Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык чөйрө

2016-01-07 / Жашооң кандай,борборум?
Социалдык чөйрө

Социалдык коргоо чөйрөсүндө жаңы ыкмалар колдонулду. Алар калктын аярлуу катмарларынын абалын мурдагыдан да так баалоого, социалдык колдоонун даректүүлүгүн күчөтүүгө негизделет. Жалпысынан Бишкек шаары боюнча ушул тапта мамлекеттик кепилдиктерден тышкары социалдык жардамдын 27 түрү көрсөтүлөт.Акыркы жылдардан бери алгачкы жолу социалдык жардамга кеткен чыгашалардын өсүшү байкалууда – 2013-жылы 249,2 сом болсо, 2015-жылы 336,6 сом болду.Социалдык кызматкердин статусу да жогорулады: ал мындан ары калктын аярлуу топторуна жардам боюнча кеңейтилген функцияларды гана аткарбастан, ошону менен бирге муктаждыктарды баалап, аларды ишке ашырууда жардамды аныктайт. Б.а., жарандар менен иш алып барууда комплекстүү мамиле камсыздалат. Акыркы жылдары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен иштөө социалдык саясаттын өзгөчөлүгү болуп калды.

Биринчи жолу Бишкек шаарында үн менен коштолгон жолчырактар пайда болуп,мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын керектөөлөрүн да эске алган жол белгилери орнотулуп жатат. Социалдык жардамдын олуттуу бөлүгү шаардык бейөкмөт уюмдар менен тыгыз байланышта жасалууда. Бишкек шаарында жетим балдар үчүн республикадагы алгачкы 57 орундуу муниципалдык жатакана ачылды, Геронтологиялык борбор түзүлдү. Бишкек шаарындагы мектептердин Орусиядагы, Түштүк Кореядагы, Кытайдагы жогорку окуу жайлар менен эл аралык байланыштарды кеңейтүүсү мектептик билим берүүнүн өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Мугалимдерди жана окуучуларды даярдоо боюнча эл аралык уюмдар менен өнөктөш мамилелер өнүгүүдө: Конфуций институту 14 мектепте кытай тилин үйрөтүүдө; Корея Республикасынын Билим берүү борбору 18 мектепте корей тилин үйрөтүүдө.2015-жылы узак жылдардан бери бүтпөй келаткан 1460 орундуу эки мектептин курулушу соңуна чыкты.

Мындан тышкары капиталдык ремонт боюнча каржылоо 2014-жылы 20,7 млн. сом болсо, 2015-жылы 65,9 млн. сом болуп, өсүш 318% түздү. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүн алсак, баары болуп 730 орундуу үч бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды. Балдарды мектепке даярдоо боюнча программа өнүгүүдө. Кыргыз тилинде билим берген 97 топ түзүлдү. Маданият чөйрөсүндө болсо ири масштабдуу иш-чараларды жогорку көркөм деңгээлде уюштурууга жаңычыл, сапаттуу мамиле жасала баштады: Нооруз-2015, Жеңиштин 70 жылдыгы, Эне күнү, Шаар күнү, Жаңы жыл ж.б. Китепканалардын ишинде жаңы форма киргизилди: электрондук китепкана, Китепканачы бакма эне, Китеп окуган троллейбус.Алгачкы жолу шаардык чыгармачыл жамааттардын республика боюнча гастролдору уюштурулду.Бишкек шаарынын өкүлдөрү Венгрияда, Сербияда, Түркияда, Мароккодо, Румынияда жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык сынактардын жана фестивалдардын жеңүүчүлөрү болушту.

Мындан ары эмне болот?2016-жылга жана алдыдагы жылдарга Бишкек шаарынын мэриясы өзү үчүн шаардын өнүгүүсүнө көмөктөшө турган төмөнкүдөй тапшырмаларды аныктап алды:

  • 2015-2017-жылдарга Бишкек шаарынын көчөжол тармактарын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу;
  • 2016-2017-жылдарга Бишкек щаарынын кварталдар аралык жана микрорайондордогу жолдорду калыбына келтирүү жана реконструкциялоо Программасын ишке ашыруу;
  • Токтотмо мейкиндигин өнүктүрүү Концепциясын аягына чейин иштеп чыгуу жана жайыл-туу;
  • “Бишкектин түштүк-чыгышындагы турак жай райондорунун магистралдык суу түтүк жана канализациялык тармактары” долбоорун ишке ашыруу;
  • Бишкек шаардык кеңешинин административдик райондорду башкаруунун жаңы тартиби тууралуу чечимдерин ишке ашыруу;
  • шаардын борбордук бөлүгүн деталдуу пландоо долбоорун (ДПД) иштеп чыгуу иштерин жыйынтыктоо;
  • “2030-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын газ, жылуулук, электр, суу менен камсыздоо жана суу буруу схемаларын” иштеп чыгуу иштерин улантуу;
  •  кеңеш менен биргеликте Шаарды жашылдандыруу Концепциясын иштеп чыгуу;
  • эски санитардык полигонду рекультивациялоо жана жаңы таштанды сорттоочу заводду курууө2016-2017-ж.ж. (~15 млн. евро);
  • 2016-2017-ж.ж. 50 троллейбус сатып алуу (7,9 млн. евро);
  • көчөлөрдү жарыктандырууну модернизациялоо – 2016-2018-ж.ж. (~10 млн. евро)
  • МЖИ аркылуу электрондук билеттөөнү киргизүү 2016-2017-ж.ж. (~1,5-3 млн. евро);
  • Коомдук транспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана жайылтуу (каржылоо 0,45 млн. евро көлөмүндө деп тастыкталган).