Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ – 2016: эрдиктин, жакшылыктын жана ийгиликтин урматына

2016-09-01 / Көңүл чордонунда

Кыргызстандын Чүй облусунун айылдарында жана шаарларында жашоо жакшыра баштагандыгы тууралуу 47 окуя, 2016-жылдын күз айларында Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоордун алкагында чогултулду. Аталган сандагы табыштамалар Чүй облусунун эки шаарынын жана он алты айылдык аймактарынын жергиликтүү коомчулугунан жана ЖӨБ органдарынан келип түштү. Он сегиз баяндоочулар калктын кээ бир катмары, үй-бүлөөлөр, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары кичи райондордо, көчөлөрдө, айылдарда кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын жазып беришти. 21-кылымда Кыргызстандын көптөгөн жарандары аталган оор шарттарга дуушар болуп жаткандыгына кайдыгээр кароо мүмкүн эмес. Ошол эле убакта 47 окуянын каармандары болуп калган кыргызстандыктардын күчү суктандырбай койбойт (журналдын бул басылмасында өтө жакшы деп эсептелген 18 окуя сүрөттөлөт). «Өзүм жардам берем», «өзүм жасайм» деген бул адамдар сыйлоого жана ыраазычылык билгизүүгө татыктуу.

Алар кошуналарын  чогулушка чакырат, жыйналыштарды чыгып сүйлөшөт жана өздөрүнүн көчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргошот; суу түтүктөрүн казышат же болбосо жолдогу шагылдарды түздөгөн жумушчуларга шорпо жасашат; мамлекеттик органдарга кат жасышат же АӨ башчысы менен биргеликте жергиликтүү кеңештин депутаттарынан демилгени колдоп берүүсүн суранышат. Алардын жасаган иштери колдонууга татыктуу. 47 окуянын бир каарманы Ак-Башаттагы Рахат Шералиев төмөндөгүлөрдү айтты: «Мен баарыбыз бирге күч экенибизди түшүндүм, биз ар кандай тапшырмаларды аткара алабыз. Биз өзүбүздүн айылыбызга, жердештерибизге пайдалуу нерсе жасай ала турганыбыздан моралдык канааттануу алдык. Дарактар өсүп, сейил бак кеңейип, ар бирибиз каалаган жашоодогу из катары калып калышын тилек кылам».

Рахаттын оюн сынактын уюштуруучулары мындан ары төмөнкүдөй улантышат: «Биздин шаарлардагы жана айылдардагы жөнөкөй жашоочуларда гана эмес, биз жашаган территорияларды башкаргандарда да демилгелүүлүк жана жоопкерчилик орун алсын! Жергиликтүү демилгелердин саны мындан ары көбөйө берсин!47 баяндама конкурстук комиссиянын кароосуна берилип, алардын арасынан калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшкөн; ЖӨБ органдарынын айкын ишине, ЖӨБ органдарынын калк алдында жооптуу болушуна көмөктөшкөн; муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин (мектептердин, коммуналдык кызматтарды жеткиргендердин) айкын ишине көмөктөшкөн; жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ролун арттырууга жана алардын шайлоочулар менен дагы да активдүү иш алып баруусуна көмөктөшкөн; жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартууга көмөктөшкөн; жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздаган; жарандык коомдун артыкчылыктуу муктаждыктарды тандоого жана айылдын өнүгүүсү үчүн чечим чыгарууга катышуусун камсыздаган баяндамалар аныкталды.

Окшош материалы: