Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария өкмөтү каржылаган, "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2017-03-12 / ЖДКЖ ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Таза сууга жана таштанды чыгарууга тарифтер боюнча коомдук угуулар

Швейцария Өкмөтү каржылаган, ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору иштеген 2016-2017-жылдар аралыгында бардык пилоттук муниципалитеттер ичүүчү суу менен камсыздоо, КТК чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү боюнча тарифтердин өздүк наркын эсептөө боюнча окуудан өтүштү. Бул болсо амортизацияны, капиталдык ремонтту кошкондо реалдуу тарифти эсептөөгө жардам берет. Бул тарифтин өздүк наркы кызмат көрсөтүүнүн бардык параметрлери боюнча жеткирүүчүлөрдүн ишин пландоого жардам берет; тейленүүчү адамдардын саны, капиталдык ремонт мүмкүнчүлүгү, кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүк ж.б. Учурда бардык жерде элет деңгээлинде тарифти туура эмес эсептөө көрүнүшү орун алууда. Мындай кырдаал бир нече жылдан бери түзүлүп отуруп, барган сайын тереңдей берген. Эгерде Советтер Союзу маалында шаарлар деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин эсептөөнүн советтик методологиясы колдонулуп келсе, кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлине, андан кийин инфраструктура объекттерин ТСКАКБ өңдүү жеке уюмдарга өткөргөндөн бери кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр да, ЖӨБ органдарынын кызматкерлери да тарифтерди жүйөлүү эсептеп чыгуунун усулу боюнча жетиштүү окуудан өтүшкөн эмес.Адатта тарифтердин көлөмү жарандардын мүмкүн болушунча аз акча төлөө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан тарифти саясий себептерден улам жогорулатпоо каалоосуна көз каранды болуп келген. Мындан улам тарифтин негиздүүлүгү жана рентабелдүүлүгү дайыма экинчи, атүгүл үчүнчү планга калып келген.
Бул болсо сөзсүз дежа-вю кырдаалын пайда кылчу – колдо бар инфраструктура эскирип отуруп, жаңы жабдууларды сатып алууга донорлорду кайра-кайра издей берүүгө жеткирчү. Ал эми ал жабдуулар кайрадан эле жыл сайын эскире берген. Анткени тарифтерге байланышкан кырдаал олуттуу түрдө өзгөргөн эмес. ЖДКЖ Долбоору Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 30 пилоттук муниципалитетке туруктуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүболушу үчүн тарифтин өздүк наркын кантип эсептесе болоорун көрсөтүп берди. Көпчүлүк муниципалитеттер өз демилгеси менен тарифти бекитүү боюнча олуттуу кадамдардын бири – тарифти талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүү кан- чалык маанилүү болгонун түшүнүштү. Мында негизгиси калк тарабынан кийин каршылык болбошу үчүн эсептөөлөрдүн негиздүүлүгүн көрсөтүп берүү зарыл. Ошентип, 2016-2017-жылдары КТК чыгаруу жана таза суу боюнча тарифти талкуулоо боюнча 12 коомдук угуу өткөн:Көрүнүп тургандай, негизинен коомдук угуулар таза сууга тарифти талкуулоого арналды (11). Үч муниципалитетте угуулар таза суу жана КТК чыгаруу үчүн тарифти талкуулоого арналды. Ал эми бир муниципалитетте мектепке чейинки билим берүүгө кызмат көрсөтүүгө тариф да талкууланды. Баары болуп 835 киши, алардын ичинен 297 аял катышты. Бардык учурларда катышуучулар таза сууга/КТК чыгарууга тарифтер тууралуу маалымат алышты. Башка маселелер төмөнкүлөрдү камтыды: 
 
  • таза суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди эсептөө методикасы менен таанышуу;
  • абоненттердин жоопкерчилиги;
  • социалдык объекттерди таза суу менен камсыздоонун өзгөчөлүктөрү;
  • ТСКАКБнын штаттык кызматкерлерин күтүү;
  • ТСКАКБ башчысынын отчеттук мезгил үчүн отчетун кабыл алуу;
  • “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу иши жөнүндө маалымдоо;
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер пландарын (КЖАП) ишке ашыруунун алкагындагы иши.
Пенсионер Казыбаев Жапаралынын пикири – “Урматтуу катышуучулар, айыл өкмөтү “Таза кызмат” ишканасы менен биргелешип, бардык жашоочуларга тарифти түшүндүрүп, сунуштап жатканына кубанычтамын. Мурда бизде мындай жок болчу. Эми болсо биздин “Таза кызмат” кантип иштеп жат-каны белгилүү жана түшүнүктүү болуп калды. Мен биз алып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бирин түшүндүрүп беришин каалайм жана муну өтүнөм”. Дагы бир маанилүү фактыны белгилей кетүү зарыл: өткөрүлгөн бардык эле угуулар ЖДКЖ Долбоорунун алкагында иштелип чыккан жана ишке ашырылган КЖАПка тиешелүү болгон эмес. Беш муниципалитетте ЖӨБ органдары өз демилгеси боюнча өз алдынча тарифтер боюнча угууларды өткөрүүнү чечишти. Бул муниципалитеттер тарифти реалдуу эсептөө боюнча ЖДКЖ Долбоорунун алкагында алынган методологияны колдонушту. Анткени мунун пайдасын көрүшүп, калкка эмне үчүн жаңы тариф зарыл экенин, жаңы жүйөлүү тариф сапаттуу жана эффективдүү кызмат көрсөтүүгө жол ачаарын түшүндүрүп беришти.

Окшош материалы: