Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Конституция: саясий системанын туруктуулугун кантип бекемдесе болот? Анын ичинде ЖӨБ деңгээлинде
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тегерегиндеги талкуулар күч алып барууда. Сунушталып жаткан түзөтүүлөрдүн көптөгөн ченемдери кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Ушул макалада Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн өзөгүндөгү айрым идеяларга кыскача токтолуп, аларды жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү идеялары менен салыштырып көрөбүз.
- Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандат менен байланган эмес (Конституциянын 73-беренесинин 1-бөлүгү). Бул болсо депутаттын өз ыктыяры менен жазылган арызы болмоюнча, эч ким аны мандатынан ажырата албай дегенди билдирет (Жогорку Кеңештин депутатын чакырта албайт). Бул болсо депутатка фракциянын чечимдерине баш ийбей коюуга, дегеле аны шайлоого көрсөткөн партия алдында да, шайлоочулар алдында да ар түрдүү милдеттенмелерден эркин сезүүгө жол ачат.2011-2012-жылдары айрым фракция лидерлери Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга депутаттардын “эркиндигин” чектеген ченемдерди киргизүүгө аракет жасашкан. Анткен менен бул демилге башка депутаттарда колдоо тапкан эмес. Кайсы бир маанисинде бул аракет 2015-жылы ийгиликтүү ишке ашты. Бул жылы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 65-беренесине өзгөртүү киргизилген.
- Ага ылайык, талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат. Бул ченемди айрым саясий партиялардын лидерлери 2015-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо колдонушту. Лидерлер бул партиялардын тизмесине кирген талапкерлерден депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу арыздарды шайлоого чейин эле жаздырып алышкан. Андан соң, добуш берүүдөн кийин бул арыздарды БШКга беришкен. Мындай “амалкөй” ыкма менен тизмеден чыгарылган керексиз адамдардын тирешүүсүнүн натыйжасында фракцияларда ажырым ого бетер тереңдеди. Жогоруда аталган комбинация “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамында эле сыналганын айта кетүү керек. 2012-жылдын 3-августунда №149 Мыйзам менен 51-беренеге төмөнкүдөй толуктоо киргизилген: “Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу. Аймактык шайлоо комиссиясы саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин арызына жана саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын тиешелүү чечимдерине ылайык, шайланган талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.
- Талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын чечимдери саясий партиянын уставында белгиленген тартипте кабыл алынат”. Бул жерде сөз тизмедеги кезектүүлүгүн өзгөртүү тууралуу гана жүргөнү менен, мындан да катаал ченемдерди киргизүү үчүн “өбөлгө” катары өз ролун ойной алды. Партиялардын лидерлеринин басымы алдында мыйзам чыгаруучу 2016-жылдын 21-январындагы №8 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамды кабыл алды. Бул Мыйзамга ылайык, саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин, депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алат. Парламенттик шайлоонун соңку этабында орун алган жаңжалдар саясий партиялардын лидерлеринин депутаттардын үстүнөн өз бийлигин бекемдөө аракетине эч таасир тийгизбеген өңдүү.
-
Ошондой эле фракция лидерлери өз мүчөлөрү алдында эч кандай милдеттенмелер менен байланган эмес. Фракциялардын чечимдери көп учурда формалдуу. Фракция чыгарган документтерге жана чечимдерге так талаптар жокко эсе (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 10-11-беренелеринде тигил же бул чечимдерди канча мүчө колдосо көпчүлүк деп эсептелине турганы жөнүндө эрежелер камтылган эмес, алар болгону бул маселелерди фракциянын кароосуна жиберет). Фракция лидери кол койгон документтерге фракция мүчөлөрү макул болбогон учурлар аз эмес. Анткен менен бул документтерди Жогорку Кеңеш расмий катары кабыл алат. Фракцияларда чечим кабыл алуунун чыныгы коллегиалдуулугун камсыздай турган кошумча талаптарды “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга киргизүү аракетинен майнап чыкпай келет. Буга депутаттар-фракция мүчөлөрү өздөрү да (анткени бир нерсе болсо алардын пикири эске алынган эмес деп айтып чыгууга мүмкүнчүлүк болот), фракция лидерлери да кызыкдар эмес (себеби, алар фракция атынан чыгуу укугун монополдоштуруп алышкан). Муну менен фракция лидерлеринин пикирлери фракция мүчөлөрүнүн пикирин алмаштырууда.
-
Фракция лидерлери коалиция алдындагы милдеттенмелери менен жетиштүү деңгээлде байланган эмес. Фракция лидерлеринин өз фракцияларындагы мүчөлөрдүн пикиринен эркин болушу башка фракциялардын лидерлеринен да эркин болууга түртүп жатат. “Эгерде мен “өзүмдүкүлөрдүн” алдында милдеттүү болбосом, анда эмне үчүн “чоочундар” алдында милдеттүү болушум керек?” деген позицияны байкоого болот. Көп учурда коалициянын тагдырын фракция эмес, анын лидери жана фракциянын чакан бөлүгү гана чечип коет. Ал эми Конституция боюнча, парламенттик көпчүлүк коалициянын бузулушу өкмөттүн отставкасына алып келет. Өкмөттүн кызматтан кетүүсү болсо мамлекеттин аткаруу бийлигинин тигинен карай бүтүндөй кадрдык өзгөрүүлөргө алып келет. Мындай өзгөрүүлөр маалында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иши үзгүлтүккө учурап, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бир кыйла начарлайт. Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бири Жогорку Кеңештин фракция лидерлеринин дал ушундай “волюнтаризмине” чек коюуга багытталган. Сунушталган нормалардын бирине ылайык, коалициядан чыгуу үчүн фракция өзүнүн тизмелик курамынын бери дегенде үчтөн экисинин добушу менен чечим кабыл алууга тийиш. Ушуну менен бирге ар бир депутаттын жеке жоопкерчилигин камсыздоо максатында бул чечимге добуш берген депутаттын ар бири кол коюп бериши керек деп сунушталып жатат.
- Саясий маданият жана анын “макулдашуу жөндөмдүүлүгү”, “алган милдеттенмелерди так аткаруу” өңдүү маанилүү элементтери азырынча жалпыга милдеттүү стандарт деңгээлине жете элек. Коалицияны түзүү тууралуу макулдашуулар адатта аткарылбайт, ал эми мындай макулдашууларды аткарбаганы үчүн саясий жоопкерчилик юридикалык жоопкерчилик менен бекемделген эмес.
Конституцияда депутаттын иммунитети кепилденгендиктен юридикалык жоопкерчилик да мүмкүн болбойт:
- Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. (72-берененин 1-бөлүгү);
-
Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт. (73-берененин 1-бөлүгү).
-
Жогорку Кеңештин депутаттарынын өзүн өзү чектегиси келбегендиги. Адам катары бул түшүнүктүү, депутат анын эркиндигин чектеген мыйзам долбоорун эч качан колдоп бербейт. Же керемет күч, болбосо тыштан катуу басым (Президент же шайлоочулар тарабынан) гана Жогорку Кеңешти ушундай мыйзамды кабыл алууга түртүшү мүмкүн;
-
Мындай мыйзам кандайдыр бир керемет күч менен Жогорку Кеңеште өтүп кетсе да, ал каалаган учурда конституциялык эмес деп таанылышы мүмкүн. Каалаган адам Конституциялык палатага мындай мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу талап менен кайрыла алат.
-
Ал эми буга кызыкдарлар өтө көп болот. Алар: фракциялардын лидерлери да, укук коргоочулар да. Депутаттарды чектеген мыйзамды Конституцияга карама-каршы келет деп таануу үчүн Баш мыйзамдын жогоруда аталган беренелери не-гиз болуп берет.
Окшош материалы:
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-08 Кыргыз Республикасында жергиликүү өз алдынча башкаруунун азыркы абалы: жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө административдик мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-04 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын форумунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-03 АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ: ЖӨБ менен мамлекеттин өз ара аракеттенүү механизмдери жолго салынат
-
№4 (77) / 2018-04-03 Аймактык башкаруу жана өнүгүү: өнүгүүнүн административдик- буйрук берүүчү жана прогрессивдүү жолу ортосундагы тандоо
-
№4 (77) / 2018-04-03 ЖӨБдүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдери: регионду өнүктүрүү зарылчылыгы
-
№3 (76) / 2018-03-06 ЖӨБ Союзунун мүчүлүрүнүн бюджет жөнүндө парламенттик угууларга катышуусу
-
№3 (76) / 2018-03-06 ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун жыйыны
-
№3 (76) / 2018-03-02 Эмне үчүн ЖӨБ органдары коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенбеши керек?