Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БЕКБОЛОТ МАДЫМАРОВ, БАТКЕНДИН ШААРМАНДАРЫ: КОМАНДА ТҮЗҮП, ӨЗ ЖОЛУН ТАБУУГА ШААР ЖАРДАМ БЕРЕТ

2017-04-19 / Шаармандар
БЕКБОЛОТ МАДЫМАРОВ, БАТКЕНДИН ШААРМАНДАРЫ: КОМАНДА ТҮЗҮП, ӨЗ ЖОЛУН ТАБУУГА ШААР ЖАРДАМ БЕРЕТ

Бекболот МАДЫМАРОВ – баткендик жи¬гердүү ишкер, Баткен маалымат борбо¬рунун менеджери, Жаш ишкерлер ассо¬циациясынын (ЖИА) Баткендеги өкүлчүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын ишинин баары шаар тургундарына кызмат көрсөтүүгө багыт¬талган: базардагы радиотүйүн, коомдук мончо жана өрүк ширесин чыгаруу. Билими боюнча башкаруучу Бекболот анын ишмердүүлүгү толу¬гу менен социалдык багыттагы мүнөздө болго¬нун белгилеп, аймакты өнүктүрүү үчүн көпчүлүк чөйрөлөрдө туура менеджмент жетишпей жатат деп эсептейт.

Баткендеги бизнестин өзгөчөлүгү эмне­де? Баткен – бул чакан шаар. Ал такыр шаар ка­тары эсептелчү эмес, 1999-жылдагы окуялар­дан кийин эле шаар макамын берип коюшкан. Баткен чоң өрөөндүн чок ортосунда жайгашкан. Административдик башкаруунун көз карашынан алганда бул артыкчылык. Балким дал ошондон улам аны облус борбору катары тандап алышса керек. Бул жерде көпчүлүк адамдар айыл чар­басы, тагыраак айтканда өрүк менен жан багат; баарында өрүк участоктору, чарбалары бар. Көпчүлүк ишкерлер башка шаарларга алып са­тышат. Кайра иштетүү менен алектенгендер өтө аз. Бирок балким дал ушул багытта чоң потенци­ал жатпасын...Баткенде ЖИА (Жаш ишкерлер ассоци­ациясы) уюмунун өкүлчүлүгүн ачууга муктаждык бар беле? Шаардын бизнеси ушундай түзүмгө зар беле?

Мен Баткен маалымат борборунун менедже­ри болуп иштейм жана мага команда жетишпей жаткан эле. “Жалгыздын иши да жылбайт” деп коюшат эмеспи. ЖИА Ассоциациясы мага өтө эффективдүү түзүмдөй көрүндү. Мага алардын жүргүзгөн саясаты, иши жакты. Мага окшогондор аз эмес эле. Ошентип санаалаштарды таап, бир­гелешип ЖИАнын Баткен ассоциациясын ачтык. Юридикалык жактан алып караганда ал негизги ассоциациядан көз карандысыз, бирок багыт­тары бирдей жана бир бренддин алдында иш алып барабыз. Биздин ассоциациянын мүчөлөрү – бул түрдүү жаш курактагы билимдүү, ак ниет адамдар. Алардын арасында аялдары да, эркек­тери да бар. Ассоциацияга мүчө болуу оңой эмес – кимдир бирөө сага сунуштама бериши керек. Облуста 50гө жакын киши Баткендеги ЖИАга мүчө болушту. Баткенден Ассоциацияга дүң со­оданын, мейманкана жана курулуш бизнесинин, ошондой эле тамак-аш кызмат көрсөтүүлөр чөй­рөсүнүн өкүлдөрү мүчө болушту. ЖИА семинар­ларды көп өткөрөт, биз башка аймактарды кыды­рып, бири-бирибиз менен таанышып, тажрыйба алмашып турабыз. Мындай сапарлардын чыгы­мын өзүбүз көтөрөбүз. Көпчүлүк уюмдар ушул өңдүү иш-чараларды уюштуруп, бирок ошол эле маалда катышуучуларга күнүмдүк чыгашасын төлөп берип, кофе-брейкетер ж.б. менен камсы­здап, дем берип турарын билем.

Эмне үчүн биз ЖИАны уюштурдук? Биз муну бизнести бириктирүү үчүн жасадык. Себеби би­риккен бизнес көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү бе­рет. Мисалы, айыл чарба тармагын алалы. Биз Таластагы ЖИА менен биргеликте “Агрофрукт” компаниясынан Европадан алып келинген кар­лик алма дарактардын көчөттөрүн Баткен об­лусунда жайылтып жатабыз. Учурда адамдар алманын ушул сортун тааный башташы үчүн ассоциациябыздын мүчөлөрү менен бирге көчөттөрдү отургузуп жатабыз. Келечекте мам­лекет бизге бак үчүн жер бөлүп берип, каалаган адамдар ошол участокто алма өстүрө башташы үчүн долбоор сунуштаганы жатабыз. Болгону си­стемалуу мамиле жасаш керек жана тажрыйба үйрөнүш үчүн сөзсүз эле Европага барып келүү шарт эмес – мындай тажрыйба Кыргызстандада бар. Бирок, чынында, азырынча бир гана айыл өкмөтүндө – Үч-Коргондо гана бар. Башка­ча айтканда, максатка жетүү үчүн биригип, чогуу иштеш керек. ЖИА бизге ушундай мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм.Айтканыңызга караганда, сиз шаардын өнүгүүсүнө жана Баткендеги бизнестин түрлөрүнүн пайдасына басым жасайт экенсиз. Ал эми өз шаарыңыздын имиджи тууралуу ойлонгон учурлар болду беле?

Албетте, мен бул тууралуу абдан көп ойло­ном. Бирок мен кыялкеч эмесмин, мен аракет­ти, кыймылды тандайм. Азыр менин максатым – жергиликтүү шаардык бюджетке киреше алып келе турган нукта иш алып баруу. Мына ошондо калкты жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүк­төрү да пайда болот. Мен гана эмес, ЖИАнын бардык мүчөлөрү да ушуга багыт алганбыз; биз ишкерлер көп болушун, көптөгөн чөйрөлөр өздөштүрүлүп, жергиликтүү бюджетке салык түшүп туруусун каалайбыз.Баткен шаарында бизнес үчүн кандай ин­фраструктуралык тоскоолдуктар бар?

Инфраструктура жагынан алганда, башка жерлердегидей эле бизде да канализация масе­леси курч турат. Бул болсо цехтерди, мончолор­ду жана башка объекттерди курууга бут тосуп жатат. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, электрге байланыштуу көйгөйлөр бар. Адаттабашка шаарларда өндүрүштүк имараттар бар, ал эми бизде өндүрүштүк аймактар, өнөр жайлуу зоналар такыр жок.Сиздин баамыңызда, Баткен шаары кан­тип өнүгүүдө?

Мэрия эффективдүү иштегенге аракет жасап жатат. Жыл сайын өзгөрүүлөргө күбөбүз. Ми­салга алсак, жолдор оңдолууда. Бирок шаар­дын өнүгүүсү үчүн бул жетишсиз деп эсептейм. Мындай маселелерге келгенде ишкерлер менен кызматташыш керек. Мисалы, эгерде кайсы бир участокту бизнес үчүн бөлүп берсе, анда кан­дайдыр бир жеңилдиктер да каралышы керек. Бирок ошол эле маалда жоопкерчилик да кара­лууга тийиш. Ошондо ишкерлер шаарды абатто­ого өз салымын кошо алышмак. Дүйнөдө мын­дай кызматташтыктын мисалдары көп эле. Ошол эле кошуна Хожент шаарын (Тажикстан) алсак, ал жакта көптөгөн жолдор, тротуарлар, ошондой эле шаарды жарыктандыруу муниципалдык ор­гандар менен бизнес тармагынын кызматташты­гынын натыйжасында жасалган. Бул үчүн мэрия тараптан жакшы уюштуруучу болушу керек. Биз­несмен деле мындай долбоордун демилгечиси боло алат деңизчи. Бирок ал үчүн баары бир кандайдыр бир тоскоолдуктар боло берет.

Сиз өзүңүз кантип өнүгүп жатасыз? Де­геле сиз үчүн жеке өнүгүү деген эмне?Мен кыйынчылыктарга баш ийбейм. Эгерде зарылчылык болсо, сүйгөн ишим үчүн жаңы ке­сипти өздөштүрүүгө да даярмын. Ошону менен бирге сөзсүз эле беш жыл билим алыш керек деп эсептебейм. Жаңы көндүмдөрдү ийгиликтүү өздөштүрүп, жаңы билимге ээ болуунун башка да жолдору бар. Мындай учурларда жардамга интернет келет эмеспи. Ушундай жол менен мен бир нече кесиптин ээси болдум: менеджер, инженер-технолог, маркетолог, аналитик. Иш­мердүүлүктүн бул түрлөрүнүн баары өз ара бай­ланышта. Маркетолог катары мен көптөгөн өл­көлөрдө жана шаарларда болдум. Бул тажрыйба жергиликтүү базарга жана керектөөчүлөрдүн су­роо-талаптарына жаңы көз караш менен кароого жардам берди.

Бул анализ мага жаңы бизнес – өрүктөрдү кай­ра иштетип, компот өндүрүшүн жолго салуу үчүн түрткү болду. Ушул жылы кайра иштетүү менен алектенгени жатам. “Үч Данек” соода маркасынан компот чыгарабыз. Эки айдан кийин баштайын деген пландарыбыз бар. Учурда Түркиядан жаб­дуулардын соңку партиясын күтүп жатабыз. Ком­потту азырынча Кыргызстанда сатабыз. Себеби элибизге химикаттарсыз таза азыкты сунушта­гыбыз келип турат. Анын үстүнө тамак өнөр жайын өндүрүү өз өлкөңө багытталат эмеспи, ар бир компания биринчи кезекте ички базарда өз ордун табышы керек деп ойлойм. Экспортко иштеш татаал. Атүгүл бир нече жүк ташуучу ма­шинени жиберүү үчүн чоң көлөмдөгү өндүрүш талап кылынат. Бул үчүн ири суммадагы акча каражаты зарыл. Ошондуктан мен жергиликтүү соода түйүндөрү, дүкөндөр, кафе-ресторандар менен иштей баштайм. Алардан продукция туу­ралуу пикирлерин жана баасын алгандан кийин гана өндүрүштү кеңейтүү пландарым бар.

Ошондой эле бизде каркас технология боюнча курулган коомдук мончо, базарда жайгашкан ра­диотүйүн да бар. Анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн ай сайын 400-500 киши колдонуп келет. Биз калкка абдан пайдалуу болгонубузду сезип ту­рам. Анткени түрдүү себептер менен кайрылы­шат: малын жоготуп алса, же имаратты ижарага бергиси келсе, өрүк сатса ж.б. учурларда ушул кызмат көрсөтүүнү колдонушат. Биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн баасы да төмөн. Мисалы, эртеден кечкиге чейин жарыя болжол менен 35 жолу кайталанат жана болгону 50 сом турат. Мындай бааны эч жерден таппайсыз. Атүгүл эгерде биз бара-бара жарыя үчүн бааны көтөрө турган болсок, миалы, 100 сомго чейин, бул ба­ары бир салыштырмалуу арзан чыгат. Биз жөн гана жарыялар менен иштебейбиз. Мындан тыш­кары документтерди, архивди жүргүзүп, кардар­ларыбыздын пикирлерине кызыгып, өз ишибиз­дин натыйжалуулугуна көз салып турабыз. Мен өзүм маалыматка өтө олуттуу мамиле жасайм. Жаңы маалымат келип түшөөр замат аларды иштеп чыгып, анализдеп, бул маалымат жашоо­чуларга да, шаарга да кандай пайда алып келет деп ойлоном.

“Ким маалыматка ээ болсо, ошол дүйнөнү башкарат” демекчи, мен да адамдарга пайда алып келүүнү каалайм. Ошондуктан биз­нестин бул түрүн колдоп келатам. Эки жыл бою биз дотацияда болдук. Тагыраак айтканда има­раттын ижара акысын жана маянаны өз чөнтө­гүмөн төлөп жүрдүм. Анткени ошол учурда эл маалымат үчүн акы төлөөгө даяр эмес болчу. Эми болсо, көрүп турганыңыздай эле, өздөрү эле келип жатышат. Бир жолу мындай окуя бол­гон: бир адамдын кою кошунасынын багын ара­лап кеткен экен. Бирок кожоюну кошуналарынан сураштырбастан эле биздин түйүнгө келди. Көп өтпөй кошунасы бул тууралуу радиотүйүндөн угуп калып, койду ээсине кайтарып берген.Сизде Бишкекте жашап, ошол жактан өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болгон экен. Эмне үчүн борбор шаардагы мүмкүн­чүлүктөрдүн ордуна кичи Мекениңизге кайтып келүүнү чечтиңиз?

Мен Бишкекте тогуз жыл жашадым. Баткенге убактылуу келип калып, мемиреген тынч тур­мушту көрдүм. Бул жерде баары көзгө жылуу учурайт. Ошентип бул жактагы жашоо мага аб­дан жагып калды. Балким эгерде мен Бишкекте төрөлүп, өссөм ал жакта досторум да, баарла­шуу да көбүрөөк болмок, алардын системасын түшүнмөкмүн. Бирок эмнегедир мен өзүмдү жалгыз сезе берчүмүн. Менимче, чоң шаарга ка­раганда чакан шаар жакшы. Баткенде өзүмө ко­манда чогулта алдым. Бул жерде мен коом үчүн пайдалуу боло алам, бул жерде өз жолумду таба алам.