Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн финансылык өңүттөрү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасында өзүнүн маанилүү ордун ээлешет. Ал жарандардын турмуш тиричилик системасын жана кызмат көрсөтүүнү уюштурууну жалпысынан камсыздаш керек. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнө карабастан жалпысынан кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берүү мамлекеттик органдардын да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да милдети болуп эсептелет жана алар бул үчүн жооптуу болушат. Анын ичинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү менен коммерциялык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү жергиликтүү маанидеги маселе болуп эсептелет.Бирок ЖӨБ органдарынын тикелей жоопкерчилиги муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүү процессин уюштуруу болуп саналат. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү бул эки багыт башкаруу усулдары, анын ичинде финансылык башкаруу боюнча өз-өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо белгилүү бир ченемдик-укуктук негизге жана иштеп даярдалган практикага ээ. Мыйзамдарда да, методологиялык базада да өркүндөтүлүш керек болгон учурлар бар жана бул маселелер да мамлекеттик органдардын назарында болууга тийиш. Бирок муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн финансылык өңүттөрүн талкуулап алуу өзгөчө актуалдуу жана артыкчылыктуу маселе болуп турат. Бул биринчи кезекте акыркы жылдары дал ушул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө мамлекеттик саясат калыптана баштаганы менен байланыштуу.
Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр болсо жалпы табиятка, мүнөздөмөгө жана критерийлерге ээ. Муниципалдык кызмат көрсөтүү – жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы.
Каржылоо көз карашынан алганда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн белгилеп коюу керек: а) бюджеттик мекемелер тарабынан ишке ашат (анын ичинде түздөн-түз ЖӨБ органдары тарабынан); б) жергиликтүү бюджеттен каржыланат; в) кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы жүйөлүү болуп, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан тастыкталыш керек; г) кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өздүк наркынан ашпаш керек; д) эгерде кызмат көрсөтүү акынын негизинде болсо, акча бюджеттик мекеменин атайын эсебине түшөт жана жергиликтүү бюджетте чагылдырылат. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамга ылайык, ЖӨБ органдары муниципалдык кызмат көрсөтүү жергиликтүү реестрге кирген учурда гана кызмат көрсөтүүгө акылуу.
Өз кезегинде кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине кирген кызмат көрсөтүүлөрдөн турат. Эгерде Өкмөт кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык тизмегин бекитип берсе, анда бул Өкмөт аны каржылоо боюнча белгилүү бир кепилдиктерди берип жатканын билдирет.Ошентип базалык реестрдеги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү бюджеттен кыржаланат деген тыянак чыгарса болот. Бирок мамлекет бул каражаттар аларды аткаруу үчүн жетиштүү боло тургандай шарттарды түзөт. Ушул тапта мамлекеттин киреше булактар менен камсыздоодогу ролу бюджеттер аралык мамилелер системасы менен аныкталууда. Ал өзүнө салыктык жана салыктык эмес кирешелер булактарын (анын ичинде жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүштүрүү) камсыздоону, ошондой эле трансферттерди эсептөөнү жана берүүнү камтыйт. Эгерде ЖӨБ органы бюджеттер аралык мамилелердин учурдагы системасы базалык реестрдеги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр,боюнча чыгаша милдеттенмелерин аткарууга жол бербей жатканы тууралуу жүйөлүү суроо-талап болсо, анда бул нерсе мамлекетти киреше потенциалын жогорулатуу, же трансферт жиберүү менен жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске таасир тийгизүүгө түрткү болуш керек. Маселенин мына ушундай өңүттөн каралуусунда жүйө бар.
Себеби кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестриндеги муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн чыгаша милдеттенмелерин эсептөөгө түздөн-түз негиз болуп берген стандарттарды, ошондой эле административдик регламенттерди Өкмөт бекитет.Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегиндеги кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо үчүн акча ресурстарын эсептөөдө кырдаал башкачараак. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги - муниципалдык мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги, ал жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн базалык реестринен ашык түзүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бул тибинде ЖӨБ органдары чыгаша милдеттенмелерин өз каражаттарынын алкагында гана (жергиликтүү бюджеттин же балким бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен) аткаруу үчүн жооптуу. Атүгүл ЖӨБ органдары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттырын жана административдик регламенттерин өз алдынча кабыл алат жана мында финансылык факторду да эсепке алууга тийиш. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзам муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну жеке компанияларга, коммерциялык эмес уюмдарга, муниципалдык ишканаларга аутсорсингге берүүгө бөгөт койбойт.
Ошону менен бирге аларга ыйгарым укуктар эмес, кызмат көрсөтүүнү аткаруу гана өткөрүлүп берилерин белгилей кетүү маанилүү. Башкача айтканда, кызмат көрсөтүүнү кимиси гана аткарбасын, кызмат көрсөтүү үчүн жоопкерчилик ЖӨБ органына жүктөлөт. МИСАЛ: ЖӨБ органы муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине 3 жашка чейинки балдарга бекер биолакт берүүнү кошту. Кызмат көрсөтүүнү “Молочная кухня” МИ аткарууда. Бирок бул кызмат көрсөтүүнү жеткирүү укугу ЖӨБ органына гана тиешелүү жана жаран бул кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жооптуу уюмду гана көрөт. Эгерде муниципалдык ишкана бул кызматкөрсөтүүнү талаптагыдай жеткирбесе, анда жарандын алдында ЖӨБ органы гана жооп берет. Тапшырыкчы катары чыккан ЖӨБ органы менен аткаруучунун ортосундагы өз ара мамилелердин мындай схемасында муниципалдык же социалдык тапшырыкты аткарууга негизделген каржылоо усулу өзгөчө мааниге ээ болот.
Окшош материалы:
-
№10 (132) / 2022-10-16 Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын негизинде Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактарынын табигый ресурстары үнөмдүү пайдаланыла баштады
-
№1 (99) / 2020-03-03 Дени сак жаштар – дени сак калк!
-
№1 (99) / 2020-03-03 Бузуулар жөнүндө кодекс менен кантип иштеш керек?
-
№9 (95) / 2019-11-22 Каргалык айылдык аймагынын 25 миң жашоочусу бош убактысын кантип өткөрүүдө? Калыбына келген элеттик сейил бактын таасирдүү таржымалы
-
№9 (95) / 2019-11-22 Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактары: таштанды жыйноо боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү
-
№9 (95) / 2019-11-22 Багыш АА: дээрлик 6 миңге жакын адам ичүүчү сууга жетти
-
№9 (95) / 2019-11-22 Кум-Дөбө ААда кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы системалуу өзгөрүүлөр: муниципалдык ишканалар түзүлдү, тарифтер жүйөлүү болуп калды, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулады
-
№9 (95) / 2019-11-22 Оргочор айылындагы сууга жеткиликтүүлүк: эсептегичтер көйгөйдү чечүүгө жардам берүүдө