Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарынын айкындуулук паспорту – бул ЖӨБ органына коррупция менен күрөшүүгө жана жергиликтүү жамаат алдында өз жопокерчилигин күчтөндүрүүгө жардам берген “жол картасы”

2016-04-02 / Көңүл чордонунда
ЖӨБ органдарынын айкындуулук паспорту – бул ЖӨБ органына коррупция менен күрөшүүгө жана жергиликтүү жамаат алдында өз жопокерчилигин күчтөндүрүүгө жардам берген “жол картасы”

2015-жылдын октябрынан тарта 2016-жылдын март айына чейин Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Жарандык катышуу” Фонду (ЖКФ) менен биргеликте иш алып барды. Бул Европа Биримдиги каржылаган “Жарандык коом жана ММК: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айкындуулугунун кепили” Долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Ханнс Зайдель Фондунун Өкүлчүлүгүнүн буюртмасы менен ишке ашты. Буюртма айкындуулук, отчеттуулук жана коррупцияга каршы туруу (АОКК) маселелери боюнча дараметти жогорулатуу жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү (айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, АӨ башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары) жана жамааттын, жарандык коом уюмдарынын жана ММКнын өкүлдөрү үчүн ЖӨБОнун Айкындуулук паспортун киргизүү боюнча тренингдердин циклин өткөрүүдө камтылган.

“Айкындуулук паспорту” деген эмне? Айкындуулук паспорту (мындан ары – Паспорт) – бул ЖӨБ органынын айкындуулук, отчеттуулук жана коррупцияга каршы туруу принциптерин карманган деңгээлин өлчөгөн аспап. Паспорт көрсөткүчтөрдүн топтомун билдирет. Алардын болуп-болбогону айкындуулук, отчеттуулук жана коррупцияга каршы туруу деңгээлин аныктоого жардам берет. Көрсөткүчтөр топтому текшерүүчү баракча өңдүү. Аны толтуруу менен тышкы байкоочу же ЖӨБ органы өзү аталган принциптерге карата жергиликтүү өз алдынча башкаруунун абалын аныктай алат. Айкындуулук паспорту – бул башкаруудагы айкындуулуктун, отчеттуулуктун жана коррупцияга каршы туруунун принциптерин сактоого карата учурдун талаптарын чагылдырган КРдагы мыйзамдар боюнча “гид”. Паспорт аталган принциптерди иш жүзүндө колдонуу боюнча ЖӨБ органдары үчүн баалоо аспабы да, усулдук колдонмо да болуп эсептелет.
 
Айкындуулук паспорту ЖӨБ органдарынын айкындуулук, отчеттуулук жана коррупцияга каршы туруу принциптерин карманганын тастыктаган “сапат белгиси” жана сертификат болуп эсептелет.Паспортту биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу толтурат. Бул топ жамааттын, жарандык коом уюмдарынын, ММКнын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнөн турат. Бул топту ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын 27-пунктунда сүрөттөлгөн тартип менен түзөт. Паспортту толтуруунун жыйынтыктары тууралуу отчетту БМжБ тобу тийиштүү муниципалитеттин жергиликтүү кеңешине берет.Жергиликтүү кеңеш баалоонун жыйынтыктарын карап чыгып, Паспортту күбөлөндүрөт. Бул чечим бардык жеткиликтүү каражаттар менен жарыяланып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга – КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке (ЖӨБЭММА) же КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзуна толтурулган паспорт, БМжБ тобунун актысы, тастыктоочу материалдар жана кеңештин чечими менен кошо берилет.
 
Бул аспапты колдонуунун – Айкындуулук паспортун толтуруунун маанилүү жыйынтыгы – ЖӨБ органдарынын айкындуулукту, отчеттуулукту жана коррупция менен күрөштү күчтөндүрүүгө багытталган чаралары болуп эсептелет. Мындай чараларды колдонуунун зарылчылыгы жергиликтүү кеңештин чечиминде ЖӨБдүн аткаруучу органына тапшырма түрүндө чагылдырылган. Паспорттун көрсөткүчтөрүнүн структурасы Текшерүүчү баракка киргизилген көрсөткүчтөрдүн топтому катары Паспорт ЖӨБ системасында төмөнкү принциптердин болуп-болбогонун тастыктайт: Айкындуулук жана маалыматка жеткиликтүүлүк (АМЖ), төмөнкү чөйрөлөрдөгү 8 көрсөткүч:
 
  • жарандарга ЖӨБ органдарынын иши тууралуу маалымат берүү;
  • коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү;
  • бюджеттик процесс;
  •  жарандардын суроо-талаптары жана кайрылуулары менен иштөө.
Отчеттуулук жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укуктарын ишке ашыруусу (ОКУ), төмөнкү чөйрөлөрдөгү 15 көрсөткүч:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине коомдук мониторинг жана баалоо;
  • жамаат үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алуу, ЖӨБ деңгээлинде мыйзам чыгаруу процесси;
  • бюджеттик процесс;
  • жамааттын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен пландоо.
Коррупцияга каршы туруу (КК), төмөнкү чөйрөлөрдөгү 14 көрсөткүч:
 
  • муниципалдык менчикти жана жерди башкаруу;
  • мамлекеттик сатып алуулар;
  • кадрларды башкаруу.
Программа жана көнүгүүлөр “ЖӨБ органынын айкындуулук паспорту. ЖӨБ органынын жарандык коом жана жергиликтүү ММК менен өз ара аракеттенүүсү” темасына тренинг Кыргызстандын жети облусундагы 13 райондун 38 пилоттук айылдык аймагынын жана бир шаардык муниципалитетинин өкүлдөрү үчүн өткөрүлдү. Окууга катышкандардын жалпы саны 503 кишини түздү. Алардын ичинен 194ү – аялдар, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү – 269, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү – 234. Тренингдин программасында бир райондун үч пилоттук муниципалитетинин өкүлдөрү үчүн үч күндүк окуу каралган. Алгачкы эки күндө иштер эки топто өзүнчө жүргүзүлсө (ЖӨБО өкүлдөрү жана ЖКУ/ ММК өкүлдөрү), үчүнчү күнү эки топ бир болуп бириктирилип, ал өз кезегинде үч айылдык аймак боюнча бөлүштүрүлдү.
 
Окуу методикасына ылайык, теория менен практикалык көнүгүүлөр бириктирилди. Бул болсо ЖӨБ органдарынын жана жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрүнө ачык талкуу өткөрүп, карама-каршы пикирлерди билдирип, дал келбестиктерди аныктоого жардам берди. Ар бир катышуучу үчүн Паспорттун матрицасын өз-өзүнчө жана биргелешип, топ менен толтуруу айкындуулук, отчеттуулук жана коррупцияга каршы туруу (АОКК) жаатындагы каталарын жана кемчиликтерин таанууга, айрымдары үчүн ЖӨБ органдарынын ишинде АОКК принциптери бар болгонун билүүгө жол ачты. Тренингдер циклинин жыйынтыгында, биринчиден, тренингдин катышуучулары АОККнын принциптери жана мыйзам чыгаруучулук негиздери тууралуу билим алышты. Экинчиден, катышуучулар ЖӨБОнун Айкындуулук паспортун өзүн-өзү баалоочу аспап катары колдонуу көндүмдөрүнө ээ болушту.
 
Үчүнчүдөн, бардык 39 муниципалитет тең ЖӨБОнун Айкындуулук паспортун жайылтуу боюнча ЖӨБОнун, ЖКУнун, ММКнын биргелешкен пландарын жана коомдук угууларды даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында ЖӨБО ишиндеги маалыматтык ачыктыкты камсыздоо боюнча маалыматтык өнөктүктүн планын иштеп чыгышты. Бардык 39 муниципалитет боюнча алынган билимдердин деңгээли (тренингди өздөштүрүүсү) ЖӨБО тобунда орточо 31%, ЖКУ тобу боюнча 23% өстү. Иштер абдан динамикалуу жүрдү, бардык катышуучулар тренинг өткөн үч күн бою жигердүү болушту, зарыл болгон актуалдуу маселелерди көтөрүп, кызуу талкуулар өттү, конструктивдүү диалог түзүлдү. Интерактивдүү усулду мүмкүнболушунча колдонуу менен окуу процессинде ар бир катышуучу талкууга катышып, пикирин билдире ала тургандай шарт түзүлдү. Тренингдин тематикасы жана мазмуну окуунун катышуучуларында кызыгууну жаратты. Тренингдин катышуучулары окуудан мөөнөтүнөн мурда кетип калбаганы муну тастыктап турат.
 
“КР мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” Мыйзамдын 20-беренесин баалоо Паспортту толтуруу боюнча практикалык көнүгүүлөрдөн тышкары “КР мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” Мыйзамдын 20-беренесине жамааттык баа берилди (муниципалитеттер боюнча). Жыйынтыктар көрсөткөндой, 39 муниципалитет боюнча жарыяланган маалыматтын жалпы көлөмү орточо 46% түздү. Талкуу маалында ар бир ЖӨБ органы көпчүлүк ишин мыйзамдын 20-беренесинин негизинде жүргүзгөнү белгилүү болду. Бирок өз иши тууралуу маалыматты калкка өз убагында жана натыйжалуу жеткире албай жатканы көйгөйлүү маселе. Анткени АӨ имаратында маалыматты илип койгону менен, башка айылдын тургундары андан кабарсыз калууда. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү өз кемчиликтерин моюнга алышты.
 
Бирок башка жагдайларга даттанган муниципалитеттер да болду. Айталы, Ат-Башы районунда алыскы чек аралаш айылдык аймактарда радио орнотоюн дешкен. Бирок маморгандар мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келет деген жүйө
менен буга тыюу салышкан (чек аралаш аймактарда маалымат башка жакка чыгып кетиши ыктымал деп). Талкуу маалында катышуучулар ЖӨБ органдарынын иши тууралуу тигил же бул маалыматты ачыкка чыгарууга карата ар кандай пикирлерин билдиришти. Мисалы, “Маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдын 20-беренесинин негизинде
маалыматтын 36 түрүнүн ар бири кайсы мезгилде маалыматтык тактада илинип турушу керектиги тууралуу бир дагы ченемдик укуктук актыда жазылган эмес. Мисалы, биз ишемби күнү маалыматты илип, дүйшөмбү күнү алып коё алабыз”. Юристтердин айтымында, чындап эле мындай боштук болгондуктан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бар.
 
Паспортту толтуруунун жалпы жыйынтыктары Паспортту өз алдынча толтуруу ЖӨБ органдарынын АОКК принциптерин карманганын баалоодо айырмачылыктарды аныктоого жардам берди: адатта ЖӨБ органдарынын айкындуулукка карата өзүнө берген баасы жергиликтүү жамааттар тарабынан берилген баага салыштырмалуу жогорураак болот . Паспортту топ менен толтурууда үч бөлүм боюнча маалыматты ачыкка чыгаруунун көлөмү жеке иштердин көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу жогору болду. Бул болсо ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү жамааттын пикирине басым жасашы ыктымал, же муниципалитет өкүлдөрү иш жүзүндөгүгө караганда кырдаалды жакшыраак көрсөтүүгө умтулууда дегенди билдирет. Паспорттун айрым көрсөткүчтөрү боюнча катышуучулардын пикирлери ар башка болду жана эки башка бааны (плюс/минус) берүү менен алар муна сага келе алышкан жок. Ушуну менен бирге ЖӨБО өкүлдөрү маалыматты жарыялаганын ырастаса, жергиликтүү жамаат четке какты.
 
Катышуучулардын айтымында, пикир келишпестиктин негизги себептери төмөнкүлөр: маалыматтын көп түрү бар, бирок алар жарыяланган эмес; ошол маселеге тиешеси болгон кызыкдар адамдарга гана маалымат берилген; АК депутаттары өз ыйгарым укуктарын билишпейт; жергиликтүү жамааттын кайдыгерлиги байкалат. Паспорттогу өзгөчө көп пикир келишпестиктер жана талаштар чыккан негизги индикаторлор таблицада көрсөтүлдү.Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү өз пикирлерин ачык билдиргенден тышкары, пикир келишпестиктер болгон окуяга карата өз көз карашын айта алышты: “Эгерде маалымат калкка жеткиликтүү болбогон учурда анын болгону же болбогону тууралуу сөз жүргөндө иш жүзүндө баа бербейлиби: жок болсо жок, АӨ кызматкерлери муну жүрөгүнө жакын кабыл алышпасын жана биздин сынга терикпесин. Сын болбосо жана кырдаалга тең салмактуу баа берилбесе, анда өнүгүү да болбойт”. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү ачыкка чыгарылган маалыматтын көлөмүн үч көрсөткүч (АМЖ, ОКУ, КК) боюнча көлөмүнө жамааттын пикирле рине салыштырмалуу ашыкча баа беришкен: 50% ашык – 1 ЖӨБО, 50% чейин – ЖӨБОнун көпчүлүгү.
 
Ушул эле көрсөткүчтөрдү аз сандагы ЖӨБО гана жетиштүү баалаган эмес: 0-50%. Бул салыштыруу ЖӨБ органдарынын көпчүлүгү “Маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” Мыйзамдын аткарылышына карата формалдуу мамиле жасай турганын билдирет. Өз ишин жетиштүү баалабаган ЖӨБ органдарын айта турган болсок, анда муну оң тенденция десек болот. Мында ЖӨБ органы өзүн сын көз менен карап, ишин реалдуу бааласа, ал эми жергиликтүү жамаат алардын муниципалитети башкаларга салыштырмалуу жакшыраак көрүнүшү үчүн жогорку баа берүү менен ЖӨБ органынын ишине ашыкча баалап, өз укуктарын аягына чейин билбегенин көрсөттү. Отчеттуулук жана жарандардын ЖӨБго катышуу укугун ишке ашыруу (ОКУ) жана коррупцияга каршы туруу (КК) маселелери боюнча ЖӨБ органдарынын иши чектелүү (б.а., бул чөйрөдө иштер жетишсиз).
 
Мындан улам бул принциптерди ашыкча баалоонун көлөмү “Айкындуулук жана маалыматка жеткиликтүүлүк” (АМЖ) принцибин ашыкча баалоонун көлөмүнө салыштырмалуу азыраак. Ал эми АМЖ принциби боюнча ЖӨБ органдары көбүрөөк иш жүргүзөт, мындан улам ашыкча баалоо да жогорураак.Паспортту толтуруу боюнча практикалык көнүгүүлөр катышуучуларга ЖӨБ органдарынын ишиндеги оң жактарды жана кемчиликтерди так жана сабаттуу баалоо мүмкүнчүлүгүн берди. Дээрлик бардык тренингдерде катышуучулар төмөнкүлөрдү моюнуна алып, бир пикирге келишти: ЖӨБ органдары өз иши тууралуу маалыматты жайылтуу жана ачыкка чыгаруу чөйрөсүндө жетишсиз иш алып барат, ал эми калк зарыл болгон маалыматка көп деле кызыкпайт. 
 
Маалыматка жеткиликтүүлүк Паспорттун индикаторлорунда эң жогорку көрсөткүчтөр ЖӨБ системасында “Айкындуулук жана маалыматка жеткиликтүүлүк” (АМЖ) принциби боюнча аныкталган (2-диаграмма). Ошого карабастан көйгөйлөр баары бир болгон. Практикалык көнүгүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, маалыматтын көпчүлүк түрү айыл өкмөтүнүн имаратында папкалардын ичинде же маалымат такталарында гана болгону тастыкталган. Жарыяланууга тийиш болгон маалыматтын калган түрлөрү болсо коомдук иш-чараларда (чогулуштарда, коомдук угууларда, жергиликтүү кеңештин сессияларында, майрамдарда) калкка оозеки гана жеткирилип турган. Жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, калктын басымдуу бөлүгү алар үчүн зарыл болгон маалыматты угуп, бирок документтин өзүн көрбөгөнүн айылда “ооздон оозго өткөн радиого” көнүп калганы менен түшүндүрүшкөн. АӨнүн көпчүлүк кызматкерлери маалыматты тактага илип койсо да калк ага кызыкпай калганына даттанышкан.
 
Ошондуктан тренерлер сөздөр бара-бара унутулуп калаарын, ал эми өз убагында илинген маалымат каалаган учурда жеткиликтүү болуп тураарын кайра-кайра эскертип жатышты. Жашоочулардын кызыгуусун пайда кылыш үчүн маалымат калкка зарыл жана түшүнүктүү болуш керек. Бул үчүн таблицалар, диаграммалар, сүрөттөр өңдүү инфографиканы колдонууга болот. Айрым учурларда АМЖ индикаторлору боюнча жарандык коом уюмдарынын көрсөткүчтөрү ЖӨБ органдарынын баасынан ашып түшкөн. Талкуу маалында ЖКУнун көпчүлүк өкүлдөрү бааны ашыкча жогорулатканын моюнуна алышкан. Тарифтик саясатты жарыялоого карата: катышуучулардын айтымында, тарифтер боюнча эсептөөлөрдү айыл өкмөтүнүн адистери жүзөгө ашырат. Бирок бул тарифтер маалымат такталары аркылуу бардык эле жерде жарыялана бербейт.
 
Ал эми тарифтик саясатка таасирин тийгизген факторлор жана тарифтерди жөнгө салуу тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бул дээрлик бардык муниципалитеттерде калк үчүн таптакыр жабык тема. Себеби жөнөкөй – ЖӨБ органы бул маалыматты жарыялаш керектигин билбейт, ал эми калк мындан такыр эле кабарсыз. Маалымдоонун түрдүү усулдарын колдонуу боюнча катышуучулардан ар кандай сунуштар түштү: ар бир айылда устундарга чоң үн күчөткүчтөрдү орнотуу керек; күн бою концерттер көрсөтүлгөн телевидение аркылуу андан көрө жаңы мыйзамдар, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу пайдалуу маалыматты жайылтса болот; ар бир айыл өкмөттө маалыматты өз убагында бере турган жооптуу адис болсо, тартип да болот; маалыматты жайылтуу үчүн интернеттеги социалдык тармактарды колдонуу натыйжалуу болмок.Айрым муниципалитеттердин өз сайты бар болгону кубандырат, бирок алар көп жаңыланбай турганы белгилүү болду.
 
Окуулар катышуучуларды сайттардын үстүнөн иштөөгө шыктандырды. Бирок “жылдыздар” да болбой койгон жок. Мисалы, Барскоон айылдык аймагында маалыматты жайылтуунун бир нече аспабы колдонулган. Алар: “Барскоон FM” жергиликтүү радиосу, мультимедиялык борбор, “Барскоон Ордо” гезити, үн күчөткүч системасы бар радио, интернет сайт, айыл боюнча беш маалымат тактасы. Жалпысынан тренингдин катышуучулары бүгүнкү күндө маалыматты ачыктоо үчүн маалымат такталары жетишсиз экенин, заманбап технологияларды колдонуу зарыл болгонун, ошондуктан бардык муниципалитеттер өз сайтын иштеп чыгып, АӨ имаратынын аймагында Wi-Fi орнотушу керектигин белгилешти. Ошондо каалаган адам зарыл болгон маалыматты алуу үчүн АӨнүн сайтына же порталына кире алмак. Ошондой эле АӨ имаратынын аймагында же эл көп чогулган жерлерде электрондук табло орнотсо болот. Мындан тышкары калкка маалымат жеткирүүнүн башка заманбап технологияларын мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонууга болот. Жарандардын катышуусу Талкуу маалында бардык коомдук иш-чаралар ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүгүнө жана фантазиясына жараша түрдүү ыкмалар менен өткөрүлө турганы белгилүү болду.
 
Негизинен чогулуш-жыйындар, болгондо да стихиялуу түрдө жана алдын ала пландалбастан, мыйзамдардын талаптары сакталбастан өткөрүлүп келет. Катышуучулардын көбү коомдук угуулар өңдүү түшүнүк менен тааныш эмес. Муниципалитеттерде ЖӨБдүн аткаруучу органынын ишине жана кызмат көрсөтүүнүн сапатына биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы жок. Катышуучулардын дээрлик 90% эч качан БМжБ тобунун иши тууралуу уккан эмес. Катышуучулардын айтымында, көпчүлүк муниципалитеттерде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө баа берген баалоочу комиссиялар түзүлгөн. Көпчүлүк катышуучуларды БМжБ тобунун расмий статусу жана ишинин туруктуулугу, БМжБ тобунун мүчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттен белгилүү бир өлчөмдө акчалай сыйакы бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер кызыктырды. Бирок бул мониторинг жана баалоонун идеясынын жана концепциясынын өзүнө шайкеш келбейт. Ага ылайык, жамаат мүчөлөрү БМжБ топторунда өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштешет жана бул биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн жетиштүү мотивация болууга тийиш.
 
Катышуучулардан БМжБ тобунун мүчөлөрүнө БАМИ (бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси) боюнча окууларды өткөрүү зарылчылыгы тууралуу сунуш түштү.Тренингдин катышуучулары жергиликтүү кеңештин токтомун жарыялоонун жол-жоболору тууралуу маселени көтөрүштү. Мисалы, жергиликтүү кеңештин токтому жарыяланган маалымат тактасын сүрөткө тартып алып, аны облустук юстиция органына берүү жетиштүүбү? Облустук юстиция органы
жергиликтүү кеңештин бардык токтомдорун электрондук түрүндө кабыл алалабы? Бул суроолорго Өнүктүрүү саясат институтунун юристи Бектурган ОРОЗБАЕВ мындайча жооп берди: “Жергиликтүү кеңештин токтомуна кол коюлгандан кийин аны айыл өкмөтүндө катташ керек. Б.а., жооптуу катчы күнүн жана номерин коюш керек. Ошондон кийин катталган токтом күчүнө кириши үчүн жарыяланууга тийиш. Жергиликтүү (райондук) гезитте, ЖӨБ органынын сайтында, акимиаттын, губернатордун, ЖӨБЭММАнын сайттарында чыккандан кийин расмий жарыяланды деп эсептелинет”.
 
Эсеп палатасынын текшерүү актыларын жарыялоого карата катышуучуларды бир жагдай тынчсыздандырып турду. Эгерде Эсеп палатасынын (ЭП) текшерүү актысы интернет сайттар аркылуу жарыялана турган болсо, анда ошол маалымат боюнча прокуратура жана башка фискалдык органдар кайрадан текшере башташат. “КР маморгандарынын жана ЖӨБ органдарынын карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, ЖӨБ органдары ЭП текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу жалпы дайындарды (маалыматты) жарыялай алат. Бирок текшерүү актысынын өзүн жарыялоо зарыл эмес. Анткени Эсеп палатасынын аймактык башкаруу комиссиясында каралмайынча, ЭП текшерүү актысы соңку документ болуп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттын уставын (ЖЖУ) кабыл алуу тартиби ар бир тренингде эң көп талкууланган тема болуп калды. Дээрлик 80% ЖЖ уставдары формалдуу документ болуп эсептелет. Алар 1996-жылдагы жана 2009-жылдагы жергиликтүү жамааттын эски типтүү уставдарынын негизинде кабыл алынган. Ал эми ЖӨБЭММА 2014-жылдын 3 мартында бекиткен ЖЖУнун жаңы редакциясын тренингге катышкан муниципалитеттердин 20% гана кабыл алган жана иштеп жатат.
 
ЖЖУ боюнча суроолордун көбү административдик санкцияларды (жазапулдарды) салуу процессине тиешелүү болду. Көпчүлүк ЖӨБ органдары жазапулдардын көлөмүн өз алдынча аныктап, сала турганы белгилүү болду. ЖЖ уставы административдик укук бузуулар боюнча кандайдыр бир санкцияларды (жазапулдарды) караштырбаш керек. Бул санкциялар жана укук бузуулардын түрлөрү Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексте каралган. Административдик укук бузууларды АӨ түзгөн комиссия гана карай алат. Анын курамына АӨ кызматкерлери, АК депутаттары, активисттер жана башка жарандар кирет. Ошондой эле ЖЖ Уставына сунуштарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жоболору, мүчөлүккө кирүү жана андан чыгуу тартиби кеңири талкууга алынып, ЖЖ Уставында иштелип чыккан бардык механизмдер бекем сактала турган атайын мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу сунуштар да берилди.
 
Катышуучулар үчүн актуалдуу тема жергиликтүү кеңештин регламенти болуп калды. Кеңештин депутаттарынын билим деңгээли “аксап жатканы”, алар мыйзамдын көпчүлүк нормаларын билбей турганы, туруктуу комиссиялар иштебегендиктен АК сессиясына жеткиликтүү деңгээлде иштелип чыкпаган чийки маселелер чыгарылып жатканын, бул болсо сессияда кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын сапатына терс таасирин тийгизгени тууралуу сөз болду. Жергиликтүү кеңештин көпчүлүк депутаттары өз ыйгарым укуктарын билишпейт, калк менен иштей албайт, калкка отчетту өз убагында бербейт. Ошондуктан жергиликтүү кеңештин депутаттары көпчүлүк учурда көз көрүнө аткарылбай турган чечимдерди кабыл алып, муну менен аткаруучу органды – айыл өкмөтүн туңгуюк абалга кептейт. Коррупцияга каршы туруу Паспорттун индикаторлорунда эң төмөнкү көрсөткүч ЖӨБ системасында “Коррупцияга каршы туруу” (КК) принциби боюнча аныкталды (№2 диаграмма). Болгондо да бул ЖӨБ органынын жана ЖКУ позициясынан аныкталды. Көпчүлүк учурда катышуучулар “Муниципалдык менчиктеги объекттерди башкаруу” бөлүгүндө “минус” коюшкан. Анткени менчиктештириле турган объекттердин, анын ичинде муниципалдык жерлердин жоктугунан менчиктештирүү программасы жок.
 
“Жарандарга ЖӨБнын менчигинде болгон кыймылсыз мүлк объекттери тууралуу маалымат жеткиликтүү” КК-2 индикатору боюнча муниципалдык менчиктеги объекттердин реестри маселелеринин тегерегинде талаш-тартыштар көп болду. Тилекке каршы, дээрлик бардык пилоттук муниципалитеттерде ЖӨБ органдарында муниципалдык менчик реестри болгону менен, алар бул маалыматты ачыкташпайт. Бирок Паспорттун индикаторлорунда жергиликтүү жамааттын терс баасынан айырмаланып оң жооп болгон. Эмне үчүн ЖӨБО менен ЖКУ көрсөткүчтөрүнүн ортосунда мындай чоң ажырым болгон деген суроого ЖӨБОнун биринин өкүлдөрү “жергиликтүү жамаат эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнбөйт” деп ачык жооп берген. Өз кезегинде ЖКУ өкүлдөрү Паспорт индикаторлорундагы ар бир көрсөткүч боюнча баалардын объективдүүлүгү тууралуу ишенимдүү айтышты. Муниципалдык менчиктеги объекттерди конкурстар аркылуу ижарага же жеке менчикке берүүгө тууралуу сөз болгондо, бардык муниципалитеттер бир жолку учурларды эске албаганда, мындай конкурстар болбой турганын ырасташты.
 
Бирок “муниципалдык менчиктеги бардык объекттерге инвентаризация жүргүзүлгөн беле?” деген суроого эч ким жооп кайтара алган жок. Башкача айтканда,көпчүлүк муниципалитеттерде ЖӨБ органдары муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жаатында эч кандай иш алып барган эмес.Дээрлик бардык муниципалитеттер мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдагы кемчиликтерге даттанышкан. Анткени бардык сатып алууларды тендер боюнча портал аркылуу өткөрүү процесси бир топ убакытты алат. Катышуучулар ири сатып алууларды тендер аркылуу өткөрүүгө макул. Бирок майда нерселер боюнча тендердик сатып алууларды өткөрүү көп убакытты жана күчтү алган ашыкча, керексиз убаракерчилик катары бааланды. Тендерге жергиликтүү компаниялар гана катышса жакшы болмок деген сунуштар киргизилди. Анткени мындай учурда иштер көзөмөлдөнүп, сапаттуу болуп, эгерде бир нерсе болсо жоопко тартуу да жеңил болмок. Же болбосо подрядчылар жана жеткирүүчүлөр сапатсыз иши үчүн жоопко тартыла турган башка катаал мыйзам зарыл.
 
Мисалы, муниципалитеттердин биринде өтө көп каражатка сапатсыз чакан бала бакча курулган.Катышуучулар өз пикирлерин мындайча билдиришти: “Жаңы мыйзамдарды, анын үстүнө мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам өңдүү мыйзамды иштеп чыгууда биринчи кезекте бул маселе боюнча кеңири талкуулардыөткөрүп, жеринде бардык чоо-жайын жакшы билгендиктен ЖӨБ органдарынын пикирлерин эсепке алып, ошондон кийин гана жаңы мыйзамды иштеп чыгууга жана чечим кабыл алууга киришиш керек”. КК-7 (“жарандар ЖӨБ органдары өткөргөн конкурстардын жыйынтыктары тууралуу маалыматты www.zakupki.gov.kg порталында алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”) өңдүү индикатор бир топ талашты жаратты. Анткени колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, ЖӨБО порталга зарыл болгон маалыматты жайгаштырганы менен, компьютердин жана интернеттин жоктугунан улам калкта да ага жеткиликтүүлүк жок.Көпчүлүк маселелер муниципалдык кызматка тиешелүү болду.
 
Мисалы, эмне үчүн мамлекеттик кадр кызматы класстык чен үчүн кошумча акыны алуу тууралуу маселени көп убакыттан бери (үч жылдан ашык) карап жатат? КК-14 пункту (“жарандар ЖӨБ органына ишке алуу боюнча конкурстук комиссиянын жыйынтыктары тууралуу билет”) боюнча, кайрадан дайындалган кызматкерлер тууралуу маалымат жарандарга оозеки формада гана берилет. Ошондуктан катышуучулар жаңы адистин кызматка алынганы тууралуу АӨнүн буйругун илип коюу жетиштүү болгонун айтышты. Б.а., комиссиянын протоколун илүүнүн, же протоколдон көчүрмө бөлүктү жарыялоонун зарылчылыгы жок деген пикир айтылды. Жооптуу катчынын ишинин көптүгү тууралуу маселе көтөрүлүп, анын ишмилдеттеринин бир бөлүгүн башка адистерге берүү сунушталды. Мындай сунуштар да айтылды: “укук улантуучу” түшүнүгүн мыйзамдаштыруу керек: АӨ башчысы кызматынан кеткенде ал мүлктү гана эмес, ошондой эле болгон документтерди да туура жана мыйзамдарга ылайык өткөрүп берүүгө тийиш.
 
Пайдалар “КР ЖӨБ органдарынын АОКК принциптери” сессиясынын алкагында катышуучулар үч негизги принциптин айкындуулуктун, отчеттуулуктун, коррупцияга каршы туруунун пайдасына карата суроолорго жооп бере алышты. Жооптор жандуу, кызыктуу жана актуалдуу болду. Бул жооптор боюнча адамдар азыркы реалдуулукту, жеринде учурдагы социалдык-экономикалык абалды, ачык жана бакубат коомдо, экономикалык жактан туруктуу өлкөдө жашоо үчүн дагы канча нерсе жасаш керектигин канчалык жакшы түшүнө турганын аныктоого болот. Бул көнүгүү ЖӨБ органдарынын ишинде АОКК принциптеринин баарын сактаганда кандай пайда болоорун муниципалитеттерге так аныктоого жардам бергени маанилүү натыйжа болуп калды: ачык айкын болуу – өз иши тууралуу бардык маалыматты ачыктоо; отчеттуу болуу – өз ишин калктын артык чылыктарына жараша алып баруу; жарандардын каалоолору аткарылып-аткарылбаганы тууралуу үзгүлтүксүз отчет берип туруу; коррупцияга каршы туруу.
 
Жооптор жалпылаштырылган түрүндө берилип, эки компонентке бөлүндү: 1) экономикалык пайда; 2) саясий жана социалдык пайда. Экономикалык пайда: бюджеттин айкындуулугу артат, бул болсо жергиликтүү салыктарды көбүрөөк чогултууга жана салыктык эмес төлөмдөр менен жыйындарды чогултуунун натыйжалуулугуна алып келет; даттануулардын жана текшерүүлөрдүн саны азаят; керексиз чыгымдардын саны кыскарат, бюджеттик каражаттар натыйжалуу, максаттуу, үнөмдүү жана туура колдонулат; инвестициялык климат жакшырат, ички жана тышкы инвестициялар тартылат; жеринде бизнес чөйрөсү жана ишкерчилик өнүгөт; өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары ыкчам аныкталат; жөлөк пулдарды төлөп берүүгө багытталган финансы ресурстары үнөмдөлөт; берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулайт; ЖӨБ органы кесипкөй башкарылат, АА инфраструктурасы жакшырат; аймактын көйгөйлөрүн даректүү чечүү жана көзгө көрүнөрлүк жыйынтыкка жетүү мүмкүн болот; калктын ресурстарга акыйкат жетүүсү камсыздалат; жергиликтүү жамааттын керектөөлөрү эффективдүү аныкталат.
 
Саясий жана социалдык пайда: ЖӨБ органдарынын калк алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт, жергиликтүү бийлик адамдарга жакыныраак болуп, калктын ишеними пайда болот жана ЖӨБОнун аброю көтөрүлөт; жергиликтүү жана мамлекеттик бийликтин жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгы жакшырат; коррупциянын деңгээли азаят; социалдык туруктуулук пайда болуп, социалдык чыңалуунун деңгээли түшөт, митингдердин саны азаят; калктын турмуш деңгээли жакшырып, жакырчылыкты жоюу, экологияны сактоо боюнча иштер жанданат; кадр маселеси чечилет: АК депутаттарынын жана АӨ кызматкерлеринин дарамети өсөт, ЖӨБОго кесипкөй кадрлар, таза адамдар иштегени келет, кадрдык туруктуулук пайда болот (АӨ аппаратында кадрлардын агымы азайып, жаш адистер тартыла баштайт); көрсөткүчтөр жана чечилген маселелердин сапаты артат; ЖӨБОнун эл аралык долбоорлор жана донорлор менен кызматташуусу жакшырат; калктын активдүүлүгү жана жалпы жамааттын биримдигинин күчтөнүшү жалпысынан мамлекеттин күчтөнүшүнө алып келет;коомдук сектор, анын ичинде жарандык коом уюмдары үчүн мүмкүнчүлүктөр жакшырат; фискалдык органдардын текшерүүсү азаят; кылмыштуулук алдын алынып, деңгээли азаят; калк арасында миграциянын көрсөткүчтөрү түшөт; мыйзамдуулук жана укук тартиби сакталат; адамдар ортосунда өз ара мамилелер жакшырат, калктын интеллект жана маданий деңгээли жогорулайт; чакырылбаган коноктордун саны азаят (курорттук сезон маалында түрдүү маммекемелерден, министрликтерден, ведомстволордон, департаменттерден ж.б. ар кандай коноктор келип, муниципалдык кызматчылар аларды өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып тосуп алышат); паранын зыяны тууралуу адамдарда пикир калыптанат.
 
Паспортту колдонуунун келечеги ЖӨБ органдары жана ЖКУ өкүлдөрү ар бир айылдык аймакта АОКК принциптерин жана механизмдерин жайылтуу боюнча планды биргелешип иштеп чыкканы, анын ичинде муниципалитеттин ишинде маалыматтык ачыктыкты камсыздоо боюнча маалымат өткөргөнү беш айлык тренингдердин эң негизги жетишкендиги болду. Процесстин тараптары 39 муниципалитетте аныкталган коммуникациялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн чараларды иштеп чыгышты, АОКК принциптерин сактоого карата кырдаалды жакшыртуу боюнча ЖӨБ менен жамааттын реалдуу биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышты. Айкындуулук паспортунун матрицасын биргелешип толтуруунун жыйынтыгынын негизинде катышуучулар “минус” деген белгини койгон АОКК индикаторлорун жакшыртуу боюнча зарыл болгон бардык кадамдарды так аныктай алышты. Бул сессиянын натыйжасында ар бир Пландын презентациясы жасалып, алар боюнча талкуу өткөрүлүп, эң көп узатылган суроолор төмөнкүлөргө тиешелүү болду: “иш-чара үчүн жооптуулар” бөлүгүндө АӨ башчысын же АК төрагасын гана көрсөтпөстөн, жумушчу топторду түзүп, айыл башчыны, АӨ кызматкерлерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттын лидерлерин тартуу керек. Сайттарды жана маалымат такталарын түзүүдөн тышкары маалыматты жарыялоо процессинин эң жеткиликтүү жана натыйжалуу аспаптарынын бири катары маалымат бюллетенин иштеп чыгууну да пландарга киргизүү зарыл; иш-чараларды аткарууга зарыл болгон акча каражаттары жана аларды каржылоо булактары чагылдырылыш керек; БМжБ тобунун иш планын иштеп чыгууну айыл өкмөттүн планынын негизинде АӨ менен биргеликте жүзөгө ашырыш керек.
 
Мындан тышкары ЖӨБОнун ишинде маалыматтык ачыктыкты камсыздоо максатында катышуучулар так күнү жана мөөнөттөрү белгиленген коомдук угууларды уюштурууга даярдык көрүү жана өткөрүү планын түзүштү. Негизинен муниципалитеттер бюджет долбоору боюнча угууларга даярдоо планын иштеп чыгышты. Бирок такыр башка көкөйгө тийген маселелер боюнча да пландар болду. Алар: калктын ичүүчү сууга, сугат сууга карызы көп болгону, КТК жыйноо жана чыгаруу көйгөйлөрү жана тарифтик саясат боюнча коомдук угуулардын планы боюнча коомдук угууларды даярдоо. ЖӨБ органдарынын айкындуулукту, отчеттуулукту жана коррупция менен күрөштү күчтөндүрүүгө багытталган дал ушул чаралары Паспортту системалуу түрдө толтуруу өңдүү аспапты колдонуунун маанилүү жыйынтыгы болуп калат. Ошентип Паспорттун алкагында маалыматты жайылтуу боюнча иш-чаралар бир кыйла ийгиликтүү өткөрүлүшү мүмкүн деген ыктымалдуулук жогору. Анткени бардык катышуучулар АОКК принциптери боюнча билим базасынын болушуна чоң кызыгуусун билдиришти. Айкындуулук паспорт 39 пилоттук муниципалитет үчүн ЖӨБ органынын ишинин сапатынын
сертификаты гана эмес, ошондой эле айкындуулукту, отчеттуулукту жана коррупцияга каршы турууну күчтөндүрүү боюнча иштин аспабы болуп калат.
 
Түз сөз Майрам РЫСБАЕВА, Сосновка АА айыл өкмөт башчысы: “Биздин команда тренинг башталган алгачкы күндөн тарта бул теманы талкуулады. Калк менен кандай иштеш керек дегенге көзүбүз ачылгандай болду. Биз сөзсүз түрдө биргелешкен аракеттер планы боюнча иш алып барабыз. Тренингдеги бардык материалдар жакты. Биз үчүн маанилүү болгон маалыматтардын агымы бизди таң калтырды. Биз бул чөйрөдө аз иш жасап жатканыбызды, кайдгер жана эч нерсеге кызыкпайт деп өз калкыбызды туура эмес айыптап жатканыбызды түшүндүм. Биз аракеттенип жатабыз, бирок айкындуулук маселесин, калкка маалымат берүүгө байланышкан маселелерди чече албай келатабыз. Буга чейин ойлонуп жүрчүбүз, бирок мындан ары радио түйүндү колдонуш керектигин так билем. Маалыматтык бюллетенди чагыруу идеясы абдан жакты. Бул ар бир үй-бүлөгө зарыл болгон маалымат жеткиликтүү түрүндө бериле турган натыйжалуу усул. Биз сөзсүз түрдө Паспортту толтурарыбызга ишенем”. Абдырашид МОЛДОБАЕВ, Жаңы-Алыш АА айыл өкмөт башчысы: “Мен АӨ кызматкерлерине Мыйзамдын негизинде бардык болгон зарыл маалыматтарды такталарга илип чыгууну тапшырдым. Паспорттогу коррупция менен күрөш боюнча көрсөткүчтөр тууралуу айта турган болсом, СИЗОго экскурсия уюштуруп, паракорлор менен коррупционерлердин темир тордун артындагы турмушун көрсөтүүнү сунуштайт элем”.

 

Окшош материалы: