Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору экинчи фазанын бардык максаттуу муниципалитеттеринин катышуусунда 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча корутунду конференцияны өткөрдү

2021-04-05 / ЖДКЖ долбоорунун жаңылыктары
“Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору экинчи фазанын бардык максаттуу муниципалитеттеринин катышуусунда 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча корутунду конференцияны өткөрдү

“Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (мындан ары – ЖДККЖ Долбоору) Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 26 максаттуу муниципалитетинин айыл өкмөт башчыларынын жана айылдык кеңештин төрагаларынын катышуусу менен конференция өткөрдү.

Конференция ЖДККЖ Долбоорунун 2020-жылы жасаган ишинин жыйынтыгын чыгаруу максатында өткөрүлдү. Пандемия учурунда киргизилген чектөөлөргө байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, ЖДККЖ Долбоору өткөн жылы өз алдына койгон максаттарынын көпчүлүгүнө жете алган. Атүгүл карантин маалында Долбоор максаттуу муниципалитеттерге жардам көрсөттү, анткени ошол мезгилде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көптөгөн кошумча милдеттер жүктөлгөн эле.

Конференцияда эки конкурстун жыйынтыгы дагы чыгарылды. Биринчи конкурс жергиликтүү элдин арасында коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө мыкты маалымат өнөктүгүнө өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгында жети муниципалитет жеңүүчү болуп, сертификаттарга жана керектүү кеңсе жабдууларына (принтерлер, компьютерлер) ээ болушту. Калган 20 муниципалитетке турак жай-коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөп берүү зарылдыгы жөнүндө маалыматты жайылтууга жигердүү катышкандыгы үчүн шыктандыруучу сыйлыктар тапшырылды. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин планын (КЖАП) даярдоо боюнча конкурстун жыйынтыгы да белгилүү болду. Конкурска кластерлерге бириккен муниципалитеттер катышты. Катышкан 9 кластердин ичинен бешөө жеңүүчү деп тандалып, алардын ар бири КЖАПты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн грант катары 5 000 000 сомдук сертификат алышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмесине төмөнкүлөр кирди: “Теплоключенка” кластери (Теплоключенка, Кереге-Таш, Октябрь АА); “Кызыл-Суу” кластери (Кызыл-Суу, Оргочор, Светлая Поляна, Саруу, Дархан АА); “Октябрь” кластери (Теплоключенка, Кереге-Таш, Челпек АА); “Достук” кластери (Достук жана Бүргөндү АА); “Кеңеш” кластери (Кеңеш, Бешик-Жон, Масы АА). 

Калган кластерлер КЖАПты толук даярдап чыгуу боюнча айрым бир шарттарды аткаруу талабы менен шарттуу түрдө жеңүүчүлөр деп табылды. Конференциянын жыйынтыгы боюнча долбоордун жетекчиси ЖӨБ органдарынын башчылары менен биргеликте кластерлер форматындагы долбоорлорду каржылоо жөнүндө алкактык келишимдерге кол коюшту.

Окшош материалы: