Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык башкарууда ГМС-технологиялары: «Бишкексууканалы» ӨЭБнын тажрыйбасы

2016-06-14 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Муниципалдык башкарууда ГМС-технологиялары: «Бишкексууканалы»  ӨЭБнын тажрыйбасы

Узак убакыттан бери жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүү маселелерин чечүү боюнча Кыргыз Республикасы Эл аралык өнүгүү ассоциациясы (ЭӨА) менен кызматташып келатат. Өз ара аракеттенүүнүн маанилүү чөйрөлөрүнүн бири – шаар инфраструктурасын модернизациялоо жана калктын ага жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Борбор калаанын жана Ош шаарынын жаңы конуштарында бул тапшырманы аткаруу үчүн КР Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Дүйнөлүк банктын максаттуу гранттык каржылоосу менен Бишкек жана Ош шаарынын инфраструктурасынын Долбоорун (БОШИД) ишке ашырды.

Долбоор инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен жаңы конуштардагы калктын турмуш шартын жакшыртуу жана анын шаардык жамааттагы социалдык-экономикалык интеграциясын камсыздоо максатын көздөйт.БОШИД алкагында “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкаруусунда (ӨЭБ) тармактык маалыматтык системасын (ТМС) иштеп чыгуу башталды. Бул болсо ишкананын ишмердигин бир кыйла өркүндөтүүнү убада кылууда. Колдо болгон жыйынтыктарга караганда, бул максатка жетүү толук мүмкүн. Бирок биринчи кезекте ишканага киргизилип жаткан ГМСтин маңызы тууралуу бир нече сөз айта кетүү зарыл. ГМС – бул геомаалыматтык технологиялар. Алар биз үчүн жаңы болгонуна карабастан алардын тарыхы өткөн кылымдын 60-жылдары башталган.Эгерде алгачкы системалар тийиштүү программалык камсыздоосуз, жөнөкөй эсептөөчү техниканын жардамы менен башталса, бүгүнкү күндө – бул өтө татаал «организм».
 
Ал өзүнө кубаттуу операциялык системаны, колдонуучунун интерфейсин камтып, графикалык маалыматты чагылдырат. ГМС – бул мейкиндик маалыматтарын чогултуунун, сактоонун, иштеп чыгуунун, талдоо жана чагылдыруунун компьютердик системасы. ТМС – бир конкреттүү объекттин, ал эми биздин мисалда болсо «Бишкексууканал» ӨЭБ түпкүлүгүндө ГМС принциптери боюнча курулган. Ишти баштоо үчүн тийиштүү техника зарыл. Ошондуктан АРИС ишкананы зарыл болгон жабдуулар менен камсыздап, 8 GPS-ресивер, 18 автоматтык басым датчигин, ArcGIS программалык камсыздоосун сатып алды. Суу каналдын жетекчилиги атайын жайды бөлүп берип, оңдоп берди. Бул жерде ГМСтин бөлүмү жайгашып, компьютердик жабдуулар орнотулду. Автоматтык басым датчиктери борбор калаанын түрдүү жерлеринде – системанын өзөктүк аймактарында жайгаштырылган жана бир сааттын ичинде бир нече жолу суу өткөрүү тармагындагы суунун басымы тууралуу маалыматтарды берип турат. Авария болгондо алар жумушчулар тобун кайда жибериш керектигин маалымдашат.
 
Мына ушул өтө сезгич датчиктердин жардамы менен картада системанын түрдүү бөлүктөрүндө басым ошол убакытты чагылдырат. Ишкананын нөөмөттүк-диспетчердик кызматтары абоненттердин бардык даттанууларын жана тармакта болгон аварияларды каттап турат. Бул болсо дээрлик ар бир метрде авариялардын жана даттануулардын жыштыгына талдоо жасоого, маалыматтарды трубалардын мүнөздөмөлөрү (чыккан жылы, материал, техникалык тейлөө күнү ж.б.) менен салыштырууга жардам берет. Ошол жыйынтыктардын негизинде “Сууканалдын” жетекчилиги ремонттун зарылдыгы, тармактарды жарым-жартылай же толук алмаштыруу тууралуу чечимдерди кабыл алат. Башкача айтканда каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүгү бар. G P S - р е с и в е р д и н милдети башкача – аларды инвентаризациялоо жүргүзгөндө, тагыраак айтканда ишкананын бардык активдерин (трубаларды, насосторду, тээктерди, кудуктарын ж.б.) санаганда жана абалын так аныктаганда колдонушат. Мында алардын техникалык мүнөздөмөлөрү так аныкталып, андан кийин электрондук картага, же ТМСке киргизилет. Баса, аны бир көргөндө эле шаардын суу-түтүк системасы тууралуу толук маалымат алса болот.
 
Болгондо да трубалар, насостор, тээктер деталдуу түрдө берилген, анда параметрлери, чыккан күнү, тереңдиги жана башка мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн. Бул болсо ремонттук топторго бузулган жер тууралуу да, аны оңдоонун варианттары тууралуу да мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат берет. Мындан тышкары электрондук картада суу каналдын бардык абоненттери көрсөтүлгөн. Алар суу менен камсыздоонун объекттери болуп эсептелет. Интеграцияланган, эсептин биллинг системасы бар ТМС онлайн режиминде кайсы абонент канча карыз болгону тууралуу маалыматты, башка мүнөздөмөлөрүн берет. Ушул этабында эле “Бишкексууканалынын” абоненттик бөлүмү карызы барлар менен иш алып баруу бир кыйла жеңил болуп калганын сезе баштады. Киргизилип жаткан маалыматтык система менен атайын даярдык болбосо иштөө, электрондук картаны түзүү мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Ошондуктан ГМС бөлүмү түзүлдү. Бул бөлүмдө учурда “Бишкексууканалынын” башкы инженери Владимир Геннадьевич ИГНАТЕНКОнун жетекчилиги алдында төрт киши иштеп жатат. Алардын айтымында, ИГНАТЕНКО ГМСтин фанаты болуп калды. Башкы инженер активдүү жана демилгелүү болгондуктан республикада биринчилерден болуп ушул маалыматтык системаны киргизүү боюнча АРИСтин долбоору ишке ашырыла баштады.“Бишкексууканалынын” системалык администратору, ГМС-системасы долбоорунун алдыңкы адиси Сергей Владимирович ЕРШОВ айтып бергендей,ушул тапта бөлүм жүргүзүлгөн инвентаризациялоо маалында белгилүү болгон маалыматтарды иштетүү менен алектенип жатат.
 
Баса, бул абдан көп убакытты ала турган, кылдаттыкты талап кылган иш. Бүгүнкү күндө суу-түтүк тармагынын 70 км инвентаризацияланды. Ал эми жалпысынан “Бишкексууканалынын” карамагында 1200 км бар. Адистин айтымында, борбор калаанын сууканалынын активдерин толук инвентаризациялоого бери дегенде алты жыл кетет. Анткени “Бишкексууканалында” кагаз түрүндөгүсүнөн көчүрүлгөн электрондук карта бар. Бирок системанын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу үчүн картаны деталдаштырып чыгуу керек. Мында ар бир үйгө алып барган бөлүштүрүүчү тармактарды көрсөтүүдөн баштап, алардын параметрлери жана мүнөздөмөлөрү жазылыш керек. Ушул тапта иш жүзүндө бул процесс бир аз примитивдүү көрүнүүдө – GPS-ресиверлери бар кызматкерлер тармактарды квадраты боюнча кыдырып, жайгашкан координаттарын, параметрлерин жана мүнөздөмөлөрүн картага киргизип жатышат. Азырынча иш ушундай жүрүп жатат, бирок бул зериктирчү иштин соңунда бардык алынган маалыматтар компьютердин электрондук эстутумуна киргизилгенден кийин “Бишкексууканалы” мыкты электрондук картага ээ болот. Ошондо бир басканда эле сыйкырдуу таякчадай эле кесипкөйлөрдүн көз алдына жалпысынан система боюнча гана эмес, ошондой эле ар бир түйүн жана агрегат тууралуу да толук маалымат чыга калат.
 
Ошентип тармактык маалыматтык системаны киргизүү менен ишкананын активдерин башкаруу өркүндөтүлүп, анын эффективдүүлүгү артып, пландоо жана талдоо, отчет берүү камсыздалат. Активдерди башкаруу тууралуу жогоруда бир кыйла толук маалымат берилди. Пландоо тууралуу айта турган болсок, ТМС эки типте болот - кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү. Биринчиси күнүмдүк тапшырмаларга тиешелүү – иш тартиби, техникалык тейлөө графиктери, жабдууну күйгүзүү/ өчүрүү, өлчөөчү алеттерден көрсөткүчтөрдү алуу. “Бишкексууканалынын” активдерин толук инвентаризациялап бүткөндөн кийин ТМС жабдууну тейлеген жана оңдогон техникалык персоналдын маршрутун түзүүдө колдонулат деп болжолдонууда. Бул болсо аз акча жана убакыт коротуп жасалган иштерге көзөмөлдү камсыздайт. ТМСтин жардамы менен “Бишкексууканалынын” жетекчилиги кошумча техникалык тейлөөнү талап кылган зоналарды аныктай алат. Ушуну менен бирге авариялар, техникалык тейлөө боюнча документтер, жабдуунун абалы тууралуу керектөөчүлөрдүн даттануулары тууралуу бардык маалымат колдо болот. Узак мөөнөттүү пландоо көп убакытты алат жана адатта жабдууларды модификациялоо пландарынын эсебинен ишке ашырылат.
 
ТМСтин жардамы менен жабдуунун абалы, эскирип-эскирбегени, тобокелчилик факторлору, жабдууну алмаштыруунун наркы тууралуу ишкананын персоналынын маалымдуулук деңгээлин аныктоо процесси жеңилдейт. Баса, ТМС дагы да ийкемдүү геомоделдерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ал болсо инфраструктурага дагы да деталдуу анализ жасап, жабдууну модификациялоо жана башкаруу боюнча пландарды айкалыштырып, инфраструктураны алмашты-руу зарылчылыгын аныктап, муну финансы чыгымдарынын эсеби менен макулдашууга жол берет. Отчеттуулук жактан алганда ТМС ишкананын азыркы жана буга чейинки жумушчу абалы, пландалган иш-чаралар жана керектөөчүлөр менен өз ара аракеттер, канализациялык системанын жана сууну бөлүштүрүүнүн абалы тууралуу маалыматтын динамикалуу жана ыкчам берилишин камсыздайт. Бир сөз менен айтканда ГМС-технологиялардын артыкчылыктары айкын болуп турат. Болгондо да аларды дээрлик ар бир ишканада колдонсо болот.
 
Маалымат – башкы байлык деген сөздүн чын болгонун көрсөтүүдө. Дал ошол маалыматты алууга көп убакыт кетерин көрүп жатабыз (сөз ишкананын активдерин инвентаризациялоо тууралуу жүрүүдө). Жогоруда айтылгандай, “Бишкексууканалына” зарыл болгон маалыматтарды чогултууга дагы 6 жыл талап кылынат.Ал арада Бишкекте ушул маалыматка ээ болуп, аны сатууга даяр фирмалар бар. Бул – аларды бизнеси. Арзан эмес. Бирок көп учурда убакыт – бул акча болгонун унутпайлы. Негизи бул маселени ар бир ишкер өзү үчүн өзү чечиш керек. Жакын арада “Бишкексууканалы” ишканасынын жолун жолдоп, ГМС-технологиялары атамекендик бизнес чөйрөгө кирип, бүгүнкү күндө компьютерлер кандай болсо, ошондой эле кадимки көрүнүшкө айланарында шек жок. Балким атүгүл жашоо сапаты жаңы деңгээлге көтөрүлүп, жаңы маалыматтык бийиктикти багындырганыбызды байкабай да калышыбыз ыктымал.

Окшош материалы: