Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

МАМБЕТАЛИЕВА ЖАНА БАЛЫКЧЫНЫН ШААРМАНДАРЫ: БИРИМДИК ШААРДЫ ЖАНДАНДЫРАТ

2017-04-19 / Шаармандар
МАМБЕТАЛИЕВА ЖАНА БАЛЫКЧЫНЫН ШААРМАНДАРЫ: БИРИМДИК ШААРДЫ ЖАНДАНДЫРАТ

ШААРМАН – Б УЛ Т УУНДУ СӨЗ Ж АНА “ШААРДЫК К ААРМАН” ДЕГЕН ЭКИ СӨЗДӨН К УРАЛГАН. БИЗДИН Т ҮШҮНҮГҮБҮЗДӨ ШААРМАН – Б УЛ ӨЗ ШААРЫН МЫКТЫ БИЛГЕН Ж АНА Ж АКШЫ КӨРГӨН А ДАМ. А Л КӨЧӨТ ОТУРГУЗАБЫ, ЖЕ ТАЛАШ-ТАР-ТЫШТАРДЫ ЖӨНГӨ САЛАБЫ, ШААРДЫКТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮ Ү ЧҮН БИЗНЕС БАШТАЙБЫ, ЖЕ МУКТАЖДАРГА ЖАРДАМ КЫЛАБЫ – А ЙТОР ШААРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШУУГА Ж АН ҮРӨП КЕЛЕТ. ШААРМАН ӨЗ ШААРЫ Т УУРА¬ЛУУ ОЙЛОНУП, УБАКТЫСЫ, К ҮЧҮ, ДЕМИ МЕНЕН БӨЛҮШҮҮГӨ Д АЯР А ДАМ. ШААРМАН – Б УЛ ЧОҢ ТАМГА МЕНЕН Ж АЗЫЛГАН ШААРДЫК, А Л БАШКАЛАР Ү ЧҮН ҮЛГҮ.

Шаармандар – бул жигердүү, ишмер, шаардын жана анын жашоочуларынын көйгөйлөрүн түшүнгөн, кайдыгер эмес, жашоону жакшы жагына өзгөртүүгө аракет кыл­ган шаардыктардын жаңы катмары. Бул адамдар “уйкусуроо” этабы аяктап, болгон күчүн кичи Ме­кенине жумшаш керектигин баамдай алышты. Мындай адамдар өзгөчө Балыкчыда көп.

Качандыр бир кездери Балыкчыда жашоо буркан-шаркан түшүп турган эле – ал бир топ эле ири өнөр жайлуу шаар, республикалык ма­анидеги транспорттук түйүн катары эсептелчү. Бишкекти кошпогондо Балыкчыда транспорттун автомобиль да, темир жол да түрлөрү бар бол­чу. Советтер Союзу урагандан кийин баары өз­гөрдү – жашоочулары жакшы турмушка умтулуп, туш-тарапка чачырап кетишти. Балыкчы эч ким сапар тартпаган жана бул жерде жашагысы кел­беген “жансыз” шаарга айланган. Адамдардын көчүп кеткенинен гана эмес, ошону менен бирге ири өнөр жай ишканаларынын жана башка ша­ардык объекттердин ээнсиреп калганынан улам да ушундай маанай түзүлгөн. Анткен менен узакка созулуп кеткен стагнация мезгили соңуна чыгып, көпкө күткөн калыбына келтирүү мезги­ли башталды. Мындан улам Балыкчыны ушу­дай жаңы жагынан ачып, ал тууралуу көптөгөн калыптанып калган жаңылыш пикирлерди четке кагуу өзгөчө жагымдуу болуп турат.

Постсоветтик Балыкчыда төрөлүп-өскөн жаштар ата-энеси жумушсуз калып, чет өлкөгө иш издеп кетип, же жаңы базар шарттарына ың­гайлашуу менен үй-бүлөсүн багууга аракеттенге­нине күбө болду. Көптөгөн балдар ата-энесине акча табууга жардамчы болуп, бул үчүн атүгүл мектептеги окуусун да курмандыкка чалышкан.

Кылмыштуулук күчөп, район-районго бөлүнгөн кылмыштуу топтор пайда болуп жаткан. Ар бир бейформал райондо жаштардын өз топтору бар болчу. Алар өз ара бөлүшүп алган аймактарды “кармап”, маал-маалы менен “кагышып” туруш­чу. Балыкчыда баары болуп 13 бейформал рай­он болсо, ал жакта жашаган жаштар тирештен башы чыкчу эмес.Мындай райондор аралык тирешүү жаштар уюмдарга биригип, өз районунда түрдүү иш-ча­раларды демилгелеп чыкканган чейин уланып келди. Адегенде бир жылы төрөлгөн курдаштар чогулчу. Андан кийин алар башкаларды чакы­рып, бара-бара райондун бардык тургундары тартыла баштаган. Өзгөчө ийгиликтүү жана жи­гердүү балдар лидер болушту. Мындай бирикме­лер ынтымак деп аталып калды.

Ар бир райондук ынтымак расмий түрдө өзүнүн бейформал топторун коомдук уюм жана фонд катары каттайт. Бул болсо бирикменин бардык иш-чаралары жана ишмердүүлүгү район үчүн конкреттүү жыйынтыктарды алып келиши үчүн жасалууда. Мисалы, жолдордун абалы, жарык­тандыруу, балдардын оюн аянттарын же сейил бактарды көрктөндүрүү өңдүү маселелерди че­чишет. Ар бир ынтымактын иши бейформал рай­ондордун чегинде бо­лот, ар бир уюм болжол менен 100 жана андан ашык адамдан, неги­зинен эркектерден ту­рат. Иш-чаралардын басымдуу бөлүгү – спорттук мүнөздө. Ай сайын түрдүү муундун өкүлдөрүнөн куралган командалар ортосунда байгелүү футбол жана волейбол турнирлери өтүп турат. Мисалы, февралда 1993-жылы туулган балдардын ко­мандалары гана футбол ойнойт.

Балыкчылыктардын мындай бирикмелеринин дагы бир өзгөчөлүгү – уюмдардын мүчөлөрү би­ри-бирине оор мезгилде көрсөткөн колдоосу. Ошол эле материалдык колдоо үчүн мүчөлүк төгүмдөр да, ыктыярдуу акчалай салымдар да кошулат.Учурда Балыкчыда ондон ашуун жаштар уюму бар жана алар барган сайын жигердүү иш алып барууда. 2016-жылдын октябрь айында алар­дын баары бирдиктүү союзга – Балыкчы Жаштар Ордосуна биригишкен. Уюм мэрия, активисттер жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду өңдүү баш­ка уюмдар менен да жигердүү кызматташып келүүдө. Алардын башкы максаты – шаар жашта­рын бириктирүү жана жалпы күч-аракетти Балы­кчынын өнүгүүсүнө ба­гыттоо.

Ар бир уюмдун же демилгелүү топтун ата­лышы “Ынтымак” сөзүн жана шаардын ата­лышын камтыйт. Миса­лы, “Ак-Жол Балыкчы” ынтымагы, “Алгалай бер, Балыкчым” ынты­магы, “Өркүндөп-өссүн Балыкчым” ынтымагы ж.б. Ар бир катышуучу өзүнүн негизги мыкты сапаты катары патри­оттуулукту жөн жери­нен атабайт. Анткени дал ушул Мекенине болгон сүйүү жаш ба­лыкчылыктарды өз шаарынын турмушуна жигердүү катышууга түртүп турат.2016-жылдын жай­ында өткөн панкра­тион боюнча таймаш «ынтымакчылардын» ири иш-чарасы болуп калды. Бул таймашка башка аймактардан да өкүлдөр чакырыл­ган. Бирок биригүү пландарында иштин башка чөйрөлөрү да бар. Алар: жаштар менен иштөө, жигердүү ишкерчи­лик, ыктыярчылык жана ишмердүүлүктүн баш­ка түрлөрү аркылуу шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө катышуу. Ошентсе да биригүү менен алар эң негизги са­лымды кошо алганын белгилей кетүү зарыл.

Жаштар өз шаарынын тарыхында калуу үчүн өз жолун табуу аракетинде жана бул чоң мак­сатка карай алгачкы кадамдар шилтенди. Жаш шаармандар күч-аракеттерди бириктирүү менен алек болуп жаткан чакта, алардын улуу сана­алаштары да шаардын өнүгүүсү үчүн иш алып барышууда. Булардын катарында Майрам МАМ­БЕТАЛИЕВА да бар: «Балыкчы шаарынын тургунумун. Мен ушул жерде төрөлүп, ушул жерде өсүп, бул шаарда ата-энем жашап, ушул жерде билим алып, эмгек жолумду баштагам. Өмүр бою салым кошууга аракет жасап келдим. Ишиме байланыштуу балким экономикалык болбосо да, социалдык са­лым коштум деп эсептейм».

Майрам МАМБЕТАЛИЕВА – Балыкчы шаа­рындагы №22 кварталдык башчысы. Жерги­ликтүү тургун катары ал шаардын өткөн чагынжана азыркы учурун абдан жакшы билет, ал шаардын жаркын келечеги үчүн жан үрөп иштейт. Эгерде мурда ал негизинен жаштар ме­нен баарлашып келсе, азыр калктын бардык топтору ме­нен иш алып барууда. Мам­лекеттик тармактагы жана коомдук уюмдардагы иш тажрыйбасы Майрам эжеге кварталдын күнүмдүк масе­лелерин чечип, келечекте анын өнүгүүсүн кепилдөөгө жардам берет.Аскер кызматкери же юрист болууну кыялданган Майрам Мамбеталиева бай­ланышчынын билимин алып, бирок эмгек жолунун башын­да эле жаштар менен иш жүргүзүп келген. Жаштар кайда бараарын бил­бей, шаарда көңүл ачуу үчүн эч кандай шарттар түзүлбөй, кылмыштуулук күчөп турган мезгил болгон. Майрам Мамбеталиева шаар бийлиги­нин атынан дискотекаларды уюштуруп, ал жерде жаңжалдарды болтурбоо чарасын көрүп келген.

Майрам МАМБЕТАЛИЕВА: «Мен жашоомдун дээрлик 30 жылын жаштар менен иш алып барууга арнадым. Адегенде мэрияда, андан кийин коомдук уюмдарда иштедим. Ал учурда шаарда жаштар үчүн иш-чараларды такыр эле өткөрбөй калышкан болчу. Атүгүл мек­тептерде да эч иш-чаралар өткөрүлбөй калган. Бирок жаштар бош убактысын бир жерде өткөрүп, баарлашып туруш керек да. Ошондо мен мэрияда кечки саат бешке чейин иштеп, үйүмө келип, тамактанып, кийимимди которуп алып, шаар бийлигинин атынан дискотекаларды өткөрүүгө жөнөп кетчүмүн. Милиция менен жаштар орто­сунда тирешүүлөр болбошуна көз салым турчумун. Ал убакта кылмыштуулук күчөп турган, “Ягуар”, “Жолборс”, “Шок” өңдүү кылмыштуу топтор бар болчу. Мен болсо үйгө түнкү саат 12де кайтып келээр элем».

Майрам жаштар менен жакшы мамиле түзө алды. Мэриядагы ишинен кеткенден кийин да жаңы муун менен ишти коомдук уюмдарда улантты.Майрам учурда кварталчы болуп иштейт. Ал жашаган жери боюнча аныктама кат­тарды гана жазып бербестен, жергиликтүү кеңеште өз кварталынын тургундарынын кызыкчылыктарын коргоп келет. Ал жашо­очулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка түзүмдөр менен тыгыз байла­нышты түзүп турат. Майрам эже бул кызматка кокусунан келип калган. Өзү айтып бергендей, мындай чечимди кабыл алууга аны мурдагы кварталчынын жашоочуларга богон адилетсиз мамилеси түрткөн. Акыйкат жана теңдик үчүн күрөшкөн Майрам МАМБЕТАЛИЕВА мурдагы кварталчы аймактык маалымкат бербей жатка­нын, аны алыш үчүн башка дагы ондогон доку­менттерди чогултуу зарыл экенин айтып даттан­ган кошуналарына алгач ишенген эмес.

Майрам МАМБЕТАЛИЕВА: «Бизде баласы ДЦП менен ооруган аял бар. Ошол мага ке­лип, аныктама катты алыш үчүн кандай инстанцияларды кыдырып чыгыш керекти­гин өз көзүм менен көрүүмдү өтүндү. Мени болсо кварталчы “эмне гана кылбагыла, ба­ары бир колуңардан эч нерсе келбейт” деп эшиктен ары түртүп чыгарып койду. Ошон­до мен өзүмө “укуктарыбызды сактай алба­сам, анда атым өчсүн!” деп сөз бердим».

Ошол окуядан кийин Майрам жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Балыкчынын тур­гундары менен чогулуш өткөрүп, анда депутат­тар менен квартал башчыларынын иши туура­луу маселени кабыргасынан койду. Балыкчынын көпчүлүк тургундары кырдаалды өзгөртүп, көөп кеткен кварталчыны кызматынан алуу мүмкүн экенине ишенишкен эмес: «Шаар тургундары мага «сиз эч нерсе кыла албайсыз, антке­ни ал “тигилердин” адамы» деп айтышкан. Мен болсо «А силер анда эмнеге турасыңар? Бул депутаттарды өзүңөр шайлабадыңар беле! Силерди эл деп коет! Колуңарда көп нерсе бар! Эмне эле бурч-бурчта жашынып жатасыңар?! Келгиле, чогулуш өткөрөбүз!» деп айттым. Акыр аягында эл да жарыл­ды. Алар өткөн чакырылыштагы шаардык кеңештин депутаттары менен өтө катуу сүйлөштү. Мен болсо өзүм кварталчы бо­лууга даяр экенимди айтууга туура келди».

Ошентип эки жылдан бери Майрам эже коомдук башталышта иштеп келатат. Ал эгерде адам элге жардам берсе, анда Жараткан да сөзсүз түрдө бул адамга жардам берет деп ишенет. Анын квар­талында ар кандай окуялар болгон – сейил бак­тын аймагына кайдыгер мамиле болгон, социал­дык маселелер курч турган, атүгүл өз жанына кол салган окуялар да катталган. Мына ушул көйгөй­лөрдүн баарын ал кошуналар, мэрия жана активи­сттер менен чогуу чечүүгө жардам берип келген.

Соңку жарым жылдан бери Майрам эже ти­лектештер менен чогуу шаардык сейил бакты ка­лыбына келтирүүнүн үстүнөн жигердүү иш алып барууда. Балыкчынын жашоочуларында эс алуу жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн атай­ын бир жер болушун каалайт. Долбоор бир нече этаптан өтүп отуруп, эми шаардык кеңештинсессияларында талкууланууда. Хельветас уюму шаар бийлиги жана шаардыктар да бул долбоор­го катышат деген шарт менен колдоо көрсөтүү­гө даяр. Майрам МАМБЕТАЛИЕВА жана башка кварталчылар, активисттер архитектура жана ди­зайн жаатындагы жаш адистерди кызматташуу­га чакырышты: «Негизи биз (кварталчылар) өз районубуздун бардык көйгөйлөрү менен алектенүүгө тийишпиз. Менин милдетиме маалым кат берүүгө гана кирбейт. Мили­ция, статистика бөлүмү, паспорттук стол, шайлоо комиссиясы менен биргеликте биз көптөгөн маселелерди чечим келатабыз».

Ушул иштин баары намыс үчүн гана жасалып жатабы деген суроону берүүгө аргасыз болот экенсиң. Майрам МАМБЕТАЛИЕВА түпкү моти­вациясын ачып берди: «Биздин эл жол таап, аракет жасагандын ордуна канткенде бо­лот, ал эми кайсы учурда болбой деп тол­гонуп отура бергенине ыза болдум. Элибиз өзүн коргоо үчүн эч нерсе жасагысы кел­бейт экен, алар өздөрүнөн башка аларды эч ким коргобой турганын баамдабайт. Эгерде мен муну жасай алсам, анда эмне үчүн чет­ке чыгып, байкоо салып отура беришим ке­рек? Мына ушундай ой-тогоолордон кийин иштей баштадым».

Майрам Мамбеталиева бийликтин бардык органдарында өз аймагында жашаган тургун­дардын кызыкчылыгын көздөп келет. Бул үчүн жашоочулар нотариалдык жактан ишеним кат жазып беришкен жана юрист болбогон Майрам эже алардын кызыкчылыктарын коргоп жүрөт. Ал элдин кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан чыгыш үчүн сөзсүз эле юристтин билими болбош керектигин, өз алдынча да зарыл мыйзамдарды окуп чыгып, актылар жана документтер менен таанышса болоорун айтат.

Майрам эженин иши квартал менен гана чек­телбейт. Ал башка адамдар менен кызматташты­кка ачык жана жардам берүүгө даяр. Көпчүлүк кварталчылар Майрам эже менен чогуу иштеш­кенге аракет кылышат. Анткени андан иш жүргүз­гөндү үйрөнүп, анын турмуштук жана кесиптик бай тажрыйбасын өздөштүргөнгө умтулушат.

                       Балыкчы шаарында мына ушундай түрдүү ша­армандар бар. Алар аз эмес жана көп иштерди бүтүрүп жатышат. Кимдир бирөө муктаждарга акысыз нан таратса, башкалары таймаштарды уюштурат, айрымдары сейил бакты жана шаар­дын аймактарын көрктөндүрсө, дагы бири коом­дук транспорттун жаңы маршруттук каттамдарын ачууга жан үрөп келүүдө. Бирок буларды баары чогулуп, келечектин шаары деп сыймык менен айтып жүргөн Балыкчынын өсүп-өнүгүүсү үчүн иштеп жатышат. Ал эми алардын кыялы сөзсүз орундалат.