Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Шаар маалыматтары
МИГРАЦИЯЛЫК АГЫМДАР ЖАНА ШААРЛАРДЫН КАЛКЫ
Миграциялык агымдар шаарлардын какынын жалпы санынын өзгөрүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип жатат. Статистика боюнча акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын чегинде 180 804 киши жер которгон. Алардын ичинен шаарларга 93 078 киши көчүп барса, жыл сайын жер которгондордун саны орточо 18 615 кишини түзөт. Анткен менен бул маалыматтар жашаган жери боюнча катталгандардын статистикасына таянат (каттоо институту) жана шаарларга жана шаарлардан көчкөндөрдүн так санын көрсөтө албайт. Ошондой эле шаарлардын күндүзгү калкына жүргүзүлгөн эсеп да жетишпейт.
Миграциялык агымдар өлкөнүн көбүрөөк өнүккөн аймактарына багытталган. Бул болсо аймактардын жана тармактардын өнүгүүсүндөгү диспропорциялары менен шартталган. 2016-жылдын маалыматы боюнча 47,2% Бишкек шаарында, 13% Ошто, 7,3% Жалал-Абадда жана 4,8% Токмокто жашоо тууралуу чечим кабыл алган. Ички миграциянын көз карашынан алганда Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы шаарлар азыраак жагымдуу. Облус борборлору өз аймактарынан калкты тартып жатат жана бул агым аздыр-көптүр жаңы мүмкүнчүлүктөр менен жаңы иш издеп өлкөнүн ордо калаасына көчкөндөрдүн ордун толуктоодо. Ал эми жогору талап койгон адамдар жеке өнүгүүсү, жогорку киреше табууга мүмкүнчүлүктөрдү берген, турмуш сапатынын деңгээли өйдө болгон чет өлкөлөргө кетүүдө.
Бишкек өлкө масштабында калкты тарткан борбор бойдон кала берүүдө. Өлкөнүн түштүгүндө Ош жана Жалал-Абад шаарлары бул тизмеде турат. Анткен менен Ош өз калкын жоготуп жатса, Жалал-Абаддын калкы 2012-2016-жылдары ички республикалык миграциянын эсебинен өскөн. КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, облустук маанидеги калган шаарлардын арасында Токмок, Кызыл-Кыя, Талас жана Майлуу-Суу шаарларында, ошондой эле райондук маанидеги Кара-Балта, Шопоков жана Кайыңды шаарларында бир аз миграциялык өсүш байкалган. Калган шаарлар калктын башка жакка кеткен агымынын ордун толуктай алган эмес. Ош шаарын кошпогондо, Ош облусунун калкы миграцияга баарынан азыраак катышууда.
Облустун ичинде да, облустар аралык да миграциянын убактылуу перспективасы акыркы беш жыл ичинде бирдей тенденцияны көрсөтүүдө. Шаар жашоочуларынын мобилдүүлүгүнүн динамикасы республика боюнча жалпысынан жылдык дезурбанизацияны (шаар калкынын санын азайышы) жана Бишкек шаарынын гиперурбанизациясын (калктын көбөйүүсү) жана анын агломерациясын көрсөтүүдө. Мындай тенденция башка облустардагы шаарлардын өнүгүү перспективасын тереңдетип, калктын саны көбөйгөн ордо калаада жана анын четинде чыңалууну күчөтүп жатат. Өлкөнүн шаардык калкынын 52,6% жашаган Бишкек шаарына жана Чүй облустарына 2016-жылы келгендер 58,5%, кеткендер 49,4% түзгөн. Мындай кырдаалдын түзүлгөнүнө аймактарды башкарууда жана өнүктүрүүдө саясаттын натыйжасыз болуп жатканы, анын ичинде региондордогу шаар аймактарынын өнүгүү максаттарына багытталбаганы негизги себеп болууда.
Окшош материалы:
-
№4 / 2017-04-02 КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАР УРБАНИСТТИК ИЗИЛДӨӨДӨ
-
№4 / 2017-04-01 ШААРЛАР – КЫРГЫЗСТАНДЫН КҮЧҮ