Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк финансылык сабаттуулук апталыгы

2016-04-01 / Көңүл чордонунда
Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк финансылык сабаттуулук апталыгы

Финансылык сабаттуулук – бул адамдын акчага байланыштуу ойлонулган жана жүйөлүү чечим кабыл алуу, кирешелерине жана чыгашаларына эсеп жүргүзүү, аларды туура колдоно билүү, өз келечегин узак жылдарга пландоо жана финансылык жоготууларга даяр болуу жөндөмдүүлүгү. Бүгүнкү күндө финансы дүйнөсү мурдагыга салыштырмалуу бир кыйла татаал болуп калды. Туура финансы билимине ээ болгон адамдар жеке финансылык коопсуздугун камсыздоого жол ачкан чечимдерди кабыл алып, өлкө экономикасына салым кошушууда. Бирок 2014-жылы Standard & Poor’s агенттиги жүргүзгөн изилдөө көрсөткөндөй, кыргызстандыктардын 19% гана финансылык сабаттуулукка ээ. Бул болсо калктын 81% финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү эмес жана аларды баштапкы жана андан жогорку деңгээлдерде колдонгонду билбейт дегенди билдирет.

КР Улуттук банкы да Кыргызстан калкынын финансылык сабаттуулук деңгээлин аныктоо боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, калктын үчтөн бир бөлүгү гана кирешелерине жана чыгашаларына эсеп жүргүзөт. Ал эми ар бир алтынчы жаран ай ичинде канча акча алып, анын канчасын кайда сарптаганы тууралуу көп жакшы билбейт. Жарандардын басымдуу бөлүгү болсо баштапкы финансы кызмат көрсөтүүлөрүн гана колдонот экен. Калк түрдүү финансы-насыя мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн колдонордон мурда алардын шарттарын салыштырбайт десек болот. Финансылык сабаттуулук көйгөйү жалпы улуттук мааниге ээ болгонун эсепке алуу менен, КР Улуттук банкы 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыкты.
 
Программа жаш муунда финансылык сабаттуулукту тарбиялоого, жеке финансыны колдонууда натыйжалуулукту жогорулатууга жана финансылык аспаптарды колдонуунун сапатын жакшыртууга багытталган.Бул программа 2016-жылдын 18-мартында Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында өткөн тегерек столдо талкууланды. Бул талкуу “Кошул. Акчаны акылдуулук менен чогулт!” урааны алдында өттү. Акча апталыгы жыл сайын март айынын ортосунда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө өтөт Калктын финансы жаатындагы маалымдуулугунун жакшы деңгээли өлкөдөгү социалдык жана экономикалык туруктуулукка көмөктөшөт.Ал эми финансылык сабаттуулуктун өсүшү керектөөчүлөрдүн насыялары боюнча төлөмдөрдү кечиктирүү тобокелчилигин азайтат. Бул тууралуу тегерек стол талкуусунда Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА айтты:
 

“Ар бир ата-эне заманбап дүйнөдө коопсуздук көндүмдөрүнөн тышкары, балдарына финансы билимин да үйрөтүшү керек. Биз балдарыбызга тамактын алдында кол жууганды, жолдон туура өткөндү үйрөткөндөй эле, акчага туура мамиле жасаганды, аны акылдуулук менен колдонгонду, өзүнүн финансылык коопсуздугуна кам көргөндү да үйрөтүшүбүз керек. Атүгүл финансы билими болбосо, эч бир адам ийгиликке жете албайт. Ошондуктан жаш муун бала чагынан тарта финансыга карата өз укуктарын жана милдеттерин түшүнүп, финансылык максаттарды, өз өнүгүүсү үчүн максаттарды коюп, ошолорго кайсы ресурстардын эсебинен жете турганын баамдаганды билиш керек.

Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгынын тапшырмалары – балдарда финансылык билимдин жоктугу маселесине көңүл бурдуруу. Бирок бир апта менен жашоо токтоп калбайт. Ошондуктан калктын, өзгөчө балдар менен жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу ар бир ата-эненин,ар бир үй-бүлөнүн жана албетте мамлекет менен коомдун күн сайын жасоочу иштери. Ушуну менен бирге мамлекеттин катышуусу да өтө маанилүү. Анткени расмий билим берүү системасы аркылуу гана бул көйгөйдү системалык деңгээлде чечсе болот. КР

Улуттук банкынын жетекчилиги алдында Кыргызстанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгы маалыматтык жана тарбия берүүчү мүнөздө гана болгон жок. КР Улуттук банк иштеп чыккан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программасынын долбоору талкуунун көркүн ачып, маанилүү окуя болуп калды. Эми ушул калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программа аркылуу бул көйгөйгө коомчулук гана көңүл бурбастан, мамлекеттин да камкордугу болот деген үмүт пайда болду. Бул документти Улуттук банк КР

Өкмөтүнө эми гана киргизгени жатканына карабастан, азыртадан эле анын жалпы улуттук мааниси тууралуу бардык жерлерден кайра-кайра айта берүү зарыл. Бул программа финансылык сектордун ички тапшырмаларын гана эмес, Кыргыз Республикасында жашагандар жана болочок мууну тууралуу маселени да чечет”. Балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулук маселеси борбор калаада гана эмес, ошондой эле өлкөнүн аймактарында да көтөрүлүп келет. Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында 200дөн ашуун акысыз билим берүүчү иш-чара өткөрүлдү. Ал иш-чараларга 16 000ге жакын киши – балдар жана жаштар катышты. Иш-чаранын катышуучулары туура финансылык жүрүм-турумдун негизги финансылык түшүнүктөрү жана принциптери менен тааныша алышты.
 
Алар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү катары учурдагы финансылык тобокелчиликтер жана өз укуктарын коргоо тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары өзүнүн алгачкы финансылык чечимдерин кабыл алууда эксперттерден сабаттуу кеп-кеңештерди алышты. Финансылык сабаттуулук калктын жалпы бакубаттыгы, демек өлкөнүн келечеги болгону баарына түшүнүктүү. Өлкөнүн финансылык системасын узак мөөнөткө сакайтуу үчүн балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуудан башташ керек. Мисалы, көпчүлүк аймактарда окуучуларда коммерциялык банктардын филиалдарына барып, алардын күнүмдүк иши менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгү болду.
 
Ал эми Улуттук банктын Нумизматикалык музейине барган окуучулар Кыргызстандын жана чет өлкөнун азыркы жана тарыхый тыйындары, банкноттору тууралуу маалымат алышып, биринчи жолу күмүштөн, алтындан жана жезден жасалган коллекциялык тыйындарды көрүштү. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча 100дөн ашуун лекциялар, тренингдер, консультациялар өткөрүлдү. Жолугушууларга салымдар, инвестициялар, банк карталары, продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр, заманбап дүйнөдө башталгыч финансы билимге ээ болуу канчалык маанилүү деген темалар козголду. Апталыктагы кызыктуу жана эсте калган ишчаралар: Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында “Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсу; “Бай Түшүм” ЖАК, “Финка банк” ЖЧК жана “Кыргыз инвестициялык-насыя банкынын” финансылык колдоосу менен видеотасмалардын, дилбаяндардын жана сүрөттөрдүн конкурсу.
 
Конкурска үй-бүлөлүк бюджетке, күнүмдүк чыгымдарга акчага, финансылык керектөөлөргө жана өзүнүн финансы келечегине байланыштуу темаларга даярдалган эмгектер өлкөнүн бардык аймактарынан түштү. Үч конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө өтө көп санда түшкөн табыштамалардын арасынан мыктыларын тандап алуу кыйын болду. Талкуулап, тартышып, ар бир ишти кунт коюп окуп чыгууга туура келди. Акыры мыктылар аныкталып, 2016-жылдын 23-мартында Гапар Айтиев атындагы Көркөм искусство музейинде өткөн Апталыктын расмий жабылышында жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды. Ушул эле күнү “Кошул. Акчаны акылдуулук менен чогулт!” аттуу балдар сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды1.2016-жылы финансылык апталыктын ишине биринчи жолу балдар үйүнүн жана интернаттардын тарбиялануучулары тартылганын белгилей кетүү зарыл. Жаштар үчүн чоң кишилердин жашоосуна өтүү адатта кыйын, ал эми балдар үйүндө жана интернаттарда өскөн балдар үчүн бул өзгөчө оор.Анткени финансы маселелерин чече билүү чоң эмгекти талап кылат.
 
Алардын көңүлүн финансылык сабаттуулук темасына буруу максатында дилбаяндар конкурсу жарыяланды, жер-жерлерде лекциялар өткөрүлдү. Бул лекциялардан балдар жеке каражатты башкаруунун этаптары тууралуу маалыматтарды алышты. Алар киреше жана чыгаша деген эмне, аларды кантип башкарып, кантип пландап, келечек үчүн акчаны кантип чогултуп, эң негизгиси аларды канткенде үнөмдүү сарптаса болот деген суроолорго жооп алышты.
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун финансылык колдоосу алдында аймактардагы мектептер менен иштер жүргүзүлдү. “Окуучулардын жана ата-энелердин мектеп бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга катышуусу” конкурсунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана
Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 14 мектебинин дээрлик 7 миң окуучусун тарта алды.
 
2016-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин бардык мектеп-катышуучулар окуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча викториналарды, ачык сабактарды, оюндарды, конкурстарды жана мектептердин окуучулар менен алардын атаэнелери алдында ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу максатында бюджеттик угууларды өткөрүштү (ар бир мектептен орточо 500дөн бала тартылды).Мисалы, Баткен облусунун Лейлек районундагы “Андарак” орто мектебинде эки жылдан бери мектептин ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу максатында мектеп бюджети боюнча угуулар өтүп келет. Мектеп администрациясы угууларды ушул жылдын 14-мартында өткөрдү. Курамына ата-энелер, жогорку класстын окуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мектептеги ата-энелер комиссиялары жана элеттик активисттер кирген катышуучулар 2015-2016-окуу жылына бюджеттик каражаттардын колдонулушу маселесин талкуулап, 2016-2017-окуу жылына бюджет долбоорун карап чыгышты. Угуулардын ар бир катышуучусунда акча каражаттары, ата-энелердин кошумча салымдары эмнеге сарпталып жатат деген суроо узатып, ачык жооп алуу мүмкүнчүлүгү болду. Мындан тышкары катышуучулар каражаттарды натыйжалуу колдонуу жана коомчулукту, анын ичинде ата-энелерди мектепти башкарууга жигердүү тартуу маселелерин талкуулашты. Анткени бюджеттик процессти ачык- айкын жүргүзүү ата-энелердин ишенимин арттырат эмеспи.
 
Катышуучулар бюджеттик угууларды өткөрүү каржылоонун ачык-айкындуулугуна жана мектептердеги каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүп, мунун натыйжасында алардын балдарынын билимин жана мугалимдердин мотивациясын жакшыртарын белгилешти. Апталыктын соңунда бардык мектептер өткөрүлгөн ишчаралар тууралуу деталдуу отчетторду беришти. Анын негизинде курамына КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Улуттук банкынын, Өнүктүрүү саясат институтунун жана “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун өкүлдөрү кирген конкурстук комиссия жеңүүчүлөрдү тандап алды.
 
Алгачкы эки орун акыркы үч жылдан бери финансылык сабаттуулук темасы менен алектенип келген жана бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөргөн өнөктөш мектептерге ыйгарылды. Алар: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Тамга” орто мектеби жана Баткен облусунун Лейлек районундагы “Андарак” орто мектеби. Ал эми үчүнчү орунду апталыкка биринчи жолу катышкан Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Р.Шаботоев атындагы орто мектеп алды. Бул мектеп өткөргөн иш-чаралар оригиналдуулугу менен айырмаланып, бир кыйла чоң аудиторияны камтый алды. Калган 11 мектеп наркы 8500 сомго чейинки шыктандыруучу байгелерди алышты:
 
  • №77 орто мектеп, Ак-Өргө жаңы конушу, Бишкек шаары;
  • А.Абдраимов атындагы №1 орто мектеби, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу;
  •  Т.Машрапов атындагы №34 орто мектеп, Өзгөн району, Ош облусу;
  • Калча орто мектеби, Чүй району, Чүй облусу;
  • Д.Дооронбеков атындагы орто мектеп, Сокулук району, Чүй облусу;
  • Макаренко атындагы №1 орто мектеби, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу;
  • Т.Сатыбалдиев атындагы №7 орто мектеби, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу;
  • Н.Рахманов атындагы орто мектеп, Сокулук району, Чүй облусу;
  • К.Бобулов атындагы орто мектеп, Ноокат району, Ош облусу;
  • Мектеп-гимназия-интернат, Баткен шаары, Баткен облусу;
  • Манас атындагы №7 орто мектеби, Кара-Тектир айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.
Албетте бардык иш-чараларды өткөргөн мектеп кураторлору да көңүл сыртында калган жок. Алар Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгы өнөктүгүн дагы да кеңири чагылдыруу жана көбүрөөк аудиторияны камтуу үчүн баннерлер, буклеттер, постерлер, футболкалар жана сертификаттар өңдүү алдын ала даярдалган промо-материалдарды колдонушту.

Окшош материалы: