупция тобокелчиликтери жогору болгон бийлиги бар, бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктары топтолгон бөлүмчөлөр болчу.Бул өзгөрүүлөр сатып алуулардын жолжоболору жакшыртууга жол ачып, мисалы, жол курулушундагы коромжуларды азайтууга, балдардын тамактануу сапатын жогорулатууга, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө таасирин тийгизди.Бишкек башкы архитектураны шаардык мэриянын карамагына өткөрүү өзүнүн шаар куруу саясатын түзүү үчүн өбөлгө болду. Бул болсо бизнес өкүлдөрүнүн Бишкек башкы архитектура менен өз ара аракетиндеги ачык жана түшүнүктүү эрежелерди иштеп чыгууга жол ачты. Муниципалдык башкарууну реформалоо көбүрөөк ЖӨБ органдары менен шаардыктардын өнөктөштүгүн жогорулатууга багытталган.

Программанын негизги маңызы – муниципалдык башкарууну реформалабастан жана бюджеттик саясатты иштеп чыкпастан Бишкек шаарында топтолгон көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Өнүктүрүү программасына төмөнкүдөй негизги жоболор камтылыш керек:

  • муниципалдык башкарууну деконцентрациялоо жолу менен калкты бийликке жакындатуу;
  • чыгымдоо милдеттенмелерин оптималдаштырууну бюджеттик саясаттын артыкчылыгы катары белгилөө;
  • өнүктүрүү бюджетинин туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
  • капиталдык курулушту жана ТКЧ чөйрөсүн шаардын саясатынын артыкчылыктары катары аныктоо.Программаны ишке ашыруунун төмөнкүдөй этаптары аныкталган:2014 – 2015-жылдар
  • Кырдаалды баалоо жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө, бюджеттик саясатта кайра түзүүлөрдүн башталышы.
  •  Финансы кризисинен чыгуу, бюджетти турукташтыруу.
  • Капиталдык курулуш жана туруктуу кызмат көрсөтүү системасы үчүн шарт түзүү. 2016 – 2018өжылдар
  • Капиталдык курулуштун көлөмдөрүн бир кыйла күчөтүү.
  • Абаттоо (көрктөндүрүү) чөйрөсүндөгү кризисти жеңүү боюнча иш жүзүндөгү аракеттер.
  • Өнүктүрүү бюджетин туруктуу күчөтүү.

Административдик райондорду башкаруу Тартиби кабыл алынып, ага ылайык, райондук администрациялар жана МАБ (муниципалдык аймактык башкармалык) өз ишмердигин шаардыктардын суроо-талабынын негизинде пландамакчы. Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн мэрия бир катар ыйгарым укуктарын райондун жана МАБдын деңгээлине өткөрүп берди.Шаардыктар менен өнөктөштүк мэриянын ишмердигиндеги ачык-айкындуулукту күчөтүү менен коштолду. Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу алдында 2014-2015-ж.ж. аралыгында шаардыктар үчүн Жарандык бюджет чыгып турду. Анда шаардык бюджеттин көрсөткүчтөрү калк үчүн түшүнүктүү болуп даярдалган. Жарандар менен иш алып баруунун электрондук форматы кеңейип, дем берүүчү гранттарды өздөштүрүү боюнча иштер активдешти. Дем берүүчү гранттарга шаардык бюджеттен 10 млн. сом бөлүнүп турат.Шаарды өнүктүрүү агенттигинде шаардыктардын демилгелерин колдоо боюнча атайын бөлүм түзүлдү.Кабыл алынган чаралар оң жыйынтык берүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Калктын ишеним индекси 2013-жылы -7,7 болсо, 2014-жылы +17,8ге чейин, 2015-жылы +9,35ке чейин өскөн.

Жарандардын суроо-талаптарын жана даттанууларын карап чыгуу ыкчамдыгы алты эсе өскөн. Өнүктүрүү саясат институтунун маалыматы боюнча, шаардыктардын 63,3% шаардагы иштердин абалы тууралуу жарандардын маалыматка ээ болуу даражасы көбөйгөн. Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында да маанилүү өзгөрүүлөр болгон. Бул башкармалыктын ишмердик чөйрөсүнө жарнама, токтотмо чарбалыгы маселелери камтылган. Муниципалдык мүлктөгү айкындуулук жана бизнестин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында автоматташтырылган маалымат системасы киргизилген. Система аркылуу он-лайн режиминде документтер кайсы жерге жеткенин көрүп турууга болот. Ошондой эле жарандардын өтүнмөлөрүн иштеп чыгуу боюнча “Бирдиктүү терезе” системасы да ишке берилген. Мэриянын жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын демилгеси боюнча, коррупцияны жоюу боюнча маанилүү иштер жасалууда. 2015-жылы муниципалдык менчикти башкарууда мыйзам бузуулар боюнча 12 кылмыш иши козголгон. Муниципалдык менчиктин ижарасы боюнча келишимдерди администрациялоо иштери да бир кыйла жакшырды. Көрүлгөн чаралар кирешенин өсүшүн 57,5 млн. сомго камсыздоого жардам берди. Б.а., өсүш 121,8% түздү, ал эми муниципалдык мүлктүн ижарасы боюнча кирешелердин өсүшү 166,3% түздү.

Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) жыйноого жана чыгарууга байланышкан кырдаал 2014-2015ж.ж. өзгөчө курч көйгөй бойдон кала берди. Көп жылдардан бери топтолгон 300 млн. сомдон ашык көлөмдөгү кредитордук бересе, майнапсыз башкаруу, коррупция жана уурдоолор “Тазалык” муниципалдык ишканасын оор кризиске алып келди. Финансы ресурстарынын чектелүү болушу, атайын техниканын эскириши, “Тазалыктын” айрым кызматкерлеринин саботажы кырдаалды курчутуп турду. Мындай абалды жөнгө салуу үчүн принципиалдуу түрдө жаңы чечимдерди кабыл алуу зарыл эле. Кырдаалга анализ жасап чыккандан кийин төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • таштанды чыгаруучу машинелер жеке ишкерлерге ижарага берилди; акы санитардык полигонго жеткирилген таштандынын көлөмүнө жараша төлөнө баштады;
  •  таштанды полигонунда көп жылдардан бери биринчи жолу тараза калыбына келтирилип, ташылып жаткан таштандыга катаал көзөмөл орнотулду;
  • “Айыл Банк” ААК менен биргеликте “Тазалык” ишканасында финансы агымдарын башкаруунун жаңы системасы киргизилди. Мында таразалык көзөмөл системасы “Айыл Банк” ААК менен байланышта болуп, акча каражаттары негизги контрагенттер боюнча автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт – салык органына, Социалдык фондго, “Тазалыктын” айдоочуларынын маянасына. Бул болсо акча агымдарынын кыймылындагы айкындуулукту камсыздоодо.

Киргизилген жаңы башкаруучулук механизмдер 2015-жылдын соңунда КТКны жыйноого жана чыгарууга байланышкан кырдаалды бир кыйла жакшырта алды. Эгерде буга чейин диспетчердик кызматтарга, акимиатка, мэрияга күнүнө 50гө чейин даттануу түшүп келсе, бүгүнкү күндө 5-6дан ашпайт.Жаңы система киргизилгенден тарта 2015-жылдын декабрь айында 3 млн. сомдон ашык каражат үнөмдөлгөн. Рейстердин саны, чыгарылган таштандынын көлөмү, күйүүчү май жана тетиктер боюнча кошумча жазуулар алып салынган.Бир машинеге жүктөлгөн таштанды 2,3 тоннадан 6,8 тоннага чейин көбөйгөн. Айдоочулардын орточо маянасы 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин жогорулаган. Ишсиз эле турган же ремонтто жаткан машинелердин саны кескин азайды.

Эгерде 2014-жылдын 1-январында ишке чыккан атайын машинелер 60% болсо, 2015-жылдын декабрында бул көрсөткүч 90% чейин өскөн. Таштанды контейнерлери алмаштырыла баштады. 5000ден ашык контейнер сатып алынып, алардын ичинен биринчи партия менен 1600 даанасы келди. Бишкек санитардык полигонундагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча иштер башталды. Соңку жылдардан бери алгачкы жолу 200 тоннадан ашык биологиялык жана өндүрүштүк таштандылар жок кылынды, биологиялык калдыктарды (крематор) өрттөө үчүн меш сатып алынып, ишке берилди.Көп жылдардан бери полигондо үзгүлтүксүз пайда болуп келаткан фильтраттын Ала-Арча дарыясына кошулуусун болтурбоо боюнча чаралар көрүлдү. Жогоруда сөз болгон иш-аракеттердин баары жалпысынан муниципалдык башкарууну жакшыртуунун жыйынтыгы болду.