Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖДККЖ Долбоору КЭУлардын күчү менен жергиликтүү СЭӨПнын социалдык-гендердик сезимталдыгын күчөтүүнү улантат

2021-06-01 / ЖДКЖ долбоорунун жаңылыктары
ЖДККЖ Долбоору КЭУлардын күчү менен жергиликтүү СЭӨПнын социалдык-гендердик сезимталдыгын күчөтүүнү улантат

Долбоор тууралуу кененирээк маалымат: http://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/87.html

ЖДККЖ Долбоору КР ЖӨБ Союзу менен өнөктөштүктө жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө социалдык жана гендердик-сезимтал саясатты киргизүү максатында Кыргызстандын Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдары менен кызматташууну улантууда. Жумушту конкурстук негизде улантуу үчүн төрт КЭУ тандалып алынды, алардын өкүлдөрү Бишкекке үч күндүк тренингге чакырылган. Тандалган уюмдардын 11 өкүлү үчүн тренинг 2021-жылдын 19-21-апрелинде өткөн. Окууну аяктагандан кийин коммерциялык эмес уюмдар ЖДККЖ Долбоорунун максаттуу ЖӨБ органдарына социалдык жана гендердик мүнөздөрдү эске алып өздөрүнүн өнүгүү программаларын даярдоого жардам берет деп пландаштырылууда.

Тренингдин алгачкы эки күнү ЖДККЖ Долбоорунун жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө социалдык жана гендердик сезимтал аспектилерин киргизүү жаатындагы стратегиясына арналды; ЖӨБ органдарынын документтерине, анын ичинде өнүгүүгө багытталган жергиликтүү программаларга социалдык жана гендердик сезимтал белгилери боюнча талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге (кирешелер жана чыгашалар) кылдат талдоо жүргүзүүгө, документтерге жүргүзүлгөн талдоонун негизинде социалдык жана гендердик сезимтал аспектилерди киргизүү үчүн иш-аракеттер планын түзүүгө арналды. Ошондой эле тренингдин катышуучуларына бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү, алардын мыйзамдык базасы, анын ичинде жарандык бюджет темасы боюнча презентациялар тартууланды. Тренингдин эксперттери окууну интерактивдүү формада өткөрүштү, катышуучулар өтүлгөн темаларды жана аларды иш жүзүндө кантип колдонууну жакшы түшүнүшү үчүн практикалык тапшырмалар берилди.

Тренингдин үчүнчү күнү катышуучулар ар бир муниципалитет үчүн жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү регистрлерин даярдашты. Бул өзгөчө маанилүү, себеби көпчүлүк учурларда кошумча тизмеге кирген кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү калктын социалдык көйгөйлөрүн, анын ичинде анын аялуу катмарынын муктаждыктарын чечүүгө багытталган. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин иштеп чыгуу жергиликтүү бюджеттен милдеттүү түрдө акча каражаттарын бөлүп берүүнү камтыйт, бул алардын туруктуулугуна жана узак мөөнөттүү болушуна кепилдик берет. Ошондой эле катышуучулар ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы жөнүндө маалымат алышты (www.myktyaimak.gov.kg), бул онлайн-ресурс сунуш кылган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен таанышышты.

Көпчүлүк катышуучулардын айтымында, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жергиликтүү программаларын анализдөө, социалдык жана гендердик сезимтал аспектилерин эске алуу, анын ичинде аларды жергиликтүү бюджеттин каражаттары менен бекемдөө, өнүгүүнүн “өлүк документтерин” жандандырып, көзгө илинерлик натыйжаларга алып келет. Мындан тышкары, жасалган бардык иштер муниципалитеттерге жергиликтүү кызматтарды көрсөтүүдө комплекстүү мамиле кылууга жана мыйзамдардын талаптарына ылайык финансылык отчеттуулукту жүргүзүүгө жардам бериши керек.

Тренингдин аягында катышуучулар долбоордун кызматкерлери жана ЖӨБ Союзунун өкүлү менен биргеликте 2021-жылга карата соңку иш пландарын түзүшүп, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

 

Окшош материалы: