Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын куттуу шаарлары: алар кандай болушу керек жана кандай болушат?

2017-08-08 / Шаармандар
Кыргызстандын куттуу шаарлары: алар кандай болушу керек жана кандай болушат?

12-13-май күндөрү борбор калаадагы Улуттук китепканада эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Куттуу шаарлар уюлу” аттуу форум өттү. Аны КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) жана “Шаар демилгелери” коомдук фонду менен биргеликте Өнүктүрүү саясат институту уюштурган. Жаңы болгонуна карабастан иш-чара 250гө жакын катышуучуну чогулта алды. Ага мэрлер жана мэрия кызматкерлери, шаардык кеңештердин депутаттары, жарандык активисттер, башка өлкөдөн келген коноктор, эксперттик жамааттын адистери катышты. Бул болсо форумга масштабдуулукту гана эмес, ошону менен бирге тематикалык тереңдикти да берди. Ал эми ачылышына Президенттин аппарат башчысы Сапар ИСАКОВ, биринчи-вице-премьер-министр Мухамметкалый АБУЛГАЗИЕВ, ЖӨБЭММА директору Жумагүл ЭГАМБЕРДИЕВА, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Рене ХОЛЕНШТАЙН, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун директору Шамиль ИБРАГИМОВдун катышып, сөз сүйлөшү “Куттуу шаарлар уюлу” Форумун мамлекеттик маанидеги окуя деңгээлине алып чыкты.

Форум идеядан башталат

Урбан-форум Кыргызстанда ушуну менен үчүнчү жолу өттү. Буга чейин мындай чогулуштар Бишкек мэриясынын жигердүү катышуусу менен бишкектиктер үчүн, андан кийин Ош мэриясынын жигердүү катышуусу менен түштүктөгү борбор калаанын жана анын жанындагы шаарлардын коомчулугу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу үчүн өткөрүлүп келген. Анткен менен Кыргызстандагы көптөгөн шаарлар процесстин тышында калып, ошол эле маалда жаңы билимге жана ресурстарга муктаж болчу. Ошондуктан үчүнчү жолу форумду бардык шаарлар үчүн өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган. Форумдун өзөктүү идеясы – шаарларды өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеген бардык практиктерди бирдиктүү горизонталдык тармакка бириктирүү жана чакан жана орто шаарлардагы жашоо сапатын жакшыртууга умтулуу.

Куттуу шаарлар уюлу – шаар тургундарына ал жерде жашоо жаккан жагымдуу шаарлардын тармагы. Форумдун алдында чоң жана көп күчтү талап кылган иштер жасалды. Бул иштер “Шаар демилгелери” коомдук фонду өлкөнүн беш шаарында жүргүзгөн масштабдуу изилдөөсүнөн башталган. Изилдөөнүн материалдары иш-чаранын программасынын өзөгүн түздү. Ал эми иш-чаранын өзүнө даярдыктар болсо жылдын башында башталган. Биринчи кезекте ачыктык жана айкындуулук принциптери менен иш алып барган уюштуруу комитети түзүлдү. Кыш жана жаз мезгилдеринде комитет беш жолу жыйналышка чогулуп, андан соң ар бир секция боюнча өз-өзүнчө эксперттер менен жолугушуулар, чет өлкөлүк баяндамачылар менен скайп-сессиялар өткөрүлдү. Секциялардын тематикасын аныктоодо көпчүлүк шаарлар үчүн маанилүү жана окшош болгон, жамааттардын күнүмдүк керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына жооп берген суроолорго жана көйгөйлөргө багыт алышты. Анын үстүнө форумга катышкан ЖӨБ адистери секциялык талкуунун жүрүшүндө гана изилдебестен, ошону менен бирге алган билимин жана багыттарды практикада да колдоно алышы үчүн алар шаардын жашоо тиричилигинин түрдүү чөйрөлөрүн камтышы керек болчу. Башкача айтканда, форумдун аянтчасынан алган көндүмдөр шаар жетекчилигинин жана анын кызматтарынын ишинин реалдуу чөйрөсүнө “көчүп барышы” керек эле.

Швейцариянын КРдагы Элчилигинин көмөгү менен форумга Цюрихтен Филипп КОХ, Регула ИЗЕЛИ, Сайкал ЖУНУШОВА аттуу эксперттер чакырылды. Мындан тышкары анын ишине Латвиядан муниципалдык ассоциациялар боюнча эксперт Эдвинс БАРТКЕВИЧ да катышты.

Форумдун секцияларын даярдоого, негизги уюштуруучулардан жана ЖӨБЭММАдан тышкары 10 өнөктөш уюм катышты: Move Green, Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор, Азия өнүктүрүү банкы (CAREC программасы), Kg Labs коомдук фонду, Интернет саясаты боюнча жарандык демилге, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги, КР Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту, ЖӨБ Союзу, Кыргызстандын Веложамааты, Youth of Osh, КРнын долбоордук уюмдар ассоциациясы, КР Экономика министрлиги. Натыйжада программа өтө кеңири болуп, бир нече залда параллель секциялар өтүп жатты.

Өлкөнүн жана мамлекеттин желеги алдында эл аралык деңгээл

Форумдун негизги мамлекеттик өнөктөшү жана соуюштуруучусу КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) болду. ЖӨБЭММА шаарлардын жетекчилери менен иш алып барып, алардын форумга катышуусун камсыздап берди. Президенттин аппараты жана Өкмөттүн аппараты жогорку деңгээлдеги мамлекет жетекчилердин катышуусун камсыздады. Ошондой эле алгачкы форум үчүн шаарлардын биринчи кызмат адамдарынын – мэрлердин жана вице-мэрлердин да, мэриянын катардагы адистеринин, жигердүү шаардыктардын, үй комитеттеринин төрагаларынын жана кварталчылардын катышуусу өтө маанилүү болду. Натыйжада Кыргызстандын 31 шаарынан, Алматы, Кишинев, Цюрих, Барселона, Москва, Киев жана Еревандан коноктор болуп 253 киши каттоо тизмелеринде өттү. Буга чейин Барселонанын башкы архитектору болуп иштеген Висенте ГУАЙАРТ Форумдун жылдызы болду. Ал форумдун аянтчасында лекция окуп, ошондой эле университеттердин биринде да лекция окуду; шаар жетекчилери менен жолугушту.

Форумдун ийгиликтүү өтүшүнө көбүнчө алдын ала өткөрүлгөн шаардык изилдөөлөр да көмөкчү болду. Алар мэриялар менен оң өзгөрүүлөрдүн негизги жана кыймылдаткыч күчү болууга жөндөмдүү социалдык активдүү шаардыктар ортосунда коммуникациялык байланышты камсыздай алышты. Түрдүү шаар демилгелеринин артында турган мындай кайдыгер эмес адамдар үчүн форумга болгон даярдыктын жүрүшүндө атүгүл “шаарман” – шаарды жакшы жагына өнүктүргөн шаардык адам деген түшүнүктү берген термин да пайда болду. Бул – форумдун шаар маданиятынын өнүгүүсүнө болгон оң салым болуп, ал көпчүлүк адамдарга жагып калууга да жетишти.

Ийгиликтер жана каталар

Позитивдүү учурлар аз болгон жок. Мисалы, форумду даярдоо жана өткөрүү процессине салттуу болуп калган пресс-конференциялар, пресс-релиздер ж.б. тышкары “жаңы медиа” (Фейсбук, таратып берме материалдар, интерактивдүү иш аракеттер) жигердүү түрдө тартылды. Дагы бир позитивдүү учур – Форумда түрдүү мейкиндиктерди түзө алышты. Мисалы, “жашыл боз үйдө” катышуучулар курулушта экологиялык кадамдарды демонстрациялоого жана шаардагы урбанистикалык чөйрөгө оң таасирин тийгизген бак-дарактарга байланыштуу маалыматтар менен таанышып, консультацияларды алышты.

Эгерде каталар тууралуу айта турган болсок, алардын бири – шаар турмушу үчүн салттуу түрдө активдүү адистердин иш-чарага аз катышып калганы. Мисалы, адатта шаардагы көптөгөн иштердин башында турган архитекторлор бул жолу азыраак болду.

Жалпы программа тууралуу айта турган болсок, кийинки жолу катышуучуларды бейформал баарлашуусуна көбүрөөк убакыт караштыруу зарылдыгы белгилүү болду.

Шаарларды бириктирип...

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы бардык шаарлар Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзуна мүчө болуп эсептелишет. 2000-жылы Шаарлар ассоциациясы катары түзүлгөн бул уюм жергиликтүү өз алдынча башкарууну, муниципалдык кыймылды өнүктүрүүдө жана шаарларды бириктирүүдө чоң роль ойноду. Узак жылдар бою Ассоциациянын адистери туруктуу негизде укуктук консультацияларды өткөрүп, шаар администрацияларына маалыматтык кызматтарды көрсөтүп, саясий жана финансылык децентралдаштырууну илгерилетүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун таламын талашып, кызыкчылыктарын коргоп келди. Акыркы жылдары ЖӨБ Союзунун ролу азайды. Мунун объективдүү себептери бар. Алардын арасынан олуттуу себептерге мамлекет тарабынан ЖӨБдү өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурулбай жатканы, жергиликтүү бюджеттердин аярлуу абалы, мунун натыйжасында Союзга мүчөлүк акынын төлөнбөй жа тышы, ЖӨБ органдарында жетекчилик кадрлардын тез-тез алмашып туруусу жана башкалар бар.

Мындай кырдаал бери дегенде эки чоң көйгөйгө алып келди – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бийликтин башка деңгээлдери ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга жөндөмдүү болгон улуттук деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчүнүн жоктугу жана тажрыйба менен алмашуу жаатында муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кечеңдеши.

Буга байланыштуу шаарлардын башчылары жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү үчүн форумдун атайын сессиялары муниципалитеттердин өз ара аракетинин ийгиликтүү эл аралык тажрыйбасын көрсөтүүгө багытталып, КР ЖӨБ Союзун активдештирүү маселелери жана ЖӨБ органдары ортосунда түз кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул максаттардын алкагында Латвиянын жергиликтүү жана аймактык өкмөттөр ассоциациясынын башкаруусунун мүчөсү Эдвинс БАРТКЕВИЧтин жана Түркиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташтык боюнча эл аралык ассоциациясынын мурдагы төрагасы Мустафа БАШКУРТтун баяндамалары тартууланды. Андан соң катышуучулар фокус топторго бөлүнүп, өздөрүнүн фасилитаторлору көрсөткөн багыт менен ЖӨБ Союзун өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, горизонталдуу сүйлөшүү процессин жана вертикалдуу байланыштарды кеңири талкуулашты.

Натыйжада мисалы, ЖӨБдүн шаардык органдары бизде жергиликтүү маанидеги маселелерде, негизинен КТК чыгаруу чөйрөсүндө муниципалитеттер аралык кызматташтык практикада колдонулуп жатканы анык болду. Муну Кара-Көл, Ноокат, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларынын ишинен көрүүгө болот. Башка чөйрөлөрдө нормативдик тоскоолдуктар болбосо да, мындай өз ара аракеттенүү азырынча жок. Башкы себеби – жетекчилерде тажрыйбанын жана билимдин жетишсиздиги, оң тажрыйбаны топтоо жана жайылтуу системасынын жоктугу.

Ушундан улам жыйынтык чыгарса болот – ЖӨБ органдары консолидацияга муктаж, ал эми өлкөдөгү шаарлардын муниципалитеттер аралык кызматташуусу түрдүү чөйрөлөрдө чоң потенциалга ээ. Алар: социалдык өнүгүү, бизнес жана соода, туризм жана кызмат көрсөтүүлөр ж.б. Ошондой эле түрдүү формаларда – кошуна шаарлардын, өлкөдөгү түрдүү аймактардагы шаарларды, атүгүл башка мамлекеттердин шаарларынын кызматташтыгы. Муну ЖӨБ Союзунун ишин активдештирүүнүн эсебинен камсыздаса болот. Бул үчүн кандай чараларды көрүү зарыл экени фокус-топтордун биринде каралган тема болду. Фокус топтун жыйынтыгы көрсөткөндөй, ушул тапта ЖӨБ Союзунун финансылык туруктуулугу үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Бул демек Союзду өзгөчө баштапкы этабында колдоо үчүн финансы каражаттарын табуу зарыл. Салымдардын суммасын калктын жан башына эсептөө менен аныктаса болот же бюджетке кандайдыр бир пайызды кошуп турууга болот, же жергиликтүү салыктардан чегерип туруу мүмкүн. Бул сумма аныкталгандан кийин аны жергиликтүү кеңеште бекитүү зарыл. Союз жана анын мамлекеттен көз каранды болбогону өтө маанилүү.

Жамааттардын катышуусу өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы катары

Шаардык жамааттар менен иш тажрыйбасы менен бөлүшкөн чет өлкөлүк коноктордун баяндамалары чоң кызыгуу жаратты. Аны менен катар Ольга КОРАБЛЕВА (Украина) Дивовыжни (“Таң калтырган шаардыктар”) долбоорунун чоо-жайы менен бөлүштү. Долбоордун жүрүшүндө уюштуруучулар коомчулукту “шаардын кароосуз калган бөлүгүнө” тарта алышты жана шаардыктар менен диалогдун натыйжасында болочоктогу объекттин негизги багыттуулугун аныктап, дизайнды макулдашып, мейкиндикти толтурушуп, реконструкциялоого каражат чогултуп, атүгүл шаардыктардын колу менен ремонт жүргүзө алышты.

Youth of Osh өкүлү Акмарал САТИНБАЕВА жигердүү шаардыктардын жардамы менен Оштун борборундагы сейил бакты калыбына келтирүү долбоору тууралуу айтып берди. Анын айтымында, шаардыктарды тартуу долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна себепчи болду. Анткени алар жыйынтыкты өзүнүкү катары эсептешет жана долбоордун коргоочусу катары чыгышат. Ошондой эле ийгилик шаардык профилдик түзүмдөр менен тандемде ушул өңдүү долбоорлордун чоң сериясын жаратты. Бул болсо калган шаарлар үчүн жаркын мисал болуп калды. Шаардыктарды коомдук турмушка жана көрктөндүрүү иштерине тартуу ушул өңдүү долбоорлордун ийгиликтүү болушунун негизги идеясы болгону анык. Ал эми диалог форматында шаар турмушунун бардык маселелерин, атүгүл эң майда жана көп деле олуттуу эмес маселелерин чечүү зарыл экени маалым. Атүгүл адамдар өзүнүн “жашоо чөйрөсүн” жакшыртууга тиешеси бар экенин сезишсе, анда долбоорду каржылоо көйгөй болбойт.

Жалпысынан жарандык катышуу жана өнөктөштүк механизмдери заманбап шаарлардын социалдыкэкономикалык процесстерине терең сиңди. Адамдык жана социалдык капитал анын экономикасын жана башкаруусун кыймылдатууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын алкагында жана анын чегинде калктын мэрия менен жөнгө салынган диалогу шаар бийлигине кайтарым байланышты жана жашоочулардын муктаждыктарына жана алардын көйгөйлөрүнө реакция жасоонун адекваттуу системасын камсыздап берет.

Форумдун үч сессиясы шаардыктардын шаардын өнүгүүсүнө катышуусуна тиешелүү болду. Алар: “Шаар коомчулугу”, “Шаардыктардын шаардын өнүгүүсүнө катышуусу” жана ийгиликтүү практикалар менен алмашуу. Сессиялардын алкагында Филипп КОХ Швейцариянын мисалында “Биргелешкен аракеттер шаары” лекциясын окуса, Иван ВЕРБИЦКИЙ Украинанын шаарларында жарандык активдүүлүк тууралуу өзү жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырды. Талкууга Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэрия өкүлдөрү, ошондой эле Каракол шаарынын “Лидерлик” МВОдон Анастасия Стыценко жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун директору Шамиль Ибрагимов катышты.

Шаардагы окуялар өнүгүү аспабы катары

Окуялар маалымдоонун, диалогдун жана шаар чөйрөсүн өнүктүрүүнүн аспабы боло алабы?

Мирлан САТЫГУЛОВ “Жөө жүргүнчүлөр үчүн бейиш жолу” тууралуу айтып берип, мындай окуя балдардын жана айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактаганына кандайча оң таасир тийгизе аларына жүйө келтирди. Ал көңүлдү долбоордун туруктуулугуна жана ушул жылы жолдордо кырдаалдын курчуганына бурду. Бул өтө маанилүү шаардык окуяларды ишке ашырууда донорлордун жана демөөрчүлөрдүн боорукердиги да белгиленди.

Роза ОТУНБАЕВАнын фондунун өкүлү “Билим берүү фестивалын» өткөрүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, балдардын билим алуусунда да, өспүрүмдөрдүн кесипкөй багыттуулугунда да долбоор канчалык маанилүү болгонуна токтолду. Бул иш-чара билим берүү кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүдө маанилүү фактор болуп эсептелет дегенге кошулушту. Анткени фестивал бул чөйрөдөгү жаңы нерселер үчүн аянтча болуп, бардык кызыкдар жактар үчүн фестивалдын катышуучуларынын каталогун түзөт.

Данияр АМАНАЛИЕВ уюштуруучулардын либералдык мамилеси менен айырмалана алган “Музыкалык Эркиндик” долбоору тууралуу айтып берди. Долбоор музыканттарды шаардын көчөлөрүндө ойноо аркылуу манифестке чакырып, ал коомдук аңсезимде өзгөрүүлөрдү жаратып, шаар чөйрөсүндө да шаардыктардын, туристтердин жана эң негизгиси – өзүн өзү көрсөтүүнүн жаңы ыкмасын тапкан музыканттардын өзгөрүүсүнө алып келди. Долбоордун миссиясы - музыкалык эркиндиктин эсебинен шаарды уникалдуу кылуу.

Мына ушул баяндардан кийин шаарда болуп жаткан ар кандай окуялар жергиликтүү бийлик менен шаардыктардын ортосундагы диалог үчүн өтө маанилүү болгонун, ал диалог социалдык жана жарандык активдүүлүктү жаратып, агартуучулук иштерине көмөктөшөрүн түшүнүү оор деле эмес. Мындан тышкары алар коноктор жана туристтер үчүн калктуу конуштардын жагымдуулугунун көрсөткүчү болуп эсептелет. Бирок бул жыйынтыктарга жетүү үчүн аларды даярдоого олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек. Ал эми бул болсо шаар бийлигинин милдети. Ошону менен бирге алар төмөн жактан түшкөн ар бир демилгеге реакция жасап, иш-чараларды аткарууда өнөктөштүк мамилени жигердүү колдонууга жөндөмдүү болууга тийиш.

Шаар чечимдеринин лабораториясы

Форумдун катышуучулары “Шаар чечимдеринин лабораториясы” деп аталган эксперимент өтө чечкиндүү жана ийгиликтүү болду деген бир пикирге келишти. Эксперименттин маңызы – түрдүү шаарлардагы реалдуу жагдайларды алдын ала иштелип чыкпаган жана кабыл алынбаган чечимдерсиз эле чечүү. Катышуучуларга аталган жагдайларды чечүүдө бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз алдынча чечим кабыл алуу сунушталган.

Форумдун уюштуруучулары жеңүүчүлөрү болбогон “оюнду” сунушташты: 4-6 кишиден турган беш команда түзүлүп, алардан тапшырманын жоопторун чогултуп алышты. Бул жооптор кийинки күнү бардык катышуучулар менен талкууланды. Баса, жыйынтыктарды талкуулоонун өзү эле оюндун бир бөлүгү болуп калды. Анткени аудитория жаңы, кошумча сунуштамаларды түзүүгө жигердүү кошулду.

Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай бар, катышуучулардын көбү маселени чечүүнүн жолу катары кырдаалдын же жаралган маселенин пайда болуу себептерин талкуулабастан эле анын күнөөкөрлөрүнө айып салуу же түрмөгө отургузууну сунуштап жатышты. Ошондой эле көп учурда жоопкерчиликти шаар бийлигине жүктөө сунушталып жатты, ал эми бул болсо форумдун шаардын өнүгүүсүүнө шаардыктарды тартуу жана алардын катышуу идеясына каршы келген. Советтер союзунун убагында калыпталып калган шаардын түзүлүшү тууралуу түшүнүк жана жалпы коомчулукка тиешелүү көйгөйлөрдөн өзүн өзү алып качуу адаты бизде дагы да болсо күчтүү. “Лаборатория” оюну катышуучуларга шаардагы чыр-чатактарды чечүүнүн түрдүү жолдору жана андагы өздүк активдүү позициясы тууралуу ойлонуусуна өбөлгө түзүп берди.

Оюн катышуучулардын көпчүлүгүнө жакты. Айрымдар үчүн бул өзүн көрсөтүп, экспертиза менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берсе, башкалар үчүн өз билим казынасын толтуруп алууга себепчи болду. Ошондуктан бул усулду ушул өңдүү иш-чараларда көбүрөөк колдонуш керек.

“Акылдуу” шаарлар жана шаардык маалыматтар

Кыргызстанда урбанизацияга карай туруктуу тенденция байкалууда. Глобалдык баалоолор боюнча 2050-жылы калктын 90% шаарларда жашайт. Өсүп келаткан муун келечегин шаар мейкиндигинде көргүсү келет. Калктын санынын өсүшү менен жаңы турак жайга, жумуш орундарына, маданий окуяларга болгон суроо-талап да өсүүдө. Калктын жыштыгынын көбөйүүсү менен инфраструктураларга, жолдорго, коммуналдык жана тартип коргоо кызматтарына түшкөн жүк да өсүп жатат. Бишкек жана Ош мэрияларынын бул тапшырмаларды аткарууга жөндөмсүз болуп жатканы басма сөз каражаттарында күн сайын терс маанайдагы макалалардын жарыялануусуна себепчи да болууда.

Бул маселелерди чечүү жолдорунун бири – “акылдуу” шаарларды куруу. Аталган ыкма чоң көлөмдөгү маалыматтарга санарип анализ жасоого, шаар чарбасын дагы да рационалдуу пайдаланууга көмөктөшө турган технологиялык датчиктерди, камераларды жана сенсорлорду орнотууга негизделген. “Акылдуу” шаарлардын концепциясы күн сайын байланыштын бардык каналдары аркылуу сөз болуп жаткан “Таза коом” улуттук программасынын бир бөлүгү болуп калганы да жөн жеринен эмес.

Форумдун тематикасына “Акылдуу шаарлар” секциясынын кошулушу катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, секция жигердүү талкуулар менен коштолуп, пландалган эки саат менен чектелип калбай, атүгүл тыныгуу үчүн берилген убакытты да, кийинки секциялардын убактысын да ээлеп алды. Бул теманын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Замирбек АСКАРОВ шаардын интерактивдүү картасынын мобилдик тиркемеси менен тааныштырды. Бул тиркеменин жардамы менен шаардыктар коммуналдык кызматтардын ишине даттана алышат, шаар үчүн маанилүү маселелер ыкчам чечилет. Тиркеме Youth of Osh бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте эл аралык донордун колдоосу менен иштелип чыккан. Бул долбоорго форумдун катышуучулары жогорку баасын беришти.

Тажикстандын “Интернет саясаты боюнча жарандык демилгелер” борборунун жетекчиси Мухамади ИБОДУЛЛОЕВ Душанбе мэриясынын шаардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн технологияларды колдонуу жаатындагы жетишкендиктери менен бөлүштү. Баш калаадагы базарларда камераларды орнотуу менен негизги продуктыларга болгон базар баасына мониторинг жүргүзүү боюнча долбоор өзгөчө кызыгууну жаратты. Мисалдар жана сунуштамалар ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашырууну пландаган чакан шаарлардын жетекчилиги үчүн өзгөчө пайдалуу болду.

SmartCity Lab (Москва Өкмөтүнүн бөлүмү) жетекчиси Эльдар ТУЗМУХАМЕТОВ “акылдуу” Москва шаары кандай болгону, кандай пайда көргөнү, кандай компоненттерден турганы жана шаардыктардын жашоо сапатына кандай таасирин тийгизип жатканы тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал коммуналдык чарбалыктын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча бардык зарыл болгон датчиктерди орноткондон кийин кандай көйгөйлөр жараларына көңүлдү бурду. Көрсө, кар күрөгөн жана сугарган машинелерге байкоо жүргүзүү менен агрегаттардын жайгашкан жерин жана күйүүчүмайлоочу материалдардын иш жүзүндөгү чыгымын билүүгө болот экен. Бирок алар дал ошол машинелер кар күрөдүбү, жолдорго суу чачтыбы – муну билүүгө мүмкүнчүлүк бербейт экен. Эльдардын баамында, көлөмдүү маалыматтарга жасалган анализди колдонуу бөлүгүндө жаңы технологияларды жана башкаруучулук чарбалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жасалма интеллектти жайылтуу зарыл.

IBM компаниясынын “Акыл-эстүү шаарлар” бөлүмүнүн жетекчиси Виктор ИГНАТОВ “Акылдуу шаар” долбоорун жайылтып жатканда башкаруучулукта жаралган көйгөйлөр тууралуу айтып берип, аларды IBM’дин мүмкүнчүлүктөр базасында чечүүнүн ыкмаларын мисал катары келтирди. Ошону менен катар ал “Коопсуз шаар” долбоорунун өзөгүн түзгөн бөлүктөрү менен тааныштырып, алдын ала божомолдогон, пландалган видео-аналитика муниципалдык кызматтардын реакция жасоо убактысын кантип тездете аларын, жолдордогу коопсуздук деңгээлин кантип жогорулатарын, имараттарга кеткен чыгымдарды кантип азайтарын баяндап берди.

Habidatum компаниясынын вице-президенти Екатерина СЕРОВА бул тематикадагы талкууну жаңы деңгээлге көтөрдү. Ал техникалык чечимдер шаардыктардын убакыт мейкиндигиндеги керектөөлөрүнө канчалык шайкеш келээри, “Акылдуу шаар” деген термин алдында биз эмнелерди түшүнөөрүбүз тууралуу маселени козгоду. СЕРОВА Рио-де-Жанейро шаарын мисал катары келтирип, бул шаарда убакыттык-мейкиндик анализинин жүрүшүндө видеобайкоо жүргүзүү камералары кылмыш көп болгон жерлерге орнотулбаганын айтты. Дагы бир мисалдын негизинде, Лондондун шаар мейкиндиги канчалык натыйжасыз пайдаланылып жатканын, күндүн кайсы бир маалында эл өтө көп болуп, башка учурда ээн калганын айтты. Же бир эле мейкиндики коомдун түрдүү топтору ар кайсы максаттарда, ар башка учурларда колдонот десек болот. Мындай маалыматтар “акылдуу” шаарларды долбоорлоп жатканда эске алынышы керек.

Адаттагыдай эле баяндамалар угуучулардын суроолору менен жыйынтыкталды. “Коопсуз шаар” долбоорлорун дүйнөнүн булуң-бурчунда жайылтуунун натыйжалуулугу, “Акылдуу шаарларды” жайылтуу көйгөйү тууралуу суроолор өзгөчө кызыгууну жаратты. Ошондой эле форумдун катышуучулары Оштун тажрыйбасы Кыргызстандын башка шаарларында жана калктуу конуштарында жакында ишке ашырыла баштайт деп үмүт артышты. Пленардык сессиянын жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуда интерактивдүү карталардан баштап, шаардын убакыттык-мейкиндик хронотиптерин түзүү алгоритми жана машиналык окутууну колдонууга чейинки “Акылдуу шаарлар” концепциясын түшүнүүнүн этаптарынын жана деңгээлдеринин так жол картасы пайда болду деген тыянак чыгарсак болот. Катышуучулар баамдай алган эң маанилүү нерсе: технологияларды жайылтардан мурда бул эмне үчүн жасалып жатканын жана бул тапшырмалар үчүн кандай технологиялык эмес чечимдер бар болгонун аныктап алуу зарыл. Жалпысынан маалыматтарга жасалган анализге негизделген ыкманы колдонуу менен шаар мейкиндигин эффективдүү түрдө көбөйтүп, аны шаардыктар жана коноктор үчүн дагы да жагымдуу кылса болот деген түшүнүк калыптанды.

Шаарды пландоо

Пландоого арналган секцияда Дүйнөлүк банктын шаардын өнүгүүсүн комплекстүү пландоо маселелери боюнча консультанты Алистер БЛАНТ сөз сүйлөдү. Ал мейкиндикти жана социалдык-экономикалык пландоону бириктирген шаарларды пландоого карата жаңы мамиле, ошондой эле Кыргызстанда иштелип чыгып, кабыл алынышы керек болгон пландоо жөнүндө жаңы мыйзамдын концепциясы менен тааныштырды. Алматы жана Бишкек шаарларынын экономикалык интеграциясынын долбоору тууралуу баяндама да кызыгуу жаратты. Ошондой эле бул секцияда Швейцариядан келген эксперт Регула ИЗЕЛИ да сөз сүйлөп, өз өлкөсүнүн мисалында пландоого карата заманбап архитектуралык ыкмалардагы көйгөйлөргө токтолду.

Жалпы дискуссиянын жүрүшүндө төмөнкүдөй тыянактар жасалды: бардык саясий жана социалдык чечимдер эртеби-кечпи мейкиндикте чагылдырылат. Ошону менен бирге жарандар өзүнүн мейкиндигине ээ болуп, жон териси менен сезгенде гана бул чечимдердин жыйынтыктарын баамдай башташат.

Мындан улам мейкиндикти пландоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоо – бири-биринен ажыратылбай турган процесстер, бири болбосо, экинчиси да мааниге ээ болбойт.

Буга жараша пландардын иерархиясы административдик, башкаруучулук максаттарда гана мааниге ээ болот. Бирок пландоо процессинин өзү интеграцияланган мүнөздө болуп, билимдердин көп сандагы тармактарын бириктирет. Алар: пространстволук, архитектуралык, демографиялык, социологиялык, маданий, экологиялык, тарыхый билимдер. Шаарлардын өнүгүүсүндө шаардыктар башкы жаратман күч болгондуктан пландоодо алардын кызыкчылыктары сөзсүз түрдө мүмкүн болушунча көбүрөөк даражада эске алынышы керек. Бул үчүн шаар бийлиги тиешелүү механизмдерди түзүп берүүгө милдеттүү. Бул принциптер пландоо жөнүндө жаңы мыйзамда чагылдырылып, анда муниципалитеттерди өнүктүрүүнүн комплекстүү интеграцияланган пландоосунун бардык катышуучуларынын ыйгарым укуктары так белгилениши зарыл.

Ошентип, бүгүнкү күндө мамлекеттин алдында пландоо жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу милдети турат. Анда пландоонун алкактары жана катышуучулардын ролдору аныкталып, пландардын башкаруучулук иерархиясы түзүлүш керек. Мамлекеттин экинчи чоң милдети – маалыматтарды топтоо жана алмашуу системасын түзүү. Ал эми муниципалитеттер пландоо процессинде жашоочулардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эсепке алуу механизмдерин түзүүнү камсыздап берүүгө, салттуу статистика менен гана эмес, ошондой эле маалыматтардын ар кандай түрлөрү менен да иштегенди үйрөнүүгө тийиш.

Эксперттик жамаат тууралуу айта турган болсок, алар шаарлардын келечегин материалдык (пространстволук) жана материалдык эмес туюнтмасында моделдештирүүнүн, божомолдоонун, маалыматтарга анализ жасоонун жаңы аспаптарын түзүп бериши керек.

Эгерде жарандар өз күтүүлөрүн жана керектөөлөрүн жигердүү түрдө билдирип турса, муниципалитеттер менен көбүрөөк байланышып, пландоо процессине катышуу укугун талап кылса, анда жогоруда саналган тапшырмалардын баарын аткаруу бир кыйла жеңил болот.

Жалпысынан Кыргызстандын шаарларынын форумун катышуучулар өтө ийгиликтүү, эң негизгиси – пайдалуу тажрыйба катары кабыл алышты. Бул тажрыйба жаңы социалдык идеяларды издөөгө түрткү берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын байланышын бекемдеди. Көпчүлүк катышуучулар анын жыйынтыктары боюнча мындан ары иш жүргүзүүнүн жана өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү пландарын түзүп алышты. “Шаар демилгелери” коомдук фонду жана Өнүктүрүү саясат институту бул кыймылдын өнүгүүсүн улантып, Шаарлар форумун түрдүү форматта жана калктуу конуштарда өткөрө бермекчи. Форум чындап эле командалык окуяга айланды.

Өнүктүрүү саясат институту “Шаар демилгелери” коомдук фондунун ынтызар жана дем берген командасы менен чыныгы өнөктөштүктөн баа жеткис тажрыйба алды. Учурдан пайдаланып, ушундай сабактар, тажрыйба, энтузиазм үчүн форумдун идеялык лидери Раушан САРКЕЕВАга, административдик лидер Айканыш ДЕРБИШЕВАга, ошондой эле фонддун бардык ынтымактуу жана эффективдүү командасына – Динара КАНЫБЕК кызына, Атай САМЫЙБЕК уулуна, Зарина УРМАНБЕТОВА жана Салтанат АНАРБАЕВАга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Аудиторияны өзүнө тартып алуу тажрыйбасын гана эмес, ошону менен бирге теманы мыкты билген жогорку кесипкөйлүгүн да көрсөтө алган мыкты модераторлордун – Татьяна ТРЕТЬЯКОВА, Азиза СОЛТОБАЕВА, Канат ТЕМИРБОЛОТ уулу, Сайкал ЖУНУШОВА, Мария КОЛЕСНИКОВА, Асель БЕКТЕНОВА, Асылбек ЧЕКИРОВ, Светлана БАШТОВЕНКОнун салымы менен форум да ийгиликтүү өттү. Форум күндөрү команданын чыныгы таянычына айланган Сергей ДОЛЖЕНКОВ түрдүү аудиторияларды иш билгилик менен бириктирип, татаал тыянактарды жана сунуштарды жалпылаштырып, форумдун түрдүү секциялары менен аянтчаларын бир бүтүнгө “ширетип” берди.