Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү дэңгээлде кызмат көрсөтүүнүн реалдуу практикасына сереп

2016-01-14 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Жергиликтүү дэңгээлде кызмат көрсөтүүнүн реалдуу практикасына сереп

Бул сереп катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруу, суу түтүк-канализациялык чарбалык чөйрөсү жана социалдык чөйрөдө, анын ичинде маданиятта жана жергиликтүү китепканада кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү.

Таштанды чыгаруу Теориялык жактан алганда Кыргызстандагы калктуу конуштардын санитардык тазалыгы катуу тиричилик калдыктары (КТК) менен иш алып баруунун бардык баскычтарына тиешелүү болуш керек: жыйноо, жүктөп кетүү, зыянсыздандыруу жана кайра иштетүү. Бирок көп учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) санитардык тазалоосу таштанды жыйноо жана жүктөп кетүү менен чектелип кала берет. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, КТКны жыйноону, чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын карамагына кирет.
 
Ал эми аталган мыйзамдын 31-беренесине ылайык, катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди белгилөө шаардык жана айылдык кеңештердин компетенциясына кирет. КТКны башкаруу чөйрөсүндөгү өзөктүк тапшырмалардын бири болуп келишимге негизделген мамилелер системасын өркүндөтүү эсептелет. Ал бюджеттик каражаттар чектелүү болгон шартта КТКны башкаруунун бардык баскычтарында процесстерди башка формаларда жана усулдар менен жүзөгө ашырууга жөндөмдүү, түрдүү уюштуруучулук-укуктук формадагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин бул чөйрөдө пайда болуусу менен шартталат.
 
Ошентсе да таштанды тазалоочу уюмдар менен калк ортосундагы келишимге негизделген мамилелер талап кылынган деңгээлде эмес. Сөз анын ичинде борбордогу “Тазалык” ишканасы тууралуу да болуп жатат. “Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек ш. мэриясынын 2008-жылдын 1-августундагы “Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө” токтому менен түзүлгөн. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Бишкек шаарынын мэриясы эсептелет.Өз тапшырмаларын комплекстүү чечүү үчүн ишканда тиешелүү кызматтар бар, анда бир жарым миңге чукул киши иштейт. Ишкана өз ишин муниципалдык тапшырыктын принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
 
Ишкана шаардын көчөлөрүн, аянттарды, гүл бакчаларды, сейил бактарды жана бульварларды тазалап келет. Бул көлөмдөрдүн баары белгилүү бир участокту (жери), иштин түрүн, өлчөө бирдигин, тазалоо көлөмүнүн аталышын, тазаланган көлөмдүн мезгилдүүлүгүн, убакыт нормасын, баасын жана айлык акысын, жылдын соңунда кайрадан калыбына келтирилген көчөлөрдү эсепке албаган технологиялык карталардын санын эсепке алуу менен бөлүштүрүлгөн. Баары болуп 818 бирдикти түзөт. Бардык аткарылган көлөмдөр айдын соңунда Аткарылган иштердин актысына киргизилет. Алар бир ай ичинде ЖӨБ органдары (муниципалдык аймактык управалар) менен дайыма макулдашылып турат. Макулдашылгандан кийин тапшырыкчы – Бишкек ш. мэриясынын ТКЧ жана турмуш тиричиликти камсыздоо чөйрөсүнүн башкармалыгына берилет.
 
Ишкананын чарбалык эсеп жүргүзүү ишине таштанды чыгаруу, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөткөнү үчүн акча каражаттарын жыйноо, КТК чыгаруу жана көмүү, ошондой эле контейнердик аянтчалардын курулушу жана ремонту, таштанды контейнерлерин орнотуу жана ремонттоо боюнча жеке жана юридикалык жактарга келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүлөр кирет.Бишкек шаарында КТК башкаруу чөйрөсүндө монополист болуу менен “Тазалык” муниципалдык ишканасы акыркы 5-6 жылдын ичинде чоң карызга батты. Айталы, 2008-жылдын 1-ноябрынан тарта (буга чейин салыктар жана Соцфонд боюнча карызы жок болчу) ушул кезге чейин ишкананын карызы 213 млн. 287 миң сомду түзөт. Ишкананын финансылык чыгашалары негизинен калк менен түзүлгөн келишимдик мамилелер боюнча иштеги кемчиликтердин, ошондой эле башкаруудагы системалык көйгөйлөрдүн айынан болду.
 
“Тазалык” үчүн муниципалдык тапшырык тууралуу айтсак, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, ЖӨБдүн аткаруучу органы жергиликтүү жамааттын коммуналдык-тиричилик жана социалдык-маданий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүп чыгарууга муниципалдык тапшырыкты жүзөгө ашырууга укуктуу. Муниципалдык тапшырыкты муниципалдык ишкана же мекеме, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар аткара алат. Муниципалдык тапшырыкты аткаруу келишим боюнча өткөрүлүп берилет. Муниципалдык тапшырык жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен ишке ашат. Муниципалдык тапшырыктын субъектисин ЖӨБ органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ачык конкурстун негизинде аныктайт. Анткен менен “Тазалык” муниципалдык ишканасына муниципалдык тапшырыкты конкурс өткөрбөстөн түз жайгаштыруу да жогорудагы мый-замдарга карама каршы келет.
 
Башка мисал. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун райондук борборунда – Кербен шаарында таштанды чыгаруу, сырткы жарык, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселелери менен мэрияга караштуу ТКЧ бөлүмү алектенет. Бөлүм 2004- жылы түзүлгөн. Муниципалдык менчикти башкаруу балансында коммуналдык техниканын 8-9 бирдиги бар. Анткен менен айдоочулар, ошондой эле коммуналдык сектордун жумушчулары – 17 киши айлык акыны мэриядан алат. Салыктар жана жыйымдар боюнча түрдүү чегерүүлөрдөн кутулуп, мэриянын ТКЧ бөлүмү маңызы боюнча тапшырыкчынын жана подрядчынын функцияларын айкалыштырып алган, бул укуктук мамиледен алганда туура эмес. Республиканын башка калктуу конуштарында таштанды чыгаруу, негизинен короодогу таштанды чыгаруу менен муниципалдык коммуналдык ишканалар да, жеке физикалык жактар да алектенет. Мындай уюмдарга жардам уставдык документтерди жана келишимдерди иштеп чыгууда жана  бекитүүдө жатат.
 
Айылдык аймакта же шаарда адистештирилген коммуналдык уюдар болбогон учурда ЖӨБ органы жеке уюмдарды же ишкерлерди катуу тиричилик калдыктарын жыйноого жана чыгарууга тартууга укуктуу. Ошону менен бирге мында муниципалдык тапшырыктын жол-жоболору колдонулуш керек. Мындай сунуштар ЖӨБ органдарынын жетекчилерине айтылган.Коммуналдык ишканалардын ишинде маанилүү кемчиликтердин бири – таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөөнүн жолго коюлбаганы. Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу үчүн бааны эсептөө боюнча сунуштарды өздүк наркынын жалпылаштырылган беренеси боюнча пландуу чыгымдардын негизинде таштанды чыгаруу боюнча адистештирилген ишкана даярдаш керек. Таштанды чогултуу жана чыгаруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн финансы каражаттарына керектөө өздүк нарктын ар бир беренеси боюнча сарптоо суммасы катары аныкталат.Керектөөчүлөрдүн түрдүү категорияларында чогулган калдыктардын бекитилген нормалары кызмат көрсөтүүнүн наркын аныктоо үчүн адепки база катары кызмат өтөйт.
 
Калдыктарды чогултуу нормалары мындайча аныкталат: турак үйлөр боюнча – 1 адамга, маданий-тиричилик багыттагы объекттер боюнча (мейманкана, кинотеатрлар ж.б.) – 1-орунда, дүкөндөр жана кампалар боюнча – соода аянтынын 1 м2. Шаардагы уюмдардын жана мекемелердин таштанды чогултуу көлөмү жана анын курамы келишимдин негизинде аныкталат. Чогулган таштандынын эсептик жылдык көлөмүнүн негизинде зыянсыздандыруу же кайра иштетүү боюнча курулмалардын кубаттуулугу жана өндүрүмдүүлүгү аныкталат. Ал эми орточо суткалык эсептик нормалардын негизинде – транспортко керектөө жана таштанды жыйноо жана кыска убакытка сактоо боюнча жабдуунун кубаттуулугу аныкталат. КТК чогулуусунун көлөмүнө табият-географиялык шарттар; имараттын мүнөзү; имараттардын инженердик түзүлүшүнүн жана аймакты көрктөндүрүүнүн даражасы; суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү; калктын демографиялык курамы; товарлардын өндүрүү жана соода маданияты; коомдук тамактануу системалар жана тиричилик кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүү; КТК жыйноо ыкмалары; жылдын мезгилдери өңдүү факторлор таасирин тийгизет.Анткен менен бул критерийлер же конкреттүү аймак үчүн алгылыктуу критерийлер бааны эсептөөдө эсепке алынбай калат.Ошондой эле белгилүү бир мөөнөткө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин жогорулатуу “тоңдурулган” өңдүү саясий фактор да бар.
 
Суу түтүк-канализациялык чарба “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Таза суу жөнүндө” КР мыйзамдарына ылайык, калкты таза суу жана канализация кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздоо ЖӨБ органдарынын карамагына киргизилген. Ошону менен бирге таза суу товар, ал эми агын суулар канализациясы кызмат көрсөтүүлөргө киргизилген. Суу менен жабдуу жана канализация системаларын, ошондой эле тазалоо курулуштарын башкаруу,күтүү, эксплуатациялоо жана тейлөө функцияларын деңгээлине (калктуу конуштардын категорияларына) жараша түрдүү уюмдар аткарат. Бишкекте жана Ошто – “Бишкексууканалы” жана “Ошсууканалы” муниципалдык ишканалары. Район борборлорунда – “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы жана таза суу менен камсыздоо боюнча жергиликтүү ишканалар, элеттик калктуу конуштарда – таза суу керектөөлөрүнүн айылдык коомдук бирикмелери (ТСКАКБ) же муниципалдык жана жеке уюмдар. Калкка таза суу берүүдө суу түтүкканализациялык чарбаны күтүү жана эксплуатациялоо төмөнкүдөй экономикалык ресурстарды колдонуу менен ишке ашат:
 
  • таза суу керектөөчүлөрүнүн суу менен жабдуу жана суу буруу (канализация) кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр;
  • тышкы жана донордук каражаттарды тартуу;
  • жергиликтүү, эгерде зарыл болсо республикалык бюджеттеги каражаттарды тартуу.
Жалпысынан, калкты ичүүчү суу менен жабдуунун экономикалык механизми төмөнкү тапшырмаларды аткаруу үчүн киргизилет:
 
  • калкты таза суу менен камсыздоо боюнча  кызмат көрсөтүүлөргө тарифти белгилөө;
  • таза суунун сапатын жакшыртууга жана аны үнөмдүү пайдаланууга багытталган иштерди пландоо;
  • суу менен камсыздаган ишканаларга салыктык, насыя жана башка жеңилдиктерди берүү;
  • суу менен камсыздаган ишканалардын тегеректи булгоодон, иш шарттарынын начарлоосунан, адамдардын саламаттыгына доо келтирүүдөн улам пайда болгон зыяндын ордун белгиленген тартипте толуктоо.
Керектөөчүлөргө суу менен жабдуу системасынан берилген таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө дифференциацияланган тарифтерди иштеп чыгуунун жана колдонуунун жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер суу менен камсыздоо жана суу буруу курулмаларын жана тармактарын эксплуатациялаган ишканалар берген сунуштун негизинде аймактык антимонополдук органдар менен макулдашуудан кийин айылдык аймактардын жана шаарлардын ЖӨБ органдары тарабынан белгиленет.
 
МИСАЛ Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында 26 миң киши жашайт. Шаардын курамына дагы 8 айыл кирет. Таза суу менен “Кербен таза суу” коммуналдык ишканасы камсыздайт. Калктын 60-70% таза суу менен камсыздалган. Эки айылда калк сууну каналдан алса, айылдын калган айрым бөлүктөрүндө жергиликтүү тургундар сууну башка жактан алып келүүгө мажбур. Ичүүчү сууга тарифти шаардык кеңеш акыркы жолу 2014-жылы бекиткен. Ага ылайык, калк короодогу колонкалардан алынган суу үчүн айына 150 сомдон, колонкалардан айына 40 сомдон төлөйт. Сууну жеткирүү кызмат көрсөтүүсү үчүн “Кербен таза суу” 3,5 млн. сом алыш керек, анын ичинде уюмдар 1,35 млн. сом, калк 1,8 млн. сом карыз.
 
Бюджеттик уюмдардын карызы жок, себеби мэрия бардык чыгашаларды жаап турат. Калктан акча чогултуу 60% түзөт. Ишкана менен калк ортосунда келишим түзүлгөн эмес. Себеби муну ишкана өзү каалабайт. “Кербен таза суунун” жетекчисинин айтымында, келишим ишкананын өзүнө пайдалуу эмес. Анткени ишкана калкты таза суу менен толук көлөмдө камсыздай албайт, натыйжада калк доомат (санкция) коюушу мүмкүн. Ушундай эле кырдаал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык аймагында да түзүлгөн. Бул жерде да калк менен келишим жогоруда айтылган себептерден улам түзүлгөн эмес. Ичүүчү суу тоодон өзү агып келгендиктен, бул жерде жогорулатчу насостор колдонулбайт. Мындан улам суунун тарифи өтө төмөн – бюджеттик уюмдардан бир куб метр үчүн 5 сом, коммерциялык уюмдар үчүн 6 сом. Калк айына бир кишиге 4 сомдон жана 1 сотикти сугаруу үчүн 22,8 сом төлөйт.
 
Ишкананын кирешелер боюнча планы 1200 сомду түзөт. Анткен менен калктын 20% гана суу үчүн акча төлөйт.Ала-Бука суу каналынын мисалы башка себептерден улам келтирилди. Ишкананын колдонуудагы Уставы 1986-жылы бекитилген. Ал убакта ишкана Жалал-Абад облустук ТКЧнын курамына кирчү жана ишкананын статусу таптакыр башка болчу. Ишканын жетекчилиги учурдагы кырдаалды эсепке алуу менен жаңы Устав иштеп чыгыш керектигин түшүнөт. Бирок бул үчүн потенциал жок. Ишкананын балансында бир дагы техниканын болбогону кырдаалды курчутууда. Суу түтүк тарамдары начар абалда, 11 километрин калыбына келтириш керек.Анын үстүнө калк өзүнүн трубаларын эски тарамга кошуп, сууну короолорго киргизип алган. 
 
Маданият жана жергиликтүү китепканалар “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, калкка маданий кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө жергиликтүү маанидеги маселелерге төм. кирет:
 
  • жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
  • элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү,
  • жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо.
     
  • Анткен менен “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бул чөйрөдөгү кызмат көрсөтүү жана аны уюштуруу маселелери маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирет.
Аталган Мыйзамдын китепканаларга жана маданий эс алуу мекемелерине (буларга клубдар да кирет) карата 27-28-беренелери гана айырмалуу. Айталы, китепканалар жарандардын маалыматтык-китепканалык ресурстарды эркин пайдалануусун камсыздайт жана китепканалардын иши менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Маданий-эс алуу мекемелери тууралуу айта турган болсок, алар көркөм жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүк менен шыктуулугун көрсөтүп, аларды өнүктүрүүнү каалагандардын бардыгынын өздүк көркөм ишмердик чыгармачылыктарын өстүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштешет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын 2008-жылдагы жана 2011-жылдагы акыркы эки редакциясында жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу жана жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо үчүн шарттарды түзүүдөн тышкары, жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу да кошумча кирген. Иш жүзүндө мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары маданият объекттеринин мамлекеттик менчик, же муниципалдык менчик объектисине тиешелүү болуп-болбогону принциби боюнча ажыратылып калган.
 
Жер-жерлерде, көбүнчө райондук борборлордо клубдар жана китепканалар мамлекеттик менчикте болсо район бюджетинен каржыланат. Ал эми муниципалдык менчиктеги объекттер жергиликтүү бюджеттен, б.а., айыл өкмөтүнүн же мэриянын бюджетинен каржыланып калган. Маданият чөйрөсүнүн эки  ача табияты башка бир катар көйгөйлөрдү жаратты. Айталы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирбеген маданият мекемелери мекеменин жетекчилерин дайындоо жана алардын кызматкерлерине эмгек өргүү берүү маселелери менен алектенбейт. Ушундан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конкреттүү компетенциясы жана ыйгарым укуктары киргизилген муниципалдык мекемелердин жаңы уставдык документтерди иштеп чыгуу боюнча чаралар зарыл.Маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына киргизилген. Буга чейин айтылгандай, ЖӨБ органдарынын карамагына элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо үчүн шарт түзүү киргизилген. Жергиликтүү маанидеги китепканалардын иши мурдагыдан дагы конкреттештирилди. 
 
Буга байланыштуу ЖӨБ органдары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле ошол мекемелердин кызматкерлеринин маянасына кеткен чыгашаларды көтөрөт. Өзгөчө учурларда гана маданият объектисине жергиликтүү бюджеттин каражатынын, эл аралык уюмдардын грантынын эсебинен күнүмдүк же капиталдык ремонт жасалат. “Маданият жөнүндө” КР Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында маданият жаатындагы ишти колдоонун мамлекеттик кепилдиктеринин негизи болуп республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн жыл сайын үч пайызынан кем эмес өлчөмдө каражат кароо эсептелет. Тилекке каршы Мыйзамдын бул талабын Өкмөт жыл сайын аткарбай келет. Жергиликтүү бюджеттерде да бул ченемдер сакталбайт. 2012-жылдан тарта маданиятты каржылоо республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 1% гана көлөмүндө жүзөгө ашып келет. Маданият жаатындагы кемчиликтерди жана жетишпестиктерди мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары каржылоонун жетишсиздиги менен түшүндүрүп келишет.
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) бекитилген. ЖӨБ органдары көрсөтүп келаткан кызматтардын айрымдары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине кирген. Ошону менен бирге буга чейин ЖӨБ органдары окуучуларга башталгыч музыкалык билим берүүнү, тарбиялоону жана багууну, көркөм сүрөт башталгыч билим берүүнү акынын негизинде ишке ашырып келсе, эми акысыз болуп калды. Буга байланыштуу ЖӨБ органдары эми бул кызмат көрсөтүүлөрдү токтотот деген ыктымалдуулук бар.

 

Окшош материалы: