Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАР УРБАНИСТТИК ИЗИЛДӨӨДӨ

2017-04-02 / Шаар маалыматтары
КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАР УРБАНИСТТИК ИЗИЛДӨӨДӨ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАРЫ, АЛАР КАНДАЙ? ЖАНДУУ, ЖЕ ЭЭНСИРЕГЕН, АЛЫС ЖЕ ЖАКЫН, КЫЛМЫШТУУ ЖЕ КООПСУЗ... АР БИР ШААР ТУУРАЛУУ ЁЛКЁ ЖАШООЧУСУНДА КАНДАЙДЫР БИР ПИКИР КАЛЫПТАНЫП КАЛГАН. БИРОК УЛАМЫШТАР АЙТЫЛЫП Ж+РГЁН ШААРЛАР ГА БАРЫП, ЖЕР¬ГИЛИКТ++ ТУРГУНДАР МЕНЕН БААРЛАШЫП, КЁЧЁЛЁР+Н КЫДЫРЫП ЧЫККАНДАР АЗ ЭЛЕ. ШААРДЫ ШААР КЫЛГАН ЭМНЕ? БУЛ СУРОО ТАРЫХЧЫЛАРГА ЖАНА АНТРОПОЛОГДОРГО У ЗАТЫЛАТ.

Атайын биринчи улуттук урбанисттик фо­румга карата “Шаар демилгелери” ко­омдук фондунун адистери “Сорос-Кыр­гызстан” фондунун колдоосу менен чакан жана орто шаарлардын шаардык чөйрөсүнө биринчи дисциплинарлар аралык изилдөө жүргүзүштү. Урбанисттик изилдөөлөр буга чейин Бишкекте (бирок комплекстүү эмес) жана Ошто (Ош Ур­бан Форумдун алкагында социалдык капиталды изилдөө) гана өткөрүлгөн. Ошондой эле түрдүү долбоордук, көбүнчө эл аралык уюмдардын атайын изилдөөлөрү бар. Бирок Кыргызстан­дын шаардык чөйрөсү, жашоо сапаты жана ша­арлардын жамааттары тууралуу маалыматтардээрлик болгон эмес. Бул макалада беш шаарда жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин төрт айда топ­толгон жыйынтыктаган корутундулары жана бай­коолору келтирилет. 

КОМАНДА ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯ Комплекстүү анализ учурдагы кырдаалды баа­лап, шаарларда кандай көйгөйлөр бар болгонун, аларды түрдүү шаардык субъекттер кантип че­чип жатканын жана шаарлардын өнүгүүсүндө де­милгелер кандай роль ойной турганын түшүнүш үчүн керек. Ошондой эле изилдөө Форумдун ко­мандасына шаар кандай билимге, кызмат көр­сөтүүлөргө жана чечимдерге муктаж болгонун баалоого, ошондой эле шаарды өнүктүрүүдө түрдүү субъекттер менен түз тааныша башто­ого жардам берди. Изилдөө тобунун курамы­на киргендер: изилдөөнүн куратору – урбанист Динара КАНЫБЕК кызы, изилдөөчү-аналитик Салтанат АНАРБАЕВА, шаарды пландоочу Атай САМЫЙБЕК жана антрополог Зарина УРМАНБЕ­ТОВА. 2016-жылдын декабрынан 2017-жылдын март айына чейинки мезгил аралыгында изил­дөөчүлөр шаармандар жана ЖӨБ адистери ме­нен биргеликте шаардын комплекстүү анализи үчүн маалымат чогултушту.

Биз Кыргызстандын бардык шаарларын изил­дөөгө катышууга чакырганбыз. Бирок убакыт чектелүү болгондуктан (4 ай) эң көп дегенде беш шаарды тандай алдык. Коомдук уюмдар­дан, активисттерден жана түрдүү шаарлардын мэрияларынан 20дан ашык табыштама түштү. Алардын ичинен кызыкдарлыгын тастыктаган, мэрия жана башка жактар менен сүйлөшүүлөргө катышууга даяр болгон, ошондой эле изилдөөнү уюштуруу жана ага катышуу ниетин билдирген­дерди тандап алдык. Бул шаарлар – Токмок, Ба­лыкчы, Нарын, Баткен жана Исфана.Изилдөөнүн методологиясы үч компонентти камтыды:

  • Физикалык чөйрөнүн анализи – коман­да шаарды пландоону уюштуруунун өз­гөчөлүктөрүн, инфраструктуранын абалын жана кодонулушун, социомаданий объ­екттерди, коомдук мейкиндиктин сапатын жана аларды колдонуунун сценарийин изилдеди.
  • Шаар маалыматтары менен иштөө. Бул компонент боюнча шаарлардын мэрия­лары менен иш жүрдү. Алар суратылган көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды бе­рип турушту. Бул маалыматтарга жасалган анализ “шаар маалыматтарынын топто­мун” иштеп чыгууга жардам берет, шаар тууралуу азыркы учурдун алкагында ачык элес, реалдуу суроо-талаптарды жана тур­мушта колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн берет.
  • Жергиликтүү шаардык активист-шаарман­дар менен таанышуу. Бул компонент жер­гиликтүү демилгелердин өзгөчөлүктөрүн, жигердүү шаардыктардын мотивациясын, ошондой эле бул демилгелерди колдоо­до муниципалитеттин ролун түшүнүү үчүн маанилүү. Ошондой эле бул иштер өлкө боюнча шаармандардын кеңири түз тар­магын уюштуруу үчүн өтө баалуу болуп турат.

 ШААРЛАР КАНТИП КҮН КӨРҮШҮҮДӨ? Экономикалык жана социалдык сценарийлер шаар чөйрөсүн кантип өзгөртүүдө? Кыргызстандын шаарлары абдан айырмалуу, ар бир шаардын өз тарыхы бар – айрымдары жүздөгөн жылдар мурда түптөлсө, айрымда­ры жакында эле “эрезеге жеткен”. Албетте ар бир шаардын өзгөчөлүгү географиясы жана түптөлүүсү, өнүгүү тарыхы менен шартталат. СССР урагандан кийин мурда пландуу эконо­мика системасына киргизилген көптөгөн ша­арлар стагнациянын оор мезгилин башынан өткөрүштү. Баары эле бул абалдан чыгып кете алышкан жок. Физикалык да, моралдык маани­синен алганда да жөндөмсүз болуп калган, изил­дөөгө катышкан шаарлар өз артыкчылыктарын, күчтүү жактарын аныктап, андан ары өнүгүүгө түрткү алуу үчүн көпкө чейин күчүн топтой албай келишти. Бирок азыр шаарлар келечекке багыт алышты – мындан шаар бийликтери пландаган долбоорлор, жигердүү шаардыктардын – шаар­мандардын демилгелери кабар берүүдө, ошон­дой эле изилдөөчүлөр менен сүйлөшкөндө жа­шоочулар өздөрү да айтып беришти.

Постсоветтик мезгилдеги экономикалык жана социалдык-маданий кризиске жооп катары пай­да болгон шаардык демилгелер шаарлардын өнүгүү багытын аныктоого жардам берүүдө. Бул процесске түрдүү шаардык субъекттер кошулуу­да: жергиликтүү бийлик, жигердүү шаардыктар, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, эксперттер. Шаар­дын келечеги жашоочулардын өз колунда эке­нин баамдап, “чээнге кирген” жана “уйкусураган” абалдан чыгыш керектигин түшүнүү ар кимде ар башкача пайда болот. Айрым жерлерде жаштар буга чейин болуп келген райондор аралык ти­решүүлөрдү унутуп, шаардык чогулуштарга жи­гердүү катышып, өз алдынча маданий иш-чара­ларды уюштуруп, кошумча билим алуу менен бириге башташты. Ал эми башка шаарларда коомдук мейкиндикти жакшыртуу үчүн күч-ара­кеттерди, ресурстарды бириктирип, “кичи Ме­кениңдин өнүгүүсү үчүн эч нерсе жасабастан мамлекетти сындаба” деген принцип боюнча өнүгүшүүдө.

Ар бир шаарда биздин команда кызыктуу жана уникалдуу шаармандар менен тааныша алды. Дал ушулар шаарлардын кыймылдаткыч күчтөрү болуп саналышат. Ар бир шаардын өзүнүн шаар­маны бар. Айталы, Токмокто алар селсаяктарга жана кары-картаңдарга жардам берип, кайрым­дуулук жана ыктыярдуу иштер менен алекте­нишсе, балыкчылыктар райондор аралык, кошу­налык мамилелерди бекемдөөнүн үстүнөн иш алып барышууда. Ал эми Нарында шаармандар коомдук мейкиндикти оңдоого билек түрүнө ки­ришти. Баткендик шаармандар чакан бизнести, негизинен социалдык багыттагы ишкерчиликти жигердүү түрдө өнүктүрүп жатса, исфаналык­тар бүтүндөй Лейлек районунун жарандык коо­му менен ийгиликтүү иш алып барышууда. Ис­фана – Википедияда толук маалымат жазылган жалгыз шаар. Эгерде түндүктөгү шаарларда биз демилгелер негизинен кайрымдуулукка, абатто­ого жана шаардык коомдук мейкиндикти оңдоого байланышканын, бир топ көңүл искусствого жана визуалдык тышкы келбетине бурулганын көрсөк, түштүктөгү шаарларда абдан жигердүү жана иш­кер жергиликтүү, эл аралык бейөкмөт уюмдар этностор аралык жана чек аралар аралык мами­лелер боюнча, бейөкмөт уюмдардын аймактагы потенциалын бекемдөө боюнча иштерди жүр­гүзүүдө.

КООМДУК МЕЙКИНДИКТИН АБАЛЫ ЖАНА АЛАРДЫ КОЛДОНУУ Көпчүлүк шаарларда коомдук мейкиндик тыш­кы келбети боюнча да, функционалдык колдо­нулушу боюнча да окшош. Административдик имараттар орун алган кенен, бош турган аянттаржана ал жердеги Лениндин эстелиги – бардык постсовет­тик шаарлардын таанымал белгиси. Биздин шаарларды да бул кыйгап өткөн жок. Ис­фана шаары гана айырма­ланып турат – башкы аянтта Исхак Раззаковдун эстелиги турат. Борбордук аянттар салттуу түрдө жалпы улуттук жана шаардык расмий май­рамдарды жана иш-чаралар­ды өткөрүү үчүн колдонулуп келет. Бул жерге шаардыктар саясий иш-чаралар (шай­лоо, митингдер) үчүн чогулу­шат. Дээрлик ар бир шаар­да куну качкан отургучтары жана эстеликтери, же Улуу Ата Мекендик согушка ар­нап орнотулган мамылар ме­нен сейил бактар бар. Бирок сейил бактардын абалы чеке жылытпайт, балдар ойной ала турган жакшы аянтчалар дээрлик жокко эсе, көзгө толчудай эмеректер да жок жана алар жа­шоочулар арасында анчалык популярдуу эмес. Адатта ачык коомдук мейкиндик форматы – бул советтик пландоонун мурасы. Ошондуктан алар шаардыктардын заманбап суроо-талаптарына жооп бербейт. Көпчүлүк сейил бактар жана гүл бакчалар кризистик 90-жылдары талкаланып отуруп жок болгонун, ал эми андан кийин алар­ды калыбына келтирүүгө каражат табылбаганын белгилей кетүү зарыл. Токмокто да улуу муундун өкүлдөрү ностальгия менен эстеп жүргөн шаар­дык гүл бакча толугу менен талкаланган. Шаар­да коомдук мейкиндикти курулуштардан коргоо маселеси курч турат. Эң белгилүү мисал – Балы­кчыда аянты эки гектар болгон борбордук сейил бак курулуш үчүн басып алынган.

Жабык коомдук мейкиндикти колдонуунун жакшы мисалын Нарын шаарынан көрүүгө бо­лот. Бул жерде китепканаларды оңдоо боюнча чоң иштер жасалды, алардын иштөө форматы өзгөрдү, жаңы билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жана өзүн өзү өнүктүрүү үчүн ресурстар пайда болгон. Аны менен катар китепканалар ковор­кинг-борборлор катары иштей баштады. Чындап эле алар бардык жаш курактагы шаардыктар, өз­гөчө окуучулар арасында популярдуу. Жалпысынан беш шаардагы мейкиндиктин уюштурулушу менен таанышуунун натыйжасын­да учурда “коомдук мейкиндик” түшүнүгүн, ыкты­мал форматтарын, функцияларын жана аларды толуктоону кайра карап чыгуу зарылчылыгы өтө актуалдуу болуп турат. БАРДЫК ЖОЛДОР БАЗАРГА ЖЕТКИРЕТ

Базарлар – бул шаарлардын эң жандуу бөлүк­төрү, шаардагы активдүүлүктүн чордону. Алар жергиликтүү калкты гана эмес, ошону менен бирге жакын жерде жайгашкан айылдардын элин да тейлөө менен шаардын экономикасы­нын маанилүү объекттери болуп эсептелинет. Бардык беш шаарда тең жашоочулар Советтер Союзу кулагандан кийинки кризис маалында калааны жана элди “куткаруучу” катары базар­ларды аташкан. Бүгүнкү күндө да базарлар эко­номикалык жана социомаданий мейкиндик ста­тусун жогото элек. Көпчүлүк шаарларда балдар үчүн көңүл ачуучу инфраструктуранын жоктугу базарларды балдар менен убакытты чогуу өт­көрчү жерге айландырды. Социомаданий жа­гынан алганда базарлардын маанисин шаарда­гы транспорттук каттамдар да тастыктап турат – маршруттук каттамдардын негизги бөлүгү ша­ардык базарлардын аймагы аркылуу өтөт жана бул көрүнүш алардын дагы бир функциясын – расмий эмес вокзал катары милдет аткарарын да көрсөтүп турат.

Ошентип, базарлар – бул сатуу-сатып алуу жери гана эмес, бул ошондой эле коомдук мейкиндик, социалдык коммуникациялар бор­борлору, бейформал “вокзалдар” же башкы транспорттук түйүн. Алар шаардын көпчүлүк жа­шоочуларынын негизги социалдык жана мада­ний сценарийлери ишке ашкан, адамдар орто­сунда күнүмдүк байланыш түзүлгөн, маалымат менен алмашуучу жерлерге айланды. Базарлар өзүнө шаардагы көйгөйлөрдүн не­гизги бөлүгүн топтогон: жол тыгындары, унаа токтотмо жерлердин жетишсиздиги, туш келди соода жана тазалыктын сакталбаганы. Базар­лардын айланасындагы башаламан курулуштар, курулуш нормаларынын сакталбаганы кооптуу кырдаалдардын пайда болушуна себепчи.

ЭКОНОМИКА ЖАНА ШААРЛАР АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР СССР урап, өнөр жай өндүрүштөрүнүн жа­былышы менен, шаарлар үчүн негизги жоготуу эмгекке жарамдуу, билимдүү адамдардын сырт­ка чыгып кетүүсү болду. Алардын үйлөрүн жакын жайгашкан айылдардын тургундары ээлеп, ша­арга өзү үчүн көнүмүш жашоо образын “көчүрүп” келишкен. Жумуш орундарынын таңсыктыгы шаарлардын көпчүлүк жашоочуларын өз үйүндө мал багууга мажбур кылды. Мал багуу менен ка­тар бул багытта соода да өнүгө баштады. Бирок базарда соода кылуу да, мал багуу да жумушсуз­дук көйгөйүн чече алган эмес. Көпчүлүк шаарлар үчүн башка өлкөлөргө миграцияга чыгып кетүү үй-бүлө багуунун жалгыз жолуна айланды.

Мигранттар которгон акча – бул шаарларга са­лынган негизги инвестиция. Мигранттар которгон акчанын жардамы менен шаарларда экономика­лык турмуш жанданып, үйлөр курула баштады. Шаарлардын борборунда соода түйүндөрүнөн тышкары банктардын филиалдары жана башка финансы мекемелер да ачыла баштады. Ша­арларда жеке турак жайлар курулууда. Бирок аймактын комплекстүү өнүгүүсү тууралуу айтуу азырынча эртелик кылат. Коомдук мейкиндик кеңири болгон борбордук кварталдар жана не­гизги көчөлөр гана бир кыйла өзгөрдү. Анткени алар экономикалык жактан көбүрөөк активдүү, бул жерде коммерциялык кыймылсыз мүлк жана дүкөндөр, эс алуу жайлары жайгашкан.

Көпчүлүк шаарлар мурдагы өнөр жай ишкана­лардын, коммуналдык чарбалыктын аймактарын пайдалануу жолдорун издеп, боштукту толтуруу аракетин көрүүдө. Бирок шаарларда жеке ку­рулуштар да – бир кабаттуу үйлөр басымдуулук кылат, анда-санда гана эки кабаттуу үйлөр көзгө урунат. Бардык шаарларда коомдук транспорт­тун бери дегенде 2-3 каттамы бар (маршрутка­лар, Нарында троллейбус жүрөт). Алар шаардын бардык райондоруна жетпесе да, шаардыктар арасында көп колдонулуп келет. Шаардыктар­дын жана ЖӨБ өкүлдөрүнүн айтымында, коом­дук транспортту өнүктүрүү, жаңы каттамдарды ачуу өзүн актабайт. Кеңири колдонулган транс­порттун дагы бир түрү – жолдон тоскондорду алып кете берген такси (ар бир адамдан 15-20 сомдон алышат). Токмок, Балыкчы жана Нарын шаарларында көпчүлүк эркектер такси айдап акча табышат.

Беш шаарда жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөт­көндөй, “шаар – айыл” байланышы өтө күчтүү. Жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары айыл чарба продукциясын шаарларда сатышат, жаштар шаарга келип окушат. Балыкчыда көчмө базарлар практикасы бар – шаардагы базардын соодагерлери жакын жайгашкан ири калктуу ко­нуштарга – Тоң менен Кочкорго ж.б. келип, то­варларын сатышат. Шаарлардын географиялык жайгашуусу да шаарлар ортосундагы экономи­калык жана социалдык байланыштарга таасирин тийгизет. Токмоктун экономикасына да Бишкекке жакындыгы олуттуу таасирин тийгизүүдө – эгер­де элеттиктер Токмокко келсе, токмоктуктардын көбү ишке байланыштуу Бишкекке катташат. Ошондой эле Токмок Казакстандын чек аралаш райондору менен да байланышта болсо, ал эми Исфана кошуна Хожент шаары менен тыгыз бай­ланышта турат.

ШААРДЫК МЕДИА Айрым бир учурларды кошпогондо, шаардык ММК – бул айына эки жолу жарык көргөн гезит­тер жана анда негизинен расмий жаңылыктар жарыяланат. Гезиттердеги жаңылыктар тез эле эскирип, мындан улам алар көп популярдуу бол­бой калат. Бирок көпчүлүк шаардыктар аларды баары бир туруктуу сатып алып турушат. Гезит­тер жаңы технологиялар, маалымат алуунун жаңы аспаптары менен атаандашууга жөндөм­сүз болгону да алардын өтүмдүүлүгүнө тааси­рин тийгизет. Квалификациялуу кадрлардын чоң шаарларга же чет өлкөлөргө кетиши шаарларда ММКнын натыйжасыз ишинин бирден бир себеби болууда. Бул чөйрөдө иштегендер болсо адат­та маалыматты жайылтуунун жаңы усулдарын колдонуу боюнча көндүмдөргө жана билимге ээ эмес. Башка бир көйгөй – көз карандысыз ММК­нын жоктугу. Санарип технологиялардын кылы­мында жана жаңы медианын уникалдуу мүмкүн­чүлүктөрү пайда болгон заманда өлкөдөгү чакан шаарлар бул артыкчылыктарды колдоно албай жатышат.

Жаңы усулдарды туура колдонуу жана ша­ардыктардын түрдүү аудиториясына кызыктуу боло турган материалдарга фокус жасоо бул кемчиликтин ордун толуктоого жардам бермек. Балыкчыдагы шаардык гезит социалдык тар­мактарда өз баракчасын ачып, жаңы медиа­ны колдоно баштагандан тарта аудиториясы да кеңейди. Гезитти башка шаарларда жана өл­көлөрдө жашагандар окуй баштады. Жаңы медиа усулдарын колдонуунун ийгиликтүү мисалы катары токмоктук акти­вист Марат АБДРАЕВдин ишин белгилесе болот. Ал социалдык тармактарда активдүү талкуулар үчүн аянтча түзө алды. Одно­классники сайтындагы “Мен Токмокту жак­шы көрөм” деп аталган топто токмоктуктар шаардын көйгөйлөрүн талкуулап, аларды чечип, жардамга муктаждарга акча чогулту­шат. 2015-жылы Марат Токмок шаарынын мэринин кеңешчиси болуп иштеп, мэрия­нын соцтармактардагы расмий баракча­ларын башкарчу. Ал токмоктуктарга жаңылыктарды өз убагында жеткиргенден тышкары, шаардык инфраструктуранын иштешине байла­нышкан көйгөйлөрдү чечүүдө калкка ийгиликтүү жардам берип турган. Өз кезегинде мэрия иши­нин сапаты жана калаадагы маанилүү окуялар тууралуу шаардыктардын пикирин ыкчам билип турган. Социалдык тармактардагы баракчалар азыр дагы иштеп жатат, бирок форматы өзгөрдү – мэриянын расмий баракчалары катары эмес, Токмок шаарынын жашоочуларынын көйгөй­лөрүн чечүү боюнча аракеттерди бириктирүү максатында виртуалдык социалдык аянтча ката­ры иштеп келатат.

ШААРДЫКТАРДЫН ӨЗ КАЛААСЫНА БОЛГОН МАМИЛЕСИ Шаар – бул адам жашоосун өткөргөн чөйрө. Ошондуктан дал ушул чөйрөгө карата анын ма­милеси, ички сезимдери, эмоциялары, шаар менен байланышкан ассоциациялары, кабыл­доосу өтө маанилүү. Шаарлар менен тааны­шуунун маанилүү бөлүгү – ошол жерде жашаган адамдар менен баарлашуу. Алар аркылуу биз түрдүү шаарлардын жашоочулары өздөрүн кан­тип идентификациялай турганын түшүнүүгө ара­кет жасадык. Биз аткаминерлер, активисттер, жаштар, түрдүү көз караштагы жана кызыкчы­лыктары ар башка адамдар менен тааныштык. “Шаар тууралуу баарлашуулар” маалында – ша­арды кыдырып жүргөн учурда ал жерде жашаган адамдардын пикирлерин уктук. Алардан өнүгүү маселесинде биринчи кезекте шаар үчүн эмне­лер маанилүү, кандай демилгелерди алар кол­доого даяр, кантип бул демилгелерге кошулушат деп сурадык.

Мындан тышкары ар бир шаарда социалдык сурамжылоо жүргүздүк. Беш шаар үчүн бирдей анкета болуп, жергиликтүү өнөктөштөрдө суро­олор менен толукталып турду. Анкета шаарды­ктардын өзүн өзү идентификациялоосу, жерги­ликтүү жамааттарды уюштуруу өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолорго жооп алууда, жеринде жа­шоого болгон канааттануусун аныктоодо изил­дөөчү топко жардам берди. Айталы, өзүн шаар­дын жашоочусу катары атагандардын үлүшү ар бир шаарда 4% болду. Исфанада мындайлар 8% түздү. Адатта адамдар өзүнүн кесибин айтат, КР жараны катары тааныштырат, же өзү тууралуу милдеттери жана укуктары бар үй-бүлө мүчөсү катары айтып берет. Өзүн идентификациялаганы тууралуу су­роолорго респонденттердин жооптору жалпы мүнөзгө ээ. Мындан тышкары шаардыктар өз калааларын негизинен географиялык жери, же белгилер/маркалар, жергиликтүү/улуттук инсан­дар, кесиби, ошондой эле табигый өзгөчөлүк­төрү менен окшоштурушат. Мисалы, Балыкчы– шамал шаары, Нарын – бийик тоолуу шаар, Баткен – бул өрүк жана Айгүл гүлүнүн мекени, Токмок – өнөр жайлуу шаар, Исфана – Исхак Раззаковдун мекени.

Бардык беш шаарда тең социалдык су­рамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү жашоого ыраазы болгонун, башка жакка көчүү ниети жок экенин айтышкан. Анткен менен Нарын шаарынын (31,3%), Токмоктун (35,1%) жана Балыкчынын (40%) респонденттеринин үчтөн бири мүмкүнчүлүк болсо башка шаарда жашагысы келээрин айтышкан. Токмок, Балы­кчы, Нарындын ар бир бешинчи тургуну, Баткен шаарынын ар бир алтынчы жашоочусу жана Ис­фана шаарынын ар бир сегизинчи тургуну бул шаарлардагы жашоого канааттанбай турганын белгилешкен.

Канааттанбаганынын себептеринин арасында көп кездешкен жооптор:

  • жумуш үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу;
  • коомдук мейкиндиктин жоктугу жана/же жагымдуу болбогону;
  • медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү жана сапаты;
  •  жолдордун жана тротуарлардын начар са­паты же жоктугу;
  • шаардын көрксүз жана жагымсыз сырткы келбети;
  •  турак жайларда шарттардын жоктугу жана жеткиликтүү болбогону;
  • коомдук транспорттун ишинин начардыгы.

Жакынкы беш жылда өз шаарында респон­денттер төмөнкүдөй беш өзгөрүүнү каалашат (эң популярдуу жооптор):

  • Жолдордун/шаардык инфраструктуранын оңолушу.
  •  Жашыл, жарык, таза шаар.
  • Көп кабаттуу үйлөр / имараттар же эски имараттардын / үйлөрдүн реконструкци­ясы.
  • Көбүрөөк маданий-көңүл ачуучу жайлар.
  • Шаардын өнүгүүсү/өнөр жайдын өнүгүүсү/ көбүрөөк жумушчу орундар.

ШААРЛАРДЫН ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ Аймактардын өнүгүүсүн башкаруу Изилдөөнүн алкагында биз шаарлардын мей­киндигине жасалган анализге көбүрөөк көңүл бурдук. Биз шаарлар кантип жана кайсы багытта өнүгүп жатканын, алардын инфраструктуралык базасы кандай болгонун, аймактардын өнүгүүсүн башкаруу жана пландоо үчүн кандай меха­низмдер колдонуларын билүүгө аракет жасадык. Биз ЖӨБ адистери, архитектура бөлүмдөрү жана башка муниципалдык ишканалар менен тыгыз иш алып бардык. Алар менен кызматташуу биз­ге бир катар олуттуу көйгөйлөрдүн жүзүн ачыпберди. Дээрлик бардык шаарларда шаар куруу жана пландоо боюнча адистер жокко эсе экен. Муниципалитеттерде мейкиндикти өнүктүрүүнүн так элеси жок, архитектура бөлүмдөрүнүн учур­дагы иши уруксат документтерин берүү жана чакан объекттерди долбоорлоо менен чектелип калган. Буга кошумча архитектура бөлүмдөрүн­дө курулуш куруунун жана жер пайдалануунун жаңыланган карталары жок. Адатта кызмат­керлер эски карталарды жана башкы пландар­ды колдонушат. Шаар курууга байланышкан көпчүлүк чечимдер изилдөөлөрдү негиз катары алган эмес, жерлерди пайдаланууга мониторинг жүргүзүлбөйт.

Нарын шаарында инфраструктуранын абалы тууралуу маалыматты чогултуу жана сактоо иши жолго коюлган. Aga Khan Development Network колдоосу менен мэриянын базасында ГИС-бор­бор түзүлгөн, ал жерде инженердик-техникалык тармактар, жер участоктору жана муниципалдык объекттер тууралуу маалыматтар чогултулуп, картага киргизилет. Бул болсо шаардын ресур­старын дагы да ачык-айкын жана эффективдүү башкаруу үчүн шаарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Изилдөөгө катышкан шаарларда айрым коом­дук маданий мекемелердин укуктук статусуна байланышкан жалпы көйгөй бар. Айталы, Исфа­на шаардык сейил багы мэриянын эмес, Мада­ният министрлигинин балансында турат жана шаардын мэриясы сейил бакты реконструкция­лоо иштерин баштай албай жатат. Балыкчы ме­нен Токмокто да ушундай эле маселе кинотеа­трларга байланыштуу чыккан – мэрия калыбына келтирүүнү каалайт, бирок алардын менчик ээ­лери башкалар. Маалыматтардын актуалдуу базасынын жок­тугу, буга кошумча шаарды пландоо чөйрөсүндө жергиликтүү адистердин чабал даярдыгы ша­арлардын мейкиндикти башкаруусунда негизги көйгөй болуп эсептелет.

Инфраструктура Шаардык инфраструктураны айта турган болсок, бул жерде да бир катар көйгөйлөр бар. Булар: муниципалдык жолдордун начар аба­лы, таштанды жыйноо жана жок кылуу масе­лелери, суу менен жабдуу көйгөйлөрү. Совет маалында курулган инженердик-техникалык тармактар эскирди жана калыбына келтирүүнү, жаңылоону талап кылууда. Мындан тышка­ры шаардагы көптөгөн райондор борбордук канализация жана суу берүү системаларына кошулган эмес. Бул болсо шаардагы санитар­дык-эпидемиологиялык кырдаалга да терс та­асирин тийгизүүдө. Шаарлардын финансы ресурстары бул көй­гөйлөрдү комплекстүү чечүүгө жол бербей кела­тат. Шаардык бюджеттен негизинен жолдордун ремонту жана суу менен жабдуу системасын оң­доо каржыланат.

Шаарларды изилдөө көрсөткөндөй, шаарлар коомдук мейкиндиктин абалына жана жашыл­дандырууга жетиштүү көңүл бурбай келет. Ир­ригация системалары талкаланган же такыр эле жок. Калк менен эффективдүү иш алып баруу – бул шаар бийликтери үчүн негизги милдеттердин бири. Шаардын биринчи адамдары шаардык­тарга жакын болуунун жолдорун таап, муници­палдык органдардын иши тууралуу калктын пи­кирин билип, шаардыктар калааны жакшыртуу иштерине катышууга канчалык даяр болгонун түшүнүү максатында изилдөөгө катышты. На­рында, Балыкчыда жана Токмокто муниципали­теттер калк менен байланышты жөнгө салып, жаштарды тартуу үчүн социалдык тармактардын жана мобилдик тиркемелердин мүмкүнчүлүк­төрүн колдонууга аракеттенүүдө. Бул аспаптар калкты ЖӨБ иши тууралуу маалымдоо, муници­палдык жана коммуналдык органдардын ишин баалоо, шаар көйгөйлөрү тууралуу коомдук пи­кирди изилдөө ж.б. үчүн колдонулат. Ошол эле маалда коомдук угууларды, чогулуштарды өт­көрүү жана кварталдык комитеттердин жигердүү иши калк менен шаар мэриясынын ортосунда коммуникациянын эффективдүү каналдарынын бири бойдон кала берүүдө.

ШААРЛАР ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН БОСОГОСУНДА ТУРАТ… Учурда ар бир шаар өзүнүн өнүгүү жолдорун издеп жаткан чак. Токмок өз өнөр жайын жана академиялык потенциалын калыбына келтирүүгө аракеттенип жатат. 2008-жылы БАЭУ ачылышы билим берүү чөйрөсүн өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири кылууга себепчи болду. Ба­лыкчы өзүнүн географиялык абалын колдонуп, түндүк облустарын гана эмес, түштүк регион­дорду да бириктирген маанилүү логистикалык борбор болгусу келет. Шаар администрациясы түндүк-түштүк альтернативалык жолуна чоң үмүт артып жатат, бул жолдун курулушу 2018-жылы жыйынтыкталат. Нарындын эл аралык уюмдар менен кызмат­ташууда тажрыйбасы мол жана шаар инвести­циялык климатты өнүктүрүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Инвестициялардын артыкчылыктарын­да жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, кыз­мат көрсөтүү жана туризм чөйрөлөрү бар.

2001-жылы шаар статусун алган Баткенде1 өнөр жай базасы жок жана бул жагдай шаардын азыркы абалына өтө чоң таасирин тийгизүүдө. Шаар сооданын, айыл чарбанын жана мигрант­тардын эсебинен күн көрүүдө. Ал жашоо үчүныңгайлуу, өз маданияты бар шаарга айлангысы келет. Исфананын, тескерисинче, шаар мада­нияты бай жана жашоочулар өздөрүн шаардык – исфаналык катары сезишет. Ошондуктан уни­калдуу маданияттын, продукциялардын, атмос­феранын негизинде регион масштабында да, өлкө масштабында да илгерилетүү үчүн потен­циалы жакшы.

ӨЗ ШААРЫҢДЫ ТҮШҮНҮҮ – МААНИЛҮҮ, БИРОК БУЛ БАШТАЛЫШЫ ГАНА Сөз соңунда эки маанилүү принцип тууралуу айткыбыз келет. Ар бир изилдөөдө эң негизгиси – бул тапшырыкчы (даректелүүчү) же ким жана кантип анын жыйынтыктарын колдонот. Биздин учурда – бул мэриялар жана шаарлардын жи­гердүү тургундары. Мэрия өзүнчө жана активи­сттер өзүнчө эмес, алар биргеликте – бул изил­дөөнүн даректелүүчүлөрү. Изилдөө аздык кылат, теңме-тең тартипте диалог түзүү, анын жыйын­тыктарын биргелешип талкуулоо жана иш-ара­кеттерди биргелешип пландоо маанилүү. Экин­чиси – биздин изилдөөдө жыйынтык гана эмес, процесс да маанилүү болчу. Бул процесс аяктай элек. Биз Шаарлар форумунда темаларды тал­куулоо үчүн суроолорду узатып, аларга жооп из­деп, маалыматтар менен бөлүшүп, ушундай жол менен замандаштардын пикирин өзгөртүү үчүн шаармандарга идеяларды жана күч беребиз деп ишенебиз. Беш шаар боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу кеңири маалыматты, шаардыктар ара­сында жүргүзүлгөн сурамжылоону, карталарды форумдун сайтынан таба аласыз: http://forum. urban.kg/ (“Изилдөөлөр” бөлүмү).