Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сабаттуу депутаттар – туруктуу кызмат көрсөтүүлөр!

2017-08-03 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Сабаттуу депутаттар – туруктуу кызмат көрсөтүүлөр!

Кеңешбек ЭРГЕШОВ, ЖДКЖ Долбоорунун гранттар жана мониторинг/баалоо жүргүзүү боюнча менеджери

Муниципалитеттерге берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты, алардын айылдык аймактардын калкынын жашоо деңгээлине жана сапатына тийгизген тааси- ри муниципалитеттердин ишинин жыйынтыгын баалоодо аныктоочу критерий болуп эсептелет. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары кыз- мат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү саясатты аныкташат, тарифтерди орнотушат жана калкка кызмат көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алышат. Мындай иштер тажрыйбалуу депутаттар жана ЖӨБ органдарынын жооптуу кызматкерлери бар болгон муниципалитеттерде жүргүзүлөт. Көпчүлүк айылдык аймактарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын курамы ар бир шайлоо өткөн сайын алмашып турат.

Жаңы шайланган депутаттардын айрым топтору ЖӨБ органдарынын, айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын ишинен кабарсыз болуп, АӨнүн финансы-экономикалык ишине текшерүү жүргүзүп, башкы бухгалтердик китепти алып чыгып, АӨнүн жооптуу кызматкерлерин иштен бошотуп же дайындап, ӨЗДӨРҮНҮН депутаттык сунушталабын аткартуу үчүн акча каражатын бөлүп берүүнү талап кылууга чейин жетишти. Мындай факттар “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорун жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери” темасына бир катар тренингдерди уюштурууга жана өткөрүүгө түрттү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын дараметин жогорулатуу максатында 2017-жылдын февраль айынан июлга чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 19 пилоттук муниципалитетинде тренингдер өткөрүлдү. Тренингдерге 230дан ашуун киши катышты. 20 аялды кошкондо 211и – жергиликтүү кеңештин депутаттары болду. Тренингдер маалында жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана ЖӨБ кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү саясат жана укуктук негиздер жөнүндө базалык маалыматтар берилди.

Тренингдин программасы өзүнө төмөнкүдөй маселелерди камтыды:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
  • көрсөтүүлөрдүн укуктук негиздери.„Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзам
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун структурасы. “Жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу жөнүндө” Мыйзам;
  • муниципалдык жана социалдык заказды жайылтуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруусу;
  • муниципалдык ишканалардын жана муниципалдык мекемелердин ишинин укуктук негиз-дери;
  • ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге өткөрүп берүү аркылуу аларды башкаруусу.

Тренингдер өтө үзүрлүү болгонун белгилей кетүү зарыл – катышуучулардын курамы негизинен кайрадан шайланган депутаттардан турду. Окуу процессинде алган билимге канааттанганын депутаттар баса белгилешти.

Жаңы шайланган депутаттардын көбүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү (мамлекеттик, муниципалдык, жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр) боюнча маалы-маты болгон эмес. “Кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы түрлөрү жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында, ал эми кайсылары өткөрүлүп берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кирээрин билген эмес. Муниципалдык заказ же аутсорсингге өткөрүп берүү өңдүү усулдар тууралуу да уккан эмес”, – деп айтты Долбоордун аймактык координатору Эмилбек АЛЫБАЕВ.

Айылдык кеңештин депутаты: “Биринчи жолу шайланып келген депутат катары мен үчүн бул тренинг өтө пайдалуу болду. Чынымды айтсам, айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын иши жөнүндө башка түшүнүктө болуп, аны башкача элестетчүмүн. Бул тренинг ЖӨБ органдарынын жана АК депутаттарынын ишине көзүмдү ачкандай болду. Мен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн укуктук негиздери жөнүндө билимге ээ болдум, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишинин укуктук негиздери, шаардык округдун жана аймактын мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлигинин ишин камсыздаган ченемдик-укуктук база жөнүндө билимге ээ болуп, көндүмдөрдү үйрөндүм. Долбоордун консультанты бизге чоң көлөмдөгү практикалык маалыматты берип, башка муниципалитеттердин жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул биз үчүн өтө баалуу маалымат болду. Мен алган билимимди өзүмдүн депутаттык ишимде колдонууга аракет жасайм”.

Кубанычбек ЖАНЫШОВ, депутат: “Мен сапаттуу жана туруктуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда айылдык кеңештин ролу тууралуу билип калдым. Жаш депутат катары мага кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри боюнча маалымат алуу өтө кызык болду. Көрсө, кызмат көрсөтүү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринде болбосо, биз бюджеттен каражат бөлүүгө укугубуз жок экен жана айыл өкмөтү аны жашоочуларга жеткире албайт экен”.

Канат САРТБАЕВ, шаардык кеңештин төрагасы: “ЖДКЖ Долбоорунун сунушу боюнча жана окуудан кийин биз биринчи жолу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин кабыл алдык. Бул реестр өзүнө 14 кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Буга чейин биз муниципалдык кыз-мат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри деген эмне экенин билген эмеспиз. Эми болсо реестрибизде жок кызмат көрсөтүүлөргө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө болбой турганын билип калдык”.

Окшош материалы: