Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ШААРЛАР – КЫРГЫЗСТАНДЫН КҮЧҮ

2017-04-01 / Шаар маалыматтары

Форум – бул маанилүү суроолорду бере турган аянтча, бирок ал суроолорду биринчи кезекте өзүбүзгө берүүбүз керек. Шаарларды кантип бактылуу, куттуу кыла алабыз? Кыргызстандагы ар бир шаар үчүн «кут» деген негизи эмне – заводдор жана өндүрүшпү, жигердүү турак жай фондунункурулушубу, туристтерби, инфраструктурабы? Эмне себептен бир шаар экинчисине караганда сүйкүмдүүрөөк? Биздин шаарлардын өзгөчөлүгү эмнеде жана кандай глобалдык, регионалдык процесстер ага таасир этет? Эгер биз «эмне се­бептен» деген суроого жооп ала алсак, «кантип» өнүгүү керектигин түшүнүүбүз жеңил болот.

Үч жыл мурун урбанистика темасында өл­көбүздөгү биринчи форум – BishkekUpgrade бо­луп өткөн. Форумда талкууланган көйгөйлөр, жана ошон­дой эле шаарды өнүктүрүү концепциясы, долбо­ору Бишкек шаарынын мэриясынын саясатына жана жарандык коомдун жигердүүлүгүнө таа­сирин тийгизди. Бишкек форумунун негизги ою, биздин шаар тууралуу түшүнүгүбүздү жаңыр- туу, чоң салымдарды талап кылбаган,өзгөчө че­чимдерди издөө болгон, - апгрейд дегендин ма­аниси дал ошондо жатат. Ал эми «Куттуу шаар- лар уюлу» аттуу Кыргызстандын шаарлары­нын Форумунун негизги максаты болсо – өз ара колдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн горизон­талдык байланыштарды түзүү болуп саналат. Ошондуктан Форум Кыргызстандын баардык шаарларынан жигердүү шаар тургундарын (ша­армандарды) жана жергиликтүү өзүн өзү баш­каруунун өкүлдөрүн, жана башка өлкөлөрдүн шаармандары менен адистерин топтоодо.

Себе­би, дүйнөдөгү башка шаарлардын гана тажрый­басынан кубат албастан, ошол эле учурда бири бирибизден дагы үйрөнүүбүз маанилүү.Бул журналда биз Кыргызстандын шаарлары туш болгон көйгөйлөрдүн негизинде маанилүү жана актуалдуу деп эсептеген материалдарды топтодук. Шаардык өнүктүрүү менен алектенген баардык тараптарга пайдалуу болот деген үмүт­төбүз. Биз, сиздерди диалогго, биздин шаарлар­дын күн тартибин талкуулоого чакырабыз жана Шаарлар Форуму, шаарлар арасында тажрыйба алмашуу, тегерек үстөлдөр, изилдөөлөр жана демилгелерди колдой турган туруктуу аянтча бо­луп калат деп үмүттөнөбүз