2016-12-01 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричиликти уюштуруу уку-гу жана жөндөмдүүлүгү катары Кыргызстан элинин табигый жана уникалдуу өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Кыргызстан жарандарынын жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн өзүн-өзү уюштура алуу жөндөмдүүлүгү СССР урагандан кийин азыркы мамлекетти түптөө мезгилинде өзгөчө билинди. Ички дүң продуктысы өтө төмөн болуп, калктын калың катмарынын кирешеси өп-чап болгонуна карабастан Кыргызстанда эчкачан жапырт жакырчылык көрүнүшү байкалган эмес, ачарчылыктан өлгөн учурлар дээрлик болгон эмес. Өткөн кылымдын 90-жылдары адамдын өнүгүүсүнө, саламаттыгына жана жашоо узактыгына таасирин тийгизгени менен, жалпысынан өлкө жамааттарда топтолгон ички резервдердин эсебинен адамдык капиталын сактап калды. Салттуу билимдер жана заман талабына реакция жасоодо ийкемдүүлүк өңдүү эки фактордун бир маалда тийгизген таасири Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарына туруктуу социалдык көрүнүшкө айланып кетүүгө жол берди.
Ал эми дал ушул социалдык көрүнүшкө жергиликтүү өз алдынча башкаруу, аны менен катар мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй бир системасы таянат. Бир нече факторлор ушундан кабар берүүдө. Биринчиден, Кыргызстандын элеттик инфраструктурасы деградацияга учураган жок. Бирок жарандардын өзүн өзү уюштура алуусунан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк тиричиликте айла-амал таба алганынан улам өсүштү көрсөттү. Канча деген көпүрөлөр жана жолдор, коомдук имараттар жана курулмалар, тарыхый мурас жана маданият объекттери, спорттук курулмалар сакталып гана калбастан, ошол эле маалда жарандардын өздөрүнүн жана ЖӨБ органдарынын аракеттери менен кайрадан курулганын санап отурганга убакыт жетпейт. Албетте, мында акыркы жыйырма жылдан бери инфраструктуралык объекттерди жигердүү түрдө каржылап келген эл аралык донор уюмдардын салымы зор. Бирок алар биринчи кезекте суу менен жабдуу системалары, бала бакчалар жана фельдшердик пункттар өңдүү объекттердин чектелүү тизмесин гана каржылашты. Ал эми калган инфраструктура жамааттын мойнуна жүктөлдү. Экинчиден, жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүндөгү көпчүлүк гуманитардык жана социал-дык багыттар жарандардын өзүн-өзү уюштура алганынан улам мүмкүн болду.
Ушуну менен катар руханий, материалдык эмес маселелер да жамааттардын көңүл сыртында калган жок. Айталы, жергиликтүү жамааттар үй-бүлөдөгү жүрүм-турум, тарбия, этностук мамилелер, жаңжалдарга, экстремизмдин жайылуусуна каршы туруу өңдүү маселелерди көзөмөлдөшөт жана жөнгө салышат. Жамааттарды жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине тартууда өнүгүү долбоорлору алып келген ар түрдүү моделдер Кыргызстандын жергиликтүү жамааттарында өтө жеңил иштеп кеткенин, ошол заматта адаптацияланганын жана кеңири колдонулуп жатканын белгилебей коюуга болбойт. Бюджет боюнча коомдук угуулар же кызмат көрсөтүүлөргө коомдук мониторинг жүргүзүүнү мисал катары келтирсе болот. Үчүнчүдөн, жергиликтүү жамааттар саясий процесстерде олуттуу күч болуп эсептелет. Муну 2005 жана 2010-жылдардагы окуялар көрсөттү. Бул жылдары өлкөнүн жогорку бийлиги жергиликтүү жамааттардын эрки менен алмаштырылган. Муну менен катар бийликтеги элитанын саясий эрки болгонуна же жоктугуна карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кыргызстанда сакталып, туруктуу өнүгө берди. Дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун автономиясын кыскартуу 2010-жылдагы окуялардын маанилүү фактору болуп калды.
Бул факторлор өлкөнү жергиликтүү өз алдынча башкарууну децентралдаштыруу жана өнүктүрүү жолуна кайтарды. Төртүнчүдөн, жергиликтүү жамааттардын күчү көп жагынан заманбап түшүнүгүндөгү жарандык коомду түзүүнүн, көптөгөн өнүккөн жана жигердүү жарандык уюмдардын өлкөнүн булуң-бурчунда пайда болуусунун булагы болуп калды. Бул болсо адамдардын кызыкчылыктарды бириктирүүгө жана коргоого болгон өз укуктарын ачык түшүнө баштаганын көрсөттү. Жергиликтүү жамааттар суу менен жабдууну ремонттоо боюнча демилгелүү топтордон баштап, балдар укуктарын коргоо боюнча өнүккөн тармактык структураларга чейин жарандардын формалдуу жана бейформал топторунун кыймылдаткыч күчү жана чөйрөсү болуп эсептелет. Жергиликтүү жамааттар, жарандардын формалдуу жана бейформал топтору, жарандык коом уюмдары өлкөнүн социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жатышат. Алар мамлекет, бизнес жана коом ортосунда түзүлгөн коомдуккелишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп калышты. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы дал ушул келишимдин алкагында өнүгүүдө. Дал ушул жергиликтүү жамааттар Кыргызстандын демократиялык баалуулуктарды кармануусунун фактору болуп эсептелет.
Ал эми жергиликтүү жамааттын күчүнө таянган жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзүнүн кемчиликтерине карабастан демократиялык түзүлүштүн негизи жана келечекте өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттары болуп эсептелет. Биздин келечегибиз жөнөкөй логикалык байланыштын айланасында курулат: “жергиликтүү жамаат – жергиликтүү өз алдынча башкаруу – демократиялык мамлекет – туруктуу өнүгүү – өлкөнүн жана жарандын бакубат келечеги”. Бул логикалык байланыш кынтыксыз иштеп кетүүсү үчүн Кыргызстан мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан жергиликтүү жамаат ортосундагы өнөктөштүктү күчөтүшү керек. Бирок бул өнөктөштүк декларативдүү мүнөздө болбошу керек, саясий билдирүүлөр жана расмий ишчаралар менен чектелбөөгө тийиш. Бул иштеген, туруктуу, эффективдүү саясий диалог. Мындай диалогду акыркы убакта мамлекет менен бизнестин ортосунда байкоого болот. Бирок мамлекет менен жергиликтүү жамааттар ортосундагы мындай практикалык саясий диалог ушул күнгө чейин түзүлгөн эмес.
Диалогдун жоктугу жергиликтүү жамааттарга да, мамлекетке да кый-ынчылыктарды жаратууда. Жергиликтүү жамааттар борбордук деңгээлде чечим кабыл алуу процессинде алардын кызыкчылыктары эсепке алынат деген ишенимде дайыма эле боло беришпейт. Мамлекет болсо, ушундай саясий диалогдун жоктугунан улам туура эмес чечим кабыл алып, элдин ишениминен ажырап калышы ыктымал. Мындай кырдаалда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун союзунун ролу кескин өсүүдө. Бул союз сүйлөшүүлөрдө, мамлекет менен жергиликтүү жамааттар ортосундагы саясий диалогдо мамлекеттин чыныгы өнөктөшү болуп калышы керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саясий процессте өз-өзүнчө өкмөттүн өнөктөшү боло алышпайт. Бул жерде алардын биригүүсү жана бирдиктүү позициясы зарыл. Анткен менен өз жамаатынын алкагында ЖӨБ органдары жергиликтүү жамаат менен бийлик ортосундагы диалогдун эффективдүү уюштуруучулары болушат. ЖӨБ органдары жамааттын да, мамлекеттин да өкүлү катары чыгышат. Анткени алар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча да, мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча да чоң жумуштарды жасашууда. Акыркы он жылда жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу бир кыйла күчөдү.
Бирок ошол эле маалда жарандардын жана жергиликтүү жамааттардын ЖӨБ органдарына койгон талаптары да өстү. Жергиликтүү жаматтарга өзүнүн калк алдындагы отчеттуулугун далилдеп, жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктары – АӨ жана кеңеш үчүн биринчи кезекте чечилүүчү тапшырма экенин иш жүзүндө көрсөтүү менен, ЖӨБ органдары урмат көрүп, ишенимди калыбына келтирди. Ошол эле маалда жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдарынан күткөнү да көп. Жергиликтүү жамааттын ишеними жана реалдуу турмуш шарты кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынан бир кыйла көбүрөөк аракетти талап кылат. Акыркы беш жылдыкта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн эң маанилүү жетишкендиктеринин бири мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн концепциясын киргизүү болду. Мунун натыйжасында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жарандарга кереги жок, өзгөчө акынын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү таңуулоо каалоосу-нан коргоо мүмкүн болду. Ошондой эле коммерциялык кызмат көрсөтүүлөргө карата мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иши мүмкүн болушунча чектелди.
Бул жетишкендиктер базар экономикасынын принциптерине жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоого шайкеш келет: (1) эч жүйөсүз акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн саны кыскарууда, (2) кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча мамлекеттик органдардын аракеттери катаал көзөмөлгө алынды, (3) кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана регламенттештирүү процесси башталды. Ошол эле маалда мындай реформалардын эффективдүүлүгү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө көп деле таасирин тийгизген жок. Бул биринчи кезекте муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр мыйзамдар менен аныкталган маанисинде бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу маселелердин тизмесине кирбегенине байланыштуу болду. Долбоорлордун биринин алкагында Өнүктүрүү саясат институту муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жаңы мыйзамды тестирлөөдөн өткөрдү жана узак мөөнөттүү мезгилде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөр боюнча мыйзамдардын фокусун концепциялык жактан кеңейтүү керектигин аныктады. Ошондо бул чөйрөгө ЖӨБ органдарынын жоопкерчилик жана милдеттен- мелер чөйрөсүндө болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык спектрин кошуу зарыл. Жөнөкөй тил менен айтканда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн концепциясына жергиликтүү маанидеги маселелердин бир бөлүгү кошулушу керек.
Дал ушул жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгү бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу жана артыкчылыктуу болуп турат. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдү шарттуу түрдө эки топко бөлсө болот: (1) бош убакытты өткөрүү, маданият жана спорт кызмат көрсөтүүлөрү жана (2) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана абатташтыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Кызмат көрсөтүүлөрдүн биринчи тобу, эрежеге ылайык, ЖӨБ органдары, муниципалдык мекемелер тарабынан ишке ашырылат, же бейөкмөт уюмдарга аутсорсингге берилет. Узактан бери бул көйгөйлөргө жетиштүү даражада көңүл бурулбай келген. Ошондуктан бош убакытты өткөрүү жана маданият маселелерин чечүү эң жакшысы дегенде инфраструктуралык долбоорлор, объекттерди оңдоо жана куруу менен чектелген. Бирок соңку натыйжа – жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү дайыма эле мүмкүн боло берген эмес. Ошондуктан биз адатта ээнсиреген маданият үйлөрүнө, чөп баскан спорт аянтчаларына жана жалпысынан айыл менен шаарларда маданий жана спорттук жашоонун өчүп баратканына күбө болуп жатабыз. Негизги жыйынтык – жагымдуу жана талап кылынган кызмат көрсөтүүгө жетүү, дал ушул айыл деңгээлинде жалпысынан маданият деңгээлин түзөт.Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана абатташтыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун айланасында өтө оңой эмес кырдаал түзүлдү.
Акыркы жылдары бери дегенде эки кооптондурарлык көрүнүш пайда болду: (1) кызмат көрсөтүүнүн башка усулдарын четке кагуу менен муниципалдык ишканаларды түзүү боюнча адатта эч жүйөсүз чечимдер кабыл алынууда, (2) ЖӨБ органдары тикелей ишкерчилик менен алектенүүдө. Бул болсо жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө зыянын тийгизип, бюджеттик процесстин бузулушуна алып келүүдө. Муну менен катар жергиликтүү бизнестин өнүгүүсүнө да тоскоолдуктар жаралып, жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө кесепети тийүүдө. Кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууну уюштуруу боюнча укуктук, уюштуруучулук, финансылык шарттарды түзүү зарыл. Мындай шарттар ЖӨБ органдарына жарандардын суроо-талаптарына реакция жасап, өз ыйгарым укуктарынын алкагында тикелей милдет- тенмелерин аткарууга жол ачмак. Бул үчүн мамлекет жакын арада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыгында бир катар тапшырмаларды аткарууга тийиш. Биринчиден, башкаруу органдары ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча иштер жыйынтыкталыш керек. ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү каржылоо менен кошо берүү жөнүндө мыйзамды иш жүзүндө аткаруу зарыл. Жергиликтүү маанидеги маселелердин так аныктамасы болуш керек. Ошондо бүдөмүк жана түшүнүксүз аныктамалар да болбойт. Экинчиден, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү зарыл. Ага бош убакытты өткөрүү, маданият жана спорт кызмат көрсөтүүлөрүн, турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана абатташтыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошуш керек.
Үчүнчүдөн, ЖӨБ органдары өз иш-аракеттерин координациялап, жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргоп, мамлекет менен саясий диалогду уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун иши жаңы нукта жүрүшү керек.Сөзүмдүн соңунда Өнүктүрүү саясат институтунун жана башка коомдук уюмдардын жамаатынын атынан сизди Жергиликтүү жамааттардын күнү менен куттуктап, ийгиликтерди жана өнүгүү, алдыдагы шайлоодо жеңишти каалап коюуга уруксат бериңиз. Майрам күнүндө да эсиңиздерге салгым келет: башкаруу системасынын тигил же бул бөлүгүнүн өнүгүү багыттары жана ыйгарым укуктары тууралуу канчалык талашыптартышпайлы, жергиликтүү жамааттар канча жашаса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу да ошончо өмүр сүрөөрүн унутпашыбыз керек. Ал эми жергиликтүү жамааттардын өмүрү адамзатынын цивилизациясынын узактыгына көз каранды. Себеби таш доорунан бери адам өз жамаатында жашап келе жатат. Ошондуктан, урматтуу жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү жана ЖӨБ башчылары, биздин куттук сөздөрүбүздү өз айылыңыздын жана шаарларыңыздын бардык жашоочуларына айта барыңыз. Анткени дал ошолор – бул биздин өлкөбүз!